№73, 07.10.08-ж.
  Ө н ө р ү ң б о л с о ө р г ө ч а п

Өмүрбек Андарбеков, ырчы:
"Ата-Журттан алыс кетпейм"
АКШнын Лос-Анжелес шаарында, "Star TV" телеканалы уюштурган аткаруучулук өнөр боюнча бүткүл дүйнөлүк сынак болуп, ага 64 өлкөдөн үч жүздөн ашуун ырчы катышкан. Ошол сынакка, кошуна өлкөлөрдөн, Казакстандан 30 ырчы, Россиядан 20, Украинадан 16, Армениядан 12 ырчы жөнөтүлсө, Кыргызстандан казактардын жардамы менен Ома деген жигитибиз өз каражаты менен жөнөйт. Ома баарыбызга белгилүү "Сары ой" деген ырды музыканын коштоосу жок созолонто ырдап, англис тилиндеги ырларды да келиштире аткарып, үч алтын, бир күмүш медал менен кошо негизги сыйлык болуп эсептелген чемпиондук төрт орундун экөөнү жеңип, ооматтуу кайткан. Кыргызстандын желегин Америкада желбиретип, кыргыз элинин сүймөнчүлүгүнө "Ома" деген ат менен ээ болгон Өмүрбек Андарбековдун жеңиштен кийинки жашоосуна кызыгып маек курган элек.

- Өмүрбек, Америкадан алтын медалдарды тагынып келгениңден бери жашооңдо эмне өзгөрүүлөр болду? Сенин сыйлыгыңды бийлик төбөлдөрү кандай кабыл алды?
- Учурда көпчүлүктүн кызыкканы эле "Мамлекет тараптан кандай жардам болду?"- деген суроолор. Бардыгы өз убакыт-сааты менен болот да.
Мамлекеттин колдоосунан да, мен үчүн карапайым кыргыз элимдин өзгөчө сый-урматы жашоомдун жакшы күндөрүнө айланды. Себеби, кайда жүрсөм да, жөнөкөй элдер токтото калып: "Кыргыздын желегин Америкада желбиреткен Ома деген жигит сенсиңби?" - деп сурап калышат. "Ооба"- десем, сыймыктануу менен менин колумду кысып, "азаматсың"- дешип кучактап, алкыш айткан учурларда өзүмчө көңүлүм толкуй түшөт.
Ушундай мамилелерден улам, чоң суммадагы каражат сарп кылып, өз ыктыярым менен Америкага барып келгениме эч убакта кейибейм. Элим эмгегимди баалап, сыйлыгымдын кадырын түшүнүп жатканына ыраазы болом.
- Демек, эмгегиңди эске алып, Маданият министрлиги мамлекеттен каражат бөлдүрүп берүүгө белсенген жокпу?
- Ушул айдын орто чендеринде президенттин кабыл алуусунда болом. Кандай белектер болоорун ошондо көрө жатабыз да. Ал эми Маданият министрлиги ажобуздан озунуп, биринчи куттуктаганы туура эмес болуп калмак.
- Чыгармачыл чөйрөдөгү адамдардын аты элге тааныла баштаганда, өз ишине өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле жасап калышат эмеспи…
- Ооба, айтканыңызда калет жок. Учурда жаңы ырлардын үстүндө кызуу иштеп жаткан кезим. Тилегимде жалаң эле Кыргызстан менен чектелип калбай, жок дегенде Орто Азияга кеңири сиңе турган сапаттуу ырларды жаратып, элимдин үрп-адатын, салт-санаасын, маданиятын башка улуттурга да көрсөтүүгө аракеттенип жүрөм.
- Бардыгын убакыт көрсөтөт эмеспи, айткан тилегиңе жет. Бирок, азыркы учурда таланттууларыбыздын көпчүлүгү кошуна мамлекеттерге ооп кетип жатпайбы, сенде андай ой жокпу?
- Чынын айтсам, бул ийгиликке жетишкенге чейин эле мени Казакстан, Кытай, Россия, Украина, Белоруссия мамлекеттери чакырышкан. Жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүп, атуулдук беребиз дегендери да бар эле. Ошол учурда кетпеген Өмүрбек, атагы чыкканда Ата-Журтунан алыс кетмек беле.
Мисалы, мен чет өлкөдө жүрсөм акчаны көп таап, бай болушум мүмкүн. Ал эми бул жарыкчылыктын жыргалы жалаң эле байлык менен чектелбейт эмеспи. Өз Мекенимде аз өлчөмдүү материалдык каражат тапсам да, эмгегим элге сиңет. Ошол эмгегимдин үзүрүн 20-30 жылдан кийин болсо да көрөм деп ойлойм. Башка өлкөдө кандай мыкты ырдаба, эң жакшы атуул болбо, эч убакта алдыңкылардан боло албайсың. Өз өлкөңдөн өсүп-өнгөнгө эмне жетсин. Ошондуктан Мекенимден эч жакка кетпейм.
- "Чыгармачыл адамга ийгиликтерге жетүү үчүн колдоо жана каражат керек. Биз Кыргызстанда каражаттан кыйналабыз"- дегендерге кандай карайсың?
- Анын баары шылтоо. Себеби, канчалык адам эмгекчил, күжүрмөн болсо, үзүрүн ошончолук көрөт эмеспи. Кыргыздар, "Аракетке берекет", "Иштеген тиштейт"- деп бекеринен айткан эмес чыгаар. Тытынып иштеп жүрүп, үзүрүн көрбөй калгандарды көрө элекмин. "Алма быш, оозума түш"- дегендерге айла жок. Мисалы, Москвага баргандардын маянасы биздикине караганда 5-10 эсе жогору. Ал акча көп көрүнгөнү менен ал жактын кымбатчылыгы менен кыйынчылыгын эске алсак, ашып кеткен деле артыкчылыгы жок. Кыргызстанда деле жүрүп, адал иш менен аракет кылсаң бардыгы болот.
- Бүгүнкү жаштар өзү ырчы, өзү обончу эмеспи. Сенин чыгармачылыгыңда кандай?
- Ырдай турган ырларымдын обондорун өзүм чыгарам. Мазмунун болсо, адабий тилди өтө жакшы билген, мыкты адистиги, Кыялбек Урманбетов деген кыргыз элине эмгеги сиңген агабызга жаздырам. Кыргыз эли сөздүн тереңине маани берип, сөз баккан эл эмеспи. Ошондуктан, мааниси жок сөздөрдөн алыс болуп, обону менен сөзү айкалышкан сапаттуу ыр жаратуу башкы милдетим деп эсептейм.
- Сахнага кийип чыккан кийимдериңди кайдан аласың же тиктиресиңби?
- Өзүмө өзүм стилистмин десем болот. Анткени, дүкөндөрдү кыдырып, костюмумду бир жерден, шымымды башка жерден тандап олтуруп кураштырып алам. Улуттук костюмдарымды болсо, "Кыял" кол өнөрчүлүк бирикмесинде иштеген эжекелерибизге оюмдагы костюмду айтып берсем, кыялымдагыдай кылып тигип беришет.
- Маданият министрлиги концерттерде нукура ыр менен ырдоо демилгесин көтөрүп, тартипти катуу коюп жаткандай болду эле…
- Демилгени колдойм. Бирок, бул иш айтылганы менен тиешелүү деңгээлде көзөмөлгө алынбай, аткарылбай калды окшойт. Чындыгында эле саны бар, сапаты жок ырлар көбөйдү. Ошондуктан ар бир ырчы өз үнү менен ырдаса, ырлар да өзүнөн-өзү эле иргелип калмак.
- Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат эмеспи, дагы кандай өнөрлөрүң бар?
- Мен музыкадан алыстап, Тышкы иштер министрлигинде иштеп жүргөндө бир аксакал киши айтты эле: "Өмүрбек, Кудай таалам үндү бардык адамдарга бере бербейт. Кудайдан берилген талантты өзүң үчүн эмес, элге жумшашың керек"- деп. Ошол даанышман адам туура айтыптыр. Менин жашоодогу максатым- саясатчы болуш. Бирок, музыка дүйнөсү, башка иштериме тоскоолдук кылбайт деп ойлойм.
- Конкурста жүргөн кызыктуу күндөрүңдү эске сала кетсең?
- Отуз күндүн бардыгы эле кызыктуу өттү десем болот. Анткени, 8 күн конкурска катышсам, калган 22 күндүн ичинде Американын жартысынан көбүн кыдырып чыктым. Дүйнөдөгү эң чоң шаркыратмалардын бири Ниагараны көрдүм. Нью-Йорктун көчөлөрүн кыдырып, Чикагонун парктарына, музейлерине бардым.
Эң кызыктуусу Голливуддун атактуу жылдыздары менен таанышып, алар менен сүрөткө түштүм.
- Кандайча таанышып калдың?
- Шоктугум жардам берди окшойт. Жаңы тасманын ачылыш аземине, башка эле бирөөнүн бейджигин мойнума иле коюп, көпчүлүккө аралашып кирип кеткем. Көрсө, жаңы тасманын ачылыш аземине чакыруу алган адам өзү бара албай калса, интернет аркылуу чакыруу барагын аукционго коет экен. Ал кеминде 15-20 миң долларга сатылат экен. Сынакка бирге катышкандар тамашалап жатышпайбы: "Өмүрбек, сен 20 миң долларды үнөмдөп калдың"- деп. Дагы бир кызыктуу окуя, окенда сууга түшүп жатсам кичинекей акулалар жанымда сүзүп жүрөт. Алардын адамга зыяны жок экен. Ошол акуланын бирөөнү кармап алсам, жээкте жүргөн жергиликтүү элдер "салмагы 10 кг. жетпеген акуланы кармаганга болбойт "- дешти. Эгер 10 кг. жогору болгондо ичеги-карынын ыргыта салып, Кыргызстанга алып келмекмин, кууруп жеп көрөт элек да. (күлүп)
- Өмүрбек, тамагыңда өзгөчө шрам бар экен. Витаска окшоп операция жасаттың беле?
- Аны айтпайм. Тамагымдагы шрамдын чыгармачылыгыма эч кандай тиешеси жок, өзүнчө сыр. (күлүп)

Маектешкен
Гүлниза Молдокулова,
"Ачык саясат"