presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№75, 14.10.08-ж.
  А л а р д а б а л а л ы к ж о к

Тагдырдын өгөй балдары, же бактысыз балалыктан бир үзүм
Айтыла берип тил тешилгидей, жазыла берип кагаз түгөнгүдөй болду. Жаңы заман- ансыз да бай жашабаган калкыбыздын көбүн итке минген кедейге айлантты. Иш издеп жер кезгендер көбөйдү,улуттун улут катары мындан аркы тагдыры бүдөмүк абалга келип такалды. Ошондой жетишпеген турмуштун айынан акча табуу далалатын жасаган жаш балдардын аракети, ушул катаал заманда мындан ары кантип, кандайча жашоону биле албай, колу жеткен жердин баарына иштегиси,буту жеткен жердин баарына баргысы келген өспүрүмдөрдүн азыркы абалы байыркы кул элөөчүлүк доорду көз алдыңа элестетип ийет. Эң алгач баамга урунганы-жетишпеген көр турмуштун ташпишин тарткан армандуу балалыктын даамын таткан, каргадайынан турмуштун оор жүгүн көтөрүүгө аргасыз болгон балдарды көргөнүңдө зээниң кейийт.

Алардын көздөрүнөн азапты, арылбаган армандуу муңду, өчкөн үмүттү гана көрөсүң. Аларда сүйүнүчтүн учкуну аз.Балдар түйшүккө малынып бүткөндүктөн, алардын көз караштары да чоң адамдардыкындай. Китеп окуп,сабак жазчу көздөр,ушул тапта,колдон-колго өтүп, кирдеген акчаларды саноонун үстүндө. Кайда барба, кайда жүрбө тегерегиңден тагдырына таарынган жаш балдарды көрөсүң. Алардын оор турмушун байкабай коюу мүмкүн эмес: Туурулуп күйгөн кир денедеги жүдөө кийими эле булардын жашоодогу ордун аныктап коет.
Балалыктын бактылуу даамын татпай, жайкы ысыктын аптабында чаң уюлгута араба түртүшүп, жалган жашоонун учугун улаган балдардын таржымалын жүрөк оорутпай уга албайсың. Ата - эне төрүндө тайраңдап, эч нерседен капарсыз билим алып, келечегин ойлоор убакта акча кайдан келээрин ойлоп, келечектеги жашоосуна багыт алууга баары тескерисинче кетип, тарбия менен билим биякта турсун, эне колунан түзүгүрөөк жылуу чай, тамак ичпей, бели ката электе оор жүк жүктөлгөн "тачканы" тарткан балдардын улам көбөйүп бара жатканы жашыруун эмес.
Эркек балдар араба түртүшүп, бут кийим майлашса, кыздар паднос көтөрүп жер-жемиш сатышат. Ош базарында Нуржан жана Айжан деген эгиз кыздар Баткенден келишкен. Алар ошол жерде катар олтурушуп, өткөн-кеткендерди таразага тартышат. Алардын ата-энеси дагы шаарга акча табуу ниетинде келишип, көпчүлүк сыяктуу эле кыйынчылыкка туш болушкан. Нуржан менен Айжан айылда мектепте окуп билим алып эле жүрүшкөн. Турмуштун мындай оор кырдаалына туш болгон соң, бул жакка келгенден тарта билим алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Бирок, алардын баары айланып келип эле акча маселесине такалат. Коррупция деген эми мектепти чырмоок гүлүндөй чырмап алган тура. Бүгүнкү күндө Бишкектин мектептеринде кирүү акысы 2500 сомдон 15000 сомго чейинки бааны сурап жатса, анан бул бечаралар кантип, кайдан окушмак эле?
Ошол эле Баткенден келген Канайым аттуу эжени көпчүлүктүн арасынан кезиктирип калдым. Бир караганда көздөрүндө кандайдыр бир санаа, үзүлбөгөн үмүт бардай сезилет. Көкүрөгүндөгү көйгөйдү билүү максатында эжени сөзгө тарттым. Канайым эже бир саамга ойлонуп турду да, мындай деп сөз баштады: "Көр оокаттын айынан Бишкекке үч балам менен келип алгам. Улуу кызым эл аралап алма сатып жүрөт. Кийинки уулумду араба түрткөндөр жакшы табышат дешкендиктен, ошол жакка иштетип койгом. Кичүү кызым 3-класста окуйт. Жашаган жерибиз да туруктуу эмес. Ар кайсыл жерден арзаныраак чыккан батирлерге көчүп-конуп жашайбыз. Жабыла иштеп ушул кызды окутабыз. Балдарымдын атасы Казакстанга акча таап келем деп, кеткен бойдон дайынсыз жок. Кабар да алып койбойт. Ошентип, өлбөстүн күнүн көрүп, эптеп оокат кылып жүрөбүз. Балдарымдын келечегинен корком" - деп Канайым эже оор үшкүрүндү да сөзүн аяктады.
Буга окшогон тагдырлар миңдеп саналат. Минтип бакыт издеп келгендердин дээрлик көпчүлүгү түштүктүктөр, айрыкча Баткен, Лейлектен келгендер көп.
Ал эми 14 жашар томолой жетим өспүрүм өзүнүн кара курсагын тойгузуу үчүн таң аткандан күн батканга чейин араба сүйрөп акча табат. Тапкан акчалары деле жарытаарлык эмес. Айла канча, уурулук жасагандан көрө араба түртүп, өз маңдай териң менен тапкан акча адал болот эмеспи.
Лейлектен келген Абдулланы кичинекей иниси менен Ош базардан көп көрөм. Таң айтпай базар аралап жүргөн жаш балдардын курсагы ач экени билинип эле турду. Айрыкча кичинеси жалооруган көздөрү менен элди карап бир нерсени үмүттөнгөндөй. Бирок, менин ал-жайларын сурап жибергенимди жактыра бербей, кичүүсүн жетелеп терс бурулуп басып кетти. Кантсе да акыл эсине кирип калган учуру эмеспи.
Базар мыйзамы менен кошо жүрүүчү алдамчылык, караөзгөйлүк, коркутуулар булар менен тең жашап, бул жашоонун жалаң ыплас жагын көргөн алар адамдык асыл сапаттарга кайдан үйрөнүшөт? Жаш кезинен жакшы сөздөрдү аз угушуп, жылуу мамилени көрбөй чоңойсо, алар өз балдарына мээрим төгүп, талаптагыдай тарбия бере турган ата-эне боло алаар бекен? Өздөрү тарбия алып чоңойбосо, деги эле алардын келечегине кандай үмүт менен карай алабыз? Кимди күнөөлөйбүз? Билим алууга шарт түзүп бермек тургай, курсактарын тойгуза албаган ата-энениби же андан да алсыз мамлекеттиби?
Статистикага таяна келсек, мына ушундай шарт менен окубай калган балдардын саны 72 миңге жетет экен. Өз алдымча эсептеп көрсөм, Кыргызстандын ар мектебине 34 бала туш келет экен. Ал эми кээде айыл жергесинде, " Окуп эмнени кыйратмак элең. Чабанга билимдин кереги жок" деген түшүнүк орун алып, балдарын мектепке жөнөтпөгөндөрү канча? Балдарынын эртеңки келечегине эмес, алардын күнүмдүк эмгегине, таап келген акчасына кызыккан айрым ата-энелер эптеп өзүн багып кетсе болду- дешет.Алар бир келген жашоону татыктуу жашап өтүүгө, ал үчүн таасирдүү таалим жана билим алууга тийиш экенин, кайдыгерликтен өз урпактарынын талантынын өсүшүнө балта чаап жатканы менен иши жок. Жаш балдардын ичинен режиссер, сүрөтчү, актер, акын-жазуучу, эл башкарып, карапайым калктын оорун колдон, жеңилин жерден алган инсан болгусу келгендер кездешет. Акырында айтаарыбыз, кааласак да, кааалабасак да коомдон бөлүнүп калган үй-бүлөлөрдүн турмушуна жогор жактан тиешелүү көңүл бурулса, мектепке окубай калган балдардын, жакырчылыкка кептелген калктын муктаждыгы мамлекеттик деңгээлде чечилсе, ички миграцияга чек коюлуп, өспүрүмдөрдү толугу менен мектептерге тартуу жолго коюлаар беле деген ой көкүрөктү өйүйт…

Нургул Төрөбекова,
"Ачык саясат"










??.??