№66, 16.09.08-ж. АК ҮЙДӨН БАШТАЛГАН АРАКЕТ, БАБЫРБЕКТЕН БАШТАЛГАН БАЛАКЕТ
"Түндүк" шайлоо округу боюнча Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттыгына талапкер, "Алиби" жана "Ачык саясат" гезиттеринин мурдагы башкы редактору Жээнбеков Бабырбек Субанович эки күндүк камактан кийин эркиндикке чыкты. "Ата-Мекен" партиясы тарабынан талапкер болуп катталган Бабырбек Субановичти "Алиби" гезитине салынган айып пул үчүн кылмыш ишин козгогон тергөөчү Турат Байчаев камакка алууга эле эмес, суракка алууга да укугу жок болчу. Анткени, Б. Жээнбеков 2-сентябрь күнү талапкер болуп катталып, 3-сентябрь күнү тергөөчү Т. Байчаевге өтүнүч келтирген. Убагында тергөөчү болуп иштеп, кийин тергөөчүлөрдүн тескери иштерин тескеген адвокат болуп иштеп, акыркы айларда атагы алыска кеткен "Алиби" жана "Ачык саясат" гезиттерин жетектеген Бабырбек мырза шайлоо кодексинин талаптарына ылайык, өзүнүн кызмат ордун орун басарына өткөрүп бергендигин, шайлоонун жыйынтыктары аныкталмайынча талапкерге тиешелүү болгон иш-аракеттерди жүргүзөөрүн тергөөчүгө кагаз жүзүндө кабарлаган.
Азыркы тергөөчү мурдагы тергөөчүнү камакка алуудан мурда, шайлоо кодексиндеги "талапкердин статусу" жөнүндөгү берене менен таанышып, БШКнын уруксатын алышы керек эле. Эки күн эркиндигинен ажыраган талапкер Б. Жээнбековдун айтымында, тергөөчү Т. Байчаев ал берген өтүнүчүн жоготуп алган имиш. Мейли, өтүнүч каттын өзү жок болуп кеткенине өкүнбөй туралы. А Бабырбек мырзанын колундагы талапкердин күбөлүгүн кайда катабыз? Ошол күбөлүктү көргөндөн кийин, камакка алуу тууралуу тергөөчүнүн протоколуна Б. Жээнбеков талапкер катары кол койгондон кийин, Турат мырза туура чара көрүшү керек эле. Мыйзам талаптарын так аткарган талапкер Б. Жээнбековду, мыйзам талаптарын сыйлабаган тергөөчү Т. Байчаев эмнеге камакка алган? "Соттун чечимин аткарган эмес" - деген берене менен камакка алууга негиз бар беле? Азаттык алган алгачкы мүнөттө Бабырбек Жээнбеков "Азаттык" үналгысына берген маегинде мындай деди:
- Силердин келгениңерге ушунчалык толкунданып, эмне айтаарымды билбей турам. Мына, силердин сүрүңөр, чоң колдооңор бар экен, азыр эле тергөөчү мени чыгарууга макул болду. Анан мен ага суроо бердим: "Ушундай боло турган болгондон кийин, мурдагы күнү эле камабай койсоңор болбойт беле?" - десем, "Мага ошондой көрсөтмө болгон. Мен камашым керек болчу. Мен сотко алып барганда деле бул иштин өтпөшүн билдим" - деди.


Атадан уул туулат, атагы далай угулат

Демек, бул камактын артында чоң саясат турганын байкасак болот. Ал кандай саясат болушу мүмкүн? "Ата-Мекен" партиясынын талапкерине алдын-ала бут тосуубу? "Алиби" гезитинин ажонун небересине болгон айып пулун мажбурлап төлөтүп берүүбү? Жок. Кептин баары башка өңүттө жаткансыйт. Анткени, талапкер Б. Жээнбековдун баласы экс-элчи, экс-министр Равшан Жээнбеков болуп жатпайбы. Алыскы Америкадагы окуусун аяктап, азыркы тапта атактуу фирмада иштеп жаткан Равшан мырза, Бакиев бийлигин байма-бай сындап келе жатканын жакшы билебиз. "Март ыңкылабынын" башында болбосо да, Бакиевдин кашында болгон Равшан Жээнбеков, азыркы бийликти кандай сынга алса да болот. Анткени, Равшан мырза Акаевдин бийликтен кетишине, Бакиевдин бийликке жетишине зор салымын кошкон. Сынды көтөрө албаган сылтык бийлик Бабырбектин баласына кылмыш ишин козгоп, эл аралык издөө жарыялаган. Козголгон кылмыш ишин коомчулугубуз билгени менен, анын чоо-жайын жакшы биле бербесе керек. Ал жөнүндө аздыр-көптүр кабарым бар болгондуктан, кызыккандар үчүн кылмыш ишинин кыңырын айтып берейин. Ал мындай: "Равшан министр болуп турган кезинде "Кайыңды-Канттын" 10 пайыздык акциясын арзан баада бирөөгө сатып алууга көмөк көргөзүп, кол астындагылардын бирине оозеки тапшырма бериптир". Болгону ушул. Ал боюнча арызданган адам жок. Тергөөдө бирөөнүн берген көргөзмөсү боюнча кылмыш иши козголгон. Аталган окуя мындан төрт жыл мурун болуптур. Мындан эки жыл мурун Равшан элчилик кызматты аркалаганын жакшы билебиз. Эмне үчүн ошол кезде бул окуя козголгон эмес? Эмне үчүн бул ишти апрель митингдеринен кийин козгошкон? Иттин өлүгү кайсы жерде көмүлгөнүн биз көрсөк да, бийлик көрмөксөн болууда. Саясий куугунтуктун кулачы эмес, кулагы деле көрүнүп турбайбы? Талапкер Б. Жээнбековдун камалышын, анын уулу Равшан Жээнбековго болуп жаткан саясий куугунтуктардын уландысы катары кабыл алсак болот. Равшандын атагы менен атасынын чатагын бөлүп караганга "бовойт". Кыргыздар бекеринен айтпаса керек, "Атадан уул туулат, атагы далай угулат" деп.


Чабал өрдөк эрте учат

Эми кайрадан камак жөнүндө кебибизди уланталы. Байчаевдин эмнеге камаганын Бабырбек мырза баяндап берди. Үстү жактан ушундай көрсөтмө болуптур. Эмне үчүн тергөөчү мыйзам талаптарын жетекчиликке алган жок? Бул жерде жөнөкөй адамдын укугу жөнүндө сөз болуп жаткан жок. Ошол адамдар ишеним көргөзүп, тандай турган талапкер жөнүндө сөз болуп жатат. Тергөөчү анын талапкер экенин билип туруп, камакка алды. Демек, кызматтык абалын ашыгы менен пайдаланды десек болот. Кылмыш ишин иликтеген адам, кылмыш ишин жасаган болуп жатпайбы? Эмне үчүн ИИМ жетекчилери бул жөнүндө унчугушпайт? ИИМдин пресс кызматкери, милициянын подполковниги Рахматилло Ахмедов Бабырбек Субановичтин камакка алынышы тууралуу мындай дептир: "Главным мотивом задержания Джеенбекова является то, что, находясь на свободе, он может мешать установлению истины по уголовному делу. В настоящее время идут следственные мероприятия, после чего суду предстоит решить, что делать дальше с редактором газеты. До этого времени Бабырбек Джеенбеков будет находиться в изоляторе временного содержания". Ой, тобоо! ИИМдин пресс кызматкеринин берген жообу ушул болсо, жөнөкөй кызматкерлерин жөн эле коелу. Бабырбек мырзанын эркиндикте жүрүшү-кылмыш ишинин ичиндеги чындыктарды аныктаганга тоскоолдук келтирет экен? Кайсы чындыкты? Соттор эбак эле аны аныктап койбоду беле? Асылбек Салиевдин ар-намысын 1 миллион сомго баалаган соттун чечими чыкканына үч айдан ашты. Ошол сумманы төлөбөй жатат кыязында кылмыш иши козголуп жатпайбы? Соттун чечимдерин аткаруу жагы милиция кызматкерлерине эмес, мыйзам боюнча сот аткаруучуларга жүктөлгөн. Байчаев баш мыйзамдын талаптарын эмес, "башчылардын" талаптарын аткарып жатканын Бабырбек мырза айтып жатпайбы?
Урматтуу Рахматилло мырза, тергөөчү аныктай турган эч нерсе калган жок. Соттор баарысын аныктап койгон. Алардын аныктамасын аткара турган адамдар башка жакта иштешет. Дагы Сиз айтып жатпайсызбы, ". . . . после чего суду предстоит решить, что делать дальше с редактором газеты" деп. Анда эмне үчүн сотко алып барышкан жок? Ошол эле маегиңизде сиз айтыпсыз, "Да, мы знаем о том, что он намерен баллотироваться на предстоящих выборах в местный Кенеш, но это не означает, что данный факт повлияет на решение суда" деп. Ушул жерден жок дегенде БШКдан сурап койсоңуз болмок: "Ал киши талапкер болуп катталды беле?" - деп. "Чабал өрдөк эрте учат" - дегендей эле, алдын-ала аныктап койгонуңуз кандай?


Урматтуу Молдомуса Ташболотович!

Сиздин кол алдыңызда иштеген эки кызматкериңиздин ашынган аракеттерин аздыр-көптүр баяндап бердим. Сиздин бүгүнкү күндө ИИМде жүргүзүп жаткан реформалык багытыңызды колдоп келебиз жана колдоп кетебиз. Анткени, сиз бул ишке саясатчы катары эмес, чыныгы милиционер-профессионал катары киришкенсиз. Акыркы кездерде сиздин "таза эмес" милиция кызматкерлери менен күрөшүү программаңыз көпчүлүктүн көңүл борборунда калды. Каргашалуу Аксы окуясы милиция кызматкерлери менен карапайым калкыбыздын ортосуна жарака салып кеткенин сиз жакшы билесиз. ИИМдин ошол кездеги жетекчиси Т. Акматалиевдин бүгүн эл барган жерге бара албай, эл айткан сөздү айта албай жатканы, ошол каргашалуу окуяларга берген тарыхтын баасы. Депутаттыкка талапкер Б. Жээнбековдун сиздин кызматкериңиз тарабынан мыйзамсыз камакка алынышы, сиз жетектеген министрликтин беделине көлөкө түшүрдү. Ушундай учурда сиздин унчукпай койгонуңуз туура эмес болуп калат. Б. Жээнбековдун камалышына арналган пикеттин чыгышына, сиздин жогорудагы эки кызматкериңиздин кошкон салым чоң. Алардын алабарман аракеттери коомчулукту козутуп жиберди. Мыйзамды коргогондун ордуна, мыйзамды кордогон кызматкерлериңиздин кылгылыктуу иш аракеттерине баа берип, кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүүңүздү суранабыз.


Урматтуу Элмурза Ракишевич!

Жогорудагы жосунсуз жоруктарга сиздин жооп бербей койгонуңуз туура болбой калат. Баш мыйзамыбыздын бакубат өмүр сүрүшүн сиз жетектеген прокуратура кызматкерлери көзөмөлдөйт. Баш мыйзам балталанып, талапкердин укугу талкаланып жатканын, Башкы прокурор байкабай калышы мүмкүн эмес. Тергөөчү Т. Байчаев Бабырбек мырзаны камакка алуу тууралуу протоколунун көчүрмөсүн сиздердин органга жөнөтүптүр, муну талапкер өзү тастыктап берди. Камакка алуу протоколу менен таанышкан талапкер Б. Жээнбеков өз колу менен анын этегине шайлоо кодексиндеги "талапкердин статусу" жөнүндөгү мыйзамды келтирип жазыптыр. Эмне үчүн прокуратура кызматкерлери буга маани беришкен эмес? Же аларга дагы үстү жактан көрсөтмө болду беле? Бабырбек мырза "Ата-Мекен" партиясынан эмес, "Ак жол" партиясынан депутаттыкка аттанса, анан ушинтип камап салса, кандай болот эле? "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланды" - деген айып менен прокуратура кызматкерлери тергөөчүнүн үстүнөн иш козгомок. Башкы прокурорубуз аталган иш боюнча өзүнүн калыстык пикирин билдирет деген ойдобуз.
Ак үйдөн башталган аракет менен Бабырбектен башталган балакет бийлик менен оппозициянын биринчи тирешүүсүнө алып келди. Бириккен оппозициянын бир күндүк пикети адилетсиз камалган "Ата-Мекендин" талапкерин абактан азаттыкка чыгарууга мажбур кылды. Алдыда далай таймаштар турат. Шайлоонун шайтан оюндары башталды десек болот. Равшанды депутаттыкка өткөрбөйбүз деген бийликтин каршылыгынан март окуялары башталып кетти эле, эми атасын өткөрбөйбүз дегенинен балакеттер башталбаса болду.

Рыскелди МОМБЕКОВ,
"Ачык саясат"