presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№72, 03.10.08-ж. Кудайдын куттуу күнүндөгү куугунтук
Күркүрөгөн күздүн экинчи айынын алгачкы күнү бүткүл дүйнө жүзүндө мусулмандардын ыйык Орозо айт майрамы зор салтанат менен майрамдалды.
Бирок, өлкөбүз Кыргызстанда, тагыраак айтканда, борбор калаабыз Бишкек шаарында бул ыйык майрам көпчүлүк каалагандай зор салтанат менен өткөн жок. Эмнегедир Ыйык Орозо айт майрамы Кыргызстанда кызыл күн катары белгиленгени менен мамлекеттик деңгээлде маани берилбей келет. Жаңы жыл, 8-март майрамдарын айтпаганда да, каяктагы Валентиндин сүйүшкөн күнүнөн баштап, кайра-кайра жамалып-жумалган Конституциябыздын күнүнө чейинки майрамдарда шаардыктардын сүйүктүү эс алуучу Ала-Тоо аянты кызыл-тазыл түскө боелуп, музыка жаңырып, оюн-зооктор ойнотулуп, майрамдык маанай жаратууга жакшы эле шарттар түзүлөт. Мындай иш-чараларды өткөрүүгө өлкө бийлиги тарабынан атайын акча-каражаты бөлүнүп, жакшы эле майрамдалат. Албетте, каатчылык жондон алган бүгүнкү түйшүктүү жашообузда мындай майрамдар, шаан-шөкөттөр керек. Муну эч ким танбайт. Бирок, калкыбыздын дээрлик 80 пайызы ислам динин тутунган өлкөбүздө мусулмандардын эң ыйык Орозо айт жана Курман айт майрамдарына мамлекет жетекчилерибиз тарабынан "токолдун баласындай" мамиле жасалып, өгөйсүнткөнү көпчүлүк мусулман жердештерибизге анча жага бербеси, айтпаса да түшүнүктүү болсо керек.
Айтайын дегеним, 1-октябрь күнү белгиленген Орозо айт майрамында эски аянтка айт намазын окуу үчүн чогулган 70 миң мусулман жердештерибизге намаздан кийин, башка майрамдар сыяктуу эле Ала-Тоо аянтында ыйманга чакырган ыр-бийлерди тартуулап, оюн-зоокторду уюштурууну каалашкан мусулман туугандарыбызга милиция кызматкерлери тарабынан кысым көрсөтүлүп, жөн жерден ызы-чуу чыгарылганы көпчүлүктүн нааразычылыгын туудурду.
Демейде, каалаганы концертин коюп, каалаганы ар түрдүү көргөзмөлөрүн же машине жарышын уюштурган куттуу "Ала-Тоо" аянтына мындай иш-чараны өткөрүүгө уруксатыңар жок экен-деген шылтоосун айтышкан эл башындагылар, бир жылда бир келүүчү Кудайдын бул ыйык күнүн да саясатташтырышып, элдин каалоосуна каршы иштерди жасашып, мусулман мекендештерибиздин майрамдык маанайын түшүрүп койду.
Акыры, көпчүлүктүн каалоосуна каршы туруу мүмкүн эмес экендигин түшүнүштүбү, же кайсы бийлик болбосун адилеттүүлүктү туу тутуп, калыстыктан тайган бийликтин чыныгы баш оорусуна айланган атактуу демократ-Топчубек мырзанын жалындуу сөздөрү таасир эттиби, айтор кызыл шапкечендерибиз Орозо айт майрамын майрамдоого уруксат берүүгө аргасыз болушту. Орозо майрамын уюштурууга жан үрөп келген, жогоруда биз сөз кылган демилгечи мусулман туугандарыбыздын аракети менен ыйманга чакырган ырлар ырдалып, лоторея ойнотулуп, ондогон жердештерибиз ар кандай баалуу белектерге ээ болушуп, таң эрте бузула түшкөн майрамдык маанайлары көтөрүлдү. Ошентип, нөшөрлөп төккөн жамгырга карабай, мусулмандардын ыйык Орозо айт майрамын майрамдашкан шаардыктар өз үйлөрүнө таркашты.
Албетте, Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамында:"Дин мамлекеттен четтетилген жана өлкөбүз светтик мамлекет"-деп жазылган. Демек, дин өлкө саясатынан тышкары болушу керек. Бирок, элибиз көптөгөн кылымдардан бери ыйык тутуп, майрамдап келген Орозо айт майрамын саясатка айландырышып, элдин каалагандай майрамдап, каалагандай көңүл ачышына кыянаттык кылганы-бүгүнкү бийликке ансыз деле нааразы болуп турган элдин кыжырын ого бетер күчөттү.
Чын-чынына келгенде, Орозо айт майрамын татыктуу деңгээлде уюштуруп, шарт түзүп берүү-муфтияттын түздөн-түз милдети эле да. Бирок, Кыргызстандагы бүткүл момун мусулмандарынын дин башчысы, урматтуу муфтийибиздин бул маселе боюнча үн катып койгонго жарабагандыгы көпчүлүккө табышмак бойдон калды.
Бир катар Ата-Мекендик жалпыга маалымдоо каражаттары бул иш-чараны экстремисттик багыттагы, жашыруун диний уюмдардын иши-деп жазып чыгышканын да айтпасак болбойт. Себеби, өлкөбүздөгү азыркы саясий кырдаалда "Хизбут- Тахрир" сыяктуу жашыруун уюмдар өз аракеттерин жандандырып, өлкө коопсуздугуна таасирин тийгизүүсү толук мүмкүн. Ошондуктан, эл майрамдагысы келген ыйык Орозо айт майрамын тиешелүү деңгээлде өткөрүүнү мамлекет, муфтият өз моюнуна алып, уюштуруп бериши керек эле.
Жогорудагыдай күмөн ойлорду жокко чыгаруу үчүн-борбордук аянтта уюшулган бул майрамдын уюштуруучуларынын биринен лотореяларда ойнотулган баалуу белектер ким тарабынан каржылангандыгы, бул иш-чараны уюштурулушу жана буга тоскоолдук кылган күч органдарынын иш-аракетине болгон пикирин билүү максатында Сманов Нурланбекке кайрылганбыз:
"Бүгүнкү күндө өлкө бийлигинин коомго каршы келген ар кандай иш-аракеттери чынында элди абдан тажатып, чарчатып бүттү. Мамлекеттин эң башкы тиреги, мамлекеттин эң башкы байлыгы бул-эл. Бүгүнкү ыйык Орозо айт майрамын мамлекет өзү көзөмөлгө алып, майрамдайм деген элге шарт түзүп бериш керек эле. Бирок, тилекке каршы дин мамлекеттен четтетилген-деген шылтоосу менен мамлекет бүгүнкү күндө айт майрамын майрамдоого бир да тыйын акча бөлүп бербейт. Кудай алдында сооп табайын деген, колунда бар инсандарыбыздын бөлүп берген акча-каражаттарына элге жакшы маанай тартуулайлы деп, бул иш-чараны уюштуруп жаткандарга да жок шылтоону табышып, тоскоолдук жаратышы-өз элине карата жасалган өтө чоң кыянатчылык. Айт майрамына келишкен бүгүнкү мусулмандар-өлкөбүздүн жарандары. Алар мамлекетке салык төлөшөт. Алардын диний ишенимдерине каршы туруу-бул ислам динине каршы туруу дегенди түшүндүрөт. Ислам динине каршы туруу-бул Кудай менен күрөшөм дегенге барабар. Эми Кудай менен күрөшөм дегендердин иши кантип оңолсун. Демек, бүгүнкү бийлик Кудайга каршы иш кылып жатышат.
Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бардыгынын жашоо-шарттары, мүмкүнчүлүктөрү бирдей эмес экени баарыбызга белгилүү. Кудай ырыскыны бирөөнө көп берет, бирөөнө аз берет. Акчасын кайда коротоорун билбей жүргөн канчалаган инсандарыбыз, дал ушул диндин аркасында боорукерликти, мээримдүүлүктү үйрөнүп, колунда жок бей-бечараларга кайрымдуулук кылышууда. Бүгүнкү оюндарда да коюлган баалуу белектерди, Кудайдан корккон, күндөн-күнгө ислам динине ишеними артып бара жаткан мусулман мекендештерибиздин каражаттарына алынган. Биздин максат да, жөн гана элге ушул оюнду уюштуруп, жакшы майрамдык маанайды тартуулап берүү болчу. Бирок, бул ишибиз провакацияга айланып кетти. Муну ким уюштурду, билбейм? Мусулман болгондон кийин, кулагым менен укпагандан кийин, көзүм менен көрбөгөндөн кийин булар уюштурду деп так айта албайм. Иш-чарабызга тоскоолдук кылышкан милиция кызматкерлерин же башка күч органдарын күнөөлөөдөн алысмын. Алар да өз кызматын аткарып жатышканын жакшы түшүнөм. Менин жеке пикиримде, мындай элдик майрамга тоскоол кылгандар-жогорку бийликтеги ислам динине терс көз караштагы кээ бир адамдардын иши го деп ойлойм".

Эрнис БАЛБАКОВ,
"Ачык саясат"




1-октябрь-Орозо айт күнү ойнотулган лотореялык билеттердин утушка ээ болгон Номурлары:
Тостер

1. 040315
2. 046515
3. 013255
4. 013248
5. 055875
6. 006148
7. 013024
8. 050948
9. 050093
10.012127

Фен

1. 027827
2. 045779
3. 034479
4. 002399
5. 026859
6. 050474
7. 054666
8. 013328
9. 000025
10. 013968
11. 045754
12. 051943
13. 037487
14. 006460
15. 036770
16. 046890
17. 050488
18. 004157
19. 051849
20. 038333


Чайнек

1. 002076
2. 007383
3. 003127
4. 051210
5. 012054
6. 023383
7. 017544
8. 002400
9. 011206
10. 001546

Үтүк

1. 048807
2. 007895
3. 001271
4. 012818
5. 023309
6. 006333
7. 032968
8. 001615
9. 004389
10. 016269

Чаң соргуч

1. 005287
2. 050828
3. 045096
4. 022887
5. 036640
6. 018911
7. 007609
8. 045284
9. 011350
10. 052968
11. 027092
12. 024191
13. 050463
14. 008120
15. 026128
16. 022125
17. 047232
18. 007667
19. 034305
20. 057739
21. 052956
22. 027214
23. 005312
24. 004897
25. 024688
26. 046874
27. 055151
28. 027114
29. 004896
30. 049036

Микротолкундуу меш

1. 038596
2. 052782
3. 024014
4. 052722
5. 016209
6. 001785
7. 018151
8. 004376
9. 043912
10. 032956
11. 044377
12. 024964
13. 026649
14. 001098
15. 020006
16. 044080
17. 007739
18. 004891
19. 001546
20. 004893

Сыналгы

1. 042844
2. 006073
3. 000476
4. 047564
5. 042680
6. 027009
7. 037577
8. 00313
9. 055780
10. 004894

Муздаткыч

1. 004895
2. 020459
3. 004020
4. 042296
5. 006145

Белектерди
алуу үчүн төмөнкү
номерлерге чалыңыз:
0777 40 20 53 \ 0773 70 33 72










??.??