presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№74, 10.10.08-ж.
  С а к т а н с а ң с а к т а й м ...

Канатбек Абдрахманов, КР Илимдер Улуттук академиясынын сейсмология институтунун директору:
"Табигый кырсык, социалдык кырсыкка алпарышы мүмкүн"
- Алай районундагы жер силкинүүнүн эпицентри кайсы жерде болду жана канча адамдын өмүрүн алды?
- Баарыбыздын үрөйүбүздү учурган жер титирөөнүн эпицентри Алай районунун Нура деген айылына жакын жерде болду. Акыркы маалымат боюнча кырсыктын кесепетинен 78 киши курман болуп, үйлөрдүн сексен пайызы жарактан чыкты.
- Башка айылдар тынч элеби?
- Так маалыматтар келе элек. Бирок, биздин божомолдор боюнча башка айылдарда да чыгашалар бар болушу мүмкүн. Азырынча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын тобу эпицентр болгон айылда гана иштеп жатышат.
Жер силкингенден 2 саат өткөн соң 6 баллга жеткен автошок болуп өттү. Автошок дегенибиз-майда жер титирөөлөр. Андан бери дагы 100 майда жер титирөөлөр катталды. Анткени, чоң жер титирөөлөр жалгыз болбойт.
Катуу жер силкинүү болгондо элдер эшикке качып чыгат эмеспи. Өтүп кеткен соң: "Менин үйүм туруштук берди. Бекем экен"- деп кайра үйүнө кирип кеткендер болот. Катуу жер титирөөдөн кийин 2-3 саат же таң атканча үйгө кирбеш керек. Анткени, анын артынан майда жер титирөөлөр кайталанышы мүмкүн. 1992-жылы Суусамыр өрөөнүндө негизги жер силкинүүнүн күчү-9 балл болсо, автошоктун күчү-8 баллга жеткен. 3000 миңге чейин майда жер титирөөлөр катталган.
- Сиздин айтканыңызга караганда дагы жер силкиниши мүмкүнбү?
- Биздин маалыматтар боюнча, Ош облусунда 2012-жылга чейин жер силкинүү коркунучу бар. Дагы 7-8-баллга жеткен жер силкинүү болушу мүмкүн. Эң өкүнүчтүүсү, табияттын сырын эртең-бүгүн деп так айта албайбыз. Биздин изилдөөлөр боюнча Ош облусунда жердин тынч абалы бузулуп, чыңалуусу күч алды. Мен муну элдин үрөйүн учурайын деген ниет менен айтып жатканым жок. Элдер сак болуп, алдын-ала даярдансын деп жатам.
- Жер силкинүүгө алдын- ала кандай даярдыктарды көрүүгө болот эле, ал кайсыл министрликтин милдетине кирет?
- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түздөн-түз милдетине кирет. Мен мындан 5 ай мурун эле, "Алай районунда жердин тектоникалык чыңалуулары күч алды. Чоң жер титирөө күтүлүшү мүмкүн"- деп эскертип айтып чыккам.
Бизде өтө жаман адатка айланып кеткен жагдай бар: кырсык болгондон кийин, май-чайын көтөрүп чуркап калмай. Жаңы жылдан кийин болгон жер титирөөдө деле учурунда ызылдап гумжардамдарын беришти да, тынчып калышты. Дагы жер титирөө болду. Мында да ошентпесе экен деп чоочуп турам. Унду алгандан кийин, 10 токоч жасаса түгөнөт да. Элди күнүмдүк оокат менен алдагандын ордуна, тиешелүү министрлик биринчи кезекте үйлөрдү бекемдеш керек. Дагы 5-6 жылдан кийин жер титирөөлөр болушу күтүлүүдө. Ага элди даярдап, каражатты алдын-ала сарпташ керек. Мисалы, үйдүн төрт бурчунан курчап, бекемдеп койсо 6 баллга эсептелген үй, 8 баллга туруштук бере алат. Бүгүнтөн баштап, бирден үй курчалса да, 2012-жылга чейин бир топ үй бекемделип, канча адамдын өмүрүн сактап калса болот. Ошондуктан, элди убактылуу алдабай, максатуу иш башташ керек.
- Демек, тиешелүү министрлик өз деңгээлинде иш аткарбай келүүдөбү?
- Тилекке каршы, биз институтпуз, эскертүү берүүдөн башка колубуздан эч нерсе келбейт. Бишкекте туура эмес курулуп жаткан үйлөрдү көрүп турсак да, көзөмөлгө алууга укугубуз жок. Бирок, өз ишибиз менен эле чектелип калбастан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин иштерин кошо аткарып жатабыз.
Мисалы, элдерге үй курууда сейсмологиялык туруктуулук жөнүндө маалымат берип, үйрөтүү-ӨКМнин милдети. Алар кырсыкка алдын-ала даярдануунун ордуна, оңой жолду тандап алышты, гумжардам бөлүштүрүп коймой деген. Ал үчүн атайын уюмдар бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине мамлекеттен бөлүнгөн миллиондогон сомдор кайда кетип жатат? Кайсы мектептерди бекемдешти? Жер титирөө боюнча элге алдын-ала маалымат берилгенден кийин, даярдыктарды көрүш керек эле да. Даярдык көргөнгө караганда, кыйрап калгандан кийин, "чатыр бердик, ун бердик"- деп, өлкө башчысына отчет берип, катуу иштеп жаткан түр көрсөтүшүүдө.
Министрдин, "Ошто кырсык көп болот"- деген шылтоосу менен ӨКМги Ошко көчүрүлгөнү туура эмес болуп калды. "Ысык-Көлгө туристтер көп келет" -деп Туризм агенттигин көлгө көчүрсөк туура болобу? Андай министрликтер борбордо болуш керек. Анткени, стратег объектилердин бардыгы борбордо жайгашкан. Жаман айтпай жакшы жок. Эгерде Бишкекте кырсык болсо, Оштон ӨКМнин жардамын күтүп олтурабызбы?
- Сиздердин маалымат боюнча, дагы кайсы облустарда жер титирөө коркунучу бар?
- 2016-жылга чейин Чүй, Ысык-Көл облустарында да катуу жер титирөө болушу ыктымал.
- Жер силкинүү учурунда адамдар эмне кылуу керек?
- Биринчиден, өзүн токтоо кармап ызы-чууга алдырбаганга аракет кылуу зарыл. Экинчиден, жер титирөө эки тектоникалык толкундан турат. Биринчи толкун-күүлдөп трактор өтүп бараткандай сезилет. 3-20 секунддун аралыгында экинчи толкун келет. Адамдардын өмүрүн алып, үй-жайды кыйраткан мына ушул экинчи толкун. Биринчи толкундан кийин, ыңгайлуу жерге жашынууга 10 секунд убакыт бар. Үй-шарты туура келсе, сыртка чыга качса да болот.
"Жер титирөө болот" деп эскертилген аймактын тургундары документтерин үйдүн ичинен коопсуз жер таап, алдын ала жайгаштыруусу зарыл же эшикке көтөрө чыкканга оңтойлуу орунга коюш керек. Антпесе, бардыгы кыйрап калган соң документтери табылбай, өзүнүн ким экенин далилдей албай, банктан акчаларын ала албай бир жылга чейин убара болгондор да кездешет.
Сыртка чыгууга үлгүрбөй калганда столдун алдына кирип, эки колу менен башыңарды кучактап алып күтүп олтурсаңар да болот.
Жер титирөөдө ооруканалар менен мектептер өтө кооптуу. Айыл жеринде эмес, шаардын мектептеринин окуучулары менен мугалимдери жер титирөө учурунда эмне кылуу керек экенин жакшы билишпейт. Анткени, тренингдер өткөрүлбөйт турбайт.
- Мектеп окуучуларынан кандай кеңеш бересиз?
- Окуучулар биринчи толкунда сыртка чуркабай, партанын астына жашыныш керек. Экинчи толкунга чейин тартип менен сыртка чыкканга үлгүрүүгө үйрөтүү керек. Эгер бардыгы коридорго чуркаса, ызы-чуу болуп 1-кластын окуучуларын 10-класстар тебелеп кететиши ыктымал. Андыктан, бир жумада бир жолу тренинг өткөрүп, эскертип айтып туруу зарыл. Мисалы, Японияда кичинекей балдарына чейин жер титирөөантип сактанууну дөн билишет. Себеби, аларда жыл сайын 10 миң майда жер титирөө болот. Качан болоорун так билбеген соң, биз да даяр турушубуз зарыл.
"Жер титирөө болот" -деп айтып чыкканымда кызматы менден жогору турган кишилер: "Сен эмне элди коркутуп жатасың?"- деп чыгышкан. Билип туруп унчукпай койсом, эл алдында күнөөлүү болуп калмакмын. "Билгениңди айтпасаң, айланганы олтурасыңбы?"- дегендер чыкмак. Менин милдетим- ачуу болсо да чындыкты айтуу.
Феликс Кулов премьер-министр болуп турганда, 2006-жылдын 23-январында министрлердин көзүнчө "жер титирөө болот"- десем, "болбойт"-деп койгон. Ошол эле жылы 26-декабарда Кочкордо 8 баллга жеткен жер силкинүү болду. Жаңы жылдагы да, Алайда болгон жер титирөө да так биз айткан жерде болду. Бүгүнкү чиновниктер кай бири окумуштууларды көпөлөк кууп жүргөндөй сезишет окшойт. Сейсмология институтунда эмгектенгениме 35 жыл болду. Анын 18 жылы билим алууга кетти. Биздин адистердин билими чет өлкөлүк окумуштуулардан кем калбайт. Техникалык жактан аксасак да.
- Сейсмология институтуна мамлекет тарабынан жылына канча каражат бөлүнөт?
- Шаар ичине бир светофор орнотууга 1 миллион 200 сом берилет экен. Биздин институтка жыл сайын 7 светофордун акчасы бөлүнөт. Чындыгында сейсмология институтуна өзгөчө көңүл буруу абзел. Мамлекетте каражат жок, аны жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан, Эл аралык фонддорго кат жазып, эптеп өзүбүздү -өзүбүз жабдып жатабыз. Биздин бир эле сейсмостанциябыз 46 миң доллар турат. Жакында эле Норвегиядан 10 станция алдык, буюрса коебуз.
Эң негизги көйгөй- айылдарда турган сейсмостанцияларда. Өткөн кылымдын 20-30-жылдары курулган сейсмостанциялар бар. Баасы 50 миң доллар турган приборлордун үстүнө эскилиги жеткен чатырдан тамчы тамып турат.
Тоо арасындагы 2000 сом айлык алган кызматкерлериме, "Чыдап тургула, заман оңолсо айлыгыңар көтөрүлөт"- деп жооткоткондон башка жардам бере албайм. Алардын жашоосуна зээним кейип турса да, "ишиңерди таштап кетпегиле" деп жалынам. Эгер алар ишин таштап кетсе, 2000 сом үчүн жаштар тоонун башына барбайт. Ошондуктан, адистеримдин көпчүлүгү- пенсия жашындагылар, 5-6 кою, бир ую менен жан багып жатышат. Алар жумушун таштаса, Кыргызстанда сейсмология деген илимдин күнү бүтөт. Түшүнгөн кишиге бул илим ийненин учурунда турган илим. Учурда телефондун үнү басылбай, "Эми эмне болот? Кандай кеңеш бересиңер",- деп өздөрүнүн коопсуздугуна кам көрө башташкан адамдар көп.
Сейсмология институту өтө зарыл экенин түшүнүп турушса да, мамлекет тарабынан жардам берилбейт. Имаратыбыз 1988-жылы курулса, ошондон бери бир да жолу оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.Чет өлкөдөн окумуштуулар көп келет. Уялганыбыздана жатканабызды эптеп оңдоп алдык. Мен директор болгондон бери 4 премьер-министр алмашты. Төртөөнө тең кат аркылуу абалыбызды айтып кайрылгам. "Акчанын кереги жок, станцияларды оңдоп- түзөөгө цемент, шифер ж.б. жардам бергиле" -деп. Жадакалса катты кабыл алдык деген да жооп келген жок.
- Мамлекет тарабынан жер титирөөгө кандай даярдыктар көрүлүүгө тийиш?
- Жаңы конуштар салына баштаганда Аскар Акаев сейсмикалык туруксуз үйлөрдү трактор менен сүрдүртүп таштаса, бүгүнкүдөй сапатсыз үйлөрдөн турган 46 жаңы конуш пайда болмок эмес. Сапаттуу салганга аракет жасашмак.
Эгер, Бишкек шаарына 30 км. аралыкта жер титирөө болсо, жаңы конуштардын 90 пайызы урап түшөт. 77 киши эмес, 7000 миң киши каза болушу мүмкүн. Үйүнөн, жакындарынан айрылган адамдар эмне кылат? " Мамлекет жардам берсин"- деп чогулуп алып Ак үйгө келет.
Ошентип, табигый кырсык социалдык кырсыкка алпарышы мүмкүн. Бийлик төбөлдөрү ошону түшүнүп, бүгүн аракет кылуу керек.
Учурда Бишкекте 168 көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат. Аларды катуу көзөмөлгө алып, чыпалактай арматура менен курулуп жаткан үйлөрдү токтотуу зарыл.
Өткөндө телевизордон көрдүм. Мамлекеттик архитектуранын кызматкерлери текшерели десе: "Бар нары"- деп коюшту.

Мунун бардыгын жөнгө салуу үчүн мамлекеттик саясий эрк керек!

Маектешкен
Гүлниза Молдокулова,
"Ачык саясат"










??.??