№74, 10.10.08-ж.
  Ө н ө р ү ң б о л с о ө р г ө ч а п

Каныкей Эралиева, КРнын Эмгек сиңирген артисти, композитор:
"Коррупциянын баары маданиятта"
- Каныкей эже, саламатсызбы?
- Саламатчылык, иштериңер жакшыбы?
- Рахмат, кудайлап, акырындап иштеп жатабыз. Акыркы убакта сахнадан көрүнбөй кеттиңиз го?
- Эми бардыгы замандын талабына жараша болуп жатпайбы, өзүң деле көрүп- билип жатасыңбы? Ошентсе да, мен чыгармачылык менен алп урушуп, кол үзбөй иштеп келем. Андан тышкары жаш балдардан тартып, жогорку класстын окуучуларына арнап "Күн балдары" деген китеп чыгардык. Китеп чыгышына көптөгөн жакшы санаалаштарыбыз жардам берди. Уучубуз кур эмес экен, бизге көмөк көрсөткөн адамдар көп болду.
Ал эми чыгарма жагына сөздү бурсак, мурун көбүнчө лирикалык ырлардын үстүндө иштеп келсем, учурда Ата-Мекен жөнүндө патриоттук ырларды, андан тышкары бөбөктөр , ыйман тууралуу жаңы ырлардын үстүндө иштеп жатам. Азыр элден ыйман кетип, ырайымсыз калк болуп баратабыз. Бүгүнкү күнүң эртеңки күндөй эмес. Ошол себептен, элдерди түз жолго чакыруу максатында ыйман ырларын даярдап элге тартуулоону пландап жатабыз. Буга, Атай агайың да өз салымын кошуп жатат.
- Ырлардын жыйнагын качан күйөрмандарыңыздарга тартуулайын деп турасыздар?
- Кудай буюруса, Т. Сатылганов атындагы филармонияга "Өмүрү калды ырларда"-аттуу чоң концерт берсек деп, аруу тилек кылып жатабыз. Көзү өтүп кеткен уулу акындарыбыздын арбагы ыраазы болсун деген максатта, алардын көзүнүн тирүүсүндө элге жетпей калган ырларын жалпы журтчулукка тартуулаганга ниеттенип жатабыз. Канчалаган мыкты акындарыбыздын эмгеги бааланбай дүйнөдөн кайтып кетишти. Мисалы, бул жарык дүйнөдө М.Алмакунов, М.Акматов, М.Осмонов, А.Алымов, К.Осмонбетова сыяктуу чыгаан инсандарыбыз болгон. Максатыбызга жетип, концертибизди ийгиликтүү өткүзүп алсак, арбактары ыраазы болуп, эмгегибиздин үзүрүн көргөнүбүз го деп ойлоп жатам. Учурда чыгармачылыктын үстүндө кызуу даярдыктарды көрүп жаткан убагыбыз.
- Ушунчалык сахна чөйрөсүнө орду толгус эмгек кылсаңыз да, эмне себептен эмгегиңиз бааланбай келет?
- Сенин оюңду билип жатам, Эл артисти деген наам жөнүндө сурап жатасыңбы? Эми мындай, мурунку бийлик тарабынан да, азыркы бийлик тарабынан да бизге эч кандай көңүл буруулар болгон жок. Наамды сатып алганга акчаң же жакын таанышың болуш керек. Коррупциянын баары маданиятта десем жаңылышпайм. Мен 41жылдан бери чыгармачылык менен тыным албай иштеп келем. Ал эми Атай экөөбүз 1973-жылдан баштап эки-жарым бир бүтүн болуп иштеп келебиз.
Биз Атайбек агайың экөөбүз тең ичип, бузулуп кеткен жокпуз, кээ бирөөлөргө окшоп. Айрымдардын таз кейпин кийип, такыр эле сахнаны таштап, жоголуп кеткен убагыбыз болгон жок. Акырындап эл катарына кошулуп,чыгармачылыктын үстүндө гана иштеп жатабыз. Мунун бардыгын мен айтпасам деле, жалпы эл таразалап билет. Кечээ эле тойлордо ырдап жүргөн ырчылар мына минтип, "Эл артисти" деген наамга татыктуу болуп олтурушат. Биз аларга окшоп, ар кимдин кабинетин тешип, чуркаган жерибиз жок. Гезит -журналдар аркылуу арыз- муңубузду айтып арызданган жокпуз. Анан калса акчага сатып алып, элдин бетин кантип карамак элек. Биздин абийирибиз ага жол бербейт. Мүмкүн убагында менин да күнөөм болгондур.
- "Менин да күнөөм болгондур"- деп калдыңыз, айтсаңыз, эмне күнөө кылдыңыз эле?
- Күнөөм ошол, убагында элге окшоп, "мен мындан кемминби" деп жулунган жокмун. Мүмкүн мен "наам" деп жутунуп-жулунсам эл катары алып калмакмынбы ким билсин? Биз акырын, унчукпастан иштеп жүрдүк. Мен да 1988-жылы "Эмгек сиңирген артисти" наамын алгам. Бул да кокусунан мага берилип калган экен. Ал убакта жооптуу кызматта иштеп жүргөн, бейиши болгур С.Акматов агайың айтып калчу. Баягы жерден кимге беребиз деп сүйлөшүп олтурушса, Сагынбек агай: "Каныкейге да берели, анын да эмгеги бар"- деп, мени сууруп чыгыптыр.
Мени го койчу, агайыңа боорум ооруйт. Мени Каныкей кылган ошол агайың да. Учурда агайыңдын ден-соолугу начарлап баратат. Экинчи топтогу майып болуп калды, жакында эле ооруканадан чыкты. Тээ баягы жылдары А.Мадумаров, "А.Бөдөшов байкеге Эл артисти деген наам беребиз, документтерин даярдаңыздар"- деп, аябай кишини ээлендирип, үмүт эттирип койгон. Анан тиги жакка, бул жакка чуркап, документтерин топтодум. Маданият үйүнөн справка алыш үчүн туура бир ай чуркадым. Чогулткан эмгегим текке кетти. А. Мадумаров кийин, "кеч болуп калды, эмне мынча кечеңдетип алып келдиңиз"- деп кабыл албай койду. Мен тиешелүү документтерди мурун эле Эмил деген жардамчысына тапшырып бергем. Кызматта турган Адахандын алы келген жокпу, же өзү каалабай койдубу ким билсин, иши кылып эч кандай наам берилген жок. Атайдын шагы сынып калды. Мен анын көңүлүн көтөрүп, "сенин эмгегиңди бийликтегилер баалабаса, жалпы эл баалайт. Биздин да талантыбызды баалаган, түшүнгөн адамдар бар"- деп көңүлүн алдым.
- Айтсаңыз, азыркы "Эл артисти" наамын алып жаткандар бул наамга татыктуу деп ойлойсузбу?
- Гүлнурга бергендери туура деп ойлойм. Гүлнурга өңдү да,түстү да, үндү да берген. Анын үнү тунук, бийик, кулакка жагымдуу. Ал чыгармачылыктан тышкары адамгерчиликтүү инсан, улууну урматтайт, кичүүнү ызааттайт дегендей. Бек деле жаманбы, жакшыбы, аздыр-көптүр маданиятка өз салымын кошту. Анын да жакшы ырлары бар, баары ойдогудай деп айтуудан алысмын. Эми булар мындан ары да иштеши керек. Алчусун алдык деп өздөрүн таштап койбой. Мен А.Иманалиеванын эмгеги бааланбай келгенине нааразы болуп келем. Анын да ала турган убагы өтүп баратат, өтүп кетсе унутулуп калат ал дагы. Айчүрөк Кыргызстандын маданиятына ат көтөргүс эле эмгек кылды. Канчалаган чет мамлекеттерден кыргыздын желегин желбиретип, ардак грамоталар менен сыйланып келип жатат.
Мен билем, ким кандай жолдор менен наам алгандыгын. Маселен, ким кимдин таанышы, кимдин көңүлдөшү дегендей. Азыр бизде иштеген эмгегине эмес, жүзүнө, "крышасына" карап иш жасап калбадыбы.
Ал эми А.Нарбаева, А.Мадиевалардын эмнесине берди түшүнбөй келем. Буларга окшогон көптөгөн татыксыз инсандарыбызга берилгени менин жүрөгүмдү өйүп келет.
Мындан да жаман жери- биздин мамлекетте көзүнүн тирүүсүндө эмгеги, таланты бааланбай келет көбүнчө. Качан оо дүйнөгө аттанганда, кейип-кепчип, анан барып бир наамды берип коебуз.
- Кайсы чет мамлекеттер сиздин талантыңызга күбө боло алышты?
- Кытайга, Турцияга, Пакистанга, Германияга барып концерт коюп келдик. Кечээ жакында кокустан эле бир тойго барып ырдап калдым Казакстанга. Болгону үч эле ыр ырдадым, мага 1500$ беришти, мен абдан ыраазы болуп калдым. Алар ушунчалык таланттууларды баалашат экен. Ал го жөн эле той, мен концерт коюп барсамбы деп ойлогом. Тилекке каршы, ушу турган Казакстан менен Өзбекстанга жете албай койдук. Кантип барыштын жолун билбейт экенбиз. Билгендерден сурасак айтышпайт. Кыргызстанда экономикабыз өнүкпөй эле, көрө албастык, ичи тардык өнүккөн. Мен жаңы чыгып жаткан учурда да мындай көрүнүштөр көп болчу.Сахнага кийген улуттук кийимди кайдан тиктирсем болот деп сурасам, билген эле аттуу-баштуу адамыбыз айтпай койгон.
- Суроону үй-бүлөңүз тарапка бурсак. Жалпы окурмандарга үй-бүлөңүз тууралуу кеп кылып кетсеңиз?
- Атайбек экөөбүз 1973-жылы баш кошконбуз. Мына ошол жылдан тартып түтүн булатып келебиз. Студент кезде баш коштук, көптөгөн кыйынчылыктар болду.Балдарымды удаа-удаа төрөп түшүп жаш аялмет болуп, аябай жүдөдүк, кыйналдык. Улуусун кайненем багышты, кийинкисин өзүмдүн апам багышты. Сессия учурунда экзамен берип жатканда, сыртта канча күтүп жүрдү апам жарыктык. Батирден батирге көчүп- конуп, кыскасы көрбөгөндү көрдүк. Биз баарына туруштук берип, жеңип чыктык. Кудайдын мунусуна да тобо. Азыр үйлөнүшүптүр, экөө тең студент экен десе, кадимкидей жүрөгүм ооруйт. Кудайга шүгүр, үч баланын мээримдүү ата-энеси болуп, аларга татыктуу тарбия-таалим бергенге аракет кылдык. Аракетибиз текке кеткен жок. Улуусу- Нурлан, жакында эле үйлөндү, андан кийинкиси- Нуржан деген кызым, үйдүн кенжеси- Арлен. Экөөбүздүн бирге түтүн булатып,эки бакыр бир тукур болуп жашаганыбызга быйыл туура 34-жылдын жүзү болот.
- Атай агай менен кандайча таанышып калдыңыз эле?
- Атай экөөбүз чогуу окуп калдык . Мен баян чертип ырдайм, ал аккардеон тартат. Ошентип, экөөбүз бир курста, бир группада окуп жүрдүк. Ал да жакшы окуйт, мен да андан кем калбай жакшы окуйм. Менин эки жолдош кызым бар болчу, бири- Ысык-Атадан, экинчиси- Казакстандан. Казак жолдош кызым кыргызга турмушка чыкты. Тиги ысык аталык дос кызымды, берки жолдош кызым өзүнүн агасына казакка качырып жиберди. Ошентип, мен коко тикенектей болуп жалгыз жүрүп, бул агайыңдын торуна кантип түшкөнүмдү өзүм да билбей калгам. Тагдырдын буйругу экен баш кошуп калдык.
- Окурмандарга кызыктуу маек куруп бергениңизге чоң рахмат.
Маектешкен
Гүлзана БЕЙШЕНАЛИЕВА,
"Ачык саясат"