presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№74, 10.10.08-ж.
  Н О В Е Л Л А

Сага айдай элем…
Бул ирет жолукканыбыз да капысынан болду. Тагдырдын табышмагын карачы! Мындан канча жыл мурун жоготкон аруу сезимимде, сөз менен жеткирип айта албаган ыйык махабатыма бүгүн жолугуп отурам. Эстесем экөөбүз көрүшө элегибизге туура 23 жылдын жүзү болуптур. "Убакыт зымырап учкан куш",- деп бекеринен айтылбаптыр, кечээ эле бала кыял, оюн десе оюнга, күлкү десе күлкүгө тойбогон мен, секелек кыз, ал жаш боз улан эле. Мына бүгүн балдардын сүйкүмдүү, жароокер ата-энеси болдук. Арадан ушунча убакыт өтсө да, биздин бири-бирибизге болгон сезимибиздин өчө элегин, көз караштарыбыздан окуп турдук…
Жаш курак-шат курак. Ал кезде мен айылдагы орто мектепти аяктап, борбор калабыз Фрунзеге келип, кыз-келиндер институтуна тапшырып, окуп жүргөн убагымда, жан- дүйнөмө бүлүк салган, жүрөгүмдүн түпкүрүн ээлеп алган ыйык сезимге кабылдым. Жаз мезгили жаш баладай болуп, бир туруп чайыттай ачылып, бир туруп нөшөрлөгөн жамгырын төгүп сала берет. Эртең менен жатаканадан чыкканда, күн нурун жерге тегиз төгүп, асман ачык болчу.Мен жеңил-желпи кийинип алып көчөгө чыккан элем. Жумуштарымды бүтүрүп алып, жатаканама жетерге эки аялдама калганда кудайдын күнү бир заматта өзгөрүп, жамгыр жаап кирди. Колумда кол чатырым жок болгондугуна байланыштуу аялдамага баш калкаладым. Нары жактан да бир жигит чала-була суу болуп чуркап келип аялдамада турган элдин катарына кошулду. Жамгыр басылбай жаап жатты, кээ бири такси менен, айрымдары автобус менен кетип, аялдамада саналуу гана адамдар калды. Бир маалда алиги жигит: "Чоң кыз быйылкы жылы жамгыр басылабы", -деп жүзүнөн нуру төгүлө, жылмая карап суроо узатты. Мен: -Билбейм, азыр басылса керек,- деп кыска жооп кайтардым. Жылдыздуу, тамашакөй, шайыр бала мени бат эле сөзгө тартып, эски тааныштардай эле сүйлөшүп кеттик. Жамгыр басылып, күн кайрадан чайыттай ачылып чыга келди.
- Чоң кыз сиз кайсы тарапка барасыз? Мүмкүн жолубуз бир чыгаар?
- №5 жатаканага барам.
- Жолубуз чындап бирге турбайбы, мен да ошол тарапка бармакмын. Жакшы болбодубу, жолдо катар маектешип баралы. Эртеден бери экөөбүз качантан бери көрүшө элек эски тааныштай сүйлөшүп жатабыз. Мынчалык сулуу кыздын аты ким болду экен?
- Айдай.
- Айдай сулуу кызмын дечи. Менин атым -Айдар. Кандай кызык тамаша, жада калса экөөбүздүн аттарыбыз да окшоштугун карачы.
- Чындап эле Айдарбы же тамашалап жатасыңарбы?
- Неге тамашаламак элем. Азан чакырып койгон атымды жашырып… Жаман ысым бекен, Айдай?
- Жок, жок бар болгону окшош чыгып калганына таң калып жатам.
Ошентип экөөбүз жолдо катар зерикпей кобурашып келдик. Чынында Айдар мени өзүнө бир көргөндө эле тартып алды. Жатакананын алдына кантип жетип калганыбызды билбей калдык.
- Айдай сулуу кыз, сизге качан, кайдан кайра жолугам? Өзүңдө бир кереметтүү күч бар окшойт, адамды арбап алган. Жаңы тааныш болсом да жаныңан кетким келбей жатат. Кандай жансың деги өзүң?
- Ай, ии ашыра чаап, мактап жибердиңер го? Же, ар бир жолуккан кызга айтчу "төл" сөзүңөрбү?
- Ишенесиңерби, мындай сөздү эч кимге айта элекмин. Сен өзүң, адамдан башка өзгөчөлөнгөн жан экенсиң?
- Бир таанышкан кызга антип айткан туура эмес го? Мейлиңиз убакыт баарын көрсөтөт. Аман болсок жолугарбыз,- деп жылуу коштошуп, жатаканама бет алдым. Мына ошол күндөн тартып мага тынчтык жок болду. Бассам, турсам оюман кетпейт. "Өзүңдө арбап алган күч бар окшойт",- деп мени эмес, өзүн тескерисинче айтып кетсе керек. Күндө көчөдөн караанын издейм. Баягы биз таанышкан аялдамага барып, келип калчудай болуп, үзүлбөгөн үмүт менен күтөм. Анын карааны да көрүнбөйт. Шагым сынып, экинчи үйүм болуп калган жатаканама көңүлсүз кайтам. Мурункудай сабакка да көңүлүм жок. Окуудан чыгып, эжемдин үйүнө барып кечирээк келдим. Комнаталаш кыздарым сага бирдеме болдубу, акыркы күндөрү түнт болуп, өзгөрүп кеттиң,- дешип чебелектешет. Жок,- дегенден башка эмне жооп айтам? Эшик чертилди,ачсам Айдай, сени "байкең" эшикте чакырып жатат-деп, Чынара айтып кетти. Эшикке чыксам колуна бир топ тал роза гүлүн көтөргөн Айдар турат. Көктөн издегеним жерден табылып, көргөн көзүмө ишенбей турдум. Барып эле кучактап: "Эмнеге мынча жоголдуң, карааныңа зар болдум го,- деп оюмда чыны айткым келди, бирок ал мага ким эле, көчөдөн таанышкан жөн гана тааныш жигит да",- деген ой мени кармап турду.
- Сизди көрбөгөнүмө бир жума гана болсо, мен үчүн бир айдай сезилди. Кереметтү асыл бийкечти көргөндөн бери менде тынч уйку жок. Эч нерседен капарсыз жаткан жан-дүйнөмө бүлүк салдың го, чиркин? Мына бул букет сага,- деп кыпкызыл бажырайган розаларды мага сунду.
- Рахмат, чын элеби, мени кайдан таптың?
- Мен, сени жердин жети түбүнө кирип кетсең да таап алам.Ушуга ишенип кой. Эгерде капа болбосоң, убактың бош болсо көчөгө чыгып, сейилдеп келбейлиби?
- Бир аз убакытка гана бошмун.
- Ошол бир аз эле убактыңды бөлсөң, мен үчүн чоң бакыт.Ушундай ай чырайлуу, ары акылдуу татынакай кыздын жанына басыштын өзү кандай керемет.Убактың көбүрөөк болгондо, жаштар паркына барып, эс алып келсек болмок.Мейличи, эми сени кайрадан көргөнүмө кубанайынчы.
Ошентип убакыт билинбей өтө берди, экөөбүз сабактан кийин күн өткөзбөй жолугуп жүрүп, бири-бирибизге абдан көнүп алдык. Ошол күндөрдөн тартып экөөбүз эгиз козудай ээрчишкен, кол кармашып жетелешкен кыз-жигит болуп калдык. Жараткан атайылап мени Айдар үчүн, Айдарды мен үчүн жараткандай сезилчү.Туура бир жарым жыл бизден башка бактылуулар жоктой кыз-жигиттик доорду сүрдүк .Аттигиниң ай, көрсө мындай күндөр бизге ченелүү гана тура. Айдар дайым мени айга окшоштуруп, "айдай болгон жүзүңдөн сенин",- деп эркелетер эле.Эсимде бир жолу кыштын күнү кинодон чыгып келе жатсак, ай топтомолок болуп толуп, кар жамынган жерге жаркыраган нурун чачып, жаратылыштын сулуулугуна көрк кошуп турду.Ошондо ал мага:
- Айдай, карачы айдын сага окшоп супсулуу болуп турганын? Сен да ушундай кереметтүү сулуу жансың, мени карачы,- деп чекемен өөп эркелетип турду. Ошондогу бактылуу күндөрүбүздү эстеп, көзүмөн жаш кылгырат.Ал кездеги экөөбүздүн аруу тилек, кыялдарыбызчы? Алгач эжеси менен тааныштырды. "Мына, бул биздин алгачкы кадамыбыз, алтыным, жаңы жылдан кийин нике тоюубузду өткөрүп, көп балалуу болуп, бактылуу жашайбыз, анан иштеп бутубуздан турабыз, көрөсүң го, экөөбүздөн өткөн бактылуу адам болбойт. Сени эч нерседен кем кылбай, төбөмө көтөрүп багам",- деген асыл тилектериң таш капты.
Күндөрдүн биринде алым кетип, башым айланып, өзүмдү жаман сезип калдым. Тумоолоп калдым окшойт, этим ысып, жөтөлүп жүрдүм. Кыш жаңы түшкөндө тумоо-бучкак деген көп болот го, каным төмөн түшүп, сыркоолоп калсам керек,- деп ойлоп койдум.Тилекке каршы мен ойлогондой болгон жок. Күндөн-күнгө алымдын кеткени кеткен, тердеп көп жөтөлчү болуп алдым. Окууга да кыйналып бара алган жокмун. Айдар күндө чебелектеп жанымда, "Доктурга көрүнчү алтыным",- деп колунан келген жардамын берип турду. Кичине жакшы болгондон кийин студенттик бейтапканага көрүнгөнү бардым. Мени текшерип көрүп, анализдериңди тапшырып көрчү деп кеңеш берди. Анализдеримдин берген жыйынтыгын көргөндө төбөмдөн ылдый карай суу куюп жибергендей нес болуп катып калдым. Көрсө кургак учук оорусуна кабылыпмын. Муну кайдан жугузуп алганымды да билбейм. Ата-энем, бир туугандарым келип, жан далбастап дарылытып жатышты. Ата-энең болбосо, калгандары бир кеп экен! Курбу-курдаш,жоро-жолдош, жакшы санаалаштарым менин кеселимди угушкандан кийин мурдагыдай карым- катыштарын токтотушту. Айдар байма-бай келип жүрдү. Баягы мени тааныштырган Батма эжеси мени менен жолуккан тыюу салып, жаныма жолоттурбай койду. Ага да убал болду, ата-энесин, эжесин кыяалбай же, менден ажырай албай... Ошентип Айдар акыркы күндөрү жаныма келип, мени жалооруй, жалдырап карап: "Мен сени баары бир унутпайм, жаныңан карыш жылбайм,сен жакшы болуп айыгасың, биздин бактылуу күндөрүбүздүн аягына чек жок" -деп жүрүп, акыры бейтапканага келгенин токтотту. Багым бар экен, кеселим жаңы башталып, жаңы пайда болгон бул илдеттен колу жеңил врачтардын жардамы менен толук сакайып чыктым. Эми эмне кылсам,- деп ойлонгончокту, ата-энем айылга алып кетишти. Аябай жүдөп,арыктап да кеттим, бир бөлмөгө кирип алып, бук болуп шолоктоп ыйлап, бул жарык дүйнө менен кош айтышкым келет, тагдырыма наалат айтам. Айдарды эстесем жүрөгүм эзилип, сыздайт. Илгери үмүт менен кыялымда кайрадан экөөбүздү жолуктуруп, тагдырыбызды бириктирип, бактылуу жаш жубайлардан болуп жүргөнүбүздү курулай үмүт менен элестетем. Аны менен өткөргөн мезгилди эстесем өкүнүп-өксүйм. Канчалык унутканга аракет кылсам да, элеси көз алдыман кетпейт. Ошондой күндөрдүн биринде кошуна айылга ала качып кетишти. Билесиңер, "Таш түшкөн жер оор болот",-деп отургузуп коюшту. Ыйлап-ыйлап отуруп калдым. Барган жерим жаман чыккан жок, кудайга шүгүр, азыр очор- бачармын…
…Өткөндөр көз алдымдан чууруп өтүп, Айдардын суроолоруна эмне деп жооп кайтарганымды билбейм, эңги-деңги сезимимди башкара албай…Денемди майда калтырак басып…Айдардын муңканган үнү жан дүйнөмө бүлүк салып,өзүмдү жоготуп бараттым… Анын көкүрөгүнө башым жөлөп, шолоктоп, көзүмөн жаш сызылып, чууруп жатты. "ата, атаке такси келди, кеттик",- деген Айдардын кызынын добушу экөөбүздү ажыратты. Тиктешип кайрадан коштоштук… Бул тиктешкен көздөрдө жетпеген армандуу ысык сезим, сагынуу,айтып бүткүс арман өчпөй калды …

Гүлзана Бейшеналиева,
"Ачык саясат"










??.??