presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№72, 03.10.08-ж.
  Азизбектен азил кеп

Ак үйгө барып келгенин угуп, кочкорлук Коңкобайдан тааныштары:
- Деги бу Ак үйдө эмне жаңылыктар бар экен? - деп сурап калат.
- Кызык, - дейт Коңкош акең. - Акаевдин заманында туалетке "А" жана "Э" деп жазып коюшчу. "А" тамгалуу туалетке Акаевдин кишилери, "Э" тамгалуу туалетке эл кирчү. Эми, Ай үйдө туалетке "Ж", "М" деп жазып коюшуптур. Бу бийликтегилер экиге бөлүнүп алыптыр. Илгери туалетке аялдар өзүнчө, эркектер өзүнчө кирсе, эми аралашып эле кире берет экен. Бир гана "Ж" тамгалуу туалетке Жаныш мырзанын, ал эми "М" тамгалууга Медет менен Максим мырзанын кишилери гана кирет,- дейт.

Бийлик анатомиясы
Азыркы бийликти бир дене катары элестетип көрсөк, кызык көрүнүшкө туш болот экенбиз. Бийликтеги азыркы саясий интригалардан улам, эки ажырым пайда болгону бардыгына түшүнүктүү. Демек, башы өзүнчө, тулку бою өзүнчө бөлүнүп калган сыяктуу сезилет. Эмесе, бийликтин анатомиясына көз салып көрөлүчү.

Жүрөк.
Курманбек Бакиев
Курманбек Салиевич азыркы бийликтин жүрөгү экендиги "Иттин уулу Байгарага" деле белгилүү. Жүрөк токтоп калса, башың да, денең да "оомийин" болоору айтыллуу иш. Курманбек Салиевич деле бийликтен кетсе, азыркы бийликтин ишпалдасы чыгат.

Кулак, сөөмөй.
Медет Садыркулов
Каратэ, дзю-до эмес, саясий оюндар боюнча "черный поясы" бар Медет мырза бийлик анатомиясында эки ролду аткарат. Биринчиси- кулак, анткени, өзүнөн жогору тургандарга кулак салат да, өзүнөн төмөн тургандардан уккандарын өйдө жакка шыбырап турат.
Экинчиси-сөөмөй, себеби, өзү менен каршылашкандарга сөөмөй кесеп туруш керек. Ал эми өйдө жактагылар сөөмөй кесесе, буту-бутуна тийбей чуркаш керек. Ошондуктанбы, жаңы жылдын алдында, "именно" кулак менен сөөмөйдү белекке алып турат. Казактарда билбейм, кыргыздарда бул жакшы жөрөлгө эмес. Жакшы адамга адамдын сөөмөйү менен кулагын кесип тартуу кылбайт.
Саясий интригалардын гроссмейстери Медекеңе Акаевби, Бакиевби, Бакаевби, Чакиевби баары бир. Ким болсо да, "котур ташын койнуна салып" колтугуна кирет да, королду жеп койгуча ферздин милдетин аткара берет.

Көз.
Мелис Эшимканов
Мекеңдин көзү абдан көрөгөч. Адамдын эки ийнинде экиден периштеси болсо, Эшимкановдун эки ийнинде экиден төрт периштеси бар. Алардын да аты бар, көрөгөч Маамыт, жер тыңшаар Маамыт жана дагы Маамыттар. Ошондуктан, кайсы жерде болсо, массалык маалымат салгылашуусунда жеңиш Эшимканов тарапта болот. Акаевдин убагында деле Мелис мырза жеңип чыкчу, Бакиевдин убагында деле далай жеңишке жетти. Эми бийлик тарапка ооп кетти эле, оппозиция тарап коңултуктай түштү.
Еврейлер: "Фараондор менен еврейлер бар эле, фараондор каякта?", "Инквизация менен еврейлер бар эле, инквизация каякта?", "Фашизм менен еврейлер бар эле, фашизм каякта?", "Эми еврейлер менен ким жекеме - жекеге чыгат?" - дешет экен. Анын сыңарындай, "Эшимканов менен комсомол бар эле, комсомол каякта?", "Эшимканов менен Акаев бар эле, Акаев каякта?", "Эшимканов менен оппозиция бар эле, оппозиция каякта?", "Эшимканов менен азыркы бийлик бар эле … Ой, азырынча айтууга эртелик кылат".

Өпкө.
Данияр Үсөнов
Эр Төштүктүн атасы Эламандын үстүнө жез кемпир минип алып желип атат дейт.
Элекең: "Короо толо коюм бар, өзөн толо малым бар, сандык толо казынам бар, ошонун баарын алып чымындай жанымды аман калтыр" - деп жез кемпирге жалдырап жатат - дейт. Жез кемпир ото бетер желип: "Сен өлгөн соң аларың меники эмей, кимики?" - деп айласын кетирет. Эламан көзү тойбой сууга агып бара жаткан өпкөнү кармайм деп жез кемпирдин колуна түшүп калган жоругу кайталанат.
Садыркуловду эсепке албаган Данияр мырза, өпкөсүн калдайтып, бийликтин бийик сересине чыгып, демите баштаган. Бийликти Эламанды жез кемпир демиткендей: "Сен кеткен соң бул бийлик, меники эмей, кимдики" - деп, тоонун чокусуна чыгып баратып, шыпырылып түшкөн альпинистей, азыр шыпырылган бойдон ылдый түштү.

Ооз.
Феликс Кулов
Бул ооз - сугунганга мыкты ооз. Сугунаарын лап этип эле сугунат, атаң камерадабы же бийликтин бир капшытындабы, кепшеп жата берет. Акыркы мезгилде чоң-чоң ГЭСтерге тиши өтпөй, майда-чүйдө мини ГЭСтерге тиш салып калды.

Баш.
Кулак, ооз, көз жана башкалар бир команда - башка кирет. Тулку бойдон өзүнчө бөлүнүп турушат. Эми тулку бойго кирген органдар тууралуу бир аз маалымат бере кетели.

Мээ.
...?
Азыркы бийликтин анатомиясында мээге татыктуу чиновник деле жок экен. Деги, азыркы бийликтин "мээси" жокпу?- деген ой келет. Жок болсо жок болоор, мээси жок эле далай чиновниктер иштеп жүрбөйбү.

Муштум.
Жаныш Бакиев
Жаныш мырзаны муштум деп айтууга болбойт, "көмүскөдөгү муштум" же муштумдарды аракетке келтирүүчү нерв системасы. Эгерде, Жаныш мырза нерв системасы болсо, муштумдар ким экени элге беш колдой белгилүү да. Бөтөнчө, сыртка чыгып кеткен Эдил Байсаловго, Клара Кабиловага кош кабат муштумдар түйүлөт.

Бут.
Үсөн Сыдыков
Азыркы бийликти бутуна тургузган аксакалыбыздын түрткөн кадрлары бутуна тургуча эле, Садыркуловго жем болуп атканы белгилүү. Бийликти Акаевден тартып берген соң, өзүнүн бутундагы өтүктүбү же Шералынын өтүгүнбү, кайсы бир жерге илип койгон деген сөз бар. Бирок, бийлик Шералынын өтүгүнө кошуп туруп, Үсөн акени майлуу орунунан кубалап түштү. Илгерки заман болсо, Нүзүптөй болуп башы деле кетмек. Башы аман болсо, "Бөрү карыса бир койлук алы бар" - дегендей, Үсөн акенин деле бир президенттик алы болсо керек. Бийликке кызмат кылбай койсо эле, буту жок мунжу бийлик болуп калмак.

Билек.
Мурат Суталинов
Мукебиз эки жыл мурун элге билегин көрсөтө коем деп, уяттуу жигит экен, ошондон бери уялып, элге жүзүн көрсөтпөй калды, "подпольеге" кетсе керек. Илгери үч тамганын кызматкерлери жүздөрүн жашырып жүрчү. Арийне алар шпиондордун сазайын берчү. Азыркы "ЭСЭНБЭчилер" эсен эле болсун, журналисттердин сары изине чөп салгандан башка иштери калбай баратат.

Чычаң.
Сапарбек Балкыбеков
Акаев ГЭСтерди менчиктештирем десе деле, Бакиев ГЭСтерди менчиктештирем десе деле Балкыбековдун чычаңы көрүнүп калат. Балкыбеков үйүндө балкып, телегейи тегиз жашаганы менен кыргыздар XIX кылымда эмес, XXI кылымда жашап жатканын унутуп баратат окшойт. Мейли, эми чырак менен коммунизмге, тоюз, жакшы заманга барарбыз.


Бетти даярдаган
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ










??.??