presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№72, 03.10.08-ж.
 "Тилибиз"-деп жатып, тилибиз тешилди…

МАЙРАМ МЕНЕН ТИЛДИ САКТАЧУ БЕЛЕ…
Өзүнүн өлкөсүндө жашап туруп, тилибизди сактайбыз деп ай-ааламга жар салган бечара элди уккан эмесмин, болсо болгондур. Ушул жөнүндө катуу баш катырып көрсөм, байкуш кыргызың туура кыйкырып атыптыр. Көрсө, өзүбүздүн бечаралыгыбыздын айынан, жетекчилерибиздин көр оокатынан башкага күйбөгөнүнүн айынан... бир сөз менен айтканда улуттук намысыбыздын таптакыр жоктугунун айынан тилибизди коргойлу деп кыйкырып жаткан турбайбызбы. Жоголуп баратса кыйкырбаганда не кылмакпыз. Бирок, канча кыйкырбайлы, оозума таш дечи, жылдардын бир жылдарында тилибиз таптакыр жоголуп кетиши бар.

Тилибизге 17 жыл толду деп 23-сентябрда майрамдап жатканда жанагы 5-канал дегениң айтыбатпайбы: "тилибиз он жети жашка чыкты деп", дүйнөдөгү эң байыркы элбиз деп жатабыз да тилибиз он жети эле жашка чыгыптыр. Мурун дудук экенбиз, кылымдан кылым жаңдашып сүйлөшүп келиппиз. Эми бу сөз оюнга айланган маани го бир. Айтарыбыз башка...
Ошентип майрам жакшы өттү, жогорку окуу жайларында, мектептерде түрдүү деңгээлдеги салтанаттар болду. Чет өлкөлүктөрдүн кыргызча тамтаңдагандарын угуп, жетине албай кол талыганча алакан чаптык, мамлекет, албетте, биринчи иретте улуу урматтуу Бакиев тилибизге жакшы көңүл буруп жатканы айтылды, келечекте эңгезердей-эбегейсиз пландар бар экендиги саналды, түкүнчө акча бөлөт экен, тил комиссиясы катыра иштеп жатыптыр… Ошондо тилибиз аман калат бекен? Жогуңуз ой! Тилди өнүктүрүү, сактоо үчүн популизм жандаган, майрамды такымдаган компаниялардын кереги жок, турмуштун өзү жараткан эч качан айныгыс мыйзам керек, өкмөт чыгарган былжырак токтом эмес, эл жараткан турмуштун казанында кайнаган мыйзам ченемдүүлүк керек. Ташбоо Жумагуловдун сагызгандай сайраганы тилди сактай албайт. Ал деген илибой жерден тешик таап кирип кетчү же чыгып кетчү киши. Төгүп сүйлөп, колго илинбей жылмышып турат. Тилибиз андай боло албай жатпайбы.
Бутуна тургузабыз, оңдоп-түздөйбүз, өнүктүрөбүз деген нерсенин баары турмуш практикасында орун алмайын ал нерсе сөз менен эле кагазда калат. Тилибиздин өнүгүшү үчүн анын кенен-кесири колдонулушу болуш керек. Маселенби? Маселен, президенттик жыйындарды, Өкмөттүк жыйындарды, Жогорку Кеңештин талкууларда, мамлекеттик,облустук, райондук, айылдык чогулуштарды... бардык жерлерде кыргыз тилинде өтүш керек. Ал эми өтө зарыл учурда орус тилинде өтүлсө айла жок. А бизде президентиң деле, башкасы деле орусча урдурат.Аны көрүп турган кийинки муун орус тили менен эле жашайбыз дебатат да.
Кээ бир мекемеге барсаң эшик тосуп бир кыргыз кыз отурат, сулуу, кара башыңды жегир, жетекчи өзү тандайт да, мына ошол сулуудан кыргызча сүйлөп бир нерсе сурасаң, орусча жооп берет. Керек болсо кемсинте карайт, сенин кыргызча сүйлөп жатканыңды. А өз деңгээли чоңунун кучагынан көтөрүлө албайт, интеллектен кабары жок, көк мээлиги менен иши жок. Эй, кыргыз чоң, сен деген кыргызча билбеген кызды кызматка алба! Адам укугун, тебелебейм дегиң келип турабы. А эмне кыргыз тилинин укугун секретаршаң экөөң тебелей бересиңби, анда? Тигине, Прибалтикада титулдуу элдин тилин билбегендерди кызматка албай койду эле, орус тилдүүлөр ааламды аңтарчудай айкырык салып жатып, акыр аягы айласыз жатып берди... жатып берди деп коем да, көнүп берди. Тилдеринин баркы көтөрүлүп жатат. Бизде анте албайт, анткени, чоңдорубуз суу жүрөк. Тышынан эле кыйын, сүрдүү тим эле. Анан алтымыш кыргыз чогулуш жасап, залда отурган алкаш орус үчүн, ошол чогулушту орусча өткөзөт, атаңа наалатылар!
Тилди өнүктүрүп жиберем дегендер, силер майрам-сайрамыңарды токтотуп, ага кеткен чыгымга майда-барат китептерди чыгарып, дүкөн-пүкөндөрдүн баарын толтуруп салбайсыңарбы. Азыр карачы, кенедей балдарга арналаган орустардын "теремек-меремек" сындуу ондогон жупкадай китептери батпайт , кооз сүрөттөрү менен. Тим эле Россияда жүргөндөй болосуң. Ошондой чакан китепчелерди кыргызча чыгар, кыргыздын нечен бир жомокторун камтып, кооз, суктандырып өзүнө тартып тургандай жасалгалатып толтуруп салбайсыңарбы. Ошондо иш болот. Анан сенин тил майрамыңды өткөзүп, банкетте маашырланганыңдын өзү бокко жарабайт!
"Манас" деп сыймыктанып жатабыз. Ошол дүйнөдө теңдеши жок, болбой да турган эпосубузду өзүбүздүн эле кийинки муун билбей жатпайбы. Аларда күнөө жок, күнөө бизде. Эй, "Манастагы" Манас, Чубак, Сыргак, Бакай, Кошой, Каныкей, Чыйырды, Бакдөөлөт, Күлчоро, анан берки терс тараптан Коңурбай, Жолой, Канчоро, Толтой, Чынкожо сыяктууларды кенедей китеп кылып чыгара бер. Биринчи класс окусун, экинчи класс окусун… балдардын баары окусун. Эр Төштүктү, Эр Табылдыны, Курманбекти… чыгар, Аккула, Арчатору, Койкүрөң, Чалкуйрук, Тайбуурул, Тайтору, Телтору, Кумайык, Буудайык, Акшумкарды чыгар. Аккелте, Сырбараң, Наркескенди чыгар…Ошол китепчелер мыкты жасалгаланса балдарыбыз эмес, өзүбүз баса калып окуйбуз…
Көчөдөгү көрнөк-жарнактарды тегиз кыргызчалат, англисче менен орусчаны минип турсун, аларды басып, чөгөлөтүп турсун… Кыргызча кинолорду, мультфильмдерди тарттыр… мына ушул сыяктуу иштерге басым жасабай эле, майрамдарды өткөзүп, тили буруудан тамтаңдатып кыргызча сүйлөтүп, Чудинов бир жумадан бери кыргыз тилин катуу үйрөнүп жатат-деп ай-ааламга жар салыштын кенедей да кереги жок. Баса, Чудиновуң, кебетеси кыргыз тилиңди урганым жок деп кол шилтеп таштады окшоду.
Мамлекет башчыбыз, анын жаныдагылар тилге кам көрмөйүн, Ташбоо Жумагуловдун сайраганынан эч нерсе чыкпайт. Мен Американы ачып жаткан жокмун…

Баратбай АРАКЕЕВ




Улут болсом - тилим менен улутмун
Эй жарандар,
Эрендер,
Бектер жана берендер,
Эл баштаган кеменгер,
Мейли бакыр,
Мейли баатыр… -
"МЕН КЫРГЫЗМЫН" дегендер!

Зоок үчүн келгеним жок бужерге.
Соболум бар
Айта турган силерге.
Бир АТАЖУРТ,
Бир АСАБА,
Бир АЖО бар бир элде.

Анан муну билип ал,
Кулагыңа сырга кылып илип ал: -
Ар адамдын
Ар башкача дини бар,
Ар башкача дили бар,
Бирок билгин,
Бир улуттун
Бирден гана тили бар,
Билгин,
Муну билип ал!

Эй эрендер!
Эскертерим силерге:
Чындап кызмат кылам десе ким элге,
Сүйсүн тилин
Сүйгөн жарын сүйгөндөй,
Күйсүн тилге
Президентине күйгөндөй.

Жалгыз ырын ырдай берет кекилик,
Кекиликтер койсун мени кечирип.
Эне тилин билбей туруп,
Эне тилге күйбөй туруп,
Эли - журтун
Сүйөмүн деш чекилик.

Ысыгыңа алар күйүп,
Суугуңа тоңалбайт,
Эне тилин түшүнбөгөн
Кур кыйкырып күпүлдөгөн,
Эч убакта Ата-Журттун
Анык уулу болалбайт!

Бул чындыкты
Тилин танган
Тилизарлар,
Динин танган
Диназарлар угушсун.
Мейли алардын куйкалары
Курумшудай курушсун.
Ар улуттун улуттугун аныктаар,
Тил деген бул -
МЕТРИКАСЫ улуттун!



Анан муну билип ал,
Адам түгүл,
Айбандын да тили бар.
Жана да бир кызык кеп,
Айтканыма далил болоор бышык кеп:
"Ав-ав!" десе күчүк деп,
"Мый-оо" десе,
Түшүнөбүз мышык деп.
Койдо "Ма-а" бар,
Уйда "Мө-ө" бар атүгүл.
Тилибизди биз билбесек,
Кандай болот катыгүн!?

Суур деле таштай элек аңкушун,
А сен, кыргыз, байкушум…
Өз тилиңди жерисең,
Айтчы анда
Ким болосуң деги сен?!

Эсенгул Ибраев

(Уландысы бар)










??.??