№66, 16.09.08-ж. Туыскандар не дейди?
"КУЛ ЭЭЛӨӨЧҮЛҮК" КООМДУН ОПУРТАЛДУУ ПРОБЛЕМАЛАРЫ
Айтып-айтпай не керек, биздин экономикалык жайы-күйүбүздүн жакшы болгону - айлыгы чектелүү, турмушу туруксуз кошуналарыбызды төшөгүнө тынч жаткыраар эмес. Казакстанга кадам баскан чет элдик адамдардын басымдуу бөлүгүн ушундай тешик чөнтөгүн толтуруунун камы менен жүргөндөр түзөт десек жаңылбаспыз. Алиги анекдоттогудай: "Ар казактын эки өзбек, бир кыргыз кулу бар" - деген сөз да акыйкаттан анчалык алыс кетпегендей сезилет.
Гастарбайтерлердин (чет элдик малайлардын - астын сызган Э. А) көпчүлүгү көк чыгып, күн жылып, жер карайып, курулуш кызыган чакта чууруп келе баштаса, күзгү караандай сууктун жышааны билинген кезде кетүүнүн камылгасына киришет. Короосу менен кой, үйүрлүү жылкы айдап кетпесе да, коноктордун капчыгын кампайтып кайтары сөзсүз. Казакстан - гастарбайтерлер үчүн жомок десек ашыра айткандай болор. Бирок түрдүү түстүү төңкөрүштөрдөн эсин эми жыйнай баштаган Өзбекстан менен Кыргызстанга, балдары бешиктен бели чыкпай жатып бешатар асынып жүргөн Ооганстан менен Тажикстанга караганда бейпил турмушта жашап келгенибиз жалган эмес.

Кыскасы, Казакстан Орто Азиядагы башка мамлекеттердин айрым адамдары үчүн жумуш иштөөгө ыңгайлуу, ары коопсуз өлкөгө айланып отурат. Баш калаабыз менен башка шаарларыбыздагы гастарбайтерлердин саны жыл өткөн сайын эселеп көбөйүп, эсепке алууга мүмкүн болбой калганы бул сөзүбүздү далилдейт деген ойдобуз.

Казакстандагы чет элдиктер көп чогулган шаарлардын ичинде алгачкы орун Алматынын энчисинде. Миграция полициясынын маалыматына таянсак, өткөн жылы Алматыга келген чет элдиктердин саны 270миңге жетип, 2006-жылга салыштырганда анын көрсөткүчү эки эсеге жогорулаган. Казакстандагы эң көрүнүктүү, ары чет элдиктерге таанымал Алматыга туристтик саякат эмес, башка максаттар менен келгендер түмөн. Туристтер "конок каада" жасап, алардын азын-оолак валютасы бюджетке куюлуп турса кубанар элек. Тилекке каршы, "коноктордун" көпчүлүгү биздин Ала-Тоого эс алууга эмес, акча табууга келишкендер болуп жатпайбы!
Курулуш иштери кызуу жүргүзүлө баштагандан бери Астана калаасы да гастарбайтерлердин кайнаган казанына айланган. Маселен, шаардык миграция полициясынын маалыматында 2006-жылы баш калаага "эки колго бир күрөк" издеп келген 33 миң адам тийиштүү мекемелерге катталса, 2007-жылдын алгачкы алты айынын ичинде эле алардын саны 72 миңден ашып кетиптир. Астанадагы гастарбайтерлердин басымдуу бөлүгү - Өзбекстан, Кыргызстан, Россия элдеринин өкүлдөрү. Жазгы курулуш маалында жумуш издеп келгендер жеке менчик үй салып жаткандар менен оозеки келишим түзүп, жалданышат. Мигранттардын арасында ири курулуш компанияларынан туруктуу жумуш таап алгандары да кездешет. Кыскасы, жумуш болсо болгону, акчанын артынан түшкөндөр тер төккөндөн тартынышпайт.
Бүгүн шаарга барсаңыз - курулушта, талаага барсаңыз - пахта менен тамеки плантацияларында иштеп жүргөн өзбек, кыргыз, тажик, ооган жумушчуларын жүздөп-миңдеп кезиктирериңиз анык. Алиги айтылган анекдоттогу: "- Ар казактын эки өзбек, бир кыргыз кулу бар" - деген сөз ырас деп ойлоого аргасыз болосуң. Кандай болгондо да, биз алардын көмөгүнө муктажбыз. Эки колун артына алып, жумуш таппай жүргөн жарандарыбыз аз эмес, ошентсе да, гастарбайтерлердин кол кабышына зарылдык зор. Буга муктаж болбосок, анда чет элдеги кандаштарыбызга квота бөлгөн сыяктуу жыл сайын 40-50 миң орундарды гастарбайтерлерге бөлүп, атайын алдырат белек?! "Казакстан канча квота бөлөр экен?" - деп карайлаган азыр гастарбайтер жок. Өздөрү эле Казакстандын аймагына эшик какпай кире берет.
Тийиштүү мекемелердин эсебинде жок гастарбайтерлерди катарга тизип, санап чыгуу азыр эч кимдин колунан келбей турганы анык. ИИМдин маалыматына ишенсек, өткөн жылы Кыргызстандан, Өзбекстан менен Тажикстандан бардыгы 300 миңге жакын мыйзамсыз эмгек мигранттары келген имиш. Ал эми эл аралык серепчилер болсо, министрликтин маалыматын төгүнгө чыгарып, мыйзамсыз эмгек мигранттарынын катары жарым миллионго жакын деген божомол жасашат. Бул ушул үч элден келген гана "коноктор". Ар бир жыл ичинде Казакстанга келген мигранттардын жалпы саны бир жарым миллионго жетип жыгылат көрүнөт. Бул өз калкыбыздын тепсе темир үзө турган эмгекке жарамдуу бөлүгүнүн 10 пайызына жумуш таап бере албай отурганда, бир жарым миллион гастарбайтер менен анын элинде калган үй-бүлөсүн кошо асырап жатабыз деген сөз.
Азыр казакстандык жумуш берүүчүлөргө өзүбүздүн жумушчулардан көрө, гастарбайтерлерди иштеткен оң. Чек арадан өтүп келген өзбек, кыргыз, тажик, ооган адамдары жергиликтүү казактарга караганда киреше булагы боло турган жайы бар. Ошондуктан, "жапайы капитализмдин" жапайы жемишин жегенди жете өздөштүргөндөр, кадыресе, жеке кесипчилик менен шугулданган гастарбайтерлердин ташкынынын күчөшүнө каршы эмес. Себеби, алар арзан жумушчу күчү, бирөөлөр үчүн соодалашуу үчүн "тирүү товар". Казакстанда жүргөн өзбек, кыргыз, тажиктер колунан көөрү төгүлгөн чеберлер деле эмес. Көпчүлүгү эч кандай кесиптик билими жок, отко айдаса отко, сууга айдаса сууга түшкөн кадимки кара жумушчулар. Алардын иштеген ишин жергиликтүү калк деле жасай алмак. Анда, чек арадан өтүп келген мигранттардын колдон колго тийбегенинин сыры эмнеде?
Биринчиден, алар каяшасыз, арзыбаган тыйын-тыпыр үчүн болсо да иштөөгө аргасыз. Каргадайынан кара жумушка бышыккан, колун кирдетүүнү ар көргөн биздин казактардан айырмаланып, алар арзыбаган акча үчүн таш жарып, тоону томкорууга да даяр. Жаан-чачындан корголоого жайын, тамак-ашын даярдап берсең, ошол эле жетиштүү. Ошол себептен аларга суроо-талаптар жогору.

Гастарбайтерлердин дагы бир артыкчылыгы, аны жалдаганы үчүн кожоюн мамлекетке бир тыйын да төлөбөйт. Мыйзам боюнча жумуш берүүчү жумушчуга берилүүчү эмгек акынын 21 пайызына чамалаш акчаны салыкка төлөш керек.

Ага кошумча 10 пайыздык кошумча төлөм бар. Ошентип, кол астындагыларга 30 миң теңге акы төлөгөн адам мамлекет казынасына 10 миң теңге которуу керек. Албетте, ансыз да акчасы аңтарылып турган жумуш берүүчү салыкты аз төлөөгө аракет кылаары шексиз.

Үчүнчүдөн, кожоюн карамагындагы жумушчулардын жумуш убактысын өзү түзөт. Казакстандык "кул ээлөөчүлөр" жумуш убактысы 8 сааттан, аптасына 40 сааттан ашпоо керектигин белгилеген мыйзамды кулагына илбейт. Кожоюн кааласа, "кулу" таңдын атышына, күндүн батышына карабай бел чечпөөгө тийиш. Ансыз да куйруктарына калбыр байланган мигранттар укуктары бут алдында тепселип жатса да, тийиштүү мекемелерге даттанууга мүмкүнчүлүгү, акысы жок.
Серепчилердин сөзүнө ишенсек, Кыргызстан менен Өзбекстандан келген эмгек мигранттары Казакстанда ай сайын орточо эсеп менен 300 доллардын тегерегинде эмгек акы алат экен. Тапканынын бир бөлүгүн май-чайына жумшаган жумушчу калган 150 долларын үй-бүлөсүнө жөнөтөт. 150 доллар дегенибиз - бакандай 6000 кыргыз сому. Кыргызстан өкмөтүндө кызматкердин жалыйнасы 6 миң сомдун ары-бери жагында. Астана менен Алматыда 150 долларга көп болсо, 15-18 кило жылкы этин сатып алууга болор. Ал эми Кыргызстанда эң кымбат деген Бишкекте бул -70 кило эттин куну. Өзбекстанда 150 доллар бир үй-бүлөнүн бир нече айлык керектөө каражаты десек болот. Казакстанда бир оор жумушта иштеп, миң-бир миң жарым доллар таап кайткан гастарбайтерлер киреше менен кетишкендиги үчүн, мурдун балта кеспейт эмеспи.

(Уландысы кийинки санда)

Казакстандын "Айкара" республикалык коомдук-саясий жумалыгынан кыргызчалаган
Эртабылды АТТОКУРОВ,
"Ачык саясат"