№72, 03.10.08-ж. Топчубек Тургуналиев, "Эркиндик" партиясынын негиздөөчүсү:
"Кыргызстан президентке жарыбады"
- Жогорку жактагылар "өсүп-өнүп" атабыз дешет. Сиз кандай ойлойсуз?
- "Карандай калпты үч учурда- согуш болуп атканда, шайлоо мезгилинде, мергенчиликте айтат" - деген Бисмарктын сөзү бар. Раматылык Бисмарк калптын дагы бир шумдуктай түрүн кыргыздар согуш эмес, тынчтык убакта деле айта турганын билбей о дүйнө кеткен экен… Бир нече күн мурда Каржы министри А. Жапаров, "Экономикабыз дүркүрөп өсүп атат"-мааниде бүт элге баяндады. Акылбек мырзанын оозуна олчойгон сары май, ылайым өссүн. Элибиз ошону күтүп саргайды го. Бирок, кана өскөнү? Ой то-бо, каратып туруп калпты шыпыртат. Ооба, Кытай өсүп атат. Мүмкүн, министр Кытай менен Кыргызстанды алмаштырып айтып алгандыр?" Эгерде Кыргызстандын экономикасы алдыга кетип атса, анда неге жумушсуздук күчүндө? Жүз миңдеген адамдар иш табалбай жүрөт. Неге азыр да он миңдегендер башка өлкөлөргө иш издеп кетип атат? Неге аргасыздан башка өлкөлөрдө жүргөндөрдүн жок дегенде 5-10 миңи "өз өлкөмдө жумуш бар экен"- деп келбейт?
Ойду омкоро турган, тоону томкоро турга 18-50 жашка чейинки 1 миллионго жакын жердештерибиз тышта жүрөт го!
- Экономиканын башаты, өзөгү эмне?
- Башаты, локомотиви- энергетика, ал эми өзөгү- өндүрүш.
- Буларды өстүрүү үчүн эмне керек?
- Экономиканы, анын өзөгү өндүрүштү алдыга жылдыруу үчүн эң оболу эки нерсе зарыл: биринчиси - экономикага өзгөчө көңүл бурган мамлекеттик ыймандуу саясат, башкаруучулардын саясый эрки; экинчиси - акча, каражат.
- Ошондой саясат, саясый эрк барбы Кыргызстанда?
- Жок. Жокко эсе. 90- жылдардан бери өстүрүү эмес, өлтүрүү, өндүрүштү азыркы замандын алдыңкы техника, технологиясын колдонуп торолтуу эмес, тыптыйпыл кылып тономой, талкалоо болуп атат.
- "Акча, каражат зарыл"- дедиңиз. Анын булактары кайдан болуш керек эле?
- Үч булактан: 1- Бюджеттик акчаларды башчылар "ап!" деп жутпай-жалмабай пайдалануу; 2-Акаевдер, азыркы шылуундар уурдаган, ого бетер уурдап жаткан акчаларды казынага кайтаруу, коррупциянын тамырларын үзүү; 3- Чет өлкөлөрдөн бизге пайдалуу насыя акча, техникаларды алуу, аларды асырап өндүрүшкө салуу.
- "Чет өлкөлүк насыя-инвестициялар келип атат" -дешет го?
- Ооба, "насыя берүүчүлөр абдан көп, көптүгүнөн кезекке туруп суранып атат"- деген сөз- президенттин, анын командасындагы "кыйындардын" дагы бир карандай калпы.
- Демек, сиздин пикириңиз боюнча, насыячылар келбей жатабы?
- Биздин шылуун, ууру башчыларыбыз менен кошо Кыргызстанды курутуп жаткандар арбын. Тигине, "Кумтөр" жана башка жерлерди ойрондоп атат.
- Чын ыкластуу насыячылар келет беле деги?
- "Кыргызстанга да, мага да пайда болсун" - деген насыячылар келет эле, эгерде бизде коррупция кыргын салбаса. Чын ыкластуулар келгенде эле уруксат берип, бирок адегенде "шапкесин" келе!"- деп качырып жатып атышпайбы.
- Ошондойлор бар беле?
- Бар. Кыргыздын үч азаматы 2006-2007-жылдары алдыңкы, бай өлкөлөрдөн издеп жүрүп миллиардерлер тобунун башчысын алып келди. Былтыркы 25-сентябрда президент К.Бакиевге киргиздик. Бишкекте, "Шаардын ичинде шаар"- аттуу долбоорду ишке ашыралы, 30 миң квартиралуу үйлөрдү (мектеп, оорукана, спорт борборлору, унаа коюучу жайлары менен) курабыз. Арзан болот: 15-25 жылдын ичинде 7-10% ашпаган кошумчасы менен алса болот. Силер булак сууларына бай экенсиңер, "Кыргызстан- Мекке" эларалык түтүк жол куралы. Меккеге бир жылда 15 миллионго чейин адам барат. Ал жерде 1 литр таза суу 3-5 доллар. Бул силерге чоң пайда алып келет. "Балыкчы-Каракече-Торугарт-Жалалабат" 627 чакырым темир жолун, эң күчтүү вольттуу электролиняларды куралы"- деди. Президент макул болгон. Бирок бул долбоорлордун көбү, өзгөчө 30 миң квартиралуу үй салуу өзүмчүл чиновник-башчылардын бюрократиялык шылуунчулук тоскоолуна туш келип, уруксат жок, 2 миң га жер берилбей долбоор таш капты. Жүз миңдеген жердештерибиз жери жок, үйү жок башкалардын эшигин сагалап жүрүшөт. "Шаардын ичинде шаар" курулуп калса кор болуп жүргөн кыргыздарга пайда болот эле го.
Мындай тескери ишке президент өзү, анын "команда" сөрөйүндөгү шылуун шакирттери күнөөлүү!
- "Кыш кыйын болот, электр кубаты аз, тезек тергиле!" - деп президент баш болуп элдин кулагына улам салып атат…
- Бу жерде да карандай калпты ышкырткандары элди ого бетер кыжырландырат. Биринчиден, азыркы заманда бардык өлкөлөрдө өндүрүш, өзгөчө өнөр жай электр кубаты менен иштейт. Электр тогу аз чыгарылып атса, анан экономика кантип алдыга жылат?! Экинчиден, Кыргызстандын энергетикасы өзүбүздү гана эмес, биздей дагы бир өлкөнү камсыз кыла турган кубаты бар. ГЭСтерди, ТЭЦтерди жакшы иштетип, бүт элди, бардык ишкана, ашканаларды толук жабдыгандын ордуна, "тезек тергиле!"- дейт. Ушу да президент айта турган сөзбү!?
Эки президент тең Кыргызстанды башка мамлекеттерге шылдың кыла турган сөздөрдү айтышты. 1991-жылдын 17-январында Акаев: "Шайлоодо арак сунса, иче бергиле, акча, ун, чай берсе алгыла, добуш бергенде өзүңөр билесиңер" -деген. "Добушту сатып алганды да, добушун сатканды да жоопко тарттырам"- деп айбат кылгандын ордуна, көчөдөгү бирөөнүн сөзүн сүйлөгөн. Ал эми азыркысы "Тезек тергиле!" - деп өлкөнү эчен кылым артка, шам чырак, отун, тезек жаккан доорго түшүрчүдөй айтат. Мейли, айылдагылар тезек жаксын, а шаардагылар кайсы тезекти терет?!
- Электр кубатынын кескин азайышына эмне дээр элеңиз?
- "Суу азайып атат" - дешет. Ооба, кургакчылык болуп суулар азайды. Бирок, эки эсе азайган жок. Ак үй элге ачык айтпаган себеп бар.
- Кандай?
- "Суу сактагычтарды тымызын ачып жиберип Өзбекстанга сатып атат"- деген сөздүн чындыгы бар го.
- Кимдер ачат?
- Ачса Балкыбековдордун буйругу менен ачылат да.
Токтогул ГЭСинин суу сактагычына 19 миллиард суу батат. Анын эң кубаттуу төрт парасын толук айландыруу үчүн бери жагы 16-17млд. суунун басымы керек. Ошондо 1кв. электр кубатын чыгарууга 1 куб. суу кетет экен, бул арзан болот. Суусактагычта суу эки эсе аз болсо 1кв. электр кубатына 2 куб. суу керек. Демек, кымбат болот да.
"11 млд. суу топтолду"- деген маалыматты "Агым" чыгарды. Өкмөт берсе керек. Калп! Мен жакында өттүм Кетмен -Төбөдөн. Нарын дарыясындагы чоң көпүрөдөн, суу сактагычтын деңгээли 20 чакырымдай төмөн тартылып кеткен. Анан кайдагы 11 млд.? Ашып кетсе 6-7 млд. болсо керек.
Атактуу Черчилль: "Мен үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы ыйык, баарынан жогору турат"- деген экен. Ал эми биздин башчылар үчүн, элдин кызыкчылыгынан өз чөнтөгүн толтуруу баарынан жогору турат.
- Кыргызстанды толук камсыз кылуу үчүн 1 жылда канча электр тогу керек?
- Эң көбү 12 млрд. кв.саат. Бардык гэстерди, тэцтерди толук иштетсе 14 млд. кв. саат электр кубатын чыгарса болот экен. 12 млд. болсо бардык ишканаларга, ресторан, кафе, түнкү оюн-шоок борборлоруна, баары үч фазалуу кылып алса да жалпы элге кенен жетмек. 1990-жылдардын башына чейин Кыргызстанда жүздөгөн ири, орто, чакан ишканалар күндүр-түндүр иштеп турганда да электр кубаты ошо ишканаларда, мектептерде, ЖОЖдордо, ооруканаларда, калайык калктын ар бир үйүндө тынбай жанып турган.
Азыр болсо электр тогун эң көп соргон көптөгөн чоң ишканалар жок, жок дегенде элге жетпей, далайлардын үйдө сактаган тамак-ашы бузулуп, электр аппараттары иштен чыгып атат.
- Эмне кылуу керек дейсиз?
- Ак үй, көк үй, салык, бажы менен катар электроэнергетика эң коррупцияланган тармак. "Тезек тергиле!" дегендин ордуна президент балкыбековдорду, чудиновдорду кызматтан айдап, жоопко тартып, алардын ордуна таза, чын дили менен иштей тургандарды койсо болмок. Мен былтыркы жылдын апрелинде өзүнө айткам, М.Садыркуловдун орду түрмөдө! Аны президент өзүнүн оң колу кылып отурат. "Жаңы заман" гезитинин башчысы Эркин Кожогуловдун демилгеси боюнча "Садыркулов кызматтан алынсын!"- деп 400 миңге жакын кол топтолуптур. Көрөбүз, эми президент эмне кылат. Журт бузар жуукурларды, калк бузар куйтуларды, казынаны тоногон коррупционерлерди кетире алабы, сот жообуна тарта алабы? Же өзү алардын колундабы?
- Үй бүлөлүк башкаруу ого бетер орноду дегендин чындыгы барбы?
- Бар. Кыбыр эткендин көбү Бакиевдердин колуна, өзгөчө Максимге өтүп атат деп мектеп окуучуларына чейин айтууда. "Максимди тыйып алыңыз!"- деп ыраматылык Жусуп Бакиев экөөбүз Курманбек Бакиевге тэ-э 2005-жылдын майында эле айтканбыз. Тыя албады. "Сиз элдин кызыкчылыгын же Максим уулуңузду тандаңыз" - деп Бекен Назаралиев бекеринен К.Бакиевге Ачык кат жолдоп аткан жери жок да. Туура айтат. БШК башчысы Клара Кабилованы Максим эмне кылды! Курманбек эмес, Максим президентпи?
- Келерки президенттик шайлоо адилеттүү өтөбү?
- Жок. Бакиев баш болгон бийлик 2007-жылдын 16-декабрындагы шайлоодо демократиянын далысына канжар, канжар эмес килейген найза сайды го. Мен аны саясый брутизм деп атадым. Бакиев сайды, демократияны сатты.
Эсимде, 2004-жылдын 10-сентябры. Алты партиянын бирикме башчылары Курманбек Бакиевди чакырып, Замира Сыдыкованын оозу менен сурадык: "Сизди президенттикке көрсөтсөк, сүрөсөк демократия, прогресс үчүн бекем турасызбы?"- десек, "Турам!" -деген. Турган жок.
- Азыр бизде саясый куугунтук барбы?
- Бар.
- Саясый куугунтуктун кайсы түрлөрү?
- Камоо, соттоо. Укук коргоо ишин эл аралык деңгээлге чыгаргандардын бири, чыгаан кызыбыз Төлөйкан Исмаилова камалды, соттолду. Басма сөздүн оозун басуу үчүн "Алиби", "Де-факто" гезиттерине Бакиевдер 1 млн. сомдон айып салып, муунтту эле чыкпай калды. Таланттуу журналисттердин жамааты чилдей таркады. 1994-жылы да, саясый куугунтук журналисттерди мойсоп баштаган, анан саясатчыларды… Бул чөйрөдө да Бакиев Акаевдин жолу менен баратат.
- Келерки президенттик шайлоо кандай болот дейсиз?
- Адилеттүү болбойт, былтыркы декабрдагы шайлоонун нугунда өтөт: бурмалоо, добуштарды сатып алуу, уурдоо, атаандаштарды бутка тебүү… Ирээнжий турган ыплас шайлоо системасы түзүлгөн. Кеп, Бакиев ошо системадан баш тартып, адилеттүү жолго түшө алабы? Билбейм, шегим бар.
- Өлкө башчыбыз Курманбек Бакиев экинчи жолу президенттик байгеге чыкса канча добуш алат деп ойлойсуз?
- 2005-жылдын 10-июлундагы 90% жакын добушту эми эч качан алалбайт. Азыр анын кадыр-баркы абдан төмөн. Мүмкүн, 20-30% болсо болоор, андан ашык алалбайт, жеңилет.
Эгерде кадрлар саясатында, экономикада, элдин турмушун оңдоо үчүн чечкиндүү, чукул бурулуш жасаса, анда башка сөз болоор эле. Жасай алабы? Билбейм.
- Жайында кандай эс алдыңыз?
- Абдан жакшы. Байбичем экөөбүздү балдарыбыз Ысык- Көлдүн жээгине жиберди. Анан мен Аксынын керемет тоолоруна тайгандарым менен үч жолу чыктым. Дары чөптөрдөн терип келдим. Баса, Аксынын атактуу Алаң тоосунун башына орто кылымдарда салынган үйлөрдүн таң кала турган бекем кышын атайын алып келдим. Тарых музейине өткөрөйүн деп турам.

Маектешкен
Гүлниза Молдокулова,
"Ачык саясат"