№75, 14.10.08-ж.
  Шоу кабарлар

Айгүлдүн жаңы тулпары кут болсун
Армандуу махабатын даңазалап, созолонто ырдап, көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчы айымыбыз Айгүл Чалова жаңы темир тулпар алды.Тээ илгери, ат- адамдын канаты болуп келсе, азыркы заманда машина- адамдын канаты болуп келери айдан ачык.
Айгүл жакында эле Талас жергесиндеги күйөрмандарына өз өнөрүн тартуулап келсе, эми минтип кытайлык кыргыз туугандарга концерт бергенге кызуу даярдыктарды көрүп, сапарга даярданып жаткан убагы.

Чынгыз ойлогон оюнун мүдөөсүнө чыкканга шашып жатат
Кулпунган үнү менен күйөрмандарын өзүнө тарткан, маданият тармагына өз салымын кошуп келген белгилүү ырчы, ди-джей, кино жылдызы Чынгыз Мырзаев жаңы ырларды жаздырып, жогорку деңгээлдеги клиптерди тарттырууга чыгармачылык жактан изденип , чуркап жүргөн чагы. Мунун себеби, Чынгыз ноябрдын башында жеке концертин бергенди тилек кылып, максат койгон. Учурда ал максатынын мүдөөсүнө чыкканга шаштысы кетип турган мезгили. Кудай буюрса, жакынкы аралыкта анын жаңы ырларынын бет ачар аземи менен жеке конңертине күбө боло аласыздар.

Акбардын романы жакынкы аралыкта жазылып бүтөт
Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон, ар кыл таланттын ээси Акбар Сүйүнбаевдин роман жазып жатканы баарыбызга белгилүү. Акбардын жазып жаткан романынын кыскача мазмуну мындайча: "Ар бир адам баласынын махабаттан өксүп калган учурлары болот. Мен ошол жоро-жолдошторумдун, сахна чөйрөсүндө жүргөн инсандарыбыздын көмүскөдөгү махабаты тууралуу жазып жатам. Менин да махабатыма жетпей калган учурларым болгон. Мен жазып жаткан китепте бүт бардыгы камтылган. Кудай буюруса, жакынкы аралыкта бүтүп калам"- дейт өз сөзүндө. Эмнеси болсо да, Акбар романын ийгиликтүү жазып бүтүп алышына жана окурмандардын жүрөгүнөн түнөк табышына чын ниеттен тилектешпиз.

Бекчоронун сапары байсалдуу болсун
Башкалардан өзгөчөлөнгөн стили менен көпчүлүктү өзүнө тартып, кызыктырган ырчы жигитибиз Бекчоро чыгармачылык менен алпурушуп, тыным албай эмгектенип жаткан убагы. Учурда Бекчоро репертуарындагы ырлардын санын көбөйтүп, "Сүйүү зары" деген жаңы ыр жаздырды. Ыр жаздыруу менен гана чектелип калбастан, ага оригиналдуу клип тарттырууну пландап жаткан чагы.Мындан тышкары кыргыздын колоритиндеги дагы жаңы ырларды жаздырат. Азырынча, ал ырлардын кагаз жүзүндө иштелген үлгүсү бар. Кыргыз элине, жерине өнөрүн тартуулап, ар бир регионго жеке өзүнүн концертин берүүгө катуу даярдыктарды көрүүдө. Алгачкы кадамын Нарын жергесинен баштамакчы. Андан кийин "бабам Манас колдосун" деп, таластык күйөрмандарына сапар тартат.

Ильяз Андаш жаңы клип тартууга чамданды
Жаш болсо да жылдыздардын катарынан калышпаган, жаш ырчы Ильяз Андаш жакында эле көл өрөөнүнө концерт берип келди. Азыркы учурда "Келчи, жаным" жана "Сөз жок" аттуу ырларынын бирине жаңы клип тартырганы чамданып жаткан убагы. Кудай буюрса, жакын арада Ильяздын жаңы клибине күбө боло аласыздар.

Даярдаган
Гүлзана БЕЙШЕНАЛИЕВА,
"Ачык саясат"