presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№74, 10.10.08-ж.
  Намыска от тамызган ырлар

Көлгө жетпей суусаган булутсуңбу

Канжыгада салаңдап кайран баштар.
Кан аралаш жашоо аккан дайралардан,
Эне Сайлык кыргыздан эстеликке,
Таш бооруна жазылып тамга калган .

Турмуш кыстап жаш агып көздөрүнөн,
Турмуш курсун өйдө-ылдый өзгөрүлгөн.
Көчмөн кыргыз аталып калгандары,
Төө жетелеп кыядан көч көрүнгөн.

Ошентсе да Манасын таштабаган,
Уктаса да башына жаздап алган.
Уул үйлөп, кыз берип, куда узатып,
Улуу көчтү алдыга баштап алган.

Кыргыз деген улуу калк кылымдардан,
Жоокерлик мезгилде кырылбаган.
Уламалап айтылып кылымдарга,
Укмуштуудай Манасың ырың калган.

Чагылгында Манасың сактап калган,
Үзүлгөндү улаган акмактардан.
Элин коргоп, бир үзүм жерин сатпай,
Манас деген түбөлүк атакты алган.

Хан Бакайы акылдын кени болгон,
Канчоробу? Акылсыз кеми болгон.
Коңурбайлар колтукка суу бүрккөндө,
Хан Кошойу калканыч, чеби болгон.

Каныкей арамга барган эмес,
Асылзаада Айчүрөк арман эмес.
Камчыбекти дарга асып жатса дагы,
Курманжаны көзгө жаш алган эмес.

Хан бектерге Энелер тирек болгон,
Керек кезде күч болгон билек болгон.
Кудай, Таала жер бөлүп жаткан кезде,
Кыргыздарга тоолорду тиреп койгон.

Кыргыз тоого ошентип таянышкан,
Жоосун жеңген кыргыздар бала арстан.
Кыргыздарга тоолору кызмат кылса,
Тоолор үчүн кыргыздар жаралышкан.

Байлык үчүн турушат уу жутканы,
Кана ошол арстан урпактары?
Бүтүн кыргыз кырылып кетсе деле,
Тойбоду го байлардын курсактары.

Күндөн-күнгө баратат намыс өлүп,
Намысы жок жигиттер нагыз өлүк.
Бийлик, байлык үчүн эх! Жанын сатып,
Абил бийлер акырын жүрөт өргүп.

Кыйын күндө Акаев качып кеткен,
Калтар Майрам кылактап шашып кеткен.
Адат болду кыргызга аттиң арман,
Кыраандарың кыргыздын атып кеткен.

Бийлиги да өкүмөт уялбадык,
Парламентте талкуулап тура калып.
Акаевдин убагы кайталанып,
Кайран кыргыз жашоодо будаланып.

Будаланган кыргызым буюктуңбу?
Булгап жатат ким сенин уюткуңду.
Караңгыда калдыкпы караңгыда?
Калпып кетти ким сенин ырыскыңды.

Тоолордогу мөңгүлөр шылтоо болуп,
Токтогулда суу жок деп турупсуңбу.
Көпчүлүктүн көз жашы көлгө айланбай,
Көлгө жетпей суусаган булутсуңбу.


Билгиле биз экинчи жаралбайбыз.

Каруумду мен калкыма казык кылам,
Калкыма мен канымды азык кылам.
Караңгыда калдык биз көз көрүнөө,
Капа болуп мен өңдөн азып турам.

Чындык өлүп чыркырап буюгууда,
Чылпактаган көздөн жаш куюлууда.
Чыркыраган чындык сөз жетпейт экен,
Чыны менен бийликке улугуңа.

Жагалданып жүгүнүп улугуна,
Жалган сөздөр туш-туштан угулууда.
Канчоролор бүгүнкү Канчоролор,
Калчап жатат элди эки уруу, урууга.

Түндүк менен түштүктү калчап турат,
Түгөнгүрлөр адамды акмак кылат.
Бийлик үчүн адамга уу жуткуруп,
Бирди алып ийсең деп мактап турат.

Бирди алып ийсек биз карайлайбыз,
Бүдөмүктөп чындыкты таба албайбыз.
Бул дүйнөдө чын сүйлөп ак өткүлө,
Билгиле биз экинчи жаралбайбыз.



Өлүмдүн сездим өчтүгүн

Жаштыктын өзү керемет,
Жамгыры төксө себелеп.
Жалынга салбай сен мени,
Жалжалым өзүң келе кет.
Жаштыкты эске түшүрүп,
Жакшына сүйүү бере кет.

Өмүрдүн өзү керемет,
Өткүнү өтсө себелеп,
Өкүткө салбай сен мени.
Өзүң бир анда келе кет.
Өмүрлөш болуп жүрөлү,
Өчпөгөн сүйүү бере кет.

Айлар да жылга алмашты,
Кундуздай чачты кар басты,
Жаштыкты бүгүн эстесем,
Жара бир чайнайм бармакты.
Жаштыгым кайда калды деп,
Жалдырап тиктейм жан жакты.

Кайрылбай учуп мезгилим,
Капаны бүгүн сезчү ким?
Өйдө-ылдый турмуш өткөрүп,
Өткөрдүм өмүр өткүнүн.
Өх аттиң! Ушул жашоодо,
Өмүрдүн сездим өчтүгүн.

Асанкул Буудайчиев,
Нарын району,
Кыргыз тили медалынын ээси,
Кыргызстан журналистер
союзунун мүчөсү.




Жетим тоону сооротуу
Эс алып кетсең жайында,
Эрмегиң болуп жаныңда.
Эриксең алиын чайкайсың,
Ээн агат суусу жанында.
Эсиңден кетпейт эч качан,
Эс алсаң Эки-Нарында.

Кытайлар жүрөт жол салып,
Капчыгай Эки-Нарында.
Темирдин кени бар экен,
Үзөңгү-Кууштун жанында.
Теңине көбү албаган,
Теңир бар экен Нарында.

Үзөңгү-Кууш аз келип,
Жетим тообуз кетеби.
Токой ташы бузулуп,
Тонолгон дешет этеги.
Төбөсү алтын тоолордун,
Түбүнө бийлик жетеби?

Атында турат айтылып,
Атасы жок Жетим тоо.
Айлаңды кандай кыламын,
Апасы жок Жетим тоо
Кытайга кеткен берилип,
Капасы жок Жетим тоо.

Кароол чоку Манастын,
Ыйык жери ачылган.
Канаданын колунан,
Кумтөрүң эчак казылган.
Сен ыйлаба Жетим тоо
Үзөңгү-Кууш, Каркыра,
Ала-Тоомдон сатылган.

Эки-Нарын
Кубанычбек Көкөтаев



Төңкөрүш

Байка кыргыз, бир нерсе башталууда,
"Баткак" кечкен кадамдар ташталууда.
Кара курсак кампайып тойгон менен,
Корком, корком, жан-дүйнөң ач калууда!

Өйкөп күндү өмүрдү сүргөн жаман,
Өз жаныңды камаган түрмөң жаман.
Суу кашектей быкшыган сезим менен,
Сулуулукка сук артып жүргөн жаман!

Быкшып күйбөй, жалындап жанган жакшы,
Бардык жерде таза күл калган жакшы.
Жалган сөздү жамынып жашаганча,
Жаратканга жылаңач барган жакшы.

Айып эмес кемдигиң, уяңдыгың,
Ар нерсенин асылын туялгының.
Ач-жылаңач өткөндөн уялбастан,
Адам болбой калгандан уялгының!

Ала кушту атынан аташ керек,
Адамсыңбы, адамча жашаш керек.
Жакшы турмуш өзү эле келбейт тура,
Жан-дүйнөгө төңкөрүш жасаш керек!

Байка кыргыз, бир нерсе башталууда,
"Баткак" кечкен кадамдар ташталууда.
Кара курсак кампайып тойгон менен,
Корком, корком, жан дүйнөң ач калууда!

Алтынбек ИСМАИЛОВ,
Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Евразия Жазуучулар союзунун Кыргызстандагы өкүлү, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин окутуучусу.

Чындык жок!..

Жабылып жанталашмай,
Түртүшүп алга басмай.
Жакшыны жондон алып,
Жаманды алгалатмай.

Түркөйгө тиркөөч болуп,
Тектүүнү жемелейбиз.
Чындыктын тили чыкса,
Чындык деп кенебейбиз.

Чындыкты кенебейбиз,
Чымынга теңебейбиз.
Чыркырап чыккандардын тилин кесип,
Туугандар,
Тебелейбиз, тебелейбиз.
Чыркырап чыккан кезде кара жаның,
Чын туура деген болуп толгонобуз.
Чын эле болду десе моюн бурбай,
Биз качан чындык үчүн ойлонобуз?!

Акыйкат өлдү бүгүн

Кол шилтеп басып кеттим,
Үндөбөдүм,
Теңелип керек эмес,
Сүйлөгөнүм.
А бирок качкан менен,
Актыкты айткан менен,
Айбандар катарымда,
Күндө менин.

Актык жок, карасынан булганамын,
Акыйкат өлдү бүгүн,
Аттиң ай азап экен,
Муңданамын.
Адамга ажал келди,
Актыкка адам-ажал,
Айла жок коштоштум да,
Артынан ак көйнөгүм булгаладым.

Кыйкырды көрдө жаткан,
Акыйкаттык,
Тирүүлөр басып жүргөн көр дүйнөгө.
Укпадык, басып кеттик.
Көр калды жаңырыктап айкырыкты,
Көр биздин эске салып тайкылыкты,
Биз аны уга албадык,
Биз андан уялбадык,
Куру сөз!
Айтсам дагы кай кылыкты?

Өлдү да акыйкаттык,
Жакшынын башын жерге салаңдатып,
Жамандын ити чөп жеп,
Жамандын кылычтары жалаңдашып.
Жатканын көрдүм дагы,
Үндөбөдүм.
А мүмкүн керек эмес,
А мүмкүн куру дымак,
Чындыгы өлгөндөргө,
Сүйлөгөнүм.

Жамангулова Жазгүл Үсөнбекова
Республикалык "Калемгер "
адабий клубунун мүчөсү.
Жолдошбай Абдыкалыков атындагы сыйлыктын дипломанты.
Дүйшөнбүдө өткөн
"шериктештиктердин дебюттары"
эл аралык сыйлыктын жеңүүчүсү.









??.??