№69, 23.09.08-ж. Амангелди Муралиев, экс-премьер-министр, "Бирдиктүү Кыргызстан" кыймылынын лидери:
"Балким, бүгүнкү президент, мурдагы губернатор мага таарынып жүргөндүр"
- Амангелди мырза, "Бирдиктүү Кыргызстан" кыймылы уюштурган форум кандай өттү?
- Форум абдан жакшы өттү. Форумдун максаты-учурдун эң көйгөйлүү маселелерин талкуулап жана андан чыгуу жолдорун издөө эле. Чакырылган делегаттар эмоцияга алдырбай, кылдаттык менен профессионалдуу көз караштарын билдирип, кризистен чыгуу ойлорун ортого салышты. Форум жемиштүү болду десем жаңылбайм.
- Кандай маселелер каралды?
- Негизинен үч маселеге токтолдук: биринчиси -Кыргызстанды караңгылыкка кептеген энергетика кризиси, экинчиси -элдин көңүлүнө көк таштай тийген азык-түлүк маселеси, үчүнчүсү - экономикалык абалды эске алдык.
"Бирдиктүү Кыргызстан" кыймылы Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган айрым партиялардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, тажрыйбалуу адистерди чакырып, өлкөнүн азыркы абалына берген баасын угуп, кризистен чыгуу жолдорун чогуу издейли, кеңешели деген ниет менен уюштурганбыз.
Форумдун катышуучулары: "Элдин демине дем бере турган башкаруу органдары заманга, мезгилге жараша экономикалык эффективдүү саясат жүргүзүүгө өтө чабал болууда",- деген нааразычылыктарын билдирип, анын себептерин талкуулап чыгышты.
Чындыгында эле, Кыргыз өкмөтү бардык маселерди өз учурунда чечпестен, "Төө кыядан өткөн соң, оо дегениң курусун" дегендей эле мамиле кылууда, кечигип шашылыш көрүлгөн чаралар ток этер жерине жетпей жатат.
Өкмөттүн жасай турган иш-чараларына министрликтердин майда-барат күнүмдүк аткаруучу функциялары жазылыптыр. Мисалы, Айыл-чарба министрлигинин күн тартибиндеги иштери өкмөттүн иш-чараларында жүрөт.
- Энергетика кризисине туш болушубуздун себептери айтылып эле келатат. Жакын арада андан чыгуу жолдору талкууга алындыбы?
- Азыркы энергетика маселеси сууга байланыштуу да. Суунун көлөмүнүн азайышынын себептерин форумга катышкан адистер терең талкуулашты. "Токтогул ГЭСи курулгандан бери суунун цикли бар. Эки-үч жылда суу толуп, кайра азайып турат. Эгер Өкмөт ошол циклдерди эске алып, энергетика саясатын туура аткарса, анда мындай кризиске дуушар болбойт элек" - деген ойлор айтылды.
Жазгы, жайкы, күзгү сугаттарда Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан менен өкмөттүк деңгээлде келишимдерди түзүп, тарифтик саясат туура жөнгө салынбады.
Суу жана энергетика тармагындагы тышкы саясатты өзгөртүш керек. Анткени, суу деген ченемдүү байлык. Өзүңөр деле билесиңер, жылдан-жылга мөңгүлөр азайып баратат. Суу- дүйнөлүк рынокто кымбаттоодо. Шериктеш мамлекеттер менен суу маселесин кылдат карап, өзүбүздүн пайдага чечип алсак, тышкы саясаттагы керектүү инструмент колдо болмок.
Данияр Үсөнов вице-премьер-министр болуп турганда Ташкентке барып, бааны 4 центтен 1 центтке түшүрүп келгени менен иши жок: "Электр кубаттуулугун 1центтен сатмай болдук"- деп мактанып келген. Ал учурда өзбектер газдын баасын эки эсеге көтөргөн болчу. Ушундай да соодалашуу болобу? Президент туура эмес соодалашкандыгы үчүн Данияр Үсөновду жоопко тартпастан, ага макул болду.
Жөн эле сүйлөшүүлөрдүн, жолугушуулардын, эки өлкөнүн карым-катнаштарын талкуулаган тышкы саясаттын кереги жок. Эң негизгиси, өлкөгө пайда алып келүүчү маселелердин чечилүүсү зарыл.
- Кыш босогого кирип келди. Азыркы каатчылык шартта калктын жакыр катмарлары отун-суу алууга каражаттары чектелүү экени талашсыз. Ушундан улам, өлкөнү экономикалык кризистен чыгаруу жана калктын мүмкүнчүлүгүнө жараша ар тараптан жардам берүүгө кандай мүмкүнчүлүктөр бар?
- Азыр деле кеч эмес.
Суу аз болгон күндө да, сууну пайдаланууда жогорку жоопкерчиликтеги деңгээлде көзөмөл талап кылынышы керек. Бишкек ТЭЦинин кубаттуулугун күчөтүү зарыл. Азыр 250 миң кВт. кубаттуулукта иштей турган болсо, ичиндеги агрегаттарды жаңыртып, оңдоо иштерин жүргүзсө 600-700 миң кВт. кубаттуулукта иштегенге мүмкүнчүлүгү бар. Демек, терең ойлонуп теңсалмактаса болот.
Дагы эске алынуучу нерсе, коммерциялык жоготууларды жана техникалык жоготууларды кылдаттык менен текшерип, себептерин такташ керек. Биринчи жарым жылдыкта Өкмөттүн отчету боюнча электр энергиясынын жоготуулары 35% болуптур. Ал эми форумга катышкан энергетика тармагынын адистери "отчет туура эмес, 40-45% жоготуу бар"- деп божомолдошууда.
Энергетикалык кризистен чыгуунун албетте жолдору бар. Техникалык жабдыктарды тез арада оңдосок, керектүү жабдыктарды "жең ичинен" жогорку баада сатып алууларды токтотсок, Дүйнөлүк Банк 10 миллион доллар грант беребиз дешүүдө, ошону туура пайдалансак, бардыгы жакшы болот.
Ал эми азык-түлүк маселеси боюнча айтсам, "Айыл чарба министрлиги жана Улуттук статистикалык комитети отчетторду туура эмес берип жатканын форумдун катышуучулары баса белгилеп, "алар айтып жаткан 800 миң тонна буудай өлкөдө жок"- деп чыгышты.
Чындыгында эле азык-түлүк маселеси жакын арада натыйжалуу чечилбесе, ал келечекте өтө татаал көйгөйгө айланат. Азыр жыйым-теримдин маалында кырманда дан болуп, баа байкалбай турат. Кышында буудай кайра эки эсеге кымбаттайт. Ошондуктан, дагы 500 же 600 миң тонна буудай сатып алышыбыз зарыл. Учурда ун сатып алабыз дегендери болбогон кеп. Унду сатып алуудан пайда деле жок. Буудай сатып алса, кудайга шүгүр, өзүбүздүн тегирмендер иштеп жатат, ун чыгаргандан кийинки калдыктары, кебектери малга жем болмок. Бул жагы да сөзсүз эске алынышы зарыл.
- Сиз айткан көйгөйлөр көптөн бери эле айтылып келатпайбы, ушул форумдан соң бир жыйынтык чыгат деп ишенесизби?
- Форумда кур сөздөр айтылган жок, маселелерди чечүү жолдору сунушталды.
- Ал сунуштарды бийлик кабыл алабы?
- "Өткүр ок- душманга, өткүр сөз- тууганга"- деген сөз бар кыргызда.
Мезгил жаңы талаптарды коюп жатканда, эртеңки күнүбүз кандай болот? Балдарыбыздын келечеги эмне болот? Кыштан кантип чыгабыз? - деген тынчсыздануулар бардыгыбызды бирдей ойлондурушу керек.
Ооба, форумдун катышуучуларынын көпчүлүгү "президент да, өкмөт да биздин сунуштарга кулак салбайт, мактоо сөздөрдү гана угат. Сын-пикир айткандарды душманындай кабыл алат. Айтканыбыз менен жетпейт", -деген талаш-тартыштар болду. Мындай кырдаалда карап турганга болбойт. Биз жарандык милдетибизди аткаралы дедик. Бүгүн өлкөбүз коркунучта турат. Мына ушул шартта биздин жарандык милдетибиз, колдон келген жардамыбызды көрсөтүү.
Бийлик элдин талаптарын колдоп, жакшы сунуштарын пайдаланыш керек. "Чын чычалайт" - деп коет. Ачуу чындыкка чычалагандын ордуна, бийлик айтылган жүйөөлүү кептерге, сунуштарга кулак салса элге жеңил болмок.
Кайрылуубузду Президентке да, Өкмөткө да жөнөтөбүз. Андан тышкары, аксакалдардан, академиктерден, саясий партиялардын өкүлдөрүнөн турган делегация менен президентке сүйлөшүүгө баралы деп жатабыз. Кабыл алып, укса угаар, укпаса аны да көрө жатабыз.
Ошентип, форумда көтөрүлгөн бардык маселелер туура жана жүйөөлүү болду. Биз тигил жакшы, бул жаман деп майдаланган жокпуз. Жалпы социалдык-экономикалык абалды жана башкаруунун начардыгын талкууга алдык.
- Бул иш-аракеттерден майнап чыкпаса кандай кадамдарды күтсө болот?
- Биздин максат митингдерди, пикеттерди уюштуруу эмес, "Кеңешип кескен бармак оорубайт" дегендей, маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүү. Мыйзамдын жолу менен бардык аракеттерди көрөбүз.
- Сиз да премьер-министрлик кызматта олтурдуңуз эле, бүгүнкү өкмөттүн абалын жакшы түшүнүп турсаңыз керек. Учурдагы премьер-министр Игорь Чудинов эмнеден жаңылды деп ойлойсуз?
- Биринчиден, өкмөттүн экономикасын көтөрүүгө сапаттуу программасы жок.
Дагы бир кемчилиги, кадр саясаты туура жолго коюлган эмес. Учурда иштеп жаткан министрлердин кризистик кырдаалды жөнгө салууга дараметтери жетпейт. Өлкө үчүн күйүп-бышып, иш үчүн жан үрөгөн адамдарды Өкмөттөн көрө албадык. Өлкөнү алдыга жылдырууда өздөрүнүн конкреттүү, реалдуу иш-аракеттерин көрсөтө албады. Мисалы, Өнөр жай, Энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков Кыргызстандагы көмүр кендерин иштетүүгө көңүл буруп, ички ресурстарды кеңири пайдаланууда чечкиндүү аракеттерге барып, премьер-министрдин көзүн карабай эле өз алдынча аткара берсе болмок. Ушундай аракетти башка министрлер да өз тармагын көтөрүүгө колдонуш керек эле. Тилекке каршы, эң көйгөйлүү маселенин өзөгүн таап, аны чечүүгө иштиктүү аракет жасалбады.
- Сиз өкмөт башында турганда, орчундуу маселелерге келгенде өз алдыңызча чечим кабыл алган учурлар болду беле?
- Бир топ маселерди өз алдымча чече берчүмүн. Маселен, министрликтердин жоопкерчилигин көтөрүүдө. Бул абдан татаал маселе. Кай бирлери, душманым көбөйөт деп иштебей коет. Эл үчүн, мамлекет үчүн иштейм дегендерге ар дайым душман табылат. Губернаторлорго да талапты катуу койчумун. Балким, бүгүнкү президент, мурдагы губернатор мага таарынып жүргөндүр. Таарынса таарынсын. Өз түшүнүгүмдө жогорку деңгээлдеги адамдарга андай маселелер түшүнүктүү болот деп эсептейм. Себеби, мен өзүм үчүн иштеген эмесмин да. Эл үчүн, элдин жашоо деңгээли оңолсун деп аракет кылчумун. Өзүмдү акылдуумун деп мактагандан алысмын. Бирок, жаңы реформаларды баштагам. Жаңы типтеги кооперативдерди түзүүгө белсенгем. Ар бир дыйкан өзүнө трактор, комбайн сатып алганга каражаты жетпейт. Ошондуктан чоң кооперативдерге бириктирип, мыкты агроном, мыкты зоотехник, механизаторлорго акы төлөп иштетсек иш алдыга жылмак. Майда фермерлер жер которуштуруп, эгин айдоого мүмкүнчүлүгү чектелүү. Аларды бириктирип, миң гектар жердин 200 гектарына беде айдап, калган аянтка азык-түлүк багытындагы өсүмдүктөрдү өстүрүп,1-2 жылдан кийин которуштуруп айдоого өтүп, жердин асылдуулугун көтөрүүгө аракеттерди көрө баштаганбыз.
Азыркы Өкмөттүн да эң биринчи милдети- жердин асылдуулугуна, түшүмдүүлүгүнө көңүл буруусу зарыл. Себеби, жер бизди багып жатат.
- Жер демекчи, Каркыра жайлоосунун казактарга өтүп кетишин кандай кабыл алдыңыз?
- Каркыра маселеси мыйзамдуу түрдө чечилип калды. "Жоо кеткен соң, кылычыңды ташка чап" - дегендей, азыр эмне десек да кеч болуп калды окшойт.
- Тунгуч ажобуз Аскар Акаев менен азыркы ажобуз Курманбек Бакиевдин журт башкаруудагы жетишкендиктери жана кемчиликтери жөнүндө эмне айта аласыз?
- Аскар Акаевдин биринчи он жылдыгы татаал режимге туш келди. Компартиянын калдыктарын жоюу, жаңы башкаруу системасын түзүү, жаңы экономикалык реформаларды, тышкы саясатты жүргүзүү бардыгы эле жакшы жолго салынган. Бийлигинин акыркы жылдарында коомдун, мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгын аттап, үй-бүлөлүк башкаруунун нугуна түшүп, нравалык нормалардан тайды. Акаевдин акыркы беш жылдыгы менен бүгүнкү бийликтин үч жылдыгы, кетирген каталары бири-бирин кайталагандай эле түр калтырууда.
- Сиз азыр деле Аскар Акаев менен байланышып турасызбы?
- Жок, мен Аскар Акаев менен байланышпайм. Анткени, акыркы мезгилде таарынып калган жайым бар. 1999-жылы 21-апрелде мен өлкөгө премьер-министр болуп келгенде, республика кризиске тушуккан маал болчу.
Баткен согушун билесиңер, жогорулаган инфляцияны жөнгө салдым. Элдин турмушу кыйла оңоло баштаган. Өкмөт жакшы иштеген үчүн, Акаев 2000-жылдагы шайлоодо кайра шайланды да. Ага карабай Акаев бир күнү менин ордума Бакиевди алып келди. Убагында чындыкты айтканым үчүн жаман көрдү. Папкалуу кызмат сурап, бир да жолу алдына барбадым. Ошентип, экөөбүздүн ортобуз алыстап кеткен.
- Сизди "Бирдиктүү Кыргызстан" кыймылы президенттик шайлоого таптап жатат деген имиштерди угуп калдык…?
- Бул маалыматтарды биз тараткан эмеспиз. "Бирдиктүү Кыргызстан" кыймылы азырынча ал жөнүндө кеңеше элек. Саясат- бул чоң аалам. Президенттин жүгү абдан оор. Ошондуктан, терең ойлонуш керек. Менин оюмча, Бакиевдин дагы бир мүмкүнчүлүгү бар. Эгер абалды азыр түздөп кетсе, эл боорукер да, бүгүнкү оорчулукту, эртең унутуп калат.

Маектешкен
Гүлниза Молдокулова,
"Ачык саясат"