presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№72, 03.10.08-ж.
  Шоу кабарлар

Кундуздун кубанычы коюнуна батпай турган чагы
Кундуздун Бөкөнбаев айылына койгон концерти айтып бүткүс аншлаг менен өттү. Туулуп- өскөн жери кызын сагынып калышканбы, же талантын ушунча баалашабы, ким билсин, иши кылып залга эл батпай, күйөрмандары концертти туруп көргөнгө кайыл болушту. Кундуздун бул эң алгачкы жеке концерти жана биринчи ийгилиги болгондуктан, толкунданып, кубанычы коюнуна батпай турган чагы.

Султан дастан айтып чыгууга чамынууда
Шоу бизнесте өзүнүн ордун таап кете алган, мукам үндүү ырчы жигитибиз Султан Садыралиев чыгармачылык изденүүдөн эч талыкпайт. Ал тынымсыз эмгектенип, күйөрмандарына ар дайым жаңы өзгөчөлөнгөн өнөрүн тартуулайт. Султан жалаң эле эстрада багыты менен чектелип калбастан, музыканын бардык тармагында иштеп келет. Мисалы, учурда дастандар жыйнагын альбом кылып чыгарганды пландап, дастандарды жаздырып, анын үстүндө иштеп жаткан мезгили. Элдик ооз эки чыгармаларга суусап, чаңкап турган күйөрмандарына эми дастан жаатында талантын тартуулап берет. Жакынкы аралыкта Султандын дагы бир жаңы альбомунун бет ачаарына күбө боло аласыздар.

Азат жакынкы аралыкта рэп ырдайт
"Просто друзья" деген ырынын уландысына рэп жаздырып жатат. "Мир любви" аттуу ыры менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчы жигитибиз Азат, эми минтип рэп ырдайм деп чамынып турган мезгили. "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат"- деген лакап сөз бекеринен айтылбаса керек. Ал өзү: "Жигит деген бир багыт менен гана чектелип калбай, дайым жаңы изденүү менен жүрүш керек"- деп баса белгилейт. Азат өзү айткандай, ырчылык менен гана чектелип калбастан, жакынкы аралыкта чек ара ачылса, Кытай жергесине билимин тереңдетип окуп келгенге жөнөмөкчү. Сапарың байсалдуу болсун деп, ак жол тилейбиз.

Неля сахна чөйрөсүнө болуп көрбөгөндөй жаңылыктарды киргизет
Сүйкүмдүү, назик үндүү, жылдыздуу кызыбыз Неля жакынкы аралыкта чоң концерт койгонду пландап жаткан учуру. Буга чейин чимириле бийлеп, чыгыш стилинде ырдап келсе, бул жолку концертинде ырчы бийкечибиз күйөрмандарына жаңыланууну, жаңы сюрприздерди тартуулайт. Ал оюнда буга чейин сахна чөйрөсүндө болуп көрбөгөндөй жаңы жаңылыкты киргизсем деп максат кылууда.

Даярдаган Гүлзана БЕЙШЕНАЛИЕВА,
"Ачык саясат"










??.??