№70, 26.09.08-ж.
  Башталышы өткөн санда

Конгантиевге коңгуроо, Кубатбековго кулак кагыш
Чийинден чыккан зөөкүрлөр, же "карышкырга" айланган каракчылар
Карышкыр адамга айланбайт, ал эми адамдын бөрүгө айланып кетерине азыркы заманда ишенүүгө болот. Жырткыч жаныбар көптүн сүрүнөн куйругун кыпчып качса, "эки аяктуу карышкырлар" малга гана эмес, адамдарга да кол салып, кудайды да тааныбаган абалга жетет тура! Талас облусунун, Талас районундагы Акматбек Нуржанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган Тынышов Автандилдин элге жасаган зөөкүрлүгү, жайыттагы күнөөсүз макулук малга да ырайымсыз мыкаачылыкты жасаганын укканда төбө чачың тик туруп, анын кылмышка тете иш-аракеттерине тиешелүү чара көрбөгөн, күбөлөрдүн маалыматына таянсак, кайра чийинден чыккан зөөкүрдү канатына калкалаган ИИМдин айрым кызматкерлеринин кайдыгер мамилесине нааразы болосуң. Ал гана эмес, ошол аймакта изи-жыты жок уурдалган малдарга алардын да катышы бардай сезимди пайда кылат.

Кат ээлеринин айрым маалыматтарына кайрылалык:

Токтобек Мамбеталиев, - фермер. Долоно айыл өкмөтүнүн аймагында жашайт:
Малга, жанга тынчтык бербегенден улам, Талас облустук администрациясынын башчысы Б. Болотбековго кайрылганбыз. Ал Автандил Тынышовдун үстүнөн иш козгоп, мыйзам чегинде маселени чечүүгө укуктук уюмдарга көргөзмө берген, бирок бул зөөкүр али боштондукта жүрөт. Ачык айтайын, Автандил Тынышов Кырк-Казык айылынан аракка тоюп алып, өзүнүн "Хонда" авто унаасын жин тийгендей айдап жүргөндө, Талас райондук МАИ тарабынан кармалат. Тергөөчү Канат Абыкеевдин айтымында, машина РОВДга алынып барылат. Кимдир бирөөлөр ортого түшкөн да, мас экендигине карабастан машинасын алып чыгат. Жолдо келе жатып Бакастын 20 жашар уулун койдуруп, ал каза болду,келинчегинин жамбашы сынган. Ушул жерде суроо пайда болот, эмне үчүн авто унааны чыгарып беришти? Мыйзам чегин сактаса, бир жаш үй-бүлө бул трагедияга дуушар болбойт эле го? Иш сотко өткөн, - дешет. Анда неге адам өлүмгө дуушар болсо, Автандил Тынышовго баш коргоо чарасы колдонулган жок?...

Кемелбек Базарбаев, - фермер. Нуржанов айыл өкмөтүнүн аймагында жашайт:
Мен Автандил менен коңшумун, 2006-жылы айдалган картошкамдын гүлдөп турган учурунда, элден чогултуп баккан 60 уюн каптатып жиберет. Уйларды айдап чыгарып жатсам, артымдан таяк менен башка чаап, жыгылып калганыман пайдаланып тепкилеп, андан кийин "өлдү" - деп талаага таштап кетет. Ооруканадан дарыланып чыктым. Иш сотто каралды. Бирок, сот калыстыктан тайды, "…элдешкиле", - деген талапты койду. Процесс 3 айга созулуп, сот дарыланууга кеткен чыгымды 2000 сомго баалады, Автандилге 1 жыл үй түрмө берилгендиги тууралуу аныктама чыгарды. Бирок, сот аткаруучусу 2000 сомду ушу кезге чейин өндүрүп берген жок, ал эми алынбай калган 1 гектар жердин түшүмү тууралуу бир ооз сөз козголгон эмес. Мына соттун адилеттиги!..

Кеңешбек Акматов, 65 жашка келген карыя: Долоно айыл өкмөтүнүн аймагында жашайт:
Саан уйларды сарайына камап салыптыр. Байбичем Мейилкан барса, бербейт. Кечиккенинен көңүл тынчыбай, ат минип барып калдым. Көңүлүмдө жаман ой деле жок эле. Мени аттан оодара тартып, желкемден алып жерге жыгып, муундуруп кирди. Байбичем манжаларын бирден тартып араң ажыратыптыр. Мындай карышкырга айланган зөөкүрдү тартипке салаар жер бар болду бекен?

Токтогул Бакеев, - фермер. Долоно айыл өкмөтүнүн аймагында жашайт:
Асыл тукум айгырымды аткандан кийин, мылтыктын огун судмедэкспертизадан өткөргөнгө тергөөчүгө бердим. Тергөөчү бизге үйүн аңтардык, мылтык тапкан жокпуз. Аңтарганда башына темир капталган жаанын огу, бычактын түрлөрү, түрдүү шиш табылды. Карагайдан кесилип алынган 5 оролгон зымдар табылды- деп жооп берди. Аңтарганда кимдер күбө катары катышканы белгисиз. Автандил Тынышов бүгүн малды атса, эртең адамдарды атаарына эстен чыгарбоо керек эле. Мындай кат менен Расул өмүрбеков, Токтор Эшалиев, Кыркбай Майнусов, Бабур Чокморов, Аман Султаналиевдер биздин гезитке кайрылышса, 30 үй-бүлөнүн атынан мамлекет башчысына, КР башкы прокуроруна, КР ИИМинин министрине, Талас облустук администрациясына да кайрылмакчы болуп отурушат. Акырында айтарыбыз, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев жогорудагы кырдаалдарды эске алып, чийинден чыккан зөөкүрдүн иштерин жаап жашыргандарга да катуу чара көрөрүнө ишенебиз. Мыйзамга таянсак, "менчик- кол тийгис", демек, бул мамлекет тарабынан коргоого алынууга тийиш. Кең-Кол өзөнүндө 30 үй-бүлөнүн малына, ден-соолугуна кол салган, алардын үлүш жерин басып алган Автандил Тынышовдун ишинде кылмыштын изи бары-жогун Талас райондук прокуратурасы "аныктай албай" жатса керек. Ушундан улам, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Элмурза Сатыбалдиев Талас райондук прокуроруна жана анын кызматкерлерине кесиптик кеңеш берип, маселенин акырына чекит коет деп үмүттөнөбүз. Бул 30 үй-бүлөнүн сиздерден күткөн үмүт-тилеги. Ошону менен алар чийинден чыккан зөөкүрдү башка тарапка көчүрүүнү да талап кылышууда. Чечүүчү сөз сиздерде, урматтуу укук коргоочулар!

Эртабылды Аттокуров,
"Ачык саясат"