presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№72, 03.10.08-ж. Ж о к е г е к а т
(Публицистика)
Бийликтин бир бутагынын атына,
Тобокел деп жазган ушул катыма.
Таарынсаң да такыр чыдай албадым,
Төп келбеген атың менен затыңа.

Жоке, Жоке! Жолдо калсын жоругуң,
Мандат сага баш калкалаар көңүлүң.
Бүгүн мага депутаттар сезилет,
Далилиндей чындык деген жогунун.

Кана, барбы, эл деп күйгөн, кеби тың?
Чындыкты айтып берет бизге эми ким?
Талаш бүтпөй келе жатат жыл бою,
Парламентте барбы-жокпу легитим?

"Элди бузат түрдүү болсо көз караш,
Токтотулсун парламентте сөз талаш.
Бир үй-бүлө мүчөсүндөй иштейли,
Айып, - дешти, - регламент сактабаш".

Парламент - бул көз караштар кагышы,
Көкжалдардын чындык жолун табышы.
Калкым үчүн калыс чыккан мыйзамдар,
Зарыл эмес "кожоюнга" жагышы.

Парламент - бул идеялар тиреши,
Чыгаандардын кыл чайнашкан күрөшү.
Мыйзам жазып, саясатты чагууга,
Сессияда зарыл тилди бүлөшү.

Парламент - бул акылдардын таймашы,
Кан тамырда эмоция кайнашы.
Каркыраны каакы ордуна көрбөгөн,
Депутаттын барбы бизге пайдасы?

Кагылайын жер соорусу Каркыра,
Айландың ээ, Ата-Журттун дартына.
Жеп-ичкенге жеткен акыл-амалдар,
Жетпей калды жерибиздин баркына.

Жоке, Жоке, билип-билбей калк алын,
Мыйзам токуп жатасың ээ, калп аның.
Сөзүң түгүл ишене албай кетемин,
Өзүңдүкү экенине калпагың.

Деги Жоке, кайсы бирин айтайын,
Өзүң деле баам кылып, байкагын.
Өзгө, жатка бөлүп кеткен турбайбы,
Шакылдаган шайлоо деген шайтаның.

Шайлоо, шайлоо, тебеленип уят - ар,
Өчпөс болуп көкүрөктө турат ал.
Кээ бириңе бийлик берсе эңсеген,
Кээ бириңе байлык топтоор булак - ал.

Ыйманыңдын ышпалдасын чыгарып,
Эрегиштен элдин ичи чыңалып.
Мандат алып басып кете бердиңер,
Айылдарды арак менен сугарып.

Билесиңе - ер уурдалганын добуштар,
Мезгил келет, орду-ордуна коюш бар.
Бетин сыйрып салган эмес мынчалык,
Тээ илгери шайланганда болуштар.

Кана, бириң айтып көрчү жалган деп,
Мандатымды мыйзам бузбай алгам деп.
Ичиң биле-ет, моюнуңа албайсың,
Атаганат, арман көп да, дарман жок.

Бу бетсиздик билбейм качан жаралган,
Кайдан, кантип бүт дүйнөгө таралган?
Бир кампайтып алуу үчүн курсакты,
Баарын күтсө болот экен адамдан.

"Ойлош керек карылардын убалын,
Түшүрөмүн пенсиянын курагын"-
Деген Ажо, ажо боло электе,
Кимге ишенем? Башым каткан убагым.

Кыйын эле айыл-кыштак абалы,
Ырас, жетет иче турган арагы.
Пайгамбардын жашын көрбөй канчасы,
Пенсиянын чайын ичпей калабы?

Ал ал болсун. Өчүп-күйүп шамыбыз,
Кыжыр келип, кайнап турат каныбыз.
Тыштан анан жардам келип калбаса,
Кыштан аман чыгар бекен жаныбыз.

Кага албадың күнөөлүүнүн тизгинин,
Таба албадың кыйнаганын бизди ким.
Ушу беле даңгыраган ак жолуң,
Урмат-сыйга бөлөнүүчү биз бүгүн.

Колдон келет, кожоң айтса сатып кал,
Сатылбаса уурдасаң да катып кал.
Бир берилген өмүр-закым кайрылгыс,
Бир берилген мандат деле бакыт - ал.

Сессияда сөз укугу берилбей,
Буйрук күтүп, шыпылдаган келиндей.
Бүгүн Жоке, жумушуңбу негизги,
Эптеп эле экрандан көрүнмөй.

Иттикиндей турмушуңду урдум деп,
Иренжиген элибизде тургун көп.
Арыз-муңун угар бекен Жоке деп,
Катты жазган бир шайлоочуң - Тургунбек.

Сөз көп Жоке, айта турган арман көп,
Жерди сабап, жетсем деген андан көп.
Азырынча калем учун кайрыйын,
Кези келсе улантылар калган кеп.


Тургунбек БЕКБОЛОТОВ
27-сентябрь 2008-жыл,
Кызыл-Адыр кыштагы




Басма сөз айдыңында акыйкаттын дагы бир булагы ачылабы?
Басма сөз айдыңында баш көтөргөн жаштар болсо суктанат экенсиң. Жакынкы күндөрү мына ушундай демилгелүү жигер менен "АКСИОМА НЬЮС" деген аталыштагы гезит жарык көргөнү турат. Биз маалыматты алдын-ала алып, гезиттин баш редактору Асланбек САРТБАЕВДИ кепке тарттык.
- Аслан мырза, "АКСИОМА НЬЮС" аттуу гезит ачып атыпсыздар. Алгач тактап алсак, кандай багытты тутунасыздар?
- Эми саясий багытыбызга токтолсок, бийликчил же аша чапма оппозициялык көз карашка байлангыбыз келбейт. Эң башкысы, элге так, туура маалыматты жеткизүүнү ойлоп турам. Коомдо болуп жаткан окуяларга канчалык калыс, адилеттүү багытта иш алпарсак, биздин утушубуз ошол. Бирок баса белгилеп кетчү жагдай бар: негизинен биздин көз караш мамлекеттик саясатка сын пикирде болуусу зарыл. Ошондо гана натыйжалуу майнапка жете алабыз…
- Анда сиздер деле оппозициянын камчысын чабат турбайсыңарбы?
- Негизинен газетанын табиятын бийликке карата аргументтүү сын-пикирде болсо, мындан коркуунун зарылдыгы барбы? Менимче, чиновниктин, кандайдыр бир кызматкердин иш-аракети ашмалтай болсо, элге кедерин тийгизип атса, аны эмнеге сокпош керек? Туура, мындай караганда оппозициянын басымдуу лидерлери Ак үй аткаминерлеринин мыйзамдан сырт иш аракеттерине пикирлерин айтып атат да. Алардыкы туура болсо эмнеге колдобойбуз? "Жети өлчөп бир кес" дегендей, албетте, туура жолду тандагандан коркпойбуз. Дегеле практика жүзүндө байкалгандай, табияты оппозициялык маанайдагы гезит болсо, элге да ошончолук бат алынат.
- Азыр гезит чыгаруу оңой иш эмес. Көп каражатты талап кыларын билебиз. Эми айтсаңыз, дегеле каражат жагынан кантип атасыздар? Артыңарда кандай күчтөр турат?
- О-о биздин артыбызда кимдер гана турбайт (күлүп)… Эң башкысы окурмандарыбыз көбөйсө, ошол бизге тирөөч болот.
- Ким спонсор экенин айтуудан баш тартасыздарбы?
- Эмнеге? Биздин жакын адамдарыбыз, досторубуз… алардын атын атоонун зарылдыгы деле жок го.
- Айтсаңыз, оппозиция лидерлеринен кимдерди баалайсыз?
- Албетте, мен кумир тутуудан караманча алысмын. Бирок, Алмаз Атамбаев, Аликбек Жекшенкулов сыяктуу лидерлердин көз карашын сыйлайм. Бул адамдар эртең жаңылыш саясий кадамга барса, эмнеге сындабаш керек?
- Кичине артка кылчайсак, сиздер "Агымда" иштеп жүргөндө өзүңүзчө "бригадабыз" деп уюшуп, коллектив менен араздашып кетишкен деп айтышат го…
- Мындай кептерди тапандар менен оозуна алы жетпегендер чыгарса керек. "Агым" гезитинен араздашпай эле арызыбызды жазып, сый мамиледе кеткенбиз. Ошол эле Манас Осмон, Кубаныч Зайнидинов, Азамат Кыязов жана мен болуп. Анан тагдырдын буйругу экен, бир жума өтүп-өтпөй эле "Аалам" гезити менен кызматташууну чечкенбиз. Жаманбы-жакшыбы ал жак менен да ак дилден иштештик. Учурда "Аалам" гезитинин кожоюну Шамшыбек Медетбеков менен жылуу-жумшак коштошуп, өзүбүздүн багытыбызды тандаган кезибиз. Кудай буюрса, "АКСИОМА НЬЮС" гезити маалымат булактарынын ичинен сапаттуу деңгээлге чыгат деген ишеничтемин. Бул жагынан ырааттуу жолдорду билебиз. Айтмакчы, гезиттин саясатында жеке адамдын абийирине, ар-намысына шек келтирген маалыматтарды жазуудан Кудай сактасын. Тескерисинче, кандайдыр бир адамдын же атка минердин ыплас жоруктары менен иш-аракетине курч сын-пикир болсо, ошондой эле бийликчил саясаттын калпыстыгына туура багыт берүүнү коңгуроо катары каксак, биздин жеңишибиз ошол. Калганын майдалабайлы, убагында чогуу күбө болобуз.
- Азыр командаңзызда кимдер бар?
- Жогоруда айткандай, журналисттерден Манас Осмон, Сурат Жылкычиев, Азамат Кыязов, Кубаныч Зайнидинов жана мен. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, биз иштей биле турган калемгерлер менен кызматташууга даярбыз.


Маектешкен
Гүлниза Молдокулова,
"Ачык саясат"










??.??