№70, 26.09.08-ж.
  Тоңгонго аз калгандагы сөздөн

ОППОЗИЦИЯ, ЧУДИНОВ ЖАНА ЖЕТӨӨБҮЗГӨ БИР ЫШТАН
Аз жыл мурунку бир топ алдуу-күчтүү оппозиция кыймылы азыркы күндө баасы басаңдап, ал-күчтөн тайып турган кези. Эң жаманы - оппозицияга болгон элдин ишеними күндөн-күнгө кетип жатат. Ошондой болмок. Жок, мен табалаган жокмун, күйгөндөн чыгып жатат бу сөз. Бу абалды алып келген кыргыздын "чылыктарынан" чыгып отурат. Оппозициядагы жигиттерибиздин дээрдик көпчүлүгү "өзүңдү эр ойлосоң, бирөөнү шер ойло"-дегенди таптакыр сезимине жолотпой жатат, бүтүндөй баары "эр" болуп алышкан. Муну аша чапкан амбиция дейт. Турмуш айкындап келет эмеспи, амбиция эч качан ийгилик жараткан эмес, кай иш болбосун жаман жакка жетелегени жетелеген, финалы болсо белгилүүдүр. Ошону менен бирге элдир-селдир эси бардын баары билген "Ырыс алды - ынтымак"-дегенди таптакыр эстеринен чыгарып салышкан. Бул тапталып бүткөндөй, жадатып бүткөндөй сезилген маани эч качан касиетинен жазбайт.

Оппозициянын баасынын төмөндөшүнүн бир себеби - Атамбаев, Кулов, Эшимканов сыяктуулардын жигиттиктен тайып, бийликке сатылып кетиши болду. Эми муну айтыбатып ашмалтайын чыгардык. Жерге түкүрүп да бүттүк! Бир кезде Кыргызстанды дүңгүрөтүп, ак дилдүү адамдардын үмүтүн эбегейсиз арттырып турган жана да адегенде сонун иштерди алып барган Кыргызстандын демократиялык кыймылы (КДК) акыр-аягы шылдыңга айланып кетти. Анткени, анын тегерегине "ашкан-үшкөндүн" баары топтолуп алды. Анан күндөрдүн бир күнүндө "кыдыкыдай болбой жөн турчу"-деген сөз чыкты. Бүгүнкү оппозиция дал ошол "кыдыкынын"кейпин кийгени аз калды. Бүгүн эри менен ажырашып, эртең эле кайра келип көнүп алган катындардай болуп оппозициядан же бийликтен кетип, кайра- кайра бир жагына ооп тургандар ушул азыр оппозицияда бар. Нечен бир азамат жигиттер чогулуп алып биригип-бириге албай жатышы түшүнүксүз го... өткөндөгү коомдук парламенттин жыйынында Тургуналиев акебиз "Президенттикке талапкер кылып бир адамды" көрсөтүшүбүз керек"-деп дурус кепти баштады. Бирок ошол бир адамы ким болот? Ошол ойду айткан Тургуналиевдин оюнда өзү президент болсо дурус болоор. Текебаев менен Сариев, Жекшенкулов менен Бекназаров, Шерниязов менен Өмүркулов, Каптагаев менен Ниязов президент болгусу келбейт бекен, келет эле. Оппозициябыздагы президент болгусу келген жигиттерибизди санай берсек "абрадакабрадай" созула берет. Анткени, оппозиция кыймылы чогулуп туруп, президенттикке бир кандидатты көрсөтүүсү турмуш чындыгынан алда-канча алыс, бирөөнү көрсөткөн күндө да, бешөөнүн ичи күйүп калат. Ал эми ичи күйүп калган неме тиги кандидатка тирек болуп бералбайт, бут тосуп кое берет. Ооба, сыртынан сыпаа болуп бири- бирин сыйлаган болуп, тилектеш болуп, акыреттик болуп көрүнгөнү менен чындыгында таптакыр андай эмес. Бирин бири көралбоо, "мен турганда сен кимсиң?" деген сезим өкүм сүргөн. Анан ушул абалда оппозициянын күчү канчалык болоор? Эл иренжип да калбадыбы. Эң жаманы- Түндүк-Түштүк маселеси буларда да бар. Оппозициянын кийинки жүрүштөрү айласы куруганда кайсалактап калгандай көрүнөт. Буга коомдук парламенттин түзүлгөнү жана анын ишин эле мисалга тартсак жетиштүү. Эми ошол коомдук парламентинен бир нерсе чыгып жатабы? Жок. Аты чоң болгону менен, затында эч нерсе жок. Кагаз арстанбы, же чүпүрөк арстанбы, айтор, ошондойбуз деп түр көрсөтүп жатышат. Алардын чечимдерин анча-мынча журналисттер жар салымыш болгону менен, калың массага жетпей жатат. Жеткен күндө деле массанын реакция кылышы арсар. Белгилүү чындык эмеспи, эпадам оппозиция кыймылы күчтүү болсо, бийлик сестенип турат. Ал тараптан айтылган сөзгө реакция кылып, кай бирин турмушка ашырганга аракет кылат. Бизде болсо бийлигибиз оппозициябызды "жуккан кыкча"көрбөй калды. Анткени, анын алын, абалын билип бүттү. Бу жерде мен оппозицияга акыл айтайын деген оюм жок, алардын иштиктүү аракеттениши үчүн кандайдыр бир рецепт да түзүп бералбайм. Баш оту менен оппозиция кыймылына кирип, күнү-түнү ошол жаатта иштеп жаткандан кийин кандайдыр бир майнап чыгарышы керек го, акыры. Эгерде мамлекетибиздин ушул таптагы абалына саресеп салсак: бийлиги өз билгенин кылып туру, эл массасы эч кимге ишенбей, өз тырмалап өз оокатын кылып жатат, оппозиция болсо бийликти кантип алышты билалбай, өздөрүнчө эле күдүңдөшөт. Анан ушундай абалда бүтүндөй мамлекет кай жерге барып токтоду?! Ооба, оппозиция күнү-түнү иштеп жатат, укмуштуудай программаларды жазып жатат дейли. Бирок, аныңдын мамлекетибиздин турмушуна таасир берчү рычагы жок болуп жатпайбы. Кандайдыр бир оптималдуу варианты жок. Эң куру дегенде элди үшүтпөйбүз деп айтканга жарабай жатпайбы…Ноябрь айында элдик курултай өткөрөбүз деген оппозициянын ал курултайды эмнеге пайдаланарын, дегеле бир нерсеге пайдаланып, андан майнап чыгара алабы, ал да бүдөмүк. Жок эле дегенде элди үшүтпөйбүз деп бир нерсе сунуш кылганга жарар бекен, ал сунушу банкет залында калбас бекен?... Баса, кечээ жакында премьер-министр Чудинов Кара-Кечеге барып "көмүрдү экологияны эске албай казып жатасыңар"-дейт. Ошончо майды коротуп, далай чиновниктерди иштен калтырып, ээрчитип барып айтканы ошол болду. Анысына деле мейли эле, деңгээлинен аша секирмекпи. "Азыр көмүр сатып алууда мурункудай жанталашкан эч ким жок, анткени көмүр жетиштүү болоруна эл ишенип калды"- деп жатпайбы, жүз процент калп айтып. Ар кандай булактардан алган маалыматтар боюнча азыр карапайым бүлөнүн отуз проценти да көмүр менен камсыз боло элек, толук камсыз болушу арсар болуп турат. Бизде көмүрдүн запасы өзүбүзгө 400 жылга жетет экен. өкмөтүбүз тың болсо көмүргө көмүлмөк экенбиз. Айла жок…Оппозиция менен баштаган сөзүм Чудиновго жетип, көмүр менен бүттү. Бу дагы айла жоктун иши. Илгери, "Атам экөөбүзгө бир ыштан, кантип чыгабыз кыштан"-дечү элек, эми "атам, энем, Бакиев, Чудинов, Балкыбеков, Мотуев жетөөбүзгө бир ыштан, кантип чыгабыз кыштан"-деп айтып жатабыз…

Баратбай АРАКЕЕВ,
"Ачык саясат"





  Ау, "Ак жол"

Мугалимдердин муңун ким угат?
Эки жумадан бери эмгек стажы үчүн кошумча айлык маяналарын ала албай жүргөн мугалимдердин саны күндөн-күнгө өсүүдө. Алар күнүгө Жогорку Кеңеш алдына барып, арыз-армандарын айтууда. Убагында добуштарына куда түшкөн "акжолчулар" мугалимдердин муңун уккусу келбейби, айтор, аларга чыккысы жок. Эшектери суудан өткөндөрдүн эже-агайларга жасаган мындай мамилеси, "акжолчуларга" аброй алып келбейт. Айласыз Ала-Тоо аянтын айланган агайлардын арыз-муңуна СДПК фракциясынын депутаттары көбүрөөк көңүл бөлүп, өкмөттү төлөмдөрүн төлөп берүүгө мажбурлашууда. СДПКнын лидери Бакыт Бешимов "Акипресс" маалымат агенттигинде журналисттер үчүн жыйын куруп, кошумча төлөмдөрдү төлөбөй жаткан өкмөттү өкүртө сынга алды. Бакыт мырзанын айтымында, айлык маяналарын ала албай, акыйкатты таба албай жүргөн мугалимдерди өкмөттүн вице-премьери Элмира Ибраимова кабыл алып, каржы министрлигинин өкүлдөрүнө каражат таап берүүсүн тапшырыптыр. Каржы министрлигинин кызматкерлери аларды жетекчилери менен жолугуштурууга алып келип, төрт саат күттүрүп, аягында качып кетишиптир. Жалпак тил менен айтканда, "ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт" -дегендей болуптур. Бакыт Бешимов бул тууралуу президентибиздин парламенттеги өкүлү Камбаралы Конгантиевге кайрылганда, ал адам бул маселенин Элмира Ибраимовага жүктөлгөнүн айтыптыр. Соттун чечимин аткарбай койгондугу үчүн кылмыш жообуна тартылаарын Камбаралы мырза билбейби? Билет. "Алиби" гезитин соттун чечимин аткарбагандыгы үчүн камакка алышат, башкы редакторун түрмөгө салышат. А эмне үчүн Каржы министрлигин карыздары боюнча иш козгошпойт? Камбаралы мырза калыстык сөзүн айтса болмок? Балким, Бакиевдин туугандарынын бирөөсү мугалим болуп иштегенде, бул иш батыраак чечилмек беле? Шайлоолордун алдында мугалимдерди байма-бай сүйлөткөн КТР, ушу тапта унчукпай отурганына кантесиң? Бир четинен мугалимдерге да чала, шайлоо, референдумдарда бийлик эмне десе, ошону аткарышат. "Ак жолду" шайлап алышып, эми аларга жолукканга жол таппай жүрүшөт. Мугалимдердин айлык маяналарынан кутула албай жаткандан кийин, "жашообуз жакшырып калды" -деп жалган айтпай эле койсок жарашат.

Рыскелди МОМБЕКОВ,
"Ачык саясат"