presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№75, 14.10.08-ж. "Карысы бардын ырысы бар"
"Карынын кебин капка сал" деп таамай айтылган сөз бекеринен ооздон-оозго өтүп, накыл кеп катары айтылып калбаган чыгаар. Улгайган адамдар төрүбүздүн көркү, акыл- насаат айткан кадырлуу адамдарыбыз экенин билебиз. Адам баласы өмүрүнүн акырына чейин үмүт менен жашайт эмеспи! Анын сыңарындай ар бир ата-эне өз канынан жаралган балдардан көптү үмүттөнүп, жакшы ой-максаттар менен таалим-тарбия берип, "канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокуттурбай" тарбиялап келет. Илгертеден ата-бабаларыбыз карысын төргө отургузуп, акылын асыл тутуп, өз үйүндө бапестеп багып келсе, эмнегедир акыркы жылдары карылар үйүндө кыргыз улутундагы карыяларыбыздын көбүрөөк катталуусу зээнди кейитпей койбойт.
Калктын аялуу катмарына кирген кары адамдардын бүгүнкү күндөгү жашоо абалы ар кандай. Мамлекеттеги экономикалык кыйынчылык, биринчиден, ушул чөйрөгө таасир тийгизери бештен белгилүү. Акыркы жылдары, кыргыз элинин салтына, менталитетине туура келбеген, коомубуздагы кароосуз калган карылардын көбөйүшү абдан кейиштүү маселе. Биз ошол бүгүнкү социалдык абалы өтө начар, кароосуз калган карыяларды кабыл алган Биринчи Май райондук карылар үйүнө баш бактык.
Биз босогосун аттап, ал жердин жашоо-шартын кыдырып чыкканыбызда, ахыбалы өтө начар болгон оорукчан, алсыз бир топ карыяларга жолуктук. Алардын айрымдары басып-туруп жүргөнү менен көпчүлүгүнүн ден-соолугу начар жана ар кандай ооруга чалдыккан майыптар. Бул көрүнүштү көрүп туруп кабыргаң кайыша кейийсиң. Кандай адамдар каны-жанынан жаратып, бул жарык дүйнөгө алып келген ата-энесин, киндиктеш, уялаш болгон бир тууганын ушул карылар үйүнө көздөрүн жалдыратып эшикти тиктетип, кантип таштап кеткенине дити барганын түшүнбөй келесиң. Бул жерде жашагандардын көздөрүнөн курулай үмүт менен жакын адамдары келип калчудай, эшикти аянычтуу көздөрү менен тиктешкенин байкайсың. Ата-энелерине бир кайрылып келбестен, артын карабай качкан таш боор инсандарыбыз, бул жашоодо өз жазасын алышаар. Ар биринин өз баштарына мындай жазмыш келгенде, бармактарын кесе тиштеп, өксүп ыйлаар-деген ойго келесиң.
Эс алуучу бөлмөдө олтурушкан карыган чоң ата, чоң энелерди көрүп, алардын тагдыры бизди бушайман кылды. Бул жерде отургандар-ар улуттун өкүлдөрү. Бири-орус, бири-дунган, бири-татар. Алардын арасында өзүбүздүн боордош, пайгамбар жашынан өтүп калган, кыргыз чоң ата, чоң энелерибизди көрүп ичиң туз куйгандай ачышат. Катарлаш отургандардын арасын таяк таянса да, жүзүнөн нуру өчө элек, сулуучасынан келген чоң эне бизди өзүнө арбап турду. Жай, жандай баса өзүбүздү тааныштырып, суроо узаттык.

Токтоналиева Бегимкүл,
82 жашта
- Апа, бул жерде жашаганыңызга канча жылдын жүзү болду?
- Менин бул жерге которулуп келгениме бир жарым жыл болду. Мурун Маловодныйда баш калкалачумун. Небереме жакын келейин деп, бул жерге өзүм суранып которулуп келгем.
- Айтсаңыз, неберем деп калдыңыз, балдарыңыз барбы?
- Алты балам бар болчу, шум ажал келип, төрт баламды алып кетти. Азыр кызым, неберелерим бар. Уулумдун артынан туяк болуп, неберелерим калды. Келиниме үйдү бошотуп, көз каранды болбой, кийим-кечегимди алып чыгып кеттим. Алгач кызымдыкында жашап жүрдүм. Үй-бүлө болгондон кийин, казан- аяк кагышпай койбойт. Күйөө балам ичип келген күндөрү кызыма тынчтык бербей, үйгө жаңжал салып жүрдү. Уруш-талаш күн сайын күч алып баратканын көрүп, карылар үйүнө кетүүнү чечтим. Кызым менен Урматты маңдайыма отургузуп алып, оюмдагыны айтсам, кызым аябай ыйлады. Ыйлаба кызым, мен эмес чоң кызматта иштегендердин деле ата-энелери ошол жерден күн көрүп жатышат,- деп акылымды айтып, тиешелүү документтеримди даярдап, карылар үйүнө келип калдым. Азыр шаар ичи болгондуктан, алар байма-бай каттап турушат.
- Берген тамак ашы көңүлгө тоерлукпу?
- Бул жер болбосо, биз кайда барып, кайсы жерде кайырчы болот элек. Ооз толо жебесек да, курсак тоет. Тамакты өз убагында-эртең менен, түштө, кечинде бир сындырым нан менен берет. Буурчак, картошка шорполорун жана борщ, гречка тамактары берилет. Ичкен тамактарыбыз мындан башкача болсо жакшы болот эле. Кары кишиге күчтүүрөк тамак болбосо, алдан- күчтөн эрте тайып калат экен.
- Бул жердеги карылар үйүнүндө өз ара мамилелер кандай?
- Эми кандай десем, кудайга шүгүр, акырындап күн көрүп жатабыз. Бардык нерсенин жакшы да, жаман да жактары болот. Бүт бардыгын жаман дей берсем кудайга да жакпайт го? Менин көңүлүмө жакпаган жери, кокус ооруп калсак дары-дармектерди өзүбүздүн акчабызга алабыз. Алган пенсиям 500 сом, эч нерсеге жетпейт, дары-дармек, кийим-кечек, тамак-аш менен түбүнө кол коюлат.
Анан да, айта кетчү нерсе, бул жерде кыргыздарды аябай мазакташат. Орустардан калган-куткандар бизге тиет. Ушунчалык кээде жаныңа батып кетет, дайым эле орустардыкы туура дей беришкендерине. Бул жерде кызматта иштегендин баары орустар да, ошон үчүн аларга боор тартышат.

Орунбүбү 67 жашта
- Тагдырдын кайсы шамалы айдап, бул карылар үйүнө келип калдыңыз, каралашар бала-бакыраңыз жокпу?
- Тагдыр деген ушул турбайбы. Эртең эмне күтүп турганын билбейсиң. Баарыбыз пендебиз да, тагдырдын талабына баш иебиз. Бул жерге келгениме үч жарым жыл болуп калды. Артка бир кылчайып, басып өткөн тагдырымды карасам, көзүмөн жаш куюлуп, жүрөгүм кысылып чыгат. Мен да эл катары турмушка чыгып, 3 жыл жашадым. Акыры мени төрөбөйт деп кетиришти. Төркүнүмө жүрө берсем, кош бойлуу экенмин. Төрөп түштүм, баламды апам багып алды, энем, жаш убагыңда турмушка чыгып, өзүң менен өзүң болуп кет- деп айта бергенинен, экинчи ирээт турмушка аттандым. Жолдошумдун көзү өтүп кетти. Мени төрөбөйсүң-деп анда-санда гана айтып калчу, мага чейин алган аялдары төрөбөптүр, көрсө күнөөнүн баары өзүндө экен. Мен кайдан билипмин, күнөө менде экен деп, баарына чыдап жашап жүрө бергем.
Апам болсо, бир тууган байкемдин кызын багып ал, ансыз деле, көлгө төркүнүнө бергени жатат дегенинен, барып, агамдын кызын алып келип тойчук өткөзүп, багып алгам. Тырнактай кезинде багып- кагып чоңойтсом, 8- класста окуп калганда, ата-энеси талашып, алып кетип калышты. Кызым экөөбүз тең ыйлап-сыктап, эки жакта кала бердик. Балам 8-класс окуп калганда, апам каза болуп калды, жолдошум экөөбүз тең биз менен чогуу жаша - деп көндүрө албай койдук. Жолдошум каза болгондон кийин, айла жок төркүнүмө келдим. Кайын-журтум кармап калар менде бир бала болсочу. Аны менен туура 17 жыл бирге түтүн булап жашадым, 25 жашымда келин болуп барганмын. Алым-күчүм барында тыным албай иштеп, уулум менен багып алган кызыма колдон келген жардамымды аябай көрсөтүп жүрдүм. Агамдын аялы кызым менен бат-бат жолуктурганга тыюу салып, акыркы учурларда үйүнө киргизбей да койду. Өзүмдүн каныман жаралган балам үйлөнүп-жайланып, бутуна тургандан кийин, жанагы сур жыландай соймоңдогон, эки жүздүү келинимдин тилине кирип, мени батырбай үйдөн чыгарып салышпадыбы? Балам менен келиним жумшак мебелге отурушса, мага болсо, эскилиги жеткен, сынык стол буюрган. Алар бала-чакасы менен тамактын жакшысын, бетиндеги майлуу сүттүүсүн жешсе, мен болсо ар дайым алардын калган-кутканын жеп кара курсагымды тойгузчумун. Баарына кайыл болуп жашап жүрсөм да, көзүмдөн жашымды төгүлтүрүп туруп, мени көчөгө чыгарып салышты. Өз каныңан жаралган бала болгондон кийин каргап-шилеп жаман сөз айта албайт экенсиң. Үстүбүздө кудай турат, мага жасаган акарааттыгы үчүн ага да көргүлүктү көргөзөөр. Каралашар эч кимим жок, көчөдө калганда сиңдим үйүнө алып барып, бул жерге керектүү документтерди даярдаганга жардам берди. Бул жерге келиш эле оңой дейсиңби, канчалаган мединициналык кароолордон өтүп, толгон-токой справкаларды даярдап, кыскасы таманың тешилгенче чуркайсың.
Кийинчерээк туугандар тойго чакыргандарынан бардым. Тойдо уулум Бейшенбек да жүрдү, мени көрүп унчукпастан басып кетти. Өлбөгөн төрт шыйрагым калды. Жерге кирип кетким келди, жер катуулугунан гана калды го? Аягына чейин отура албай кетип калдым. Тагдырымды ойлой берип, күйүттөн бутум да жакшы баспай калды. Баламдын кайрымсыз болуп калганына сай- сөөгүм сыздайт. Кейигенден көзүмдөн жаш ага берип, көзүмдүн көрүүсү барган сайын начарлап баратат.
Орунбүбү апанын көзүнөн аккан жашын көрүп, ачуу тагдырын угуп туруп, чыдай албай көзүбүздөн жаш тегеренди.
Бул жерде өз түгөйлөрүн таап, эки бакыр, бир тукур болуп, түтүн булатып жаткандардын саны аз эмес экен.

Светлана 73 жашта
- Жолдошуңуз менен кандайча таанышып калдыңыз эле?
- Юрий экөөбүздүн бирге жашаганыбызга быйыл үч жылдын жүзү болду. Мурунку жолдошум менен 46 жыл жашагам, анын көзү өтүп кеткенден кийин, балдарым карабай койгондуктан, барар жерим жок, айласыздан ушул жерге келгем. Биз карылар үйүнөн таанышып, көңүлдөрүбүз төп келип калды. Ал менден үч жаш кичүү. Ошондой болсо да, экөөбүз ынтымактуу жашап, бири-бирибизге болгон жардамдарыбызды аянбай келебиз. Мен өзүм майыпмын, балдак менен басам, базарга барганга жарабайм. Юрий болсо, кем-карчыбызды базардан алып келет. Азыр да, пенсиядан арткан тыйын-тыпырга бизге керектүү буюмдарды алып келгенге кетти. Эгер ооруп калсам, менин көзүмдүн агы менен тең айланып, жанымдан чыкпай чебелектеп, менин сакайып кетишиме кам көрөт. Кыскасы экөөбүз бири-бирибизди толуктап, күн көрүп келебиз.
Кыздарым, ата-энеңерге кайрымдуу болгула, аларды сыйлагыла, силерден сураныч. Менин 3 балам бар. Кээде көңүлдөрү келген күнү келип калышат. Бат-бат деле келишпейт, алардын жашоосу өзүнчө болуп калган. Бул жер деле жакшы дечи, баары бир үйгө жетпейт деп көзүнө жаш алып ыйлап жиберди.
Тагдырдын буйругу менен карманары жок калган карысын багып алган ырыстуу коом болоор. Жогору жактагы бийлик башындагылар бул карыялар үйүндөгү жашы өтүп калган, убагында мамлекет үчүн кара жанын карч ура иштеп келген, биздин заманды түптөгөн кары адамдарыбыздын жашоо-шартынан кабардар эместир. Эгерде, алардын кырдаалына түшүнгөн болсо, бул касиеттүү үйгө жардам берүүгө карыздар экенин билишээр. Ошондой эле бирден экини, экиден төрттү жараткан бизнесмендерибиз эл макалын эсине тутуп, сооп издеп, карыяларга камкордук көрүп коюшса абдан жакшы болмок. Ушундай кайрымдуулуктан, боорукерликтен улууга улуудай урмат, кичүүгө кичүүдөй ызаат кылуудан калып бараткан руханий дүйнөбүздүн жардылыгы, адамдык кемпайлыгыбыздын өчүп бараткандыгын көргөн ыймандуу инсан мындай тагдырга тушуккан карылардын тагдырына тынчсызданбай койбос. Өмүр берсе баарыбыз карыйбыз. Өз үйүндө болобу, же өзгө жерде отурабы, карынын касиети, асыл турпаты бирдей экенин унутпасак.
Даярдагандар:


Нургүл Төрөбекова,
Гулзана Бейшеналиева,
"Ачык саясат"










??.??