presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№74, 10.10.08-ж.
  С А Н Д А Н С А Н Г А ...

Чыңгызхандын дүйнөлүк тарыхта ээлеген орду
ДҮЙНӨНҮ ДҮҢГҮРӨТКӨН ЧЫҢГЫЗХАН
(Башы өткөн санда)
Биринчи багыт боюнча Чыңгызхан өзү баш болуп Ооганстан аркылуу Индияга басып кирип багынтты. Экинчи багыт боюнча ошол эле 1220- балык жылынан баштап, Каспий, Кавказ тоолорундагы элдери аркылуу орто кылымдагы Орусия элдерине чабуул башталды. Бухарда калган Чыңгызхандын эмирлери дээрлик 1920-жылга чейин, же башкача айтканда большевиктер пайда болуп, Түркестан аскерий фронту ачылып, ага М. В. Фрунзе башчылык кылган Орто Азиядагы коммунисттердин бийлиги орногучакты бийлик башында отурушту.
Бухараны жеңгенден кийин, ошол кезде Монголистан деген территория жагынан салыштырганда Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине барабар болгон мамлекет пайда болгон. Анын географиялык абалы түштүгүнөн Индия, түштүк-чыгыштан Тибет тоолору, чыгышынан Юань династиясы Кытай, Түндүк-Чыгыштан азыркы Монголия, Түндүгүнөн Сибирь токойлору Байкал көлүнө чектеш жана ошол кездеги Жети-Суу облусу, Орто Азия бүт, Батыштан Персия мамлекети менен чектелген өзүнчө чоң мамлекет түзгөн. Монголиядагы Гоби чөлүнүн уландысы болгон эң бийик тоо-Хентэй дүйнөдөгү эң эски тоолордун бири болуп саналат. Себеби, көп миллиондогон жылдар жатып, ар кандай геологиялык эррозияларга учурап, бийик чокулары да калбай калган. Ал Гималайдан айырмаланып атайын жабдыктары бар альпинисттер чыккан тоодой эмес, бул жерге каалаган атчан киши чокусуна чейин бара алгандыгында, кышкысын катуу суук болсо, жайкысын ал жерде кадимкидей тоо мөңгүлөрүн көрүүгө болот. Кышы анчейин эмес суук жылдарда ылдыйкы тоо этек жактары дайыма саз болуп, кээ бир чуңкурча жерлери кадимкидей көл болуп жайкалып турат. Андан агып чыккан жана Хентэй тоосундагы муздан кошулган суу Сары дайра деген ат менен Монголиянын дыйканчылыгында ирригациялык чоң кызмат кылат да, тоонун чыгыш тарабы Манчжурияга чейин созулат. Бул аймактын климаты бир жылы экинчи жылына окшобой,кескин алмашкандыктан, ал жерде жашаган адамдарды малы менен кышкысын каардуу суук, жайкысын чөлдүү ысык аба каптаган кескин аба- ырайы менен дайыма сынап турат. Хентэй тоосунда жашаган адамдар бир эле күндүн ичинде жылдын төрт мезгилиндеги аба-ырайына туш болобуз деген сөздөрү бар.
Мына ушундай кескин климаттуу жерде, Хентэй тоосунан агып түшкөн Онон дайрасынын жээгинде, монголдордун уруулар арасындагы кармашта колго түшкөн Оэлун аттуу кыз 1162-жылкы жылында өзүнүн биринчи наристесин - Темучин аттуу эркек төрөдү. Бирок, ал күйөөгө атайы монголдордун салты менен, жол-жоболору менен берилбей калганданбы, күйөөгө чыккан кыздай эмес, күйөөсүн менин күйөөм деген ойдо эмес эле. Оэлун Темучинди төрөгөндөн кийин өз туугандарынан алыс, алардын жардамысыз, шарты жашоого оор жерде, ал тургай өз күйөөсүн чанып, кыйынчылык жашоо абалда Темучинди өз алдынча тарбиялай баштады.
Оэлун монголдордун меркет уруусундагы жаш желдеттердин арасындагы Чиледу деген адамдын аялы болгон. Учурунда Чиледи монголдордун салты боюнча уруулар арасынан эң сулуу кызды таап, анын ата-энесинин астына белек-бечкек алып барып, ал жакта болочок күйөө бала катары монголдордун салтына ылайык алардын кол астында иштеп келген болчу.
Чилединин эки жаш жетим бир туугандары болгон. Ал кезде талаада жашаган көчмөндөрдүн салтында болочок күйөө бала убагында калың төлөй албаса, анда ал кыздын ата-энесинин макулдугу менен алардын кол астында калыңды төлөө үчүн бир нече жыл бекер иштеген.
Качан Чиледи менен Оэлун үйлөнүү тоюн кайындар тарабынан өткөргөндөн кийин экөө ата-энеси берген үй эмеректерин алып, чогуу каңк менен (ал кезде арабаны кыргыздар "каңк" дешчү) аркылуу меркиттер уруусуна кара Онон дайрасын бойлото жыла баштаган, кыз болгону ошондо 16 жашта эле. Онон дайрасынын жээги менен келе жатып, алар чилединин кичүү бир туугандарын таап, алар жашаган журтту жашоого тандап алышты.
Мурда жалпы көчмөн эл сыяктуу монгол, кыргыз, калмак, казактардын уруулары бири-бирин талап-тоношуп, жакшы көргөн сулуу кыз-келиндерин барымтага алышып, өздөрү менен ала качып кетишип, аялдыкка же токолдукка алышы алар үчүн терс деле көрүнүш эмес эле. Онон дайрасына байырлап калган Чиледи менен Оэлун мына ошондой ары катаал, ары таңгалычтуу доордо жашаганын айта кетпесек болбостур.
Тайчык уруусунун майда уруусу болгон бориджин уруусунун баатыры Есугей колуна куш кондуруп, бир топ нөөкөрлөрүн ээрчитип, Хентэй тоосуна Онон дайрасы менен аңчылыкка чыгышат. Аңчылыкта жүрүшүп, аз убакыт өттүбү, көп убакыт өттүбү, алар Оэлунду көрүп, аны ала качууну көздөшөт да, каңкта кетип бара жаткан Чиледу менен Оэлунду кубалап жөнөшөт. Эгер экөө тең колго түшсө, анда Оэлунду барымтага алып, Чиледини өлтүрүп коюшу толук абзел эле. Ошондуктан Чиледу атты каңктан чечип алып, жайдак минип качууга бойурат. Оэлун болсо Чиледи өз жеринде мени таштап кетпес, кайрылып келет деген ой менен ага толук ишенип, өзүнүн кийип жүргөн би р көйнөгүн Чиледиге ыргытканга үлгүрдү. Мындай жышаана көчмөн элдерде менин жытым жыттанган кийим-сени менен мен дайыма биргемин дегенди түшүндүрүп, сүйүүнүн бир белгиси катары баамдалчу.
Колунда кушу бар Есугей Оэлундай сулуу кызды колго түшүрүшү- анын бир жолку аңчылыгынан алда канча жогору тураарын түшүнсө да, Чиледиге түшүнүп-түшүнбөй турду. Эгер Чиледи чындап эле кызды сүйгөн болсо, ал аны колуна курал кармап коргойт эле да. Болбосо, ал калың ордуна кайындарынын колунда иштеп, башына таш тийиптирби? Кандай болгондо да, тайчык уруусундагы Есугей 16 жашар Оэлунду тартып алуу менен дүйнөлүк тарыхтын нугун таптакыр башка нукка бурду. Есугейдин Оэлунга чейин Сочигел аттуу бир аялы болгон, эми Оэлун өз ордун таап, Есугейге токол катары жашайбы, же эркин аялы катары болобу, мына ушуну аныкташ керек эле.
Есугей баатыр тайчык уруусунун ичинде таанымал, эр жүрөк, өз аты, өз орду бар адам эле. Ал бардык эле көчмөндөрдөй өткөн-кеткендерге тийип, мал-мүлкүн тартып алган учурлары да болгон. Көзү жок баатырлыгы бар эле. Мергенчилигинен да айып табуу кыйын болчу. Көчмөн жашоонун өзүнүн мыйзам ченемдүүлүгү ушунда, андай турмушта кургак акыл менен гана жашоо кыйын, эч кимдин көзүн карабай оокат кылыш үчүн кара күч да керек эле. Оэлундун ата-энеси колунда малы бар, бардар адамдардан эле. Ошондон улам, жаш кезинде эрке өсүп, кийимден кем болгон жок. Курсагы дайыма ток өсүп, жокчулук эмне экенин билбеди. Есугейге башын байлаган аялга болгону аңчылыктан түшкөн суур, бугу, балык, ар кандай куш эттери менен жашоого каниет кылууга туура келмек. Биринчи багыт боюнча Чыңгызхан өзү баш болуп Ооганстан аркылуу Индияга басып кирип багынтты. Экинчи багыт боюнча ошол эле 1220- балык жылынан баштап, Каспий, Кавказ тоолорундагы элдери аркылуу орто кылымдагы Орусия элдерине чабуул башталды. Бухарада калган Чыңгызхандын эмирлери дээрлик 1920-жылга чейин, же башкача айтканда большевиктер пайда болуп, Түркестан аскерий фронту ачылып, ага М. В. Фрунзе башчылык кылган Орто Азиядагы коммунисттердин бийлиги орногучакты бийлик башында отурушту.
Бухараны жеңгенден кийин, ошол кезде Монголистан деген территория жагынан салыштырганда Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине барабар болгон мамлекет пайда болгон. Анын географиялык абалы түштүгүнөн Индия, түштүк-чыгыштан Тибет тоолору, чыгышынан Юань династиясы Кытай, Түндүк-чыгыштан азыркы Монголия, Түндүгүнөн Сибирь токойлору Байкал көлүнө чектеш жана ошол кездеги Жети-Суу облусу, Орто Азия бүт, Батыштан Персия мамлекети менен чектелген өзүнчө чоң мамлекет түзгөн. Монголиядагы Гоби чөлүнүн уландысы болгон эң бийик тоо Хентэй-дүйнөдөгү эң эски тоолордун бири болуп саналат. Себеби, көп миллиондогон жылдар жатып, ар кандай геологиялык эррозияларга учурап, бийик чокулары да калбай калган. Ал Гималайдан айырмаланып, атайын жабдыктары бар альпинисттер чыккан тоодой эмес, бул жерге каалаган атчан киши чокусуна чейин бара алгандыгында, кышкысын катуу суук болсо, жайкысын ал жерде кадимкидей тоо мөңгүлөрүн көрүүгө болот. Кышы анчейин эмес суук жылдарда ылдыйкы тоо этек жактары дайыма саз болуп, кээ бир чуңкурча жерлери кадимкидей көл болуп жайкалып турат...










??.??