presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№74, 10.10.08-ж. Казакбайда канча өнөр?
Тоо аралап жүрсөң ири көк дөбөлөр болот. Тыягынан да булак агат, быягынан да булак агат. Ар биринин өз агышы, өз дабышы бар. Казакбай дал ошол көк дөбөдөн чыккан көп булактардын оозун ачып алган. Азамат, Казакбай! Ошол көп өнөрлөрдүн өтөсүнө чыгып келатат.
Казакбай касиеттүү инсандын батасы менен төрөлгөн адам. Анын атасы Абдыш молдону дин туткан адам катары кулакка тартышарда, өткөн кылымдын отузунчу жылдарында Кетмен-Төбө жакка ооп барат. Абдыштын аялынын токтолуп жүргөнүн байкаган улуу акын Токтогул Сатылганов: "Кудай буюруса бир балалуу болосуңар. Аныңар чоң өнөрлүү болот. Ошол балаңар чертип жүрсүн"-деп, акын алакан жайып батасын берип, өзү чаап чертип жүргөн өрүк саяк комузун берген экен. Токомдун батасы тийип, 1939-жылы ал бир балалуу болуп, атын Казакбай коюптур. Казакбай үч жашка чыкканда кыргыз энеси Субайда каза таап, Абдыш казак кызына үйлөнүп, немистер менен болгон чоң согуш аяктап калган 1944-1945-жылдары Талас жергесине кайтып барышат.
Казакбай 1957-жылы Көк-Арык (азыркы Асылкан Бөрүбаев атындагы) орто мектепти эң мыкты баалар менен аяктап, андан кийин Ивано-Алексеевкадагы (азыркы Көк-Ой) тракторчулардын алты айлык курсун да жалаң "беш" деген баалар менен бүтүрүп, өз айылында үч жыл соко сүйрөтүп, каз таман трактор айдайт. Мыкты иштеп Кара-Ой айылдык Советине депутат болуп шайланат. 1960-жылы кирип, 1965-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун механикалык факультетин бүтүрүп чыгып, чейрек кылым автотранспорт тармагында үзүрлүү эмгектенет.
Казакбай түркүн өнөрлөргө кичинекей кезинен эле өтө шыктуу болгон. Биринчи класста окуп жүргөнүндө Токомдун комузуна эки-үч кайрыктан турган "Чычканбай" күүсүн атасынан үйрөнгөн. Комуз чертүүнү андан ары өзү эле улантып кеткен. Политехникалык института окуп жүргөн беш жыл бою комузчулар ансамблинин такай мүчөсү болгон. Ал залкар күүлөрдү чертүү менен бирге эле, комузга чыгарган "Атамды эскерүү", "Алай ханышасы", "Жан сергитер", "Карылык" аттуу терс буроо менен чертилген комуз күүлөрү бар. Анча шашылбай, салмактуу чертилген бул күүлөрдү муюп отуруп уга бергенден тажабайсың.
Казакбай ирегелеш жаткан боордош казак калкынын эки кылдуу домбрасын да чертет. Анын өз чеберчилиги менен шашылбай аткарган домбрага чыгарган да күүлөрү бар. Казактардын күү атасы аталган Курмангазынын "Сары-Аркасын" Казакбайдын аткаруусунда угуп көрөлүчү. Чиркин, анын капкактагы оң колу көзгө илешпей дирилдейт! Казакбай кассетага жазып берген анын аткаруусундагы комуз жана домбра күүлөрүн колум бошой калган учурда жыргап отуруп уга берем. Келген конокторума коюп берем.

Обондорду келтирип, орустун мандолинасын черткеничи!
Казакбайдын бала кезден кызыккан өнөрлөрүнүн бири - бул кол менен тарткан сүрөтчүлүгү. Анын тарткан сүрөттөрү жеке көргөзмө катары мектептин дубалында дамамат илинип турчу. Мектепте окуп жүргөн жылдары анын акварель боегу менен тартылган "Мергендин кесиби" деген сүрөтү "Жаш Ленинчи" аттуу балдар журналына басылган. Казакбай ошо мектепте окуп жүргөн кезинде ар кимдерге шырдак оюмдарын чийип берген. Тогузунчуну бүтүрүп, Фрунзедеги сүрөтчүлөр окуу жайына өтүп, шарты болбой, айылдын баласы окууну таштап, айылына кетип калган. "Ала-Тоо айымдары", "Автоунаа азаматтары", "Такалуу аттын изи бар , Таластан келген киши бар" жана "Кылым инсандары" аттуу ыр-сүрөт китептеринде 700дөн ашык инсандарга арноо ырларын жазып, ошончо адамдын сүрөттөрүн ичке уч жана кара тушту пайдаланып, графика ыкмасына салып, өз колу менен профессионалдык деңгээлде тартып чыккан. Ал тартып, мага тартуулаган ак кепкачан кыйгач карап түшкөн сүрөтүм азыр үйүмдө илинип турат. Казакбай Кыргыз Республикасынын үрөтчүлөр Союзунун Ардактуу мүчөсү.
Казакбайдын ыр жазган акындыгына келели. Жогорто аталган төрт китептеги 700дөн ашык адамга, бири-бирине окшобогон он миңден ашык арноо ыр саптары жазылган. Мынчалык көп адамдарга миңдеген сап арноо ырларын ким жаза алат? Башкаларды билбейм, мен жаза албайм. Үч кишиге арнап ыр жаза турган болсом, үчүнчүсү мурдагы экөөнө окшошо баштайт. Ырын да жазып, сүрөтүн да тартып, мен билгенден мындай китептерди дегеле дүйнө элинде эч ким жаза элек. Жаза да албаса керек. Мына, Казакбай жазып салды. Азамат! Ошол бир нече куплеттен турган арноо ырлары менен ар бир инсандын өздөрүнө ылайыктуу мүнөзүн, кылык-жоруктарын, эмгегин , ишмердигин ачып бере алган. Мындай китептер барактап карап коюш үчүн да, ырдап жүрүш үчүн да, бирөөгө эстелик, белек катары бериш үчүн да, инсандар туурасындагы маалыматтарды алыш үчүн да керек. Казаккбайдын бул новатордук иши адабиятчылар менен сынчылардын көз жаздымында калбай, өз бааларын берет деген ишеним бар. Арноо ырларын бергендигинен өөн таппайсың. Казакбайда көшөкөрлөнүү, кошомат кылуу жок. Ал оюндагысын таамай жана шар айтат. 2003-жылы басмадан жарык көргөн "Кылым инсандары" китебиндеги экс-президентибиз Аскар Акаевге жазган жети куплет арноо ырынын акыркы эки куплетин мисалга келтирели:

Вазирлер падышаны карап
турар,
Байкатпай оозу-мурдун
жалап турар.
Албаса падышасы көзөмөлгө,
Аларың элдин мүлкүн
талап турар.

Аялдын бир бактысы
өңү менен,
Анан да өзү сүйгөн теңи менен.
Бадырак жеп оокатын
өткөзсө да,
Падышанын бактысы
эли менен!

Ошол эле китепте дүйнөгө атагы кеткен улуу жазуучубуз Чыңгыз Айматовго жазылган алты куплет арноо ырын Казакбай минтип бүтүрөт:

Ай-аалам алтын нурун
чачкан киши,
Акындар айтып бүткүс
дастан киши.
Элчиликке шылтоолоп
карыганда.
Эл-журтунан алыстап
"качкан" киши.

Ал эми сурангандар үчүн Казакбай канча адамга арноо ырларын жазбады дейсиң?! Көрүстөндөгү таштарга жазгандары канча?
Казакбай арноо ырларын жазуу менен эле чектелбейт. Анын "Казакбайдын ыр дүйнө" деген басмага даярдалып жаткан ырлар жыйнагына кире турган ырларын окуп чыгып, өзүмчө ыраазы болуп, жүрөгүмдү кубанычтын жылуу илеби аралады. Кандай татынакай ырлары бар. Анын ырлары сюжеттүү, айтайын деген ойлору так, жөнөкөй окурмандарга түшүнүктүү. Басмадан жарык көргөн "Казакбайдын гареми" аттуу ырлар жыйнагында эротикалык ээн саптары арбын ырлары басылган. Бул ырларды окуп отуруп эс аласың, өзүңчө күлөсүң, жаштыгыңа кайтып келесиң!
Анын философиясы терең терме, акыл-насаат ырлары жана поэмалары бар. "Өткөндү эстеп" деген 170 саптан турган ыры баштан-аяк уйкаш жазылган. Мындай баштан-аяк уйкаштыгы узак ырлары бир топ бар. Эгерде жаш кезинен өзүн-өзү тарбияласа, андан төкмө да чыкмак беле деген ойго кетесиң.
Казакбай адабий чыгармачылыгын аңгеме жазуу менен баштаган. Аңгемелер жана повесттерден турган төрт жыйнагын басмадан чыгарган. Анын кара сөздөн турган чыгармаларына убагында жазуучулар Түгөлбай Сыдыкбеков, Шатман Садыбакасов, Өскөн Даникеев, адабий сынчылар Салижан Жигитов, Санарбек Карымшаков, Аман Токтогуловдор өздөрүнүн жакшы бааларын беришкен. Анын чыгармаларынын мындай бааланышы Казакбайдын турмушту таамай-так билгенинде жана аны профессионалдык деңгээлде көркөм тил менен сүрөттөп бергенинде. Анын бир нече аңгемеси жана "Тракторчу" деген повести орус тилине которулуп, "Литературный Киргизстан" журналына басылган. Казакбай кара сөзмөр жазуучу (прозаик) катары 1988-жылы СССР Жазуучулар Союзуна мүчө болуп кабыл алынган.
Казакбай мектепте окуп жүргөндө эле гезиттерге макала жаза баштаган. Бул ишин ал Автошоссежолдор министирлигинде иштеп жүргөндө күчөткөн. Өзүнүн макалаларында автоунааны өндүрүмдүү пайдалануу жаатындагы көйгөйлүү мамлекеттик маселелерди көтөргөн. Эмгектин алдыңкыларын даңазалап, очерктер жазган. Казакбайдын журналисттик ишмердиги кара сөзмөр жазуучу болушуна түрткү болгон. Ал Кыргыз Республикасынын журналисттер Союзунун мүчөсү.
Казакбай өзүнүн кырктан ашык ырларына обон жараткан. Комуз менен домбранын коштоосунда өзү аткарат. Айрым ыр-обондору, комуз-домбра күүлөрү кыргыз радиосунун алтын фондуна алынган. Анын обондору кыргыз менен казактын обондору менен үндөшүп турат, салттуу элдик обондорго окшош. Ал ырларын коңур добушка салып, жүрөгү менен берилип ырдайт. Элдикке айланган кыргыз жана казак ырларынан да аткарат. "Манас" эпосунан да үзүндү айтып жиберет. Ал Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр Союзунун Ардактуу мүчөсү.
Казакбайдын юмордук жана сатирлык кыска аңгемелери илгери "Чалкан" журналына үзбөй жарыяланып келген. Эл чогулган жерлерде өзү да тамаша ырлардан ырдап, күлкүлүү кептерден козгоп, тамаша-эротикадан аралаштырып, отургандардын жарпын жазат.

Фото-сүрөтчүлүк өнөрдү да өздөштүрүп алган

Казакбайдын асыл сапаттарынын бири-ал дамамат жаштык, шаттык дем менен көңүлүн ачык жана куунак алып жүрөт. Жетимиш жаштын тамагын ичип жатса да, анын баскан-турганы тың, отуз-кырктардагы жигиттерден айырмаланбайт. Эч кимдин көңүлүн калтырбаган бала кыял мүнөзү менен жашап келет. Жашы өйдөлөгөн сайын ден-соолуктун камын көрөт: дене-тарбия көнүгүүлөрүн жасайт, капаланып кайгырбайт, бирөө менен кайым айтышпайт. Жаратылыш кооздугун жанындай көрөт. Ал өзүнүн жан дүйнөсүн төмөнкү ыры менен берген:

Жарыктык атам Абдыш
молдо болгон,
Жабылбай куран китеп колдо болгон.
"Жакшы жүр, жамандыкка
барбагын" деп,
Жашымдан ыймадуулук
жолго койгон.

Көз артып, кол сунбадым
башкалардын,
Көзү жарык жараксыз
ийнесине.
Сүзүп келем таза ыйман
кайыгында,
Сүңгүп кирип, сулуулук
дүйнөсүнө.

Жан дүйнөм-жакшы ырлар,
жакшы обон,
Жан дүйнөм-Орозовдун
"Насыйкаты".
Жан дүйнөм-жаратылыш
кооздугу,
Жан дүйнөм жана турмуш
акыйкаты.

Түз жүрүп шариаттын
жолу менен,
Түк дагы кабылбадым
айыптарга.
"Күнөөм" бар атам
айтып кетпептир да,
Көз салам чырайы бар
зайыптарга.

Казакбайдын дагы бир өзгөчө феномени- анын ченемсиз эске тутуу жөндөмдүүлүгү. Ал көп ырларын жатка айтат жана обондуу ырларын эки-үч саат бир такалбай ырдай берет.
Мен өйдөдө айтып өткөн өнөрлөрдүн өтөөсүнө Казакбай өзүнүн өзгөчө бир байкагыч сезимталдуулугу жана өжөрлөнгөн эмгеги менен жеткен.
2009-жылы Казакбай 70ке чыгат. "Мамлекеттик бирдеме наамың барбы?" деген суроомо: "Эч наамым жок Өнөрлөрүмдү баалап наам беришсе каршы эмесмин. Беришпесе таарынбайм. Эл баасынан өтөр наам жок, Сүкө"- деп, Казакбай токтоо жооп берди.
Казакбай иниме өмүр тилейм. Ал көп кырдуу өнөрлөрүн мындан ары да өркүндөтүп, угармандар менен көрөрмандарды дагы кубанычтарга бөлөй берет!

Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ,
Кыргыз эл акыны,
Кыргыз Республикасынын Баатыры










??.??