presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№74, 10.10.08-ж.
  Жан-дүйнөңдү жаңыла

Эгер сиз өзүңүзгө өзгөрүү киргизип, жаңыланам десеңиз, анда "Айым" сулуулук салонуна шашылыңыз!
Ар бир адам баласы өзүн карап, кадырлап, сүйүп жашаса ал адам эч убакта карылыкка моюн сунбайт. Ар бир инсан өзүн келбетин кароого убакыт таап, өзүнүн сулуулугуна кам көрүп, жашоодон ырахат алып жашашы керек . Баарыбыз табияттын бизге берген сулуулугуна суктанып, сулуулук үчүн алпурушуп күрөшүп жашаш керек экендигин унутпайлы урматтуу окурмандар!

"Айым" сулуулук салонун адистеринин колунунан көөрү төгүлүп, фантазияларынын күчтүүлүгүнөн адам баласын таанылгыс кылып өзгөрткөнгө чейин барышат. "Адамдын көркү чүпүрөк"- деп айтып келишет эмеспи, азыркы заманда адамдын көркү табитке жараша кооздолуп боелгон боек жана жакшы чач жасалгасы десе да болот. "Айым" сулуулук борбору сизге керектүү, сиз ойлоп жүргөн кызматтын түрүн жасап, сиз менен кызматташууга ар дайым даяр. Сулуулук борборунун эшиги сиздер үчүн ар дайым ачык экенин эсиңиздерге түйүп алыңыздар.
Бул салондун адистери кардарларды ар кандай кызыктуу жолдор менен тейлешет. Мисалы, кош бойлуу айымдарга мамлекет тарабынан жеңилдиктер берилбей келсе, бул саландо кош бойлуу айымдарга бир топ арзандатуулар болуп турат. Андан тышкары кардарларды кызыктырган ар кандай баалуу белек-бечкектер берилет. Салондогу кызматкерлер сиз кыялданган, сизге жараша турган стиль, имидж, макияж, чач жасалгасын туура тандап бергенге чоң көмөк көрсөтөт.
Эгер сиздин кирпигиңиз, тырмагыңыз, кичине болуп, чачыңыз сиздин табитиңизге жакпаса, анда "Айым" салонуна кайрылыңыз. Ойлогон оюңуздан аша чаптырып, сиз суктанган тырмак, чач, кирпик кошмолоп коштуруп берет. Денеңизге туз уюп, шайдоот кыймылдаганга тоскоол болуп, далыңыз уюп ооруса, бул салон сизге массаждын түрүн жасап, чалдыккан дартыңыздан арылтканга чоң көмөк көрсөтөт.
Эң кызыгы, сиздин бой сымбатыңыздын сынын келиштире жасап берет. Эгер сизди түйшөлткөн дене мүчөңүздөгү ашыкча жер болсо, сулуулук борборго кайрылыңыз, сизге атайын адистер жардамдашып, сизди ойлонткон ойдон арылтат.
Мындан тышкары жаңы турмушка аттана турган болочок кыз-келиндерге туура кеңештерин берип, үлпөт тойго кийүүчү көйнөк тандашып, бой-келбетин жасалгалап, даярдап беришет. Бул күнгө чейин "Айым" сулуулук борборунан көптөгөн болочок келиндер өз кеңештерин алып, ушул жерден жасалгаланып, чоң турмушка аттанышты.
Үй кожейкеси Марина менен мектеп окуучусу Каныкейдин салонго баш баккандагы жана макияждан кийинки ажарлары ачылган сүрөттөрүнө күбө болуңуздар.
Эгерде кимде- ким "Айым" салонунун жакшы жактарын камтыган, жогорку деңгээлдеги ыр саптарын жаратса, жеңген жеңүүчүнү Анжелика өз колу менен жарашыктуу кооздоп берет. Мактоо ыр саптарын жараткандар: 0555 42 89 78 телефонуна байланышыңыздар.

Бетти даярдаган
Гүлзана БЕЙШЕНАЛИЕВА,
"Ачык саясат"










??.??