№72, 03.10.08-ж.
  Оңдолбогон каттар

Жеп ичерлердин жемсөөсү толобу?
Мен өзүм Астанада иштеп жатсам да, басып-туруп жүрүп көп ойлоном. Алакандай жерибизге ылайык бир ууч элбиз дейм ичимен. Ошол бир ууч, же беш миллион элди жумуш менен камсыз кыла албаган өкмөт, өкмөтпү? өлкөбүздөгү жумушсуздуктун айынан бала-чаканы багабыз деп, ошол элдин басынткан сөзүн угуп, ал аз келгенсип, иштеген эмгек акыбызды да толук ала албай, бири берсе, кийинкиси бербей, айла жок артка кайтууга жол жок - деп иштеп жүрөбүз. Кыргызстан туурасында кабар алсак, бүтпөгөн саясат оюндарынан эл гана чайналып, ишинен калып, үй-тиричилиги күн санап начарлап бара жатканына жаныбыз кейийт. Менимче жакын арада эч нерсе өзгөрбөйт. Мен бийликке ишенбейм. Бийликте баягы эле аты белгилүүлөр иштеп жүрүшөт. Аларды эл таанып, билип калган. Ошондуктан бийликке да толук эч ким ишенбейт.

Казакстанда алты миңден ашуун кыргыздар бар. Күн сайын казактардын радиосун угуп, теле дидарын көрүп жүрөбүз. Алар: "2030-жылга чейин калкынын санын 20 миллионго чейин жеткиребиз" - дешүүдө. Ошого аракет кылып, четте жүргөн бир боорлорун чакырып, иш менен камсыз кылууга далалаттанып жатышат. Биздин өлкөдө калкыбыздын санын көбөйтмөк тургай, беш миллион элин бага албай, туш- тарапка тентитип, жеп-ичерлерибиз өлкөнүн ички байлыктарын талап-тоноп сатуу менен алек. Кыйын чыкмаларды так пешенеге атып өлтүрүп, элдин жүрөк үшүн алууда.
Анда кыргыз качанга чейин бөтөн жерде, башка жерде жалчылыкта жүрө берет? Элдин курсагы качан тоет?
Бир мисал айтайын. 1998-жылы менин бир кесиптешим - Италияда болдум - дейт. Тарыхтан окуп тамшанган Римдин тар көчөсү менен келе жатып, бир жазууга көзүм түштү. Дааналап карасам, дүкөн экен. Кепкенедей бир заттын баасы көздү арбап элең эткизди. Ал кезде мындай акча биздин түшүбүзгө да кирчү эмес.
Дүкөнгө кирдик. Тилмечтен: "Мына бу баа чын эле доллар менен көрсөтүлгөнбү? - сурадым. Ооба, - деди ал башын ийкеп. Кичинекей дүкөндүн ичи толо кымбат, сувенир буюмдар. Мен көргөн буюмдун арзаны 47миң доллар экен. Болбосо, 100 миң доллар, 250 миң доллар, 3750 миң доллар… ". Ушинтип кете берет. Калькуляторго үйрөнгөн жаным кайра-кайра санап, көзүм чанагынан чыгып кете жаздады.
Башым катып, сатуучудан ушуларды сатып алуучулар барбы? - деп сурадым: "Сатып албаса, дүкөн ачабызбы?" - деп кайра мага суроо койду.
Конок үйгө келгенде да, самолетто учуп баратып да, элиме аман жетип келгенимде да баягы баа көз алдыман кетпей койду. Жатып алып ойлоном. Кудай ай, кырк жети миң долларды табуу үчүн журналисттин айлыгы менен канча жыл иштешим керек?
Мына Италияга барып келгенибизге да он жыл болуп калыптыр. Ай, Күн, Жер, Эл ордунда эле. Эмне өзгөрдү? КМШ таркаганда беш миллион эл элек, саны ошол эле боюнча калды. Бар болгону мансап ээлеринин, "жеп-ичерлердин" жемсөөлөрү чоңойду. Эч нерсе өзгөргөн жок.
Кыргызстандын кен байлыктары көп. Ал байлыктарыбызды иштетсек, Орусия, Казакстанда тентип жүрбөй, оозубуз майланышып, май чайнап, коңшулуш мамлекеттерге теңелээр элек, жумушсуздук да жоюлар деген элдин илгерки үмүтү өчпөй келет.
Өзгөрүштөр барбы? Эч нерсе өзгөргөн жок. Өзгөргөн өлчөм гана… "Бай кудайга жетем дейт, кедей байга жетем дейт" деген эле аракет. Сайрандап, кооз сүйлөп тамшандырган байлар гана жашап жатат.
Жакында эле Астанада бир кыргыз байы белгилүү кафеде беш жүзгө жакын эл чакырып, элүү жашын өткөрдү. Конокко келгендер министр, депутат, чиновниктер. Дүр-дүйнө тамак-ашты үстөлдөр араң көтөрүп турду. Атаңдын гөрү, ушул жайнаган тамак-аштардын бир эле бөлүгү Кыргызстандагы карыялар үйү, же балдар үйүнө берилсе, же кембагалдар жесе, канча кубат алып калмак. Чиренген чиновниктер менен байлар тамактын чүйгүнүн гана жеп, калганы ысырап болуп кала берди. Анчалык чыгымды көтөргөн чыгымдын ээсине чымын конгончолук да болбоду. Мына ушуларды байкап отуруп, Кыргызстанда миллионер, канча миллиардер бар болду экен деп ойлойм.
Бизде жеп-ичерлер, ач көздөр жоюлар эмес. Күрөшкөн сайын ал ого бетер күч алып, жомоктогу өлбөс Кащейдей кайра тамыр жайып турган кез. Ошентсе да жакшылыктан үмүт үзүлбөсүнчү, "шайтан гана үмүтсүз" - дейт эмеспи. Кудайга шүгүр, коңшулаш мамлекеттердей жанар майыбыз болбосо да, жер алдындагы байлыгыбыз,алтынга бергис мөлтүрөгөн суубуз, электр жарыгыбыз бар.
Ушул байлыктарды жалпы элибиздин, мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн пайдалансак, экономикалык жактан Өзбекстан менен Казакстан сыяктуу өнүкпөйт белек? Аларга күнкор болбой, тең ата сүйлөшкөнгө шарт түзүлмөк. Бирок, буга мамлекет башчыбыз да, депутаттарыбыз да кызыктар болбой жатпайбы, атти-иң! Аларга эл ишенгенин унутуп отрушпайбы?
Эл каалоосу деген ардактуу ат. "Кыргыз эл депутаты" деген төш белгиси андан ардактуу эмеспи. Эми биздеги эл тарабынан шайланды деген депутаттарыбыздын канчалаган шайлоочулар эшигин кагып, өзү шайлаган депутаттарына кире албай, депутаттарын айлап, жылдап көрбөгөн шайлоочулар бар. Анда алар эл уулубу, же кулкундун кулубу?...
Ошондуктан биздеги чийки, же өздөрүнүн гана кызыкчылыгына иштелген мыйзамдарды кабыл алып, "уюшкан жеп-ичерлердин этек жай кылуусуна жол ачып отурат".
Уюшкан жеп-ичерлердин жемсөөсү ушул мыйзамдар. Мыйзам эл үчүн иштебесе, кабыл алган мыйзамы элдин ирээнжиткенден башка түккө турбайт. Жеп ичерлерди токтотуучу бир гана жол - ал элдин биримдиги.

Мураталы ТУРДУБАЕВ,
Астана




  Өкмөт аке, сом берчи

Мугалимдер талабы аткарылса…
Бекеринен накыл сөздүү, касиеттүү кыргыз элибиз байыртан: "Алсызды күчтүү кылган-билим, адамды улуу кылган-эмгек", "Билим-түгөнбөс казына, кенч, эмгек-анын ачкычы",-деген нускалуу сөздөрүн айтпаса керек. Арийне, ар бир мугалим көпчүлүк адамдардын, айрыкча жаш өспүрүмдөрдүн жан-дүйнөсүнө терең кирип, алардын аң-сезимин ойготкон дабагер, ага жарыкты көрсөтүп, алдыга, жаңы ийгиликтерге багыт берген даанышман, кайсы доордо болсо да мөмөлүү дарак болгон мугалим экени баарыбызга маалым. Андыктан , ар бир мугалим өз эмгегинин үзүрүн көрөт деген чындык эмеспи?

Ал эми бүгүнкү күндө, жаш муундардын келечеги үчүн мүмкүнчүлүктөрүнө жараша эмгектенип жатышкан ыйык кесиптин ээлерине мамлекет тарабынан салкын, кайдыгер мамиле жасалып жаткандыгы мыйзамга жат көрүнүш экендиги шексиз. Маселенин чоо жайы-билим берүү жөнүндө мыйзамда каралган, педагогикалык стажы үчүн каралган кошумча төлөмдөр, 2003-жылдан берки мугалимдердин стажына ылайык кошумча эмгек акы 2008-жылы толугу менен өкмөт тарабынан төлөнүп берилмек. Бирок, ушул күнгө чейин бул маселе чечилбей келет. Беш жылдан бери зарыгып күткөн мугалимдердин чыдамы түгөнгөн соң, бүгүн мугалимдер өздөрүнүн мыйзамдуу энчисин талап кылышууда.
Аргасы кеткен мугалимдер жамааты ордо калаабыз Бишкекке келип, нааразычылык акциясын жүргүзүп жатышты. Ушул учурда мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү Бишкекке арызданып келген мугалимдердин жер-жердеги башчыларын кысымга алышып, мугалимдердин нааразычылык акцияларын токтотууну мектеп жетекчилеринен талап кылышкан. Чындыкты издеп келген мугалимдер ал талапка моюн сунбастан, өз иштерин жүргүзүп келишти. Алардын арасындагы айрым мугалимдер мыйзамдуу укуктарын коргоо үчүн келүүгө мажбур болушканын, ар бир күн текке кетип, окуучулардын билим сапатына терс таасир тийгизээрин белгилешти. Ошону менен катар Таластан, Нарындан, Ысык-Көлдөн, Чүйдөн келген мектеп жамааттары жапырт сотко кайрылышкан. Сот алардын баарынын талабын орундаткан жана чечим чыгарып берген. Соттун чечими чыгып, ал жалпы журтка белгилүү болгондон кийин, мамлекет бул маселени чечүүнүн башка жолун издей баштаган.
Президент К.Бакиев жыл башында буга жарлык чыгарып, мугалимдерге мыйзамдуу кошумча төлөмдөрдү төлөп берүү жөнүндө өкмөткө тапшырма берген. Бул кошумча эмгек акыны өкмөт жетекчилери 2010-жылга чейин узартуу жөнүндө чечимге келишкен. Бирок, өкмөт токтому чыкканга чейин эле соттун чечими менен мугалимдердин карыздарын Каржы министрлиги төлөп берүүгө милдеттүү болчу. Ал эми Каржы министринин маалыматы боюнча бюджет тарабынан педагогикалык стажы үчүн бөлүнгөн каражаттын 80 пайызы төлөнүп берилген. Акча каражатынын тартыштыгынан улам, бир кыйла мектептерге кошумча эмгек акы төлөп берүүнү токтотууга мажбур болуп жаткандыгына токтолгон. Чыркырап чындыкты издеген агай- эжекелерибиздин айтымында, Каржы министри анын тең жарымын гана төлөп бергенин айтып өтүштү. Бул күнү мугалимдер премьер -министр И.Чудинов менен жолугушуп, алар өз талаптарынан баш тартпай турганын билдиришкен. Муктаждыктын айынан, мектепте иш ордун таштап, беш жылдан берки эмгек маянасынын кошумча акысын доолап келген мугалимдер катуу каршылыкка учурап, алар бийлик бутактары тарабынан кысымга алынып жаткандыгы белгилүү болуп отурат. Ал эми көпчүлүк мектептерде, мугалимдердин кошумча эмгек акысы акчалай төлөнүп берилсе, кийинки мөөнөткө жылдырылган мугалимдер менен эсептешүү "баалуу кагаздар" менен жүргүзүлмөк, бирок, алар буга макул эмес. Мындай аракет малекетке эч кандай ийгилик алып келбейт. Ыйык кесип ээлеринин жакында боло турган майрамына карата өкмөт алардын талабын орундатып, жогорудагы айтылган сот чечимин аткарып, педагогикалык стажы үчүн карыз акчасын төлөп берип койсо, жалпы мугалимдер үчүн майрамдык чоң белек болуп калмак. Бирок, бийлик башындагылардын алдамчылыгына нечен ирет күбө болушкан карапайым мугалимдер, өкмөт башчыларына толук ишенбесе да, маңдай тери менен тапкан ак эмгек акыларын кайрып алуудан үмүттөрүн үзбөй келет. Биздин жаш муундарыбыздын келечеги үчүн эмгектенип жатышкан атуулдарыбыздын ак үйдүн алдында турганын көргөнүндө зээниң кейийт. Бул эмне деген кордук, эмне деген шылдың?
Азыркы күндө өлкөнүн экономикасында өсүш болуп жаткандыгы, салык жыйындарынын ашыгы менен аткарылгандыгы чындык болсо, ушул каатчылык заманда, мугалимдердин стажы боюнча кошумча эмгек акыларын убара кылбай төлөп берилишин бийлик камсыз кылышы керек эмес беле?... Же "экономикалык өсүш" кагаз жүзүндөгү көрсөткүчпү? Буга Каржы министри эмне дейт болду экен?


Нургүл Төрөбекова,
"Ачык саясат"