presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№74, 10.10.08-ж.
  Шайлоодон чыккан чыр,

Өлкөбүздөгү шайлоонун шайтан оюндары жөнүндөгү аңыз кептер көп жылдардан бери эле айтылып келет. Борбордук шайлоо комиссиясы баш болгон, аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, мансабын сактап калыш үчүн өз энесин сатып ийүүдөн кайра тартпаган жергиликтүү атка минерлерибиз шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоо боюнча акыркы жылдары эң жогорку чеберчиликке жетишип отурушат. Шайлоонун аркасынан капчыгын кампайткандар да табылып, Кыргызстандын шайлоо системасы акча табуунун кирешелүү булагына айланып, өлкөбүздө мыйзамдуулук деген улуу сөздүн жыты да калбай баратат.
Өткөн жылы декабрь айында болуп өткөн парламенттик шайлоолордо Борбордук шайлоо комиссиясынын ошол мезгилдеги мүчөсү Жылдыз Жолдошева "Лица" гезитинин 3-октябрдагы №15 санында гезиттин башкы редактору Бермет Букашевага берген маегинде: ""Ата-Мекен" сам отказался от своих голосов. По предварительным подсчетам, ваша партия получила 19 мест, но представитель "Ата-Мекена", думаю, вы знаете, кто это, побывав в Белом Доме, отказался от 19 мест в парламенте, требуя 50 мест"-деп билдирген экен.
Албетте, былтыркы парламенттик шайлоолордун жыйынтыгы кескин түрдө бурмалангандыгын, ар бир мандат үчүн соодалашуу кызуу жүргөндүгүн жана бүгүнкү парламент легитимсиз экендигин ушул эле "Ата Мекен" партиясы баш болгон өлкөбүздөгү саясий күчтөр чыркырап эле айтып келишкен. Бирок, "Ак Жол" партиясынын мыйзамдуу жол менен көпчүлүк добушка ээ болгондугу жөнүндөгү бийликтин ач айкырыгы көпчүлүк кыргызстандыктардын ишениминде суу кечпей калса дагы, бийлик өз билгенин дагы деле жасоодо.
Дал ошол өткөн парламенттик шайлоолордо, "Чын эле ушундай соодалашуу иштери болгон беле?" деген суроо менен бир катар коомдук, саясий ишмерлерге кайрылып пикирин билген элек.

Азимбек Бекназаров,
экс-башкы прокурор:
"Балким, Ак үй менен "Ата Мекен" партиясынын ортосунда соодалашуу иштери болсо болгондур"
Эми муну "Ата Мекен" партиясынын өкүлдөрүнөн чын эле ушундай болду беле деп сураш керек. Өткөн жылдагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоолордо ушундай соодалашуу иштери болгондугун мен да көп жолу уккам. Бирок, бул сөздөрдүн канчалык деңгээлде чындыгы бар экендигине так далил жок. Эми мындай нерселердин баары өз учурунда айтылышы керек болчу. Анан арадан убакыт өткөндөн кийин чынында мындай болгон, тигиндей болгон деп элди дүрбөлөңгө түшүрүштүн кереги жок. Ошол эле Жылдыз Жолдошева, Боршайкомдун мурдагы төрайымы Клара Кабилова дагы мындай иштерди өз учурунда элге ачык айтыш керек эле.
Бирок, чын-чынына келгенде Кабилова да, Жолдошева дагы кайсы партияга канча добуш берилгендигин так билишпейт жана айта алышпайт. Анткени, жергиликтүү шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоочулардын саны жөнүндөгү протоколдор Медет Садыркулов менен Максим Бакиев тарабынан мурда эле даярдалып, Борбордук шайлоо комиссиясына даяр протоколдор келип түшөт. Ошондуктан Боршайком бул партия мынча пайыз же тигил талапкер мынча пайыз добушка ээ болду деп так айта албайт.
Балким, Ак үй менен "Ата Мекен" партиясынын ортосунда соодалашуу иштери болсо болгондур, аны так айтуу мүмкүн эмес.


Амангелди Муралиев,
"Бирдиктүү Кыргызстан"
кыймылынын лидери:
"Шайлоо калпыс жол менен өткөндүгү далилденди"
- Мындай сөздөрдү көп учурларда угуп калып жүрөм. Чындыгында ар бир жаран өзү тандаган партияга же урматтаган инсанга добушун берет эмеспи. Ал эми бизде адамдардын өз талапкерлерин тандоо укугу мезгил өткөн сайын чектелгенден чектелип баратат. Ошондой өлкөбүздөгү шайлоо өнөктүгү соодага айланып баратат.
Өткөн парламенттик шайлоодон кийин ар кандай маалыматтар, талдоолор, сын көз караштар болгон. Эгер Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү мындай маалыматты айтса, демек, шайлоо калпыс жол менен мыйзамсыз өткөнүн тастыктап жатпайбы.

Топчубек Тургуналиев,
"Эркиндик" партиясынын
негиздөөчүсү:
"Адахан да агынан жарылып, чындыкты айтса, бүгүнкү парламенттин күнү бүтөт"
Жылдыз айым албетте көптү билет. Чындыгында парламенттик шайлоодо жанагы ак жолчулар деген кара жолчулар жеңген эмес. Өздөрү башка партиялардын жеңишин уурдап тартып алып, өтпөгөн партиялар менен соодалашып орун бөлүп берген. Ошондуктан, Жылдыз айым туура айтып жатат, мандат бөлүнгөнү анык. Бирок, "50 мандат сурады"- дегенин өз көзүм менен көрбөгөндөн кийин айта албайм. Клара Кабилованын кыргыз элине кайрылуусунда эки нерсе жетпей калган. Биринчиден, ал моюнуна алыш керек эле. "16-декабрдагы шайлоодо бүтүндөй бурмаланган. Добуштар сатылган. Мен бийликтин кысымына туруштук бере албай, добуштарды бурмалоого катышкандыгым үчүн түштөн кийин болсо да, кечирим сурайм"- десе чындыкка жакындамак.
Мен билгенден 16-декарбдагы шайлоону расмий түрдө "таза өттү" деген үч эле адам болгон. Курманбек Бакиев, Адахан Мадумаров жана Клара Кабилова. Кабилова жакында жарылды. Эртели-кеч Адахан дагы моюнуна алып, "ак жолчуларга кошулуп, Каркыра деген ыйык жерибизди казактарга бергеним үчүн кечирим сурайм"-десе, бүгүнкү парламенттин күнү бүтөт.









??.??