presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№74, 10.10.08-ж. Жаракабы, же алакабы?
Жергиликтүү Кеңештерге болгон шайлоолорду жайлаган бийлик эми чындап жарга такалды окшойт. Акүйдүн тымызын көрсөтмөсү менен өткөрүлгөн бул шайлоолорго оппозиция өзүнүн баасын бергиче, Акүйдүн абройлуу адамдары айыптап чыкты. Президенттин мамлекеттик кеңешчиси(мыйзамда көрсөтүлбөгөн кызмат) Үсөн Сыдыков жетектеген "Жаңы Кыргызстан" партиясынын акыркы билдирүүсүн - азыркы бийлик үчүн кагылган акыркы коңгуроо катары кабыл алсак болот. Буга чейин бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган "Ак Жол" партиясы менен "Жаңы Кыргызстан" партиясынын ортосундагы пикир келишпестиктер, президенттин тегерегиндеги адамдардын пикир келишпестиктеринен келип чыкканын жашырууга мүмкүн эмес. Президенттин мурдагы администрация башчысы Үсөн Сыдыков менен азыркы администрация башчысы Медет Садыркуловдун ортосундагы тымызын тирешүүлөр ачыкка чыгып, ажобуздун ансыз дагы алсырап калган абалын ого бетер начарлатып жиберди. "Жаңы Кыргызстан" партиясынын жаңжалдуу билдирүүсү, "президентибиздин өз бийлигине ээ болбой калды" деген сөздөрдүн үзүндүсү. Эмне үчүн Үсөн аканын партиясы саммит алдында жаңжал чыгарды? Буга баш катырыштын кереги жок. Үч күн мурун Үсөн аканын уулу Бакыт Сыдыков жетектеген "Манас" Эл аралык аэропорту курулуш-монтаждоо иштерине ашыкча акча каражаттарын пайдалангандыгы тууралуу фактыны, эсеп палатасынын төрагасы Искендер Гаипкулов Жогорку Кеңештин комитетинде билдирген. "Манас" аэропорту сатып алган самолеттун ремонт иштерине миллиондогон сомдор кетсе дагы, ал самолеттор азырынча учпай турат экен. Эсеп палатасы ошондой эле, "Ганси" авиабазасы "Манас" аэропортуна канча акча которгонун, ал акча каражаттары кандайча сарпталганын текшерүү үчүн парламенттен "буйрук" алды. Адаханды аңтара чапкан парламентте, Медет Чокановичтин кийлигишүүсү күчтүү экенин эч ким талаша албайт. Бакыт Сыдыков "Манас" аэропортунун башына келгени, балакеттерден башы арыла элек. Американын аскер самолету менен ажобуздун самолетунун кагылышын, Америкалык солдаттын кыргыз жаранын атышын, "Боинг 737" самолетунун жакындагы кырсыкка учурашын кошпогондо деле, жеке өзү бир учакты кырсыкка учуратканына кантип көз жумуп коебуз. Үсөн ака уулунун бийлигин сактап калганга аракет жасаганча, улуттун биримдигин сактап калганга аракет жасаса болмок. "Жаңы Кыргызстандын" жаңы билдирүүсүн, алардын ич күйдүлүлүгү катар бааласак дагы болот. Анткени, анын жаңы жетекчилери болушкан Исмаил Исаков менен Марат Кайыпов жакында гана ажобуз тарабынан министрлик орундарынан шыпырылышкан. Кечее эле өкмөттүн мүчөсү болуп мойпоюп отургандар, бүгүн ошол өкмөттүн кетирилишин айтып чыкса, айла жоктон күлөт экенсиң. Кечээ эле митинг, пикеттердин сазайын берген Кайыпов мырза, бүгүн акцияларды уюштурабыз деп жатса, анда, аларга чыдаган ажобузга рахмат айтышыбыз керек экен. Ой-тобоо, министрликке жеткенче "Ак жол" жакшы, кеткенче дагы жакшы, кеткенден кийин алар жаман болуп калабы? Элибиз эмнеси менен күлүп жатканын, эки эргулубуз түшүнөөр бекен? Анан дагы буларың айтып жатпайбы, "биз өкмөттүн жоопкерчилигин моюнубузга алабыз" деп. Үч жылдан бери жыргатпаган адамдар, эми жыргатмак беле?
"Жаңы Кыргызстандын" жаңы жетекчилеринин мындай күтүлбөгөн жүрүштөрү ажодон алыстагандыктан жана Медет Садыркуловдон өч алмактан чыгып жатканын айтпасак деле түшүнүктүү. Мындайды кыргыздар айтып коёт эмеспи, "кыз боозуп, энесин коркутат" деп. Жаңы Кыргызстандын" жасаган билдирүүсүнө түркүн пикирлер айтыла баштады. Оппозиция лидерлеринин бири Өмүрбек Текебаев мындай билдирүүнүн чыгышын, президент Курманбек Бакиевдин командасынын ыдырап кеткендигинин ачыкка чыгышынын белгиси деп эсептейт. "Акаевдин да, Бакиевдин да учурунда "Жаңы Кыргызстан" партиясы бийликтен обочо турган, көз карашы бар партия катары саналып келген. Бул партия 2005-жылкы март ыңкылабынын негизги демилгечилеринин бири. Ошондуктан, бул партиянын билдирүүсү таасирдүү жана Кыргызстанда үй-бүлөлүк, көмүскө башкаруусуз жаңы саясий доордун башталышына өбөлгө болот"-дейт, "Ата-Мекендин" төрагасы Өмүрбек Чиркешович. Ал эми, "Ак жол" партиясынын депутаты Зайнидин Курманов, "Бийликте туруп бийликти сындоо мамлекеттик этикага тура келбейт" деген пикирин билдирди. Орто жолдон ойт берип чыккан "жаңы оппозиционерлердин" билдирүүсүнө мурдагы өкмөт башчыбыз Алмазбек Атамбаев анчалык маани бербей, "система өзгөрмөйүн, өкмөт өзгөргөндөн эч нерсе чыкпайт"-десе, дагы бир мурдагы өкмөт башчыбыз Амангелди Муралиев "мурдагы бийликчил партиянын мындай аракети азыркы бийликти сактап калуу аракети жана саяий оюну", катары баалады.
Кызматтарынан четтетилген Үсөн Сыдыков менен Марат Кайыпов үчүн мындай билдирүү эч кандай коркунуч туудурбайт. Ал эми, Коопсуздук Кеңешинин катчысы кызматы менен "Жаңы Кыргызстан" партиясынын Башкы катчысы кызматын айкалыштырган Исмаил Исаков үчүн мындай кайрылуу жоопсуз калбайт. Аны "кызматынан кетирет" деген ушактар Акүйдөн чыга баштады. Исмаил Исаков жакын арада кетчү болсо, анда, Бакиевди бийликке алып келген "ыңкылапчылардан" Ак үйдө эч ким калбай калат. Демек, Бакиев башында "революция", аягында "контрреволюция" жасады десек болот. Бүгүнкү күндө Бакиевди жандап жүргөндөрдүн баары - кечээги "ыңкылаптын" душмандары - Мурат Суталинов, Камбаралы Конгантиев, Айтибай Тагаев, Арстанбек Ногоев. Нариман Түлеев, Турсун Турдумамбетов, Марат Султанов, Камчыбек Ташиев, Жаңыл Алиева, Кубанычбек Сыйданов ж.б.у.с. Акаевдин учурунда ат минип жүрүшпөдү беле? Эми деле ат минип жүрүшөт. Өткөндө Таласка барып калсам бир бейтааныш адам айтып жатпайбы, "Акаев кыргыз элине чыккынчылык кылды, Бакиев элдик революцияга чыккынчылык кылды"-деп. Жөнөкөй адамдын айткан сөзү жөн жерден чыкпаса керек?
"Жаңы Кыргызстан" партиясынын жакындагы билдирүүсү чындыктан чыккан чырбы, же башы Акүйдө катылган сырбы? Балким, атайылап оппозиция түзүмүш этип, чуу салган Чудиновдун өкмөтүнөн кутулуунун аракети чыгар? Эгерде, жакын арада И.Исаков, М.Кайыпов, Ү.Сыдыковдор кайрадан бийлик тепкичтерине келе турган болсо, анда, аталган билдирүүнү атайылып Акүй уюштурган оюн десек болот. "Оюндан от чыгат" дегендей эле, бийлик өзү уюштурган оюндун капканына өзү түшүп калышы мүмкүн. Бийликте жарака болдубу, же алака болдубу, азырынча байкап туралы, каерден чыгаар экен?

Башкы редактордун
милдетин аткаруучу
Рыскелди МОМБЕКОВ




Заявление политсовета политической партии "Акшумкар"
Политическая партия "Акшумкар" выражает обеспокоенность по поводу исчезновения депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Шаботоева Р.А.
Депутат Жогорку Кенеша занимает государственную политическую должность, является представителем законодательной ветви власти, членом политической партии, публичным лицом, которого знают большинство граждан страны.
Р.Шаботоев всегда открыто выражает свою твердую позицию по тем или иным вопросам государственного значения. Он относится к числу молодых политиков, имеющих свое видение будущего Кыргызстана и путей выхода из сложившейся кризисной ситуации в стране, которое отличается от взглядов действующей власти.
По истечении восьми дней нет никакой информации о месте нахождения Р.Шаботоева. Складывается впечатление, что правоохранительные органы не заинтересованы в поисках депутата Жогорку Кенеша. Со дня исчезновения Р.Шаботоева до сегодняшнего дня не было соответствующей реакции со стороны высших органов власти, правоохранительными органами практически не проводились оперативно-розыскные мероприятия, лишь близкие и родственники активно искали пропавшего.
Политическая партия "Акшумкар" считает, что мотивом исчезновения депутата Р.Шаботоева и похищения сына депутата Ж.Жеенбекова является их политическая деятельность, тем самым на депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики оказывается политическое давление.

Председатель политической партии
"Акшумкар"
Темир САРИЕВ

Президенту Кыргызской
республики Бакиеву К.С.
Уважаемый
Курманбек Салиевич!

Общественный фонд "Ай тамга" создан жителями Чуйской области в целях объединения усилий местных сообществ всех районов Чуйской области и оказания поддержки в реализации инициатив граждан по улучшению качества жизни.
Члены общественного фонда "Ай тамга" выражают обеспокоенность по поводу исчезновения депутата Жогорку Кенеша Шаботоева Р.А. Депутат пропал без вести 30-сентября. По истечении восьми дней нет никакой информации о месте нахождения лица, занимающего высокую политическую государственную должность. Родные и близкие Р.Шаботоева выражают недовольство слабой оперативно-розыскной деятельностью правоохранительных органов. До последнего времени лишь они вели поиски своими силами. Вызывает недоумение отсутствие соответствующей реакции со стороны руководства Жогорку Кенеша и Правительства Кыргызской Республики. Предпринимаемые меры недостаточны, складывается впечатление, что правоохранительные органы не заинтересованы поисками депутата от оппозиционной партии .
Депутат Р.Шаботоев всегда выражает свою твердую позицию, открыто указывая на недостатки в работе государственных органов власти. В этой связи у общественности возникает мнение, что исчезновение депутата Р.Шаботоева может иметь политическую подоплеку.
В адрес общественного фонда "Ай тамга" поступают многочисленные звонки со всех районов Чуйской области. Представители местных сообществ очень обеспокоены происшедшим, они постоянно интересуются результатами оперативно-розыскных мероприятий и выражают свою поддержку, предлагая помощь родным и близким в поисках Р.Шаботоева.
Общественный фонд "Ай тамга", объединяющий жителей Чуйской области обращается к Вам как к гаранту Конституции Кыргызской Республики с просьбой принять все необходимые меры в установлении места нахождения Шаботоева Р.А., и в своевременном, всеобъемлющем освещении в СМИ о ходе следственных мероприятий по факту исчезновения депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики.

Члены правления общественного фонда "Ай тамга"










??.??