presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№74, 10.10.08-ж. Акыйкатчынын акыйкаты
Өткөн жекшембиде өткөрүлгөн шайлоолорду шайлоолорго байкоо жүргүзгөн укук коргоочулар бир добуштан мыйзам бузуу фактылары менен өткөрүлгөн деп, айыптап чыгышкан. Андан кийин шайлоолорго ат салышкан оппозициячыл партиялар айыпташты. Кечээ бийликчил "Жаңы Кыргызстан" партиясы өткөрүлгөн шайлоолорду ачыктан-ачык сынга алып, өкмөттүн таркашын талап кылышты.
Ал эми, ак сүйлөйт деген Акыйкатчыбыз Турсунбек Акун өткөн шайлоолорду "выборы прошли успешно" деп чыкты. Анысы аздык кылгансып, бул шайлоолор мурунку шайлоолорго караганда, алда канча жакшы өттү деген оюн билдирди. Акыйкатчыбыз шайлоолордун өткөнүн эмес, өткөндөрдүн тизмесин карап койсо жакшы болбойт беле?
Анан да, БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, Варшавадагы ЕККУнун жыйынынан эмнеге эрте келгенин айтса болбойт беле? Акыйкатчы акыйкатты жашырса, анда ишибиздин бүткөнү экен да?...

"Гансини" Мотуев кетиреби?
"Көмүр королу" атагына жеткен кадимки Нурлан Мотуев, эми "Манас" аэропортунда жайгашкан америкалыктардын "Ганси" авиабазасынын түбүнө жетем деп чыкты. "АКИпресс" маалымат агенттигинде журналисттер үчүн пресс-конференция уюштуруп, "Гансини" Кыргызстандан чыгаруу талабын Акүйгө жолдоду. Эмне үчүн америкалыктарды чыгаруу талабын КМШнын саммитинин алдында жарыя кылды? Демек, мунун артында кош стандарттуу саясаттын каңырсыган жыты бар десек болот. Россиянын президенти Дмитрий Медведев мындай "кыргызский сюрпризди" алдын-ала баамдаса керек. Америкада жашап келген Нурлан мырза "Гансинин" түбүнө жетеби, же америкалыктар азыркы бийликтин түбүнө жетеби, азырынча адыраңдабай туралы.

Исмаил Исаков ишинен кетеби?
"Жаңы Кыргызстан" партиясынын жаңы башкы катчысы, Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаковдун башына кара булут үйүлдү. Бийлик баскычында отуруп, азыркы бийликке сын айтканы түрткү болдубу, айтор, ажобуз аны кызматынан кетиргени жатыптыр. Бийликте туруп бийликти сындоо, мамлекеттик этикага жатпаарын Исакең өзү деле билсе керек? Араң турган "акжолчулар" Зайнидин Курманов менен Бегалы Наргозуев Генерал Исмаил Исаковду айыптап чыкканына караганда, Акүйдөн "атайын буйрук" болсо керек? Бизде бийликтен жаманатты кылып кетирмей адат болуп калбадыбы. Айрым аткаминерлердин айтканына ишенсек, Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев дагы Акүйдүн кара тизмесине илиниптир. Саммиттен кийин ажобуздун жаңы жарлыктары чыкканы жатыптыр. "Бийликке жетсең пир болосуң, бийликтен кетсең кир болосуң" деген ушу.

"Ноокат синдрому" Ала-Букага аттадыбы?
7-октябрда бүткүл Кыргызстан аза күтүп жатса, Ала-Бука районунун акимчилигинин астында тополоң болгон. 30 чакты жаш балдар менен милиция кызматкерлери кагылышып, бир милиционер жаракат алган. Милиция кызматкерлерине таш ыргыткандардын "хизбутчуларга" тиешеси бар-жогу учурда иликтенип жатат. Эсиңиздерге сала кетсек, 1-октябрь күнү Ноокат районунун акимчилигинин астында милиция менен жергиликтүү жаштар кагылышып, 5-милиционер жаракат алган. Акимчиликти, милиция кызматкерлерин ташбараңга алгандарды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү "хизбутчуларга" байланыштырган. Арадан бир күн өткөндө кийин, Өзгөн шаарынан эки "хизбутчу" камакка алынган. Түштүктөгү мындай окуялар түйшүккө салбаса экен.

Байболов ким менен жолукту?
Белгилүү саясатчы Кубатбек Байболов ушу тапта Америкада жекече сапары менен жүрөт. Саясаттан биротоло кетти деген адамыбыз Америкага эмнеге кетти?
Мурунку чекисттин океандын ары жагына болгон сапарын азыркы чекисттер билсе билет чыгаар, бирок, эмнеге кеткенин билбейт болсо керек. Такталбаган маалыматтарга таянсак, Кубат Калбекович Америкага атактуу кишилердин чакыруусу менен барыптыр. Ал жакта иштеп жаткан Равшан Жеенбеков менен бирдикте бир топ абройлуу адамдар менен жолугушуп, Кыргызстандагы кырдаалды талкуулашыптыр. Аргасыздан саясаттан алыстаган Кубат мырза, азыркы абалыбызды көрүп туруп, аргасыздан кайрадан аралашканы жатса керек.

Сыдыкова сырды ачтыбы, же чырдыбы?
СДПК фракциясынын депутаты Руслан Шаботоевдин жоголушу боюнча түрдүү пикирлер айтыла баштады. Ички иштер министринин орун басары Д.Федоровдун депутаттын жоголуп кетишинде "саясий мотив" жок дегенин, Жогорку Кеңештин комитет төрайымы Лейла Сыдыкова кайталап гана тим болбостон, "Ал кредиторлорго ири суммадагы акча карызы бар болчу" деген пикирин билдирди. "Ак жолчу" айым анын акча карызы бар экенин билсе, кимге экенин эмнеге жашырды? Эгер Русландын карызы бар болсо, анда доочулар анын кымбат баалуу машинасын эмнеге таштап кетишкен? Саясат менен алектенген жаш депутаттын жоголушун эмнеге эле саясаттан алыстатып жатышат? Депутат Руслан Шаботоевдин табышмактуу жоголушунда чоң саясат бар экени билинип турат. Алтын башы аман болсо, ачыгына күбө болобуз. Аман эле болсун.










??.??