№66, 16.09.08-ж. Көчө маек
АЗЫРКЫ ПАРЛАМЕНТ-ЭҢ ЖАЛТАК, ЭҢ КОРКОК ПАРЛАМЕНТ
"Мезгил - учкан куш"-демекчи, өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу партиялык тизме менен шайланышкан жаңы депутаттарыбыз Жогорку Кеңешке кирип, депутаттык жылуу креслолоруна отурушкандан бери, эми минтип тогуз ай өттү. Ырынан чыры көп ошол декабрдагы парламенттик шайлоолордо жеңишке жетишкен "азыркы" депуттарыбыздын жасап жаткан иштерине канааттанасызбы"- деген суроо менен бир катар мекендештерибизге кайрылганыбызда төмөндөгүдөй жоопторду алдык.

Нурхат ИМАНКУЛОВА,
И. Арабаев атындагы КМУнун аспиранты:
Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө жогорку баа бере албайм. Себеби, парламенттин аткарган негизги функцияларынын бири - бул бийликтин өзүм билемдигине жол бербестен, көзөмөлгө алуу керек эле. Бирок, тилекке каршы бүгүнкү биздин парламент өлкө башчысынын айтканын айткандай, дегенин дегендей аткарган президенттин кол алдындагы органга айлангандай элес калтырат.
Ал эми кабыл алынып жаткан мыйзамдар жөнүндө айтсам, элге пайдалуу анча-мынча мыйзамдар кабыл алынганы менен, басымдуу көпчүлүгү капчыктуулардын камын ойлогон, өздөрүнүн кызыкчылыгын коргогон мыйзамдарды кабыл алып жатышат. А түгүл Каркыранын, көлдөгү төрт пансионаттын Казакстанга кетишине өздөрүнүн салымын кошуп, мамлекеттин кызыкчылыгына түздөн-түз каршы келген мыйзамдарды да кабыл алып жиберишүүдө.
Эгерде, чын эле эл өкүлдөрү экендиктери чын болсо, жарыбаган айлык акы менен күн кечирип жатышкан мектеп мугалимдеринин, ЖОЖдун окутуучуларынын кызыкчылыгын коргогон, алардын жашоосуна кандайдыр бир деңгээлде жеңилдиктерди алып келген мыйзамдарды кабыл алышса жакшы болмок.

Азамат КООНДУКОВ,
юрист:
Парламент эмне иш кылып жатат, кандай мыйзамдарды кабыл алып жатат, бул боюнча бизге окшогон карапайым калктын жетишээрлик деле маалыматы жок. Мунун өзү эле алардын кандай иштеп жатканынан маалымат берип жатпайбы. Эгерде алар элге керектүү, актуалдуу мыйзам актыларын кабыл алышкан болсо, анда эл "Жогорку Кеңеш мындай мыйзам чыгарыптыр, тигиндей мыйзам чыгарыптыр"-деп кызуу талкууга алат эле да. Тилекке каршы, бүгүнкү депутаттарыбыз, мамлекеттин акчасын төгүп-чачкандан башка эч кандай жарытылуу деле иш жасашкан жок.
Албетте, 90 депутаттын баарын эле жеп-ичерлер деп айтыштан алысмын. Арасында чынында эле мамлекеттин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыгынан жогору койгон, таза депутаттарыбыз деле бар, бирок алар өтө эле аз.

Бакыт АСКАРБЕК уулу,
жеке ишкер:
Азыркы парламенттин жыйындарын көрүп отурабыз. Өкмөт кайсы маселе менен барса да, алардын пикирлеринин оң-терс жактарын талдап, тактабай өткөрө беришет. Алсак, Каркыра маселесинде Мекенибиздин бүтүндүүлүгү жөнүндө ой жүгүртүшпөдү. Кызуу талаш-тартыш болгон жок. Депутаттарыбыздын көбү башын жерге салып, акыры казактарга жерибизди бергенге колдорун көтөрүп беришти. Ошондон улам алардын ишмердүүлүгүнө болгон ишеним өчтү.

Бүбү апа,
пенсионер:
Жашообуз бул болуп атса канааттанабызбы? Жашоо оор. Балдар чет жакада. Оокат кылабыз деп кетишкен. Бизге окшогон пенсионерлердин жашоосу эптеп өтүп атат.

Нурлан ЧЫНЫБЕК уулу,
куруучу :
Карасаң парламент иштеп жаткандай. Булар-бийликтин көз каранды эмес бир бутагы. Тилекке каршы, парламентте бирди жарымы гана тигил же бул маселеде жеке пикирин билдирбесе, көпчүлүгү каралып жаткан маселени же түшүнүшпөйт, же Президенттен, же Өкмөт мүчөлөрүнөн коркушат. Эгемендүүлүккө ээ болгондон берки парламентарийлердин эң жалтагы. Эң коркогу. Мындай парламенттен ишмердүүлүктү талап кылуу мүмкүн эмес.

Саламат КАРАБЕКОВ,
студент:
Көп мыйзамдар кабыл алынып жатат. Ошол мыйзамдарды карап жатканда мурдагы депутаттар сыяктуу "Кызыл чеке болуп" талашкандар жок. Натыйжада, толук иштебеген, чийки мыйзамдар көбөйөт да. Мен парламенттин ишин канааттандыраарлык эмес деп эсептейм.

Улан АСАНАЛИЕВ,
КТУнун студенти:
Эми биздин Жогорку Кеңеш партиялык тизме менен шайлангандыгына карабастан, парламенттеги көпчүлүктү түзгөн президенттик "Ак Жол" партиясы эле бардык маселелерди өздөрү эле чечип коюп жатат. Мындайча айтканда, биздин Жогорку Кеңеш президенттик парламент деп койсок болот. Президентке керектүү жарлыктар, президентке керектүү мыйзам долбоорлору кабыл алынып отурат. Партиялык тизме менен шайланышкандан кийин бүгүнкү депутаттарыбыз шайлоочулардын алдында эч кандай жоопкерчиликти сезишпей, каалаганындай эле жүрүшөт. Ал эми мурдагы депутаттар анча-мынча болсо да өз округдарына барып, шайлоочуларына жолугуп, ал-ахыбалын сурап турушчу.

Суроо салгандар
Гүлниза МОЛДОКУЛОВА,
Эрнис БАЛБАКОВ,
"Ачык саясат"



Кыргыз бизнеси - кызыл кулактык
ТЕМИР ЖОЛ БЕКЕТИНДЕГИ ТЕСКЕЛБЕГЕН ТЕНТЕКТЕР

- Россияга сапар тарткан жердештерибиз жыргаганынан кетип жатпаганы айтпаса да белгилүү. Алар Россияга барганда акча табуунун айынан иш берүүчүлөрдөн көрбөгөн кордукту көрүп, ансыз да азап чегишүүдө. Жок дегенде, тышка кеткен мигранттарга Кыргызстандан кыйналбай шыр кете тургандай шарт түзүп берүүгө жардамдашып койсок кана?
Айтайын дегеним, Бишкектин темир жол бекетинин алдында, илгеркиче айтканда, алып сатаар кызыл кулактар көбөйдү. Учурдун тили менен түшүндүрсөм, билет саткан ортомчулар өз наркы 5800 сом турган билетти 7700 сомдон сатып жүрүшөт. Ошол эле маалда, бекеттин кассасында Бишкек-Москва каттамындагы поездге билеттер жок. Алып сатарлардын колуна анча билет кайдан тийди?- деген суроо туулбай койбойт. Көрсө, республиканын бардык аймактарына таркатуу максатында түзүлгөн келишим боюнча 40 күн мурда менчик кассаларга да билеттер берилет. Баш аламандык ошол жактан башталат тура.
Мындай тартипсиздикти ооздуктоого Темир жол тармагынын башкармалыгынын алдары жетпейт имиш. Себеби, ортомчулар сатып жүргөн билеттер "Темир жол бекетинин кассасына тиешелүү эмес"- деп актанышат. Эгер чындап эле өздөрүнүн алы жетпесе, финполициянын кызматкерлерин жардамга чакырышпайбы? Алар- тартип боюнча бардык кассаларда билет паспорт менен гана аты-жөнү такталып, анан сатыларын, эсирген ээнбаштардын эсине салып, баш аламандыкты бат эле тескеп коюшмак да. Же көрсө да көрмөксөнгө салып жатышабы?
Эмнеси болсо да, өткөн ишембиде атайын барып чоо-жайын байкап көрсөк, "Колунда токочу бар бала сүймөнчүк" - дегендей алып-сатарлар карапайым элдин капчыгын каңтарып, оңой олжого туйтунуп жатышыптыр. "Беш жүз сом түшпөйсүзбү?"- деп жалдырагандарды жандарына жакын жолотпой, "Ошондой баага эр болсоң таап ал" - дейт жүргүнчүлөрдү какмалап. Москвага иш издеп бир үй-бүлөдөн 2-3төн жөнөгөндөрү да бар экен. Алар өздүк наркынан 2000 сомго көз көрүнөө кымбат алып жатышканын айтып ичтери эңшерилди.

Улан Асанов:
- Москвадан телефон чалышып, "Жумуш даяр батыраак келип кал" -дешкенинен Баткенден келдим. Билет алайын десем "Бишкек-Москва каттамындагы поездге билеттер 29-сентябрга чейин болбойт"- деп жатышат. Алып сатарлардын колунда 17-сентябрга билеттер бар экен. Бирок, "7700 сомдон түшпөйбүз" - дейт. Чынын айтсам, билет жок болуп калаарын, минтип колдон сатылаарын билген эмесмин. Үйдөн эсептелүү гана акча алып чыккам. Эми эмне кылаарымды билбей турам.
Темир жол бекетинин кассасында тургандарга ортомчулар ачык эле билеттерин соодалашып, сатып жатышты:
- Чоң кыз билет керекпи?
- Ооба.
Менде эң жакшы орундарга билеттер бар. Вагондун каптал жагынан, алдыңкы орундуктардан берем.
- Канча сомдон?
- Жети жарым миң.
- Кымбат го?
- Алсаңар алгыла, албасаңар көрүп турасыңар, кассада жок.
- А сиз кайдан алдыңыз, кассада жок болсо?
- Ал менин ишим. Эгер ала турганың чын болсо, машинама олтуруп турасың, балдар өздөрү алып чыгып беришет.
- Билеттер жасалма болуп калсачы?
- "Ишенбесең, кассадан текшерттирип берем" - деп кимдир бирөөлөргө телефон чалып, 7500 сомдон аларман тапканын, тезинен билет алып келүүсүн билдирди.

P. S. Биз акыркы акчасын жыйнап, алыска жөнөп жаткан мигранттарыбыздын абалын жогор жакка жеткирип коюуну гана максат кылдык. Балким, бул макаладан соң, тиешелүү органдар маселени оңунан чечип, жакындан жардам берээр.

Айпери РУСЛАН кызы,
"Ачык саясат"