presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№72, 03.10.08-ж.
  Эл Баатыры эмне дейт?

Кыргыз Республикасынын Баатыры
Тургунбай Садыков менен маек:
"Биз сабырдуулук менен баарын жеңебиз"
Ата-Журтту ардактап, Ата-Журт кылган калың катмарлуу калк экени талашсыз. Ата-Журт, Ата-Конуш болбосо калктын калк болоорлугу күмөн иш. Ал эми Ата-Журттун түптөлүшүнө, өнүгүшүнө, өз алдынча толук кандуу күн көрүшүнө, Ата-Журтту алыска таанытууга, Ата-Журтка чоң аброй алып келүүгө өзгөчө салым кошкон эр-азаматтар эл арасында эң эле көп, бирок ошол көптүн арасында да көктөгү жылдыздардай жаркыраган кайталангангыз орду барлар саналуу гана. Өзгөчө дегенибиз: "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген эң жогорку наамды алууга жетишкен, байыркы кыргыздын азыркы Баатыр уулдары. Манас баш болгон чыгаан баатырлардын ысымдары тарыхта ташка тамга баскандай жазылып калгандыгынын эң башкы чоң себеби, аларды элине өлбөс-өчпөс эмгек кылгандыгында. Кыргыздар илгертен чеченди да, эр жүрөктү да, иш билги адамды да өтө ызаттап "баатыр" деп айтышкан.
Окурман журтка "биздин замандын Баатырлары менен болгон Ата-Журттун азыркы ахыбалы жөнүндөгү маектерди сунуш кылабыз.

- Тургунбай агай, сиз азыркы тапта элибиздин көңүл борборунан өзгөчө орун алган бийик даражалуу баатыр инсандарыбыздын бирисиз, сиздин азыркы заманга болгон көз карашыңызга, ой-пикириңизге окурмандар өтө кызыктар экенин эске алып сиз менен ушул багытта маектешели деп турабыз?
- Эми азыр бир жагынан кыйын заман болуп жаткандыгы чындык, бирок ошого карабай, бир жагынан жакшы иштер аткарылып, элибиз кандайдыр бир деңгээлде жакшы жашоого жакындап бараткансыйт. Жеке менен оюмда өлкөбүздүн ар бир жараны өз кесибинде таза, ак ниет жана берилүү менен иштешсе эле заманыбыз бат эле оңолуп кетет. Демократия деп эле ашыкча терс иштерди жасоонун кереги жок. Бирок, биздин коңшу өлкөбүз демократия жолу менен жашап атышат, демек, бул жолду көпчүлүк өлкө колдоп аткан соң, жаман жол эмес. Биз ушул жолдун жакшы жактарын жакшылап тереңден издешибиз керек.
Чынында азыр аз-аздан болсо да экономикабыз көтөрүлүп келатат. Мурдагыга караганда азыр маданиятыбызга, адабиятыбызга, деги эле искусство жаатына жакшы көңүл бурула баштады. Негизинен, бир коомдон бир коомго өткөндө созсүз кыйынчылыктар болот, ал кыйынчылыктырдын көбү өлкөнүн экономикасына байланыштуу болоорун эске алышыбыз керек. Экономикабыз көтөрүлсө эле, жашообуз оңолот. Бирок, бул кыска убакыттын ичинде эле боло калбайт, ошон үчүн буга сабырдуулук керек. Элибизде жакшы сөз бар эмеспи: "Сабырдын түбү - сары алтын" - деген. Анан азыр эң ириде мени кубандыра баштаганы, өлкөбүздө тынччылык болуп атканы, буга чейин митингдер элибизди тажатып келди эле, эми токтоп бир нукка келип калды. Президентибиз деле колунан келген саясатын жүргүзүп жатат. Россия жана КМШ өлкөлөрү менен жакшы байланыштар болуп атат. Мына жакында эле Курманбек Салиевич интеллигенция менен экинчи жолу жолукту. Жолугушууда бардыгын ачык айтты. Жогорку Кеңеш деле ачык иштеп жатат. Бардык иштердин жыйынтыгы элге дап дайын эле болуп турат.
- Сиз кечээ жакында Президентибиздин экинчи мөөнөткө барбайм деген билдирүүсүнө ишенесизби, ушуга көз карашыңыз кандай?
- Жок, ал киши экинчи мөөнөтү бүткөндө гана барбайм-деди менин түшүнүгүмдө. Негизи эки мөөнөткө биздин баш мыйзамыбыз жол берет да, ошон үчүн ал киши эки мөөнөт иштөөгө укуктуу.
- Алдыдагы жергиликтүү жана шаардык шайлоолордун өтүшүнөн кандай жыйынтык күтүп атасыз?
- Чынында кандай өтөөрүн деле билбейт экенмин жана кандайдыр бир баа да берип айталбайм. Мен негизи саясатчы болбогондон кийин, андай иштерге көп деле көңүл бөлбөйм. Чыгармачыл адам болгон соң өзүбүз эмгектенген тармакты кенен- кесир билем жана тереңден айтып бере алам.
- Сиздин көз карашыңыз боюнча биз өз алдынча болгон күндөн баштап ушу күнгө чейин кандай чоң жетишкендиктерге жеттик?
- Менин пикиримде, биринчи эле чоң жетишкендигибиз-бул искусство тармагындагы Союз кезинде да ачылбай келген Сүрөт окуу жайынын ачылышы болду. Союз маалында мындай окуу жайдын жок дегенде бирөөнү эле республикабызга ачалы деп канча чуркадык. Бирок, эч жыйынтык чыккан эмес, себеби, башка өлкөлөрдөн окучубуз. Мына бул биздин "Көркөм сүрөт академиябыз" 1981-жылы түзүлдү эле, бирок ушул убакка чейин көркөм сүрөт өнөрүнөн үзгүлтүксүз билим алуу эми гана жакшы жолго түштү. Азыр бүт республикалык сүрөт мектебибиз бар, бул мектеп-интернатыбызда 6-класстан баштап 9-класска чейин окушат, андан соң академиянын алдында ачылган сүрөт училищесинде билим алышат, ал жерден каалагандары өзүнүн багыты боюнча иштеп кете беришет. Ал эми билимин тереңдеткиси келгендер Сүрөт академиясынан 5 жыл окушат. Академияда: "Живопись", "Скульптура", "Промышленная графика", "Айлана-чөйрөнү көркөмдөө" факультеттери бар жана театр сүрөтчүлөрү, искусство таануучулар даярдалат. Дагы айта кетчү нерсе, аспирантурасы да бар. Ал жактан негизинен жакшы окуган таланттуулар илимий даража алып чыгышат. Мына азыр ушундай үзгүлтүксүз билим берүү системасы түзүлүп калды. Коом жана эл өзгөрө берет, бирок искусство өзгөрбөстөн кылымдан- кылымга кала берет. Билим берүү боюнча дагы кошумчаласам: Ошто, Жалал-Абадда, Баткенде, Ноокатта, Ысык-Көлдө, Нарында да сүрөт мектептерибиз бар, ал жерден таланттуу окуучуларыбыз мектепти бүтүп биздин академиябызга келишет.
- Сиз бул тармактын ачылышын чоң жетишкендик катары белгилебедиңизби, а эмне себептен бул тармакка Союз кезинде көңүл бөлүнбөй калды эле?
- Республикабызга сүрөт окуу жайын ачабыз деп көп аракеттенгенбиз, Усубалиев аксакал ал кезде биринчи секретарь эле, ал киши деле жакшы билет аракетибизди. Бирок, ал убакта бардыгын Москва чечүүчү да. Азыр болсо демократиянын, эгемендүүлүктүн бир чоң пайдасы ушул, өзүбүз каалагандай ачып алып таланттууларды өстүрүп атабыз.
- Бул тармакка азыр өкмөттөн жетишээрлик көңүл бурулуп атабы?
- Өтө жакшы деп айта албайм, бирок жакшыртууга аракет кылгансып атышат. Колдоонун бири катары академияда окуган студенттердин бардыгы бюджеттик негизде окуп жана аларга 300 сомдон стипендия үзгүлтүксүз берилип аткандыгын да айтсак болот. Деги эле сүрөт мектептеринде, окуу жайларында контракт деген жок. Ал эми профессор окутуучуларыбыздын айлыгы 5-6 миң, доценттерибиздики 4 миң, андан кийинкилериники 3 миң, 2,5 миң сомду түзөт. Анан бул окуу жайдын жетишпеген жактарын айтсам: окуу материалдары, китепкана, компьютердик техникалар, боектун 12 түрү керек, бир боек банканын чоңдугу чыпалактай эле болот, баасы 300 сом. Гипс жана окуу жабдыктарынан да кем карчыбыз көп.
- Бюджеттен бөлүнгөн акча менен бул маселелерди чечсе болбойбу?
- Ал акча жетпейт. Негизинен бул маселелерге өзүнчө акча бөлүнүшү керек эле.
- Ал эми сиздердин академияда кадр маселеси кандай жолго коюлган?
- Бул жагы жакшы эле жолдо. Эл сүрөтчүлөрү, профессорлор бизде көп. Атайы кесиптер боюнча берген мугалимдердин саны-46, берки ар кыл багыттагы мугалимдерди кошпогондо. Айтор, бул кадрдык маселе бизде толук чечилген.
- Азыр бизде кыргыз сүрөт өнөрүн дүйнөлүк аренага алып чыга турган таланттуу сүрөтчүлөр барбы?
- Албетте бар, жакында эле биздин мектептин балдары Индиядан атайы конкурста жакшы байгелерди алып келишти. Ошондой эле ЮНЕСКО уюштурган конкурста да жакшы ийгиликтерге жетишишти. Эл аралык көргөзмөлөргө калбай катышып атышат. Мындай көргөзмөлөргө катышуунун өзү жакшы, себеби бири-бириникин көрүшөт, тажрыйба алмашышат, өркүндөп өсүшөт.
- Бир кезде коомчулукта борбор шаарыбызда эстелик айкелдерин көп тургузуп аткандыгы жөнүндө бир топ карама-каршы пикирлер айтылды эле, ушуга сиздин оюңуз кандай?
- Бул көбөйүп кетүүнүн эң башкы бир себебин демократиянын келиши менен түшүнсөк болот да. Колунда барлар, өйдө жакта таанышы барлар, эмгегине карбай койдуруп атышат. Ал эми эстеликтердин сапатын, кайсы жерге, кандайча коюлуп аткандыгын көп деле текшерген киши жок. Мурда болсо "Көркөм Кеңеш" деген бар болчу да, ошол "Көркөм Кеңеште" баары талапка ылайык чечилчү, азыр андай жок, ошон үчүн нааразычылыктар жаралып атат. Бирок, ошол көптүн арасынан деле жакшылары тандалып элге жагып кала берет.
- Сүрөт жана скульптура искусствосунун дүйнө коомчулугуна тийгизген таасири жана анын ээлеген орду жөнүндө кеп козгосоңуз?
- Негизи бул өтө чоң маселе. Сүрөт искусствосунун дүйнө коомчулугуна тийгизген таасири өз убагында (чыгарма жаралганда) анча билине бербейт. Таасирин так билиш үчүн 100 жыл, 200 жыл убакыт керек. Ошондо гана толугу менен билинет. Чыныгы кайталангыс чыгармалардын ажары канча көп убакыт өтсө, ошончо көп ачылат. Мисалы, Да Винчинин, Микаэлло Анжелонун, Пикассонун, Айвазовскийдин картиналарынын негизинде ошол көрүнүштөргө күбө болуп атпайбызбы. Ошон үчүн бул өнөрдүн коомго тийгизген таасири өтө чоң. Азыр убакыт өткөн сайын дүйнө коомулугуна тийгизип аткан таасири күчөгөндөн күчөп баратат.
- Өзүңүздүн учурда жаратып аткан өнөрүңүз жөнүндө да айтсаңыз же сиз азыр кадрларды даярдоо, таланттууларды таптоо менен эле чектелип калдыңызбы?
- Кадрларды даярдоо, таланттарды таптоо-бул менин коомдук ишим деп эсептейм. А чыгармачылык болсо, эч качан токтобой турган нерсе. Азыр менин жараткан чыгармаларым көп өлкөлөрдө турат: Польшада, Люксембургда, Кытайда, ООНдун имаратында жана башка жактарда. Ал эми азыр болсо заказ боюнча Иранга иштеп жатам. Фирдоусинин эстелигин даярдап.
- Чоң чыгарма жаратыш үчүн канча убакыт жана канча каражат кетет?
- Көп эле кетет. Мисалы, жанагы "Революция үчүн күрөш" деген эстелик ачылганча 12 жыл убакыт өттү. Ал эстеликтин жарымы Москвада, жарымы Ленинграда куюлган. Чыгымы жөнүндө жакшы билбейм, ал жагын заказ берген тарап жакшы билет.
- Кыргыз сүрөтчүлөрүнүн жана скульпторлорунун көзү өтүп кеткендеринин эмгектери өкмөт тарабынан жеткиликтүү бааланбай калгандары барбы?
- Андайлар бар, айтайын дегеним Кыргыз сүрөт искусствосунун башында турган: Афанасьев, Чуйков, Айтиев, Акылбеков, Герцен, Керимбеков, Пузыревский деген залкарлардын эмгектери жаш муундарга жакшы жетпей атат. Ошолор тууралуу өкмөт кичинекей болсо да китептерди чыгарып, теле фильмдерди тартып, бир аз пропаганда кылып турса жакшы болот эле.
- Маегибиздин соңунда элиңизге каалоо- тилегиңизди айта кетсеңиз.
- Кыргыз элим негизи сабырдуу эл болот. Ошол сабырынан жанбасын дейт элем, бардык кыйынчылыктарды сабыр менен жеңип келген элбиз. Элиме бакыбат жашоо тилейм. Тынччылыкты, токчулукту, жетишкендикти каалайм. Кыргыз эли Манасты жараткан байыркы эл. Майда-барат, жеңил-желпи иштерге барбай, бардык күчүбүздү, көңүлүбүздү аруу эмгекке жумшап, албан-албан ийгиликтерди жаратышыбыз керек.
- Тургунбай агай, сизге чоң рахмат, ишиңизге чексиз ийгиликтерди каалоо менен бирге ар дайым чың ден-соолукта, элибиз урматтаган улуу инсан болуп жүрө бериңиз.

Маектешкен
Айбек ШАМШЫКЕЕВ,
"Ачык саясат"










??.??