presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№74, 10.10.08-ж. 5-октябрдагы Жергиликтүү Кеңештерге болгон шайлоолор кандай өттү?
Темир Сариев,
"Ак Шумкар" партиясынын лидери
"Шайлоолорду фальсификациялоо боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү мода борборуна айланды"
Жалпысынан Жергиликтүү Кеңештерге болгон шайлоонун даярдалышы, өтүшү, анын жыйынтыгын чыгаруу негизинен терс мүнөздө өттү. Биринчи чыр болуп, ушул шайлоолордун алдында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Клара Кабилованын "Өзүмдүн жеке керт башыма коркунуч туулуп атат, Бүгүнкү бийликтин жасап жаткан иштерине макул эмесмин"-деп өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушун айтсак болот. Бул албетте, Борбордук шайлоо комиссиясына өтө чоң моралдык сокку болду. Ошондо Боршайком таратылып, кайрадан жаңы курамы түзүлгөнчө Жергиликтүү Кеңештерге болгон бул шайлоолорду токтотуп туру керек эле. Бирок, бийлик "эч нерсе болбойт"-деп, бул иштерге сыртын салып, эмне болсо дагы бул шайлоолорду өткөрүш керек деген принцип менен өткөрүштү. Бул шайлоо өнөктүгүнүн биринчи терс жагы болуп эсептелет.
Экинчиси албетте, шайлоонун өзүнүн өтүшү. Эми бардык жерде шайлоо туура эмес өттү деп айта албайм. Анткени биз бардык жерде көзөмөл кыла алган жокпуз. Мүмкүн жанагы өтө чоң эмес айылдарда, бири-бирин жакшы тааныган айылдарда Айылдык Кеңештерге шайлоо туура эле өткөндүр. Анын үстүнө ал жерлерде атаандаштар да аз болду. Ал эми Райондук Кеңештерге болгон шайлоолордо талаш-тартыштар болуп атты. Анткени, эки, үч-төрт айылдардан бир же эки депутат көрсөтүлгөндө чоңураак айылдар үстөмдүк кылып кетип атты. Ушул сыяктуу өйдө-ылдый, талаш-тартыштар бар. Эми буларды деле мыйзам ченемдүү көрүнүш катары карасак болот. Анткени шайлоонун өзү атаандашуу, талашууну жаратат эмеспи.
Ал эми чоң-чоң шаарларда, өзгөчө Бишкек шаарында терс көрүнүштөр өтө эле көп болду. Бийлик тарабынан даярдалып, шаардык кеңешке депутат болчу талапкерлердин тизмеси даяр болуп калгандыгын мурда эле угуп жүргөн элек. Дал ошол талапкерлердин депутаттыкка шайланышы биздин ошол ойлорубузду тастыктап отурат.
Негизинен шайлоого Бишкек шаарында адамдар өтө эле аз катышты. 20-22 пайыздын тегерегиндеги гана шайлоочулар өз добуштарын берип кетишти. Кечки саат 6 га чейинки маалыматтар боюнча шайлоочулардын саны 20 гана пайызды түзгөн. Ал эми саат 6дан 8ге чейинки убакытта алар дагы 18 пайыз шайлоочуну кошо коюп, 38 пайыз деп берип жатышат. Бул шайлоодогу түздөн-түз мыйзам бузуу, бюллетендерди ыргытуу, протоколдорду оңдоо иштери болгондугун көрсөтүп турат. Бул баарына эле ачык көрүнүп турду. Бишкек Шаардык Кеңешине болгон шайлоолордогу одоно мыйзам бузуулар боюнча, Ак шумкар, партиясы дагы өзүнүн пикирин билдирген.
Дагы бир баса белгилей кетчү маселе, азыркы биздин шайлоо системабызда өтө аянычтуу терс адат пайда болду. Бийлик шайлоо иштерине келгенде акимдерге, жергиликтүү айыл өкмөт башчыларына, округдук комиссиялардын төрагаларына, алардын мүчөлөрүнө мыйзамды кантип бузушту, кантип протокол жасашты өздөрү үйрөтүп, биз айткан партиянын же адамдардын санын көбөйтүп, ошолорду депутаттыкка өткөзөсүңөр деп катуу талап коюп атып, бул адамдар бүгүнкү күндө мындай иштерди айттырбай эле мыкты жасап калышты.
"Бөрк ал десе, баш алган" кээ бир өзгөчө жагымпоздору шайлоочулардын санын 100 пайыздан ашырып берип, мыйзамды каалаганындай бурмалап, өз билгендерин жасап жатышат. Бул биринчиси. Ал эми экинчиси, ошол мыйзам бузууларды каратып туруп жасашкан адамдардын туура эмес иштери сотко өткөндө да, эч кандай жыйынтык чыкпай, эч кандай жооперчиликке тартылбай калып атат. Бул болсо, элдин, негизги саясий күчтөрдүн шайлоо институтуна болгон ишенимдин кетишине алып келди. Эми бийлик шайлоону таза өткөзөм деп канча аракет кылса дагы, таза шайлоо өткөзүү өлкөбүздө мүмкүн болбой калды.
Жогору жактын буйругун туура, так аткаруу үчүн алар кандай гана айла-амалдарды, тири укмуш көз боемочулуктарды, каратып туруп элди алдаган кандай гана ыкмаларды ойлоп табышпады. Мүмкүн шайлоолорду фальсификациялоо, анын жыйынтыктарын бурмалоо боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү жаңырык, мода борборуна айланды окшойт. Ушундай акылга сыйбас ыплас иштердин баарын көз көрүнөө кылууга өтүштү. Эми, адам болгондон кийин, уяты бар адам мындайга барбайт го деп ойлоно турган иштерди алар тескерисинче ачык эле жасап жатышат. Эгерде, мурдагы шайлоолордо шайлоо бүтүп, урнаны ачкан убакта светти өчүрө коюшуп, же дагы башка иштерин кылып келишсе, азыр аялдар көз көрүнө эле көйнөгүн көтөрө коюп, курсагына катып алган бюллетендерди столдун үстүнө ыргытып жатышпайбы. Бул эми уят нерсе да. Кыргыздын аялдары көпчүлүктүн алдында этегин качан алчу эле?
Ушундай иштерди жасап коюп, бийлик "шайлоону таза өткөздүк"-деп жатышат. Эми буга бийликтегилердин өздөрү эле ишенбесе, эч ким ишенбей калды. Өзүңөр жакшы билгендей 5-октябрдагы Жергиликтүү Кеңештерге болгон шайлоолорго эл аралык абройлуу уюмдардан байкоочу катары бирөө да басып келген жок. Бул эмнени айтып турат? Бул эл аралык байкоочулардын "Биз барсак деле, барбасак деле өз билгенин кылышат, баары бир эч жыйынтык чыкпайт", деп кол шилтеп койгондугун айтып турат. Эгер биз мындай иштерди дагы деле уланта берсек, дүйнө коомчулугунун алдында ишеничтен калып, бизге карата эч ким олуттуу мамиле жасабай калат.

Советбек Жамалдинов,
"Асаба" улуттук кайра жаралуу
партиясынын лидери
"Кыргыз улутундагылар үчүн квота сурап калбасак болду"
Өлкөбүздүн экономикасы да, саясаты да өтө чоң кризистерге кептелгендиги айтылып эле келатат. Анысы аз келгенсип, шайлоо системасы да түп орду менен туңгуюкка кептелди. 5-октябрдагы шайлоолор бурмалоо, элди алдоо жолу менен өттү. Өткөн жылкы парламенттик шайлоолордо "Ак Жол" партиясы, бийликтин адамдары өтсө, мында деле өзүн-өзү көрсөтүмүш болгон ошол эле "акжолчулар" бийликтин түртмөлөөсү менен мандатка жетип отурушат. Эч нерсени түшүнбөгөн, эч нерсеге жооп бере албаган тажрыйбасыз, билимсиз адамдар өтүштү. Анткени, бийлик шайлоону бизнеске айландырып, мандат сатуу менен ыплас, кир акча табуунун жаңы жолун таап, депутат болчу адамдын деңгээлине көңүл бурбай калды. Ошондой эле президент шайлоолорду көзөмөлдөөдөн четте калып, айланасындагы тууган-уруктарына сөзү өтпөй калды.
Мандат алган депутаттардын тизмесине көз чаптырсак, кыргыз улутундагылардын саны өтө эле аз. Бул жерде улуттук маселе эске алынбай калгандай. Башка улуттун өкүлдөрү эч качан кыргыздын түпкү кызыкчылыгы, кыргыздын улуттук намысы үчүн күйүп, бышпайт. Алар эч качан кыргызды сыйлай албайт, коргой албайт.
Элдин кыжырына тийген мындай иштерди бүгүнкү бийлик ооздуктабаса, кыргыз эли оппозициясы жок эле өздөрү көтөрүлүп, татыктуу жашоо үчүн күрөшкө өздөрү эле чыгышса буга эч кандай таңкалуунун кереги жок. Анткени, кыргыз эли бүгүнкүдөй түшүнүксүз, адилетсиз, ыплас жашоодан тажап бүттү.
Мен мурда "улутубуз жок болуп кетет, тилибиз жоголуу коркунучунда" деген сөздөргө анча ишенчү эмес элем, мына 5-октябрда болуп өткөн шайлоолор бул сөздөрдүн негиздүү экендигин дагы бир жолу далилдеп отурат. Бул өтө коркунучтуу көрүнүш.
Минтип отурсак, кыргыз эли өз Мекениндеги шайлоолордо кыргыз улутундагылар үчүн квота сурап калышы да мүмкүн.

Сагынбек Момбеков, ырчы
"Акаевдин заманы Бакиевдикине салыштырганда бейиштин эле төрү болуп калды"
Негизи бул шайлоо-болбогон нерсе. Жергиликтүү Кеңештерге депутат шайлайбыз деп, элдин эсебинен канчалаган каражаттарды коротуп, шайлоо жүргүзүү туура эмес. Жердин ээси ким? Конституциябызда жердин ээси-эл деп жазылган. Ошондуктан, Бобордук шайлоо комиссиясы, участкалык комиссиялар деп элдин башын айландырбай эле, атайын Элдик Кеңеш түзүп, эл билген, эл тааныган, эл камын ойлогон кыргыздын чыныгы патриотторун кеңешип туруп эле эл өзү шайлаш керек. Антпесек, 5-октябрдагы шайлоодогудай эле, акчасы бар алдым-жуттумдар, үй-бүлөгө жаккандар, уйгурлар, хачиктер, корейлер баш болгон кыргыздын түпкү улуттук кызыкчылыгын уруп ойнобогон башка улуттун өкүлдөрү шайланып жатышат. Үзөңгү-Кууш, Каркыралардын сатылып кетишиндегидей кыргыз элинин тагдырын чечүүчү маселелерге келгенде алардын башы оорубайт. Алардын депутат болуудагы эң негизги максаты-жөнөкөй элдин, айрыкча кыргыз улутундагылардын кызыкчылыгын коргоо эмес, алардын башкы максаты-элдин байлыгын талап-тоноо, куруп алган бизнестерин анданары өнүктүрүү. Аларга мындай шартты ким түзүп берип жатат? Албетте, президент баш болгон бийликтегилер.
Шайлоолордогу мыйзам бузуулар, ыплас, балит иштер ачыктан-ачык жүргүзүлүп, оркоюп көрүнүп турса дагы, Борбордук шайлоо комиссиясынын "Шайлоолор таза өттү" деген билдирүүлөрү элдин кыжырын ого бетер күчөтүп жатат.
Эми мен өлкөдө жүргүзүлүп жаткан туура эмес иштерди ырга кошуп, саясатты элге ыр менен жеткирүү менен саясатка аралашчумун да. Жакында эле Тургунбек Бекболотовдун азыркы жашообузду чагылдырган ырларына обон жаратып, диск чыгарттым. Көпчүлүк элге жагып, сурагандар да көбөйүүдө. Бирок, азырынча бул дискимди көбөйтүүгө каражатым жетпей жатат. Буюрса бул ырларыма да жакын арада күбө болосуздар.
Акаевдин мезгилинде да элибиздин оор жашоосун ырга салчу элем. Бакиевдин бүгүнкү жүргүзүп жаткан саясаты, Акаевдин заманына салыштырганда бейиштин эле төрү болуп калды. Акаевден кутулсак дагы, Бакиевдан андан кем калбаган оор жашоого тушугуп, кыйын абалга калганыбызды ырга кошуп ырдап жүрөм. Ошол ырларымдын биринде:

Бакиевди апкелгем,
Балакетке кептелгем,
Сайраган Сакең сурасаң,
Арзыбаган тыйны жок
Аялыма тепселгем-деген
ыр саптарын чыгаргам.

"Сен, элим-жерим деп сайраганың менен, эл сага бирдеме берип жатабы?"-деп аялымдын нааразы болгонун угуу мен үчүн өтө эле оор. Мындай аянычтуу абал менде эле эмес, бардык мекендештерибиздин башына түшүп отурат. Кыргызстанда азыр өз үй-бүлөсүн жакшылап бакканга татыктуу шарт жок. Бардык жерде паракорчулук, бардык жерде тааныш-тунуш.

Эрнис БАЛБАКОВ,
"Ачык саясат"




"Акыйкат үчүн" кыймылынын жана Коомдук Парламенттин
БИЛДИРҮҮСҮ
Үстүбүздөгү жылдын 5-октябрында өткөн Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоолор азыркы бийликтин элге жана демократияга каршы жүзүн ачык көрсөтүп койду. Шайлоо мыйзамын жалпы түрдө бузууну жана шайлоо жыйынтыгын бурмалоону бийлик алдын ала даярдаганы анык болду. Мына ушул себептен улам эл аралык байкоочулар шайлоого келтирилбей, ал эми жергиликтүү байкоочулардын аракеттери болсо шайлоо комиссиялары жана укук коргоо органдары тарабынан ачыктан-ачык эле бетсиздик менен чектелип жатты. Ошол эле себептер менен "Акжол" партиясы шайлоолорго ачык катышуудан баш тартып, өз кандидаттарын депутаттыкка талапкер катары көрсөткөн жок. Бул партиялык конгломераттын кезектеги жасалма жеңиши элдин кыжырдануусунун кубаттуу толкунун пайда кылары ачык эле иш болучу. Көптөгөн адамдар бул партияга мүчө экендигин ачык айтуудан уялып жүргөнүн Президент К.Бакиев деле айтып жатпайбы. Ошондуктан, бийлик өз адамдарын "партизандык" жол менен өзүн көрсөтүүсү аркылуу сүйрөп өтүүгө мажбур болду. Бийликтегилер ийгиликке жана жеңишке жетиштик деп ойлоп жатышат. Мындай ой чындыкка таптакыр коошпойт. Азыркы бийлик режиминин Конституциялык жоболорду жана моралдык нормаларды тебелеп жетишкен ушундай ар бир жасалма жеңиши- мамлекеттүүлүктүн кыйрашына жана улуттук катастрофага алып келиши мүмкүн.
"Акыйкат үчүн" кыймылы жана Коомдук Парламент Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо мыйзамды одоно бузуулар жана добуш берүү жыйынтыктарын жасалмалоо менен өттү деп эсептейт. Көптөгөн фактыларга жана шайлоочулардын кайрылууларына таянуу менен, биз шайлоолордун жыйынтыктарын тааныбай турганыбызды билдиребиз.
Биз Борбордук шайлоо комиссиясынын курмамынын алмаштырылышын, шайлоо системасынын терең реформаланышын, Борбордук шайлоо комиссиясынЫН Президенттин жеке бийлигинен сырткары чыгарылышын, анын курамына оппозициялык партиялар менен кыймылдардын өкүлдөрүнүн кошулушун талап кылабыз.









??.??