№73, 07.10.08-ж. Адашкан аксылыктар, алыстаган жакшылыктар
Адашкан аксылыктар,алыстаган жакшылыктар
"Эсил кайран СССРим" деп, ошол кездеги бакубат жашоону эскерүү күндөн-күнгө адатка айланып баратат. Өзгөчө ажобуз, "тезек тергиле"- деген ураанын улуу журтубузга узаткандан кийин, жаркылдап турган Ильичтин шамы жалпы өчүрүлө баштагандан тартып, жакырчылыктан арыла албаган жакыр калкыбыз бул сөздү жадыбалдай жаттап алышты. Эгемендиктин он жетинчи жылында эсил кайран СССди эстегенибиздин жөнү бар. Анткени, андан бери карай бийлигибиз канчалык алмашканы менен, жашоо турмушубуз өзгөрүлгөн жок. Тескерисинче, СССРдин телегейи тегиз кыргызы, тезек терген кара кыргызга айланды. Мен муну менен эмнени айткым келет? Албетте, азыркы менен мурунку бийликтин жүргүзгөн саясатын.
Эгемендиктин эртеси ээрге отурган ажобуз, Аскар Акаевди адилетсиз бийлик жүргүздү деген шылтоо менен Ала-Тоодон айдап чыктык. Мурунку президентибизди азыркы бийлик өкүлдөрү шайлоолорду адилетсиз өткөргөндүгү үчүн күнөөлөп келишкен. Эми ошол сынчылар бийликке жеткенден кийин шайлоолорду кандайча өткөрүп жатышат? Акаевдин бийлигин тартып алган азыркы бийлик өкүмзарлары ушуну менен төрт шайлоону баштарынан өткөрүштү. Атасак президенттик, парламенттик, референдум жана кечээки жергиликтүү бийликтерге болгон шайлоолор. Мындайча айтканда, баш мыйзамда каралган шайлоолордун баарысын басып өттү. Эми ошол Акаевдин акыркы парламенттик шайлоосунда атаандашына 9 миң добуш уттуруп коюп, депутаттыкка жетпей калган Бакиев чоң чатактын аркасы менен ажолукка жетти. Акаевдин шайлоолорун айыптаган Бакиев шайлоолорду кандай өткөрүп жатканын өз көзүбүз менен көрдүк. Артык кылам деп тыртык кылды десек, аша чапкандык болбос. Акаевдин өткөргөн шайлоолорунун жыйынтыгын ошол түнү болбосо да, эртеси күнү укчубуз. Ал эми, "БШКнын башчысы шайлоолорду таштап качып кетти"- дегенди кыргызстандыктар эмес, дүйнө жүзү укпаптыр! Өткөн парламенттик шайлоолордун жыйынтыгы азыркы күнгө чейин ачыкка чыгарылбай жатса, Акаевди айыптаганыбыз акылсыздык болуп жатпайбы? Ошол парламенттик шайлоолордо атаандаштарына уттуруп коюп, жаңжал чыгаргандардын баарысы бүгүн бийликте отурат. Мисалы, президент Курманбек Бакиев Кара-Үңкүрдөн, мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу Баткенден, Коопсуздук кеңеш катчысы Исмаил Исаков Алайдан, Үсөн Сыдыковдун уулу Бакыт Сыдыков Майлы-Суудан, министр Акылбек Жапаров Кочкордон, губернатор Аалы Карашев Кара-Суудан, губернатор Болотбек Бейшенбеков Кочкордон, губернатор Кыдыкбек Исаев Ысык-Көлдөн, экс-спикер Адахан Мадумаров Өзгөндөн ж,б.у.с. депутаттыкка өтпөй калышкандарын көпчүлүк көңүлүнөн чыгарыша элек. Бир аймактын элинин ишенимине ээ боло албагандар, бир заматта бүтүндөй кыргыз калкынын ишенимине ээ болуп кеткенине ким ишенмек эле? Ошол кездеги шайлоолордун запкысын жегендер, эми башкаларга өз өнөрлөрүн көргөзүп жатат. Акаевдин учурунда шайлоочулардын добушун акчага сатып алышса, азыр акчасы жок эле уурдап алышууда. Акаевдин учурунда оппозиция талапкерлерине парламенттен аздыр-көптүр орун берилсе, азыр оппозициянын талапкерлерине түрмөдөн орун бериле баштады. Азыркы бийлик менен мурунку бийликтин шайлоо саясатын мен эмес, турмуш далилдеп берди. Ушунча болгондон кийин, Аскар Акаевден кечирим сураганыбыз уят иш эмес. Бакиевге жалданганыбызды моюнга албасак да, алданганыбызды моюнга алышыбыз керек. "Ак саманды жаман деп, чөптү кайдан табасың"- дегендин ордуна, "Акаевди жаман деп, ажону кайдан табасың"- десек болчудай. Акаевди аксылык Топчубек алып келсе, Бакиевди аксылык Азимбек алып келди. Алып келсе аксылык, болбойт окшойт жакшылык.

Башкы редактордун
милдетин аткаруучу
Рыскелди МОМБЕКОВ




  Коргоп турса кең Мекен, коррупционер болуш эмне экен…

КЫРГЫЗ КОРРУПЦИЯСЫ СҮТТҮҮ, СЕМИЗ, БООЗ ЖАНА ТҮБӨЛҮКТҮҮ
Өткөндө "Азаттык" радиосу коррупция жөнүндө чакан кеп кылганга үч адамды чакырыптыр. Алардын экөө коррупцияга кандайдыр бир деңгээлде аралашып калган - бири -алып, бири- берип дегендей, үчүнчүсү болсо- коррупцияны алдын алуу боюнча агенттиктин Комиссарынын орун басары экен. Коррупцияга кенедей да тийешеси жок дагы бирөөнү чакырып койсо болмок экен деп койдум.
Ошентип, мурунку бийликтин өкүлү Болот Жанузаков азыр коррупция өсүп кеткенин айтса, азыркы бийликтин өкүлү Наргозуев азыр коррупция басаңдаганын айтат, министрлердин баары эле бекер орношкон-дейт, бири-Акаевин, экинчиси- Бакиевин коргоп жаны калбайт, берки жигит, аты-жөнүн эстей албай турам, план түзүп жатабыз эки айдан бери-дейт. Ал планы бүткөндөн кийин кандай иш жүргүзөөрүн так-даана айта албайт. Ушундай маек. Алар азыр биздин өлкө коррупция болуп көрбөгөндөй чатырап турат деген чындыкты тике качырып айтышпады…Апенди айтмак…
Жанагы Эл аралык уюмдун изилдөөсү боюнча былтыр 150 орунда болсок, быйыл 166 орунда түшүптүрбүз. Чегинерге жол деле жок калыптыр да! Жайында Бишкекте коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө Эл аралык чогулуш болуп, ошондо президенттин кеңешчиси Т. Мамытов радиокабарчыга "бизде коррупция эки-үч эссе азайды" дебатпайбы уялбай-этпей эле…
Баса, кечээ жакында Россиянын президенти Медведев коррупция маселелси жөнүндө атайын чогулуш өткөзүп айтты го, "бу коркунучтуу көрүнүш биздин күндөлүк турмушка айланды" деп. Килейген мамлекет ушинтип коррупциядан коркуп жатса, биздикилер кебелип койбойт. "Турмушубузду коррупция бүтүндөй чырмады" деп бир дагы жетекчибиз айтпайт, "бир карын майды бир кумалак чиритет" дегендей деп ошол сөзгө жашынып алып анан гана айтат. Биздин азыркы бийликтин тушунда коррупция менен күрөш жүргүзөбүз дегени, бери дегенде эле чымын учуп келип пилди "жыга чабам"деп коркуткандай кеп болуп калды. Коррупция биздин адамдарды ушундай чырмаган, ичкен суубуз менен жуткан абабыздай эле керектүү абалда. Аларсыз жашоо жок эмеспи.
Эмне кылуу керек? Адатта орустун илгерки революционерлери ушуинтип суроо салып баш катырчу экен. Эмне кылуу керек? Менин оюмча, эң биринчи иретте Президент тобо келтирип аржак-бержагын карап, катуу кагынып-күүнүп өзү таптаза болуп алып, бала-чакасы, бир туугандары дагы дегеним, өзү анабашында туруп анан аты бар заты жок эмес, накта бир уюмду түзүшү керек, коррупцияга даана күрөшкөн, аларга олчойгон укукту бериш керек, кенедей эле сөзгө илинген жетекчини кызматтан алып, жоопко тарттырыш керек. Акаевдин тушунда балакеттей тоюнуп алган коррупционерлерден ончактысын ачык сот өткөзүп куздуруп, анан он-он беш жылга "эс алдырыш" керек. Ошол уюмдун ар бир ишин, кадамын калың журт билип тургандай болсун. Мына ушундай эле баналдык жол керек.
Жакшылап кузуп берчү момундай фамилиялар бар да: Танаев, Тагаев, Чолпонбаев, Чынгышев, Нанаев, Кулов, Силаев, Жумалиев, Ширшов, Балкыбеков, Сартказиев, Кайыпов, Бубель, Носов, Малабаев, Жайсаңбаев ушинтип санай берсек иттин кара капталынан…
Адегенде репрессия такымдаган чаралар болмоюн коррупцияң деген быш деп да койбойт. Мына ушундай чаралар гана коррупцияны басаңдата алат. Аны биротоло жоготуш деген сөз - жашоону токтотуш деген менен барабар, ошондуктан ал жөнүндө айтпайлы… бөтөнчө кыргыз турмушунда.
Ушу бүгүнкү күнү биздин турмушта Конституцияга жазылгындай мыйзам орноду жана да таптак аткарылат: бара берип ишти таптакыр бүтүрө албайсың, пара берип бүтүрөсүң. Мектепке бересиң,ооруканага бересиң, айыл өкмөткө бересиң, мэрге бересиң, акимге бересиң, губернаторго бересиң, министрге бересиң, университетке бересиң, прокурорго бересиң, милийсага бересиң, сотко сөзсүз бересиң, токойчуга бересиң, жаратылышты коргогонго бересиң, коррупцияга каршы күрөшкөнгө бересиң, балакет баскырыдыкы моргго да бересиң. Деги пара бербеген жер барбы? Жок! Мурун сылык-сыпаа алышчу эле, азыр болсо түз эле айтат "апкел!" деп, "жашылынан" деп!
Кээ бир мамлекеттик маанидеги чогулуштарда коррупцияга каршы күрөш жөнүндө бирөө сөз сүйлөп жатса, интернаттын балдарындай болуп бүтүндөй коррупционерлер тизилип, бетин табактай кылып тыңшап отурат. Ушундай абалга келип жеттик! Анан да кээ бири сөз алып "коррупциянын тамырын кыркууга мезгил жетти!" деп койгонуна не дейсиң?! Карабашын жегир э-эй!
Соттордун айлыгын көбөйтүш керек, прокурордукун көбөйтүш керек, тигиникин, мунукун көбөйтүш керек, ошондо коррупция токтолот деп акыл айткандар да чыгып калат. Ай, акылдуум, азыркы кыргыздын сотторунун акчасын миң эсеге көтөрчү, пара албай коер бекен. Балакеттей алат. Системаны оңдошубуз керек, психологияны оңдошубуз керек. Маселе деген ушул жерге келип такалат. Аларды оңдош деген президент баш болгон биринчи жеткечилердин милдети. Мына ошолор акактай таза болсунчу, андан кийинкилерден бири да булганбайт. Балээнин баары ошолордо болубатпайбы.
Алар тазаланмайын, коррупцияга каршы күрөшүп жатабыз деген сөздү жомок да көтөрө албайт. Бу мен айткан, тапталган сөз кайра-кайра айтылып турушу керек…

Баратбай АРАКЕЕВ