presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№74, 10.10.08-ж.
  О ң д о л б о г о н к а т т а р

А р ы з
"Ачык саясат" гезитинин башкы редактору,
Бабырбек Жээнбековго

Адилет министрлигинин
Жаза өтөө башкы
башкармалыгынын
№25 мекемесинин кызматкери
Кадыров Зайнабидин
Саймидиновдон

Менин арыз жазуумдун себеби төмөндөгүдөй, мен соттолгон адамдардын арыздарын жана кызматкерлердин сүйлөгөн сөздөрүн сиздерге жөнөттүм. Мен дайыма чындыкты бетке айткандыгым үчүн жетекчилик тарабынан куугунтукка алына баштадым. Ачык эле иш бөлмөсүнө чакырып алып, "Сен арыз жазып кет!"- деп жатат. Ушулар мени ГУИНге жамандаган экен. Аида аттуу кадырлар бөлүм башчысы мага телефон аркылуу, "сен өз каалооң менен арыз жазып кет!"-деди. Ошондуктан мен жөн эле кете бербейин деп ушул кассеталарды жана соттолгондордун арыздарын редакцияга жөнөттүм. Начальник, начальниктин орунбасары күнүгө 5 соттолгон адамды үйүнө алпарып малай катары иштетишет. Мен алардын өздөрүнө билгизбей, соттолгондорду алып чыгып жүргөн рапортторунун нускасынан көчүрмө алып жүргөм. Нускасын өздөрү жумуш бүткөн соң өрттөп салат. Ушул сыяктуу фактылар өтө көп. Келсеңиздер толук айтып берем. Зам начальник Рустам Сактанов, "мени кетирем" деп соттолгон аялдар: "Зайнабидиндин үстүнөн жаман фактылардан арыз жазып бербейсиңерби?"- десе, алар кайра Рустам Сактановдун үстүнөн мага арыз жазып беришти. Рустам Сактанов ичип алып, каалаганын аткарат. 23.09.08 күнү кечинде саат 17.00 чамасында СИЗОнун ичинде арак ичип алып, рулда олтуруп көчөгө чыгып кетет. Мас абалында мушташып, Кара-Суу районундагы Нариман милиция бөлүмчөсүндө КУП-1932 катталат. 23.09.08. Врач-наркологдон мас деп өткөрүшкөн.
Бишкектен ГУИНден текшерүүчү келип аябай чоң кемчиликтерди жазып кетеринде, менин кесиптешим опер кызматкер Таалайга, "баары жакшы болду, бир гана кыз салып бербедиңер"- деп капа болуп кетиптир. Бул киши ГУИН кызматкери подполковник Абдиев Саламат. Ушул киши менен сөзү бир болуп, отдел кадр Аида аркылуу мени кет деп айттырды.
Ал текшерүүчү соттолгондор тополоң салып, ызы-чуу салганда келген. Абдиев соттолгондордун арызын текшербей эле, мени текшергени келиптир. Себеби, Абдиев келгенде эле мени чакырып,"сизде кассета жана арыз бар экен. Ушул документтерди мага бер"-деди. Мен "кайсыл документ"-дегенимде "мурдагы обшяктарды Рустамдын үстүнөн топтогон"-деди. Абдиевге №1 СИЗОдон Эрнис деген соттолгон адам "биз начальник, начальниктин орун басарынын үстүнөн материал топтогон элек" деп айтыптыр.
Кылмыш бетин ачуу ордуна, бул киши кайра кылмышты бекитип, мени жок кылууга аракет жасап жатат. Келген кызматкердин алды 6 ай, арты 2 ай иштегенде аларды жумуштан айдап жиберишет. Азыркы учурда 22 кызматкер жетишпейт.
Менин түшүнүгүм боюнча, бул начальниктердин бизнеси окшойт.
Соттолгондор "бизге положнякты беришпей жатышат. Суткасына 70 сом ошону бербейт"- дейт. Ушул мекемеде Мойдунова Анара деген эже бар. Аны жумуштан айдашат. Бирок, ал эженин арызын сотто карабай эле, кайра ордуна калтырды. Себеби, эже СИЗОдо 20 жылдан ашык иштеген кызматкер. Бул эженин да арызы бар.

Арыз ээси СИЗОнун кызматкери и/к капитаны Кадыров З.
08.10.08.

P.S. Бизге арыз жолдогон капитан З.Кадыровдун катын оңдоосуз бердик. Арызда келтирилген фактыларды териштирип берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министри Нурлан Турсункуловго, Жаза өтөө башкы башкармалыгынын башчысы Калыбек Насбековго жана Жаза өтөө жайларындагы мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн атайын прокуратурасынын прокурору Кубан Мамакеевге арыздын көчүрмөсүн жөнөтөбүз.
Ошондой эле редакция кызматкерлери бул арыз боюнча журналисттик иликтөөлөрдү баштаганыбызды билдиребиз.

"Ачык саясат"
гезитинин редакциясы




Биз кайда бара жатабыз?
Жогорку Кеңешке шайлоо адилетсиз болгонун, бийлик өз кишилерин мыйзамсыз жол менен парламентке өткөргөнү жөнүндө сөз тынымсыз айтылып келет. Бирок, бийлик муну укса да укмаксан. Ошентип, азыркы парламенте отурган "Ак Жол" партиясы көпчүлүк добушка ээ болуп, Ысык-Көлдөгү 4 пансионатты, Каркыра жайлоосун казактарга берүүгө шарт түзгөндүгү маалым. Ошону менен катар парламенттин колдоосуна ээ болгон бийлик, оппозициянын дымып калганынан пайдаланып, өлкөнү өз билгениндей башкарууга өттү. "Алиби" гезитин камап, анын ордуна чыга баштаган "Ачык саясат" гезитине да кысым жасай баштады.
Эгер биз демократиялуу өлкө деген атыбыздан пайдаланып, кезектүү сөзүбүздү айтпасак, эркин басма сөздөрдү колдоого албасак, анда мамлекеттик гезиттерден башкалары чыкпай калат да, мындан ары чындык, элдин пикирлери көпчүлүккө билинбей,көмүскөдө калаары шексиз.
Жергиликтүү Кеңештерине да бийлик өз кишилерин шайлап алса, анда мындан ары шайлоолордо бийликтин таламдарына гана жол ачылаары бештен белгилүү. Анткени, шайлоо комиссияларын түзүүдө сөзсүз шайланган Жергиликтүү Кеңештердин депутаттары чечип калышы ыктымал. Жогорку жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын колдоосуна ээ болгон бийликтин,туура сөздү айткан кишилерди болбогон шылтоо менен куугунтукка алуусуна, каматып коюусуна да шарт түзүлөт. Оппозициядагылар азыркыдан бетер унчукпас позицияга өтөт да, бийликтин айтканы айткан, дегени деген болуп, демократия Кыргызстанда жоюлуп, толук жеке бийлик орнойт. Ошондо борборду Ошко көчүрүү маселеси кайра козголот.
Азыр күч алган коррупция мындан да өөрчүп, ачыкка чыгат. Миллиондорду жок кылган чиновниктер азыр жоопко тартылбай жатса, анда бардыгы ачыктан-ачык өз чөнтөгүнүн камын көргөндөр бийликти ээлеп калат. "Ачык саясатта" жазылгандай: Кара-Балталык Максат деген Баланы, Эркинди мен өлтүрдүм деп мойнуңа ал, - деп уруп, өпкө боорун эзип, кан сийдирип, акыры мойнуна алдырган сыяктуу окуялар күч алат. Мындай адилетсиздик азыр анда-санда болсо, жеке бийлик түптөгөндө, бул терс көнүмүш адатка айланат. Караны ак деп, акты кара деп чиновниктердин күнү тууйт. Чындык үчүн күрөшкөн оппозицияны колдойлу. Ансыз деле бийлик парламенттин колдоосуна ээ болгондон бери, эл туура сөзүн да айта албай, сөзүбүз эч кимге жетпей калды.
Кара-Буура району, БОСКОЙ уулу Нурбек




Элдин биримдиги болсун
Элибиз өтө байыркы эл, илгерки Цинь императорлору бизге, кыргыздарга сый-урматтуу кайрылып турушу тарых барагынан өз ордун алган. Биз болсо бир күкүм нанды бөлүшө албай келебиз, биздин доорду илгери 2 кылым мурда бири- акылман, бири- чечен, бири-акын, бири-олуя деген, кыргыздын Нострадамусу Калыгул Бай уулу так айткан тура:
"Бири- бирине эрегишкен,
Өтө кыйын заман болоор.
Эрегиштин аягы,
Карапайым эл үчүн жаман болоор"
Мунусу менен менин оюмча эли-журтумда, эл башкарган төбөлдөрдүн астында бир чоң маселе турат дегени го, бул сөздөрдү Калыгул Бай уулу анда эл башында турган бектер менен ханга узаткан го.
"Карынын сөзүн капка сал" дегендей, бүгүнкү күндө дагы Калыгулдун сөздөрү эске келет:
Мыктыларым угуп кой,
Эрегиш кокус болбосун,
Эл ишиңди колдосун,
Кудай өзү оңдосун,
Элди бузган бузуку.
Жакшылык көрбөй сойлосун.
Эл башкарган мыктылар.
Тескери ишти оңдосун - деп айткан экен.
Эч качан кыргыз эли бирөөгө толук баш ийип, ыймансыз иш болуп жатса унчукпай калган эмес, учурунда Кокон ханын да маал-маалы менен барып алмаштырып турчу. Айтылып келе жаткан койчу Шералыны да кыргыздар хандыкка отургузганда, ал эсирип кетпейин, элиме кызмат кылайын деп, өзүнүн эски тешилген маасысы менен чепкен, малакайын тактысына илдирип койгон экен. Эмнеге биздин бийликтеги төбөлдөрүбүз ошол койчу Шералыдай ой жүгүртүшпөйт, түбөлүк эч нерсе жок экендигин тутушпайт.
Мамлекеттеги түзүлгөн саясий-социалдык, экономикалык жагдай ар бир кайдыгер эмес атуулду ойлондурбай койбойт, себеп дегенде ар бирибиздин жашообуз, бардыгыбыз каалайбызбы, каалабайбызбы мамлкекеттик түзүлүштүн стабилдүүлүгү менен тыгыз байланышта. Элибиздин улуу инсаны И. Раззаков айткандай, "Саясат менен алектенбесен, саясат сени менен алектенет" - деген сөзү азыркы тапта туурасын ырастады, ошондуктан кайдыгер отура бергенибиз болбойт, өзүбүздүн курсагыбыз ток, кийимибиз бүтүн болсо да эртеңки балдарыбыздын, мамлекетүүлүгүбүздүн келечегин ойлонолу, саясатчылардын маалымдоосундагыдай жер үстүнөн түп-тамыры менен жоголуп кетүүчү 180-200 мамлекеттин санына кирип кетпейли деген гана санаа. Кай бир учурда түндүгүбүз Кытайга, Чүй өрөөнү Казакстанга, түштүктү Тажикстан менен Өзбекстан өзүлөрүнө кымтып албасын деген ойду ойлогондо, жүрөгүм тыз-тыз болуп, дене-боюм муздай түшөт.
Конституция боюнча Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик эл тарабынан жана Кыргызстан элинин кызыкчылыгына кызмат кылат деген аксиомалык түшүнүк баардыгыбызга белгилүү, а иш жүзүндө мансаптуу кызматтарга жеткен ага-эжелерибиз элдин кызматында жүрүшөт, элдин кулу деп ким айта алат? Өткөндө Швецияда башпаанек издеп жүргөн Э.Байсалов өзүнүн видеокайрылуусунда: "Баарыңар Бакиевдин малайысыңар!" - деп бизди жер каратпадыбы, анын сөзүндө кандай чындык бар экендигин эл өзү аныктап алаар…
А.Акаевдин "качып кетме" деген оорусу аябай эле жугуштуу дарт көрүнөт, мына эми ойлобогон жерден БШК төрайымы К.Кабилова дегенибиз качып кетти, бийликтегилердин же алардын энчилеш туугандарынын кысымын биринчи жолу көрүп жатыптырбы? Декабрь 2007-жылдагы ЖК шайлоо өткөрүп жатканда эмне качып кеткен жок, канча мен-мен деген саясий партияларды - "туура эмес тизме түзүпсүңөр" ж.б.у.с. жүйөөсүз себептер менен шайлоодон чыгарып салган ушул эле Клара айым эмес беле, эмне үчүн ошол партияларга учурунда методологиялык жардам көрсөткөн жок? Дегеле "Кыргыз Республикасынын Шайлоо кодексинин" талаптарына такыр көңүл бурган жок го чиркин, ушу күнгө чейин ЖК шайлоонун жыйынтыктарын расмий түрдө жарыя кылбай, БШК жана мамлекеттик бийликтин купуя сыры кылган ким экенин баарыбызга эле маалым. Себеби, мен өзүм деле, үй-бүлөм ЖК шайлоодо так ушул "Ата-Мекен" партиясында чын дилимден добуштарыбызды бергенбиз, шайлоодон кийин жоро-жолдоштор тааныш-билиштер, кошуналар менен баарлашканда баары эле "Ата-Мекен" үчүн добуш беришкен. Бирок, бул партиянын, позициясы күчтүү Ош шаарынан 0,5% добуш ала албай калышты өтө таңгалыштуу жагдай.
Кыргызымдын мен-мен деген уулдары тышта жүрүшөт, алар биз көргөн күндү көрүшсө, биз жеген нанды жешсе, жалпы элибиздин турмушун ондогонго бир аракет болоор беле деген ой пайда болот.
Сөзүмдүн башында эстеп кеткен олуя Калыгул илгери өз ара тирешкен Ормон хан менен Боромбай бийге кайрылып айткан:
Жакшы болсоң жердей бол,
Баарын чыдап көтөргөн.
Таза болсоң суудай бол,
Баарын жууп кетирген.
Ырыс алды ынтымак,
Ынтымагың жок болсо,
Алдындан таяр алтын так.
Бул сөздөр азыр өзүнүн актуалдуулугун жоготту , бизге тиешеси жок деп ким айта алат? Айткандардын жан-дүйнөсү Сокур менен Дүлөй.

Ар дайым элим, журтум үчүн ынтымак, биримдикти каалаган
Сырдашбек Жакыпов,
Бишкек шаары









??.??