presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№72, 03.10.08-ж. "А" менен "Б" алмашты, абийир кайда жармашты?
Билими эмес, билеги күчтүү бул бийликтин билимсиздик менен жүргүзгөн өтө одоно саясаты-жалпы элдин бүйүрүн кызытуу менен кыйла кыжырын да кайнатууда. Учурда Чубактын кунундай чубала турган К. Кабиловага байланышкан чуулгандуу окуя бүт коомчулуктун назарын өзүнө буруп турган кези. Элибизде: "Аганы көрүп ини өсөт, эжени көрүп сиңди өсөт"- деген жакшы накыл кеп бар. Ушул улуу сөздүн маани-маңызын (өзгөчө тетири жагынан) эгемендүүлүк алган жылдардан бери жакшы түшүнүп да, дапдаана көрүп да келе жатабыз. Айтайын дегеним, буга далил өлкө башчыларыбыздын азбы, көппү жүргүзүшкөн саясий иштери, чел кабыктай чечкинсиз издери, ити чөп жебеген ийри-муйру ийгиликтери жана жалпыга жарым кашыкча да жакшылык жасабаган жан бирге жандоочуларынын "иш билгиликтери". "А" тамгалуу ажобуз менен "Б" тамгалуу ажолорубуздун адамдык сапаттарынын төмөндүгү жана инсандык деңгээлдеринин пастыгы азыр Ата-Журт кызыкчылыгын анчейин ойлошпогон акмактарга деле жакшы белгилүү болуп калгандай болду. Кудуңдаган куу Курманбек ханыбыз, узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына берген убадасын ушунчалык тез унутуп, алжая күлгөн Аскар ханыбыздын "жоругу жолдо калгыр жолуна", жоодон качкандай жооп-суроосуз түшүп, ал жоболоңдуу жолдун агасы анча билбеген "акү-чүкүсүн", "аңгыл-дөңгүлүн" акылдуулук менен аябай сонун өздөштүрүп, ошол жолдо -өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн эмес, өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын көздөп бараткандыгы Ата-Журт тагдырына кош көңүл карашпаган эр-азамат жарандарыбыздын нааразычылыгын туудуруп, аларды өтө кубаттуу "бомбадай" жарыла турган абалга алып келатат. Ал "бомба" Бакиевди эле эмес, анын алчактаган алсыз жандоочуларын дагы соо калтырбай соолута тургандыгын, муун-жүнү калчылдап каарданган калкыбыздын жүрөктүү жүзүнөн жана чечкиндүү кадамынан көрүп, байкаса болот. Аскар ханыбыз мамлекеттин эки тизгин, бир чылбырын үй-бүлөсү жана "Алга, Кыргызстан" партиясы менен бөлүшүп, өлкөнү "үй-бүлөлүк" башкаруу деген жаңы формула менен он беш жыл башкарганына бүт эл, бүт дүйнө күбө. Акыры атасынын ансыз да араң кармалып турган эки тизгин, бир чылбырын ары тартып, бери тартып талаша беришип, жыйынтыгында талашканга талкан жок болуп, чылбырды үзүп салышты. Өздөрү да аз жерден өлө жаздашып, үзүлө түшүшүп, качышып, куу кулкундарынын айынан, кудай уруп, кутмандуу Ата-Журт, ата конушунан куулуп чыгышты
Намыскөй элибиздин кубаттуу "бомбадай жарылуусунан" жанын араң сактап, 15 жыл илгери учуп келген жагына уча качканы тарыхыбызда ташка тамга баскандай түбөлүккө жазылып калды.
Азыркы өлкө башчыбыздын тоодой толтура кемчиликтердин анабашы болуп, "хан агасынан үйрөнгөн" үй-бүлөлүк башкарууга жол бергендиги элибизге айтпасак да белгилүү. Курманбек ханыбыздын мамлекеттин эки тизгин, бир чылбырын бир туугандарына, эки айдын ичинде арыдан бери түзүлө калган "Ак Жол" партиясына жана көпчүлүк бөлүгүн өзүн-өзү билген эрке баласына бөлүп бергендигинине кыргыз эли гана эмес, коңшу өлкөлөрдүн элдери да күбө болушуп: "Эми мындан ары келечеги кандай болуп кетээр экен?"-деп кулак түрүшүп, кээ бирлери кыжырданып, кээ бирлери кытмыр күлүшүп кызыгып турган учуру. .
Кубанычы койнуна батпаган Курманбек кечээ жакында эле ак калпактуу Ала- Тоосунан артын карабай качкан Аскар агасынан бош калган хандык тактыга отуруп жатып, элине: "Мен Акаевге окшоп үй-бүлөлүк башкарууга жол бербейм, мунун далили катары айтсам, Максимди мамлекеттик иштерден алыс болсун деп чет жерге жибердим", - деп жар салды эле. Кана эми, ал убадасын аткарганы? Илгери хандардын сөзү бир эле болчу, же азыркы хандардын бир сөзү миңге көбөйгөнбү? Болбосо, бул ханыбыз да тубаса таланттуу калпычы болуп төрөлгөнбү? Кызык, калкыбыз: "Калптын казаны кайнабайт" дечү эле. Жеке мен билгенден, хан Курманбегибиз далай жерден далай ирет калп айтып эле келатат. Бирок, ага карабастан хан казаны күндүр-түндүр боркулдап-шоркулдап эле тынбай кайнап жатат го? Бул жерде кандай катылган сыр бар болду экен? Мунун себеби эмнеде? Же ханыбыз калп толгон казанына күчтүү-күчтүү жалыны жалбырттаган от жактырып атканбы, жанагы колдорун төштөрүнө алып кошомат айтышкан кол балдарына? Айтор, билбейм, ойлосом акылым жетпейт.
"Манастан Чубак кем бекен" дегениби, же "Айран жокто максым бар, Айдар жокто Максим бар" - дедиби, айтор, хан баласынын кечээ БШКнын төрайымы Клара Кабиловага көрсөткөн "оюн-зоогунун" акыркы жыйынтыгы ата-баланы оңдурбай турган абалга жеткизет өңдөнүп калды. Ханзаада Максимдин жанына эмне мынча күч келди жана ал ишке баруусуна эмне түрткү болду экен? Албетте, аны шайлоонун шайтан оюндары алда кайда азгырып жана акчанын кумары акыйкаттык менен аруулукту, теңдикти көзүнөн алыс-алыс жазгырып койсо керек? Болбосо, хан баласына эмне жетпейт десең? Же кошомат айтышкан депутаттыкка талапкерлердин колдорунан тутам-тутам акча алып коюп, берген сөзүмө турайын деп Клара айымга катуу тапшырма берип, "таалайлуу" талапкерлерди анын колуна өткөзүп коем дегени го?. Бирок антсе да бир аз акылга салып, хандын баласы эмес, олуя машаяктын баласы болсо да, ар дайым ойлогон ой ойдогудай боло бербестигин түшүнсө болмок. Же "Өзүңдү эр ойлосоң, башканы шер ойло", "Бир күнү болбосо бир күнү төшү түктүүгө жолугуп каласың"-деген сөздөрдү эсине ала жүрсө болмок. Эми, "поезд шарактап-шурактап өтүп кетти, аны артка кайрый албайсың", эр болсо чакалап чачылып бүткөн абийирин, кашыктап жыйнап алганын көрөлү.
Ал эми Клара айымга эмне демекчибиз? Мурда унчукпай кол куушуруп жүрсө да, акыры зордукчунун зордугуна чыдабай күтүүсүздөн "тарс" жарылып бергенин, адилеттик менен чындыкты эңсеген калкына алдыда мезгил таразасы калыс тактап берээр. Канчалаган эркексинген чоң сөөрөйлөрүбүз ханга, хан баласына, хан үкасына чымын-куюн болуп кошомат кылышып, көзү менен көрүп турган чындыкты элге жеткизбей чыңырта камашып, көздөрүн "ачып жүрүп укташкандар" алигиче ойгоно алышпай жүрүшпөйбү. Ошол чиновниктерибиз Клара айымдан чындыктын чыныгы формуласын жана мындай эрдикке кантип кадам таштоо керектигин, эки-үч адамдын таасиринде калбай, эркин иштөөнүн жолдорун үйрөнүшсө, акыры эл баасын алышаарына чоң кепилдик бар экенин эске алышар бекен?
Эми Клара айым, "Эрдик кылса сүрөө кылып", өткөн жылдын 16-декабрындагы шайлоонун элге жете элек чыныгы жыйынтыгын жарыя кылып берсе, элибиздин оңолушуна чоң салым кошоор эле.
Айбек ШАМШЫКЕЕВ,
"Ачык саясат"










??.??