presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№75, 14.10.08-ж.
  К у у ш ж о л д о

Шалданган Акүй, алданган "ыңкылапчылар"
Коопсуздук кеңешииин(эми экс) катчысы Исмаил Исаковдун Курманбек Салиевичке ачык кат жазып отставкага(жалпак тил менен айтканда оппозицияга) кетиши, бийликтеги саясий кризисти тереңдетип жиберди. Муну жаап-жашырыштын кереги жок. Курманбек Салиевичти ажолук такка алып келгендерден азыркы бийликте Досбол Нур уулу менен Акылбек Жапаровдон башка бир дагы "революционер" калган жок. Сөзүм кургак болбос үчүн, Акаевди кубалап, Бакиевди кудалап, "элдик ыңкылап жараттык" дегендердин эсебин тактап берейин. Башында "Бакиевдин батальонунда", кийин "бийликтин эталонунда" кимдер болду эле? Азимбек Бекназаров, Равшан Жеенбеков, Алевтина Проненко, Роза Отунбаева, Дүйшөнкул Чотонов, Анвар Артыков, Жусупжан Жеенбеков, Бектур Асанов, Жеңишбек Назаралиев, Ишенбай Кадырбеков, Алмазбек Атамбаев, Тургунбек Кулмурзаев, Руслан Шаботоев, Үсөн Сыдыков, Кушбек Тезекбаев, Арслан Малиев, Баяман Эркинбаев, Топчубек Тургуналиев, Эркин Булекбаев, Оксана Малеванная, Жантөрө Сатыбалдиев жана Исмаил Исаков. Жогоруда мен атап өткөндөрдүн баарысы. Бакиевдин Акаевге жасаган жоортуулунун жоокерлери болушкан. Бүгүн булардын экөөсү түрмөдө отурса, көпчүлүгүнө "көмүскө кылмыш иштери" козголгон. "Акаевдин куйруктарын Акүйдөн кетиребиз"-деген эргулдарың, үч жылда үйүрү менен Акүйдөн үркүп чыгып кетишти. Реформа жасайбыз деген "революционерлер" бийликтен "оптом" кеткенден кийин, реформалар максатына жетпегенден кийин, 24-мартта "элдик революция болгон(аны дагы мыйзамдаштырып алган) деп, элибиздин башын эмнеге айлантабыз? Кыйынчылыктан кыжырданган кыргыз элин кыйнабай эле, башында Бакиевге кошулуп революция жасадык, аягында алданып контрреволюция жасаттык десе болбойт беле? Саясат таануучу Александр Князев 24-мартта болгон окуяны "сарай төңкөрүшү" катары бааламак турсун, китебин дагы чыгарды. Эмне үчүн төрдө отурган төрөлөрүбүздүн бири дагы ал китеп жөнүндө төгүндөө аракетин көргөн жок? Аталган китептеги фактылар, ажобуздун ар-намысына шек келтирген жок беле? Ажобуздун иниси ар-намысына шек келтиргендиги үчүн "Алиби" гезитин сотко берип миллион төлөткүчө, акасынын ар-намысына шек келтирген Александр мырзаны сотко берсе, адилеттүүрөөк болбойт беле?
Дегеле, бир команда болуп бийликке жеткенден кийин, бирдиктүү болушса болмок. Алгач Роза Отунбаева, Алевтина Проненко жана Ишенбай Кадырбековду парламент өткөрбөй койгондон кийин, "революционерлер" өздөрү хан көтөргөн Курманбек Салиевичтен Акаевдин парламентин таркатууну сунуш кылса болмок да? "Өзүңүз өтпөй калган Акаевдин парламентин кетириңиз, же Сиз менен бийликке бирге келген бизди кетириңиз"-дешсе, ошол кезде ажобуз айласы жок парламентти кетирмек. Ажобуздун андай кадамга барышына тандемдеши Феликс Кулов жолтоо болгонун жашырып эмне кылабыз? Анткени, ошол кездеги өкмөт башчыбыз Феликс Шаршенбаевичтин Акаевдин парламенти менен болгон алакасы жакшы болчу. Акырындык менен Акаевдин парламентин колго алган амалкөй ажобуз, акыры ошол парламент аркылуу тандемдеши Феликс Куловду куйрукка тээп, "сен кетсең мен да кетем"-деген жигиттик сөзүн жиликтеп салды. Акаевдин парламентин Бакиев колго алгандан кийин, каалагандай пайдаланды. Айдар менен Берметти, Роза менен Алевтинаны, Текебаев менен Куловду кубалаган парламент, акыры ажосунан куйруктан жеди. "Силер менен мөөнөтүңөр бүткүчөктү иштешем"-деген жигиттик сөз, абада азыр дагы калкып турат. Эки айда эки түрдүү конституция кабыл алган ээн баш парламент революционерлер сыяктуу эле, Бакиевдин "кидала" саясатынын курмандыгы болушту.
Дегеле, ажобуз алмаштыруу жагынан Акаевден дагы ашып түштү. Акыркы үч жылдын ичинде парламентибиз-эки, администрация башчысы менен малекеттик катчысы-үч, өкмөт башчысы менен парламент спикери-төрт, министрлердин башы-беш, акимдердин алды-алты жолудан алмашты. Баса, баш мыйзамыбыз дагы-үч. Атургай, ажобуздун айткан сөздөрү менен берген убадалары дагы алмашты. Ажобуз алмашты, саясатыбыз алмашты, саясатчыларыбыз алмашты. Аларга карата жашоо-шартыбыз дагы алмашты, кайсы жагына экенин айтпай эле коёюн. Бийлик алмашканын койбойт, оппозиция кармашканын койбойт, же элибиздин курсагы тойбойт. "Суу куйбагын толбоско, сөз айтпагын болбоско" дегендей эле болуп жатпайбы? Реформа болбосо, коррупция тойбосо, элди угуп койбосо, эмнени эле күтүп жатабыз? Акүйгө алдангандар менен Акүйдө шалдангандардын акыйнегин угуп отура беребизби?




Саммиттин салтанаты жана машакаты
Өткөн жумада Бишкек шаарында КМШнын кезектеги саммити жана ЕВРАЗЭСтин кезектеги жыйыны өттү. Россиянын президенти Дмитрий Медведев Кыргызстанга алгачкы ирет расмий сапары менен келди. Улуттук телеканал бул саммитти болуп көрбөгөндөй жетишкендик катары баалап, кыйналган Кыргызстандын бардык маселелери оң жагына чечилди дегени менен, чындыгында Кыргызстандын кызыкчылыктары мурункуга салыштырмалуу кыйла артка кетти. Орус президенти Дмитрий Медведев менен кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы, "Кыргызгаздын" 75 пайыз акциясын Россиянын "Газпром" мамлекеттик ишканасына сатуу жагы болду. Ошондой эле, эки өлкөнүн энергетика тармагындагы келишимдеринин негизинде ГЭСтерди биргелешип куруу жагы каралды. Демек, буга чейин Кыргызстанга келүүчү мунайдын 90 пайызына көзөмөлдүк кылган "Газпром" эми, көксөгөн көгүлтүр отунубузга дагы көзөмөлдүк кылат десек болот. Орустар бизге газды өзүнөн ташып келмек беле? Жок. Кошуна өзбектердин газын сатып алып, кайра бизге сатат. Мындайча айтканда, ортомчулук кылат. Кошуна Казакстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын газ менен мунайын Батыш өлкөлөрүнө сатуудан байыган олжолуу орустар эми, энергетика тармагын эптештире албаган Кыргызстанга кызыкчылыгын арттырды. "Кыргызгаздын" акцияларын Россиянын "Газпромуна" сатсак, ГЭСтерди биргелешип курсак, энергетикалык коопсуздугубуз кандай абалда болот? Орустар кожоюн болгондон кийин, кожоюндун айтканындай болот. Биз эмес, газ менен мунай аркылуу бүтүндөй Батышты баш ийдирген орустар, бизди каалагандай башкарып алат. Кокусунан ГЭСтерди орустардын колуна карматсак, анда ишибиздин бүткөнү ошол. Стратегиялык багыттагы энергетика тармагын Россияга карматуу менен биз, Россияга толугу менен көз каранды болобуз десек, аша чапкандык болбос. Анткени, суунун, электр энергиясынын, мунайдын жана газдын баасын алар чечип калат. Тере турган тезектен башка бизге эч нерсе калбай калат. Батыш өлкөлөрү "ажыдаар" атаган Россиянын "Газпром" мамлекеттик ишканасы Россиянын саясий куралы экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек. "Газпром" аркылуу Россия Кыргызстанда каалаган саясатын жүргүзөт. Кааласа бааны көтөрөт, кааласа бууп коёт. Эгемендигиңди эшектин жүгүндөй дагы көрбөйт.
ГЭСтерди биргелешип курабыз деп жатканы дагы кызык. Алардын шартына макул болсок, биз жалпы ГЭСтерге кетчү каражаттын жармысын моюнубузга алышыбыз керек экен. Бизде каражат жок экенин баамдаган орустар, 2 миллиард доллар карыз беребиз деп жатышат. 2 миллиард тышкы карызыбыздан кутула электе, дагы 2 миллиард карыз алсак кандай болот? Ошондо оңкобуздан сайылабыз! Булар бизге карыз беримиш болуп, ГЭСтерди курат дагы, кайра карызын төлөп берүү талабы менен энергетикабызды колдоруна алат. Кадимки "Кумтөрдөй" эле болот. Көзү ачыктык кылбай эле коёюн. Көрөсүздөр? Акыры ушуга жеткизет. "Өнөктөш мамлекет болдук"-деп өпкөсүн каккандар, өлкөбүздү жок кылып албаса болду?
Казактардын көмүрүнө, өзбектердин көңүлүнө көз каранды болгон азыркы бийлик, энергетика коопсуздугун чечүү максатында Россиянын колтугуна кирүүсү, келечекте чоң чатактарга алып барышы толук мүмкүн. Каркыраны казактарга карматкан азыркы парламент, алеки заматта энергетика тармагын орустарга оодарып бере салаары турган иш. Элибиз эмне дейт? Ээн баш бийлик элдин менчигине ээлик кылып, аны саткыдай ким эле? Же, энергетика тармагы алардын аталарынан калган мурасы беле?
Саммит салтанаттуу өткөнү менен, кабыл алган чечимдер менен келишимдер бир тараптуу болуп калганын жашырбашыбыз керек. Энергетика тармагын башка бирөөгө берүү - бул эгемендикти берүү менен барабар. Илгери орустардын согуштук ядролук куралынан корккон мамлекеттер, эми орустардын саясий куралы "Газпромдон" корко башташты. "Ажыдаар" менен алака түзөбүз деп, аңга түшпөсөк болду.

Рыскелди МОМБЕКОВ
"Ачык саясат"











??.??