presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№72, 03.10.08-ж.
  Намыска от тамызган ырлар

Эсирген хандын эл алдында уят болушу
Доордун үнүн жүрөгү менен сезип, өткөн заман менен азыркы учурдагы бийлик төбөлдөрүнүн жосунсуз оруктарын элдик уламыш аркылуу айкалыштырган 80 жаштагы карыя Нурсеит Кутманалиевдин бул чыгармасы- окурмандарыбызды кайдыгер калтырбайт деген ишеним бар. Акындын чыгармасын жарыялоо менен авторго чың ден-соолук, чыгармачылык ийгилик каалайбыз.

Кеп кылса өткөндөрдөн карыялар,
Турмушта керектүүсү ойдо калар.
Жашоонун шартын туура түшүнгөндөр,
Ар сөздүн маани-жайын ылгап карар.

Өткөндө бир учурдан сөз баштайын,
Ал кезде жашоо турмуш крапайым.
Хан, бектер каада-салтты кармабастан,
Көп элдин сезин алган кыйнап баарын.

Зулумдар каарып элди башкарышкан,
Көңүлдөн кетпей турган так салышкан.
Эрксизден караңгыда жашаган эл,
Акимдин буйруктарын аткарышкан.

Болуптур шол заманда эсирген хан,
Сөз айтпай, ага каршы бир дагы жан.
Өз күчүн теңдеши жок балаган соң,
Вазирге мындай деген сөз баштаган:

Жашадым көптү көрдүм эл бийледим,
Айтарым, бардыгыңар көңүл бөлгүн!
Кудайдын бир сүйгөнү Кожокадыр,
Кантсем да, ошону мен келет көргүм.

Дегенде, вазирлери болду дайын,
Күч алды берген буйрук барган сайын.
Бул укмуш хан буйругун аткарууга,
Кырк жигит калкка айтты иштин жайын.

Эл ичин ачарчылык орун баскан,
Көп адам, өлүп жатты курсагы ачкан.
Кимде ким, хан буйругун аткара алса,
Ал алмак миң дилдени казынадан.

Калкта жок Кожокадыр табам деген,
Соо болбойт, алдап дилде алган менен.
Ойлонуп ансыз да ажал жакындыгын,
Сөз чыкты эл ичинен - Тобокелден.

Хан үчүн, жашоом үчүн, издеп арга,
Таксырым, жолуктурам жыл маалында.
Эп көрсөң миң дилдени азыр бергин,
Күнүмдүк оокат болсун балдарыма.

Бул сөздү хан көңүлү туура тапты,
Куп болот бергиниң деп вазирге айтты.
Туугандар ичтеринен келме оозанып,
Таңдашып үйлөрүнө тарап жатты.

Тобокел миң дилдени алды колго,
Токтолбой аяк шилтеп, салды жолго.
Теңсиздик, ачарчылык биргелешип,
Байкушту капталтты окшойт калың шорго.

Ал өзү жаш аялмет жакыр адам,
Ар дайым акыл менен элге жаккан.
Кыйындык түшө калса, эл башына,
Буйдалбай чукулунан акыл тапкан.

Тобокел деп ойлогон акылынан,
Үй-бүлө кырылганча ачкалыктан.
Мээнетим текке кетпей чыйрым калса,
Мейли эле хан колунан каза тапсам?!

Так айтсам бурмалабай болгон кепти,
Төрт мезгил алмашылып, жылга жетти.
Тобокел хан алдында кантемин де,
Түркүн ой, түпсүз санаа, азап чекти.

Өзүнүн өлгөнүнө кайыл эле,
Балдары кандай болот? Кантет эми?!
Качырып ийгенге да арга таппайт,
А андан кутулар жан барбы деги.

Сан-санаа, наар албайт, болуп капа,
Не арга оңолмокчу кеткен ката.
Өзөгүн өрт жалын алоо үйлөп,
Күн-түнү уйку көрбөй тартты аза.

Балдары, алган жары бүт ыйлашат,
Замана кандай шумдук дартты ырбатат.
Бүтпөгөн сары санаага белден батып,
Шордуулар кайдан, кантип жанын багат?!

Боздошот, бирин-бири карап алып,
Же жан жок кайрат айтаар бирөө бар.
Өткөндө бир жыргайлы дешкен бүлө,
Бет алды солукташат эстен танып.

Тобокел кайраттанат мыкчыйт башын,
Көрсөтпөй балдарына жулуп чачын.
Акыры кетүүнү ойлойт тоо таянып,
Элинен ок-дары таап, бир топ атым!

Жер жүзү караңгылык жамынганда,
Балдары ый аралаш уктаганда.
Белсенип, бир топ акыл айткан болду,
Кыйышпас, өмүрлүк жар, курбалына.

Алганы буркурады тирүү жоктоп,
Бул дүйнө, а дүйнөнүн баарын козгоп.
Тобокел чымырканып үйдөн чыкты,
Акыры жолу өксүгөн ууруга окшоп.

Белгисиз жолго чыкты тоо таянып,
Жалга! - деп, жалгыз өзүң - Алла Таала.
Жолдошу жонундагы мылтык болду,
Баратат караңгы түн кучагында.

Таң атты, талып дене - тоо арасы,
Тагдыры ушундай болсо ким ыраазы.
Жашынар жагын издеп тоо койнунан,
Чабыттайт, улам арбып, сарт-санаасы.

Жүрөт ал тоо арасы түн токойдо,
Эс алды, кийик атты, мылтык колдо.
Атайлап тоонун сырын текшергенсип,
Миң түркүн жаратылыш салат ойго.

Суу агат жылгалардан обон салып,
Кайың тал боюн керет кулач жайып.
Булбул куш түркүн сайрап, үнүн безет,
Жеткенсийт максатына кумарланып.

Түркүн куш түрдүү орунга усуп конуп,
Көпөлөк түркүн гүлдүн даамын соруп.
Суктанып ар бир түркүн жаратылыш,
Күнүмдүк жашоосуна жардам болуп.

Күндүзү арып азуу тону-ойду,
Түнкүсүн эл алдыруу бүткөн бойду.
Жер бети жалгыз башка тар көрүнүп,
Кайрадан кайгы-санаага орток болду.

Үн чыкса, тоо-тоолордон таштар кулап,
Кийиктей элек этип чочуп турат.
Таап алып, издеп жүрүп жер кыдырып,
Кылгансыйт азис ханы катуу сурак.

Жыртылды кийген кийим бүтүн түлөп,
Өлбөстүн күнүн көрүп жашап жүрөт.
Ар башка эсеп жеткис санаа түшүп,
Арыктап азап чегип болду жүдөп.

Ок-дары камдап алган бүт түгөндү,
Аңгыча ачык туруп күн бүркөлдү.
Нөшөрлөп кара жамгыр куйган кезде.
Корголоп бир үңкүргө кирип келди.

Үңкүрдүн ичи кенен ченеми жок,
Булак бар мукам үндүү сезим козгоп.
Шашылбай айлансын карап көрсө,
Кандайдыр касиеттүү жайга окшошот.

Колун жууп булак суудан кенен жутту,
Эс алып жатты бир аз сунуп бутту.
Жашоого мындан ары бул үңкүргө,
Таасирлүү таттуу кыял алып учту.

Жатты ал магдырады уйкусурап,
Оң жакка кыңайды шылк деп кулап,
Ойгонуп ооз жакка көзүн салса,
Кандайдыр, ак боз атчан адам турат.

Шу! - деди эт жүрөгү быт-чыт болуп,
Селейди жаткан жерде, катып-тоңуп.
Бир туруп азиз хандын өзүбү деп,
Бир паста миң дүрбөттү оюн жоруп.

Анан ал, буюрганын көрөйүн деп,
Чындыкка бел байлады, буулуп тердеп.
Көздүн жашын чубуртуп кулач жая,
Түз басып, жакын барды жардам бер - деп.

Ак боз ат кош кулагын тип-тик кылып,
Ашыкпайт төрт аягын жерге мылгып.
Турганда "үстүндөгү" суроо берди:
Тооруду бир башыңды кандай кырсык?

Тобокел каргылданып алсырады,
Мууну бошоп безгектей калтырады.
Анткени бүткүл эркин бийлеп алган,
Көңүлдөн кетпей турган кайгы тагы.

Чырмады эки колун үзөңгүгө,
Ат жылса, кулап ылдый күп этүүгө.
Көздөрүң бардап-бардап кайраттанды,
Болгонду ачык айтып билгизүүгө.

Улугум, татаал жерден кармадыңыз,
Байкасам, тийүүчүдөй жардамыңыз.
Адилет улуктугуң чын болсо эгер,
Болбостур мени жайлап салганыңыз?!

Адамзат, ак боз атты минип турган,
Карыпка мындай деген буйрук кылган.
Чындыктын бирин койбой ханыңа айт,
Бул жерде, бекеринн болбо курман.

Айтканды УК, жөнө үйүңө, Турба ылдам,
Өзүңө пайда болот айтканды уксаң.
Эгер хан туура баалап чече албаса,
Мен өзүм ошол жерден жардам кылам.

Деди да, колдон бутун сууруп алды,
Токтолбой, бир камчы уруп, жолго салды.
Тобокел кайра имерип караганча,
Караан жок, же билинбейт ат туягы.

Ансайын күйдү-жанды, тартты санаа,
Азыркы иш түшү өңдөнүп калды ага.
Элестеп, көз алдынан кетпей койду,
Жан күйөөр өмүрлүк жар жана бала.

Ханга айткан убадага бир күн калган,
Эртеси хан алдына өзү барган.
Таксырым, жүзүңүздү кантип көрөм,
Кыдырды кайдан издеп кайдан табам?!

Эгерде кыдыр табуу колдон келсе,
Ушинтип, шорум катып жүрөт белеем?!
Айлам жок, дагы болор буюрганы - деп,
Күнүмдүк жашоом турса, балдар дегем.

Суранам, кечириңиз айыбымды,
Жан сактоо парыз - дейт го? - ханым чыны!
Калп айтып миң дилдени алып сизден,
Өлүмдөн алып калдым балдарымды.

Өзүңө курмандыкка чалгын мени,
Кыйнаба чымын жанды таксыр эми!
Балдар жаш, аял жесир калмак болду,
Мен үчүн ушул туура өлүм чеги!

Азиз хан, сөз чындыгын бир билбеди,
Кумсарды каш-кирпиги бириндеди.
Жыйнатты адамзаттан бирин койбой,
Шордууну жоготмокко элден эми!

Турмушка бир жаңылык киргизгенсип,
Сурданып, карап чыкты келген элди.
Кыйноонун эң күчтүүсүн тапсын үчүн,
Биринчи вазирине суроо берди:

Ал туруп өкүм кылды - мына муну,.
Тирүүлөй этин кесип кадактоону.
Кыңк этпей, эл томсоруп турган кезде,
Бир гана ак сакал чал күбүрөдү:

Жашоо - бул, бакыт издөө, эмгек кылуу,
Максаттын акырына чыдап чыгуу.
Деди да, мобул сөздү угуза айтты,
"куллишаин азил, азил жар - журуну".

Экинчи вазирге хан кайрылганда,
Кадактоо - мындайларга болот чала.
Ашыкпай этин ченеп кайрымакка,
Куп болор, балык улап, эрмек кылса?

Таксырга ушунуку жагып калды,
Калыстык сөз айтууга, элде ал барбы?
Жанагы ортодогу ак сакал чал,
Мурдагы сөзүн дагы кайталады.

Вазирдин үчүнчүсүн дагы карап,
Жооп күттү, хан баштаган туш-туш тарап.
Бул дагы "кандай шумдук кеп айтат" - деп,
Калың эл, муңайышат, жабыр тартат.

Ошондо ал мындай деген сунуш кылды,
Ушунун болсо деймин башы азат.
Себеби, өлбөс үчүн кылган айла,
Аны өзү, жашырбастан айтып жатат.


Нурсейит Курманалиев,
"Турмуш кайрыктары"

(Уландысы кийинки санда)










??.??