presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№75, 14.10.08-ж.
  С А Н Д А Н С А Н Г А ...

Чыңгызхандын дүйнөлүк тарыхта ээлеген орду
ДҮЙНӨНҮ ДҮҢГҮРӨТКӨН ЧЫҢГЫЗХАН
(Башы өткөн санда)
Оэлунду ошол тагдыр күтүп турду, аңчылыктын жашоо образына да, ичкен тамагына да аргасыздан көнүүгө мажбур болмок.
Монголдордун уламыштарында айтылгандай, кийин Оэлун тунгуч эркек бала төрөгөндө ал уюган коюу канды колуна кармай төрөлгөн дешет. Тагдыр пешенеге эмне жазса, ошону көрөсүң. Минтип колуна уюган кан кармап жарык дүйнөгө келген наристенин келечекте бүт дүйнөнү багындырып, эбегейсиз империя курарын жана ал узак кылымдар жашарын анда эч ким билген эмес.
Тамга тааныбаган, дүйнө маалыматтары менен эч кандай кабары жок, жашоого жаңыдан көзү ачылып келе жаткан жаш эне өзүнүн төрөгөн эркек баласынын колунда мыкчыган уюган коюу канды көрүп, аны кандай ырым-жырымдап жана уюган канды кандай жол менен тазалаш керек экенин билбей, өзүн жалгыз түнт токойдун арасындагыдай сезди. Эми эле төрөп, уйку-соонун арасында каалгыган жаш эне эмес, ошол арада наристенин бул дүйнөгө көз ачышына күбө болуп турган башка адамдарга да бул белги сырдуу болуп турду. Элдин келечеги үчүн жакшы белгиби, же жаманбы, айтор замандын түрүн, эл тагдырын чечмелөө ар бирине табышмак эле.
XII кылымда Азия талаасында монголдорду курчаган төрт эл болгон. Биринчиси-монголдорго жакын деп эсептелген татарлар менен хитандар, экинчиси-түндүк-чыгышта жашаган манчжурлар, үчүнчүсү - түндүк-батышта жашаган түркий уруулар жана төртүнчүсү - түштүк аймакты жердеген чуржжендер менен чектелген Кытай мамлекети эле. Ошол кезде түркий уруулар менен татарлардын биримдик союзу болуп, алардын эл башчылары болгон хандар, бийлер, кагандар башкарып тураар эле. Монголдор менен татарлар түркий элдерден айырмаланып, III кылымдан баштап, "хун"- күн адамдары деген ат менен белгилүү болчу. Баса, айта кетчү нерсе монголдор өзүнүн ата-бабаларын "ху-ну" дешет.
Есугей Оэлунду аялдыкка алгандан кийин өзүнүн кол астындагыларды чогултуп, татарларга каршы согуш ачат. Ошол согушта ал Тэмуджин-Уге аттуу татар желдетти өлтүрөт. Жортуулдан кайтып келгенден кийин, Оэлундан эркек балалуу болуп, атын ошол татардын атынан Тэмуджин-Уге деп коет. Есугейдин Тэмуджин-Уге аттуу өз душманынын атын өзүнүн баласына ысым кылып койгону да өзүнчө символикалуу. Эгер элибизде "Атаңды өлтүргөнгө, энеңди алып бер",-деген макал бар экенин эске алсак, монголдордун, кыргыздардын менталиттеринде жалпылыктар бардыгын байкоого болот. Бул алардын элге болгон кайрымдуулугунда, мээримдүүлүгүндө, душманга болгон жек көрүүсү менен ошол эле учурда турмуштагы айрым нерселерге кечиримдүүлүк менен мамиле жасаш керектигин көрсөтүүдө. Булар кыргыз менен монголдун психологиялык ойлоосу, жашоо шарттары ж.б.дагы көп окшоштуктары бар экенин айгинелеп турат. Кийин Есугей дагы бир эркек балалуу жана жалгыз кыздуу болгондо Тэмучинге уйкаштырып Тэмуге жана Тэмулун деп аттарын коет. Ал эми монгол тилинде "тэмул" деген сөз алга умтулуу, жаңылануу, бир нерсени ойлоп табуу, фантазиялуу деген көп маанини түшүндүргөн сөз. Адамдын ысымы кудайдан деген да сөз бар. Есугейдин баласына Тэмучин деп ат койгону да бекеринен эмес. Темучин дүйнөлүк тарыхта өз ордун тапты жана анын төрөлүшү менен өзүнчө бир жаңы доордун, жаңылануунун барагы ачылды. Бир сөз менен айтканда, доорлор алмашылып, коомдук системалар өзгөрдү, жаңыланды, коомдук мамилелердин таптакыр башкача түрү түзүлдү. Европа, Азия элдеринин ортосундагы ар кайсы чөйрөдөгү карым-катнаштар болуп көрбөгөндөй күчөдү. Жүздөгөн жылдар Тэмучин төрөлгөндөн кийин Монголиянын ээн талааларына, Кытай, Индия, мусулман өлкөлөрүнүн, Европа жана христиан цивилизациялары жетти.
Кытайдан чыккан Улуу Жибек Жолунун товарлары Гоби чөлү аркылуу Монголияга келип, андан мусулман өлкөлөрүнө өтүп, кербендердин саны болуп көрбөгөндөй көбөйдү. Темучиндин бийлиги орногонго чейин, кандай гана башчы келбесин, дайыма талоончулукка алынып келген болсо, Тэмучиндин бийлиги орногондон кийин мында талоончулук токтоду. Алар каалаган элде, каалаган шаарларында жайбаракат соода кылышчу болду.
Темучин Темучин болуп, элдин башын бириктиргенге дейре монголдордун бир бөлүгү ээн талааларда жайлап-кыштап, Шибер токоюна чейин чоң-кичине топ болуп, аңчылык менен оокат кылышчу. Аңчылыктан түшкөн жаныбарлардын этинен сырткары, териси, мүйүзү, карышкырдын тиштери монголдордун соода каражаты катары кызмат кылаар эле. Алар Улуу Жибек Жолунан ары-бери өткөн кербендерден мергенчиликтен түшкөн табылгаларын соода кылышып товар алышчу, кээ бирлери темир шамандарды алмаштырып алышаар эле. Темир менен куралданган мергенчи монгол талаасында бай адам катары сезилчү. XII кылымдын башында кээ бир мергенчилик кылган топтор жан-жаныбарларга гана мергенчилик кылбастан, монгол талаасынан баштап, Шибер токоюна чейин аңчылык кылып, жан-жаныбарларды аз кездештирип калган убакта алар ээн талаадан түндүктү көздөй эмес, түштүктү көздөй жылып, тескерисинче адамдарга да кол сала баштаган. Алар урууларга, журттарга капыстан, көбүнчөсүн түнкүсүн кол салып, алардын малдарын тартып алышчу жана бойго жеткен сулуу кыз-келиндерин кошо ала качып кетишчү. Мындай аңчылык бир чети Монголиянын катаал жаратылышында жашаган элдердин эң кыйын абалда экенин мүнөздөп турган белги эле. Талоончулукка калган элдин мындай бөлүгү монголдордун чабуулунан коркушуп, түштүк аймактардагы элдер өздөрү жашаган жерлерин ташташып, малдарын айдап балдары менен кошо утурумдук башка жакка кетүүгө аргасыз болуп турушчу. Монголдор талоончулукка барганда жалгыз гана улгайып калган аялдар, кемпир-абышкаларга тийишчү эмес, алар да монголдордон коркушпаган.
Ушундай оор шарттарда өткөн Темучиндин балалык чагы бизге такыр белгисиз. Атасы жаш кезинде Тэмучинди анчейин баалачу да, сезчү да эмес, ал тургай Есугей бир журттан башка журтка көчкөндө башаламан болушуп, Тэмучинди эски журтка калтырып кеткени да бар. Кичинекей баланы тайчык уруусунан Семиз хан деп аталган Таргатай деген топ башчысы таап алат да, өзүлөрүнүн чарбасына кабыл алып, ал жерден өспүрүм кездеги күндөрүн өткөрөт. Кийин Тэмучин эрге толуп, чоңоюп, бүткөн бою чымыр боз улан болгон кезде, Таргатай: "мен жаш кулунду таап алып, көчмөн элдердин чоң керегине жараган, баасыз сырдуу адам даярдадым",-деп мактанган. Тарых барактарында, же элдик уламыштарда Таргатайдын колунда чоңойгон өспүрүм Чынгызхандын өмүр баяны айтылып, же жазылып калбагандыктан, бул тууралуу ошол кездеги окумуштуулар болобу, саякатчылар болобу, эч ким, эч нерсе билбей, белгисиз бойдон калган.
Темучиндин андан ары чоңоюп өз үй-бүлөсүнө кошулушу тууралуу айтсак, Семиз Хандын жигити Таргатайга Есугей бир тилектеш болуп кошулуп, ошондон кийин Темучин өз иниси жана карындаштарынын катарына кошулат.
Темучиндин жашоосундагы мындай табышмактуу окуянын да өз себеби бардай көрүнөт. Темучин Оэлундун тунгуч төрөлгөн баласы болгондон кийин, балким Оэлун өз төркүнүнөн турмушка чыккан Чиледиден болуп калган балабы деген Есугейдин арам ою барбы, жокпу муну да эч ким тарых астында тастыктап кете албаган.
Темучин кайра келгенден кийин Есугей, Оэлун экөө кеңешип, Есугейдин биринчи аялы Сочигелден төрөлгөн аталаш бир тууганы Бектер экөө бала кезден мүнөздөрү келишпей, ойногондо да "сен кичи катындын баласысың" деген сыяктуу сөздөр көп чыгып, далай жолу мушташ чыккандыктан, арты акыры жүрүп жаманчылыкка айланбасын деген ниетте Темучинди таекелерине, Оэлундун төркүндөрүнө жиберүүнү оң көрүшөт. Экинчиден, ал таекелерине бой жетип калган бала катары, ал жактан жактырган кызынын калыңын төлөө максатында да жиберилет. Ал мезгилдин салт-каадасы мына ошондо болгон. Бойго жеткен баланын ата-энесинин калың төлөөгө чамасы чак болсо, болочок күйөө бала кайын журтунда кара күчүн берип, калың ордуна иштеп берген. Жалгыз атынан башка байлыгы жок Есугей да Темучинди болочок кайын журтуна жиберүүгө аргасыз болгон.
Бөлөк эл, бөтөн жердеги жашоо жаш Темучин үчүн чындыгында эле кыйын болмок. Таекелери канчалык жакшы адамдар болгон күндө да өз үй, өлөң төшөккө эмне жетсин. Анүстүнө, ал жактын табияты, климаты да белгисиз болсо, тааныбаган адамдар арасында сиңишип, кимиси ким экенин билгенге чейин да, толгон-токой убакыт өтөт эмеспи. Ушунун баары турмуштун ысык-суугун башынан анчейин көп өткөрө элек, али кагылып-согулбаган Темучин үчүн кыйынга турмак. Есугей Темучинди таекелерине чейин узатып барган жок. Бир чети анда кайындарынан коркуу сезими болсо, экинчиден, Оэлунду Чиледиден тартып алган сен турбайсыңбы деген ыңгайсыз сөзүнө калмак. Үчүнчүдөн,Оэлунга үйлөнгөндөн бери бир топ убакыт өтсө да, кайын-журтунун астына барып, атадан калган салт боюнча жол-жобосун жасаган да, жок дегенде таанышуу ирээтинде кол куушуруп барган да эмес. Мына ушуларды ойлоп, заманасы куурулуп бараткан жолдо Есугей уулу Темучин менен кудайы конок болуп, бир үйгө түнөп калышат. Бул үйдүн кожоюнунун бойго жеткен Бөртө аттуу кызына Темучиндин бир эле көргөндө көңүлү түшөт. Бирок Бөртө Темучинден бир нече жаш улуу болгон. Балдар бири-бирине көңүлдөнүп калганын билип, эртеси атасы Есугей баланы таштап, кайра өз айлына жол тартат. Бөртө улуулугуна салып, жыныстык катнашка чейин өзүнө бат эле көндүрүп алган.
Есугей кайра өз үйүнө жол тартып келе жатып, жолдон татарлардын бир тоюна кабыл болуп калат. Ал тойдо олтурганда Есугейдин 8 жыл мурда Темучин-Учени өлтүргөнүн көрүп калган татарлардын бири анын ичип жаткан ашына уу сээп коет.
Есугей катуу кыйналып жолго чыгып, эптеп бир монгол айылына жетип, уулу Темучинге тез кайра келүүсү керектигин айтып, чабарман жиберет. Темучин Бөртөнү таштап өз айылына келсе, атасы Есугей ал убакта жарык дүйнө менен кош айтышкан болот. Есугей ошентип эки аялын, он жашка чыгып-чыга элек, темир канат жети баласын жетим калтырат.
Ошентип, тайчык уруусунун майда уруусу бориджиндер башчысы Есугейден айрылат. Монгол талаасында жер шарты катаал аймакта мергенчилик менен жан баккан бориджин уруусунун адамдары Есугейдин эки аялын, жети баласын багууга кудуреттери жеткен эмес.
Ал кезде көчмөн элдерде, кыргыз, калмак, монголдордо дээрлик XX-кылымдын башына чейин күйөөсү өлүп калган жесирлерди элдик салт боюнча кичүү болсо да бир тууган кайнилерине же жакын аталаш туугандарына алып беришчү. Ошол себептен жесир калган Оэлун менен Сочигелди жакын туугандары эле эмес, ошол уруунун ичиндеги Оэлунду ала качып тартып алгандардын арасынан да аялдыкка алганга киши табылган эмес.
Монголдордун салты боюнча Оэлунду Есугейдин биринчи аялы болгон Сочигелдинин тун баласына аялдыкка алып беришсе болмок, бирок ал бала да Оэлундан бир топ жаш кичүү болгон. Ошол кезде Оэлун 26 жаштардагы келин эле.
Тайчык уруусунун жалпы ханы монголдордун жылда өткөргөн жаз майрамына Сочигел менен Оэлунду да чакырткан эмес, бул деген уруулар ортосунда жалпы тайчык кланына да кирбей калды дегендик эле. Ошентип эки жесир аял менен жети жетим эч кароосуз Онон дайрасынын жээгинде өзүнчө өлбөстүн оокатын кылып, күн өткөрүп калышты.

(Уландысы бар)









??.??