№66, 16.09.08-ж. Аруу дүйнө
Бермет АЛЫМБАЕВА, акын, жазуучу:
"Акыры эл менен бийликтин ортосунда кагылышуу болот"
-Сиздин кыргызчылык касиетиңиз бала кезиңизден эле барбы же кийин эле тутунуп калдыңызбы?
-Илгери, биз жаш кезибизде атеизмди окутчу эле. Ошондуктан, мындай нерселерге такыр ишенгим келчү эмес. Анын үстүнө өзүм да орус мектепте билим алып, кийин Ленинградда жогорку окуу жайын окуп жүргөн кезимде да орустар менен аралашып, бул нерсе мен үчүн абдан жат көрүнчү. Ал турсун кыргызчылык тууралуу кабарым да жок болчу.
-Ата-тегиңизде алдын ала айтуу, туюу касиеттери бар адамдар болду беле?
-Ооба, чоң атамдын айтканы айткандай келген касиеттүү адам болуптур. Атамдын да оозунан эмне сөз чыкса, кадимкидей аткарылчу. Бирок, мен анда кичинекеймин да, көп деле маани бербесем керек. Кийин чоңойгону бул тууралуу таптакыр ойлонбоптурмун. Азыр мендеги касиеттин аталарымдан өткөнүн жашыра албайм.
Эсимде, 8-классты аяктап, каникулда элем. Жалгыз кыз болгондуктан, жайында үйдө отуруп зеригип, курбу-курдаштарымды көрүүгө зар болдум. Таежемдин кыздарынын бирөөсүн жаныма алып келип алсам деп ак эткенден, так этем. Атамдын жанын койбой сураныч кыла баштадым. "Балам, бүгүн барбай эле коелучу, жүрөгүм эмнегедир эле эч жакка тартпай жатат", - дегенине карабай, эркелеп: "Ата, баралычы!" - деп так секирип туруп алдым. Атам ошондо да кыйылып жатып, акыры түштөн ооп араң жолго чыктык. Аялдамадан ал: "Бүгүн өзүбүздү кыйнап эле кетип баратабыз. Эмнегедир коркуп турам", - деди. Мен: "Коюңузчу ата, көрүнгөн нерселерди сүйлөй бересиз да!"- деп күлүп койдум. Ээленип алган мени тыйыш кайдан. Караколго багыт алган икарус Оргочордон ашканда аңтарылып кетти. Автобустун ичиндеги кыркка жакын адамдын жетөөсү гана аман калдык. Ошондон кийин атамдын тилин алып, өз оюмду бербеген эркелигимди таштап калдым.
-Касиет даарыган адамдар түшүнүксүз эле ооруй берээрин кездештирип жүрөм. Сиздин абалыңыз дагы өзгөрүүгө дуушар болгон учур болдубу?
-Болду. Болгондо да абдан катуу жана себепсиз. Студент кезимде ашказаным ооруп калды. Туруп-туруп эле приступ кармайт. Ооруканаларга барсам диагнозумду таба алышпайт. Кээде көчөдө кетип баратып да жыгылып калган күндөрүм болду. Бирок, ал абалымды кыргызчылыкка байланыштырып кароого мүмкүн эмес эле. Өзүм алыста, орустардын арасында жүрсөм, анын үстүнө кыргызчылык тууралуу оюмда да жок болсо.
-Кийин абалыңыз өзгөрдүбү?
-Мурда пристубум бир жылда төрт жолу, башкача айтканда мезгил алмашкан сайын кармай турган болсо, кийин ай сайын, андан соң жума сайын кармай турган адатка айланды. Үч жолу өлүмдөн кайтып келдим. Биринчисинде, анда мен 23 жашта элем. Түндө, уктап жаткан жеримден мени бирөө тургузгандай болду. Туруп эле күйөөмдүн атын айтып : "Сыдык!"-деп кыйкырдым. Андан ары эч нерсе билбейм. Тез жардам чакыртышып, жыйынтык болбогон соң өлдү деп түңүлүп калышыптыр. Бир күндөн кийин араң өзүмө келдим. Экинчисинде болсо, экинчи кызымды төрөгөм. Эртең менен саат тогуздар чамасы эле. Бир маалда эле бутумдун учунан баштап муздай баштадым. Муздаган жерлеримдин жаны жок болуп калгансыды. Ошол муздактык ушундай тездик менен өйдө жылып келатты. Коркуп кетип, акушеркага: "Эже, бутум муздап баратат!"-деп айтканымды бир билем. Ошол боюнча эртең менен саат төрттө эсиме келдим. А мага секундда болгондой эле сезилди.
-Ушундай учурларда адам аркы дүйнөгө барып келет деп айтышат го?
-Мындай учурларда кандайдыр бийиктикке чыгып баратканымдай туюлчу. Бул жолкусунда бийик тоого жайылып өскөн балатыларды бойлоп, каалгып асманды, чексиздикти көздөй эле учуп кетип бараттым. Бир маалда шаркырап аккан шаркыратмага туш келдим. Асманда калкып туруп, ылдый жакты карасам, тим эле шаркырап көк кашка суу агып жатат. Ошол учурда алдымдан апам жолукту. Анын көзү өтүп кеткен эле. Көрө коюп эле: "Апа! Апа, мен сени ушунчалык сагындым. Көрүнбөй кайда жүрөсүң?"-деп аны көздөй тим эле жүгүрүп бараткансыйм. Апам болсо: "Сен эмнеге келдиң? Келбешиң керек болчу! Бар кет!" - деди. "Жок, мен сенден кетпейм! Бул жашоо тим эле жакшы турбайбы…"- деп тырмышканыма карабай, атам экөө жанына жолотушпай, шаркыратманын артына өтүп кетишти.
-Алгач көзүңүзгө эмнелер көрүндү эле?
-Алгач он жети жашымда аксакал адам жана жылдыз көрүнгөн. Ушуну эч качан унута албайм. Курбум экөөбүз байланыш түйүнүнөн келатканбыз. Кеч эле. Жанымда аксакал адам, маңдайымда болсо жанган жылдыз жерге тийип-учуп, тийип-учуп кетип баратат. Жанымдагы кыздан мен көргөндү ал дагы көрүп жатат бекен деп сурасам, "Кайдагыны айтып коркутпачы!"-деп мага ансайын ыктады. Экөөбүз корккон боюнча жүгүрүп, качып жөнөгөнбүз. Андан бери канча убакыт өттү. Мына эми 48ге чыктым, бирок аксакал менен жылдыз бүгүнкү күнгө чейин, айрыкча кыйналып турганымда көзүмө көрүнөт. Ал турсун мектепте сабак өтүп жатканымда да, балдардын башына учуп-конуп, бор менен тактага жазып жатсам кошо жүгүрүп ойнойт.
Бир күнү автобуста кетип баратсам, бир аксакал мени улам-улам тиктеп, карай берди да: "Кызым, касиеттериң абдан күчтүү экен. Сен жалгыз кыз турбайсыңбы, жалгыз адамдардын колдоочулары күчтүү болот. Ата-тегиңде бар турбайбы. Эч кимди каргабай жүр. Касиетиңди кармап калышың керек. Бирок, ишенбегениң жаман болуп жатат. Колуңдун муундары ооруйт экен. Адам көрүшүң керек экен, балам. Антпесең ашказаныңдын оорусунан жабыр тартып жүрө бересиң же эң жакын адамдарыңдан бирөө каза болуп калышы мүмкүн. Жолдоруң байланып жатыптыр", -деди. Ишенбейин десем, мени тааныгандай, көрүп-билип жүргөндөй айтып койду.
Пендебиз да, күнүмдүк нерселерге алаксып жүрө берип, анын айткандарын унутуп койдум. Үчүнчү жолу ушунчалык катуу жыгылганда, ажал менен кадимкидей арбаштым. Оозума чейин бир нерсе келет, кекиртегиме тыгылып турат да, кайра кетет. Ошондо өлүп бараткан адам кандай кыйналаарын билдим. Төртүнчү күнү жакшы болуп, ордумдан туруп кеттим. Бирок, менин ордума жакшынакай болуп ойноп жүргөн үч жаштагы балам каза болуп калды. Абдан жаман болдум, ыйлап, баламды эстеп, сагынып, кусаланып… Ошондон соң күнүгө эртең менен саат төрттө мени бирөө ойготконсуйт. Көзүмө көп нерселер көрүнө баштады.
-Качантан баштап киши көрө баштадыңыз?
-Каза болгон балам менен кадимкидей түш аркылуу сүйлөшүп, аян ала баштадым. Кийинчерээк арбактар менен сүйлөшө баштадым. Бирок, ар дайым эле арбак менен жүрөм дебес элем. Арбактардын келе турган өз учуру болот. Кээде туруп эле эстеп, кыйналып, транска түшүп кетем. 1992-жылы бата алгандан соң гана ашказаным оорубай калды. Азыр кээде гана ар кандай шартка байланыштуу киши көрбөй калганымда бутум шишип кетет. Киши көрө баштаган соң ал шишик кайрадан жанып калат.
-Көбүнчөсү сизге аялзаты келип кайрылса керек?
-Абдан көп келишет. Болгону менде медициналык билим жок. Болбосо, аялзатынын бүт органын билем, сезем. Калп айтпасам, "Келечек" жаңы конушунан эле кыркка жакын 10 жыл бою төрөбөй жүргөн келиндер мага келип көрүнүп, азыр баары бала-чакалуу. Балалуу болбой жүрүү күйөөлөрүнөн да болот.
-Келиндерден сырткары келгендер эмне көйгөйлөр менен кайрылышат?
-Жолдору болбогондор, иши жүрүшпөгөндөр келет. Ырчылар, журналисттер да көп келет. Мисалы, эң алгач бир аял келди. Ал азыр деле Бишкекте жашайт. "Сиз тууралуу гезиттен окуп келдим. Жашообуз мындан ары кандай болот, билбейм. Кээде нанга дагы жетпей калып жатабыз", - деди. Теспе аркылуу караганда, ошол эле жылы ага чоң үй көрүндү. Бирок, ал менин айткандарыма кытмыр күлүп, шылдыңдагансып чыгып кетти. Айткандай эле бир тууган кайниси Россиядан келип, алардын кыйналганын көрүп чоң үй алып бериптир. Аны кийин өзү келип айтты. Эми буга окшош нерселерди айтып отурсам абдан көп. Буларды окугандарга айткандарым жомок сыяктуу сезилээр. Бирок, баары чындык. Себеби өз жан-дүйнөм менен сезип-туюп тургандыктан, жалганга чыгара албайм.
-Теспеңизге Кыргызстандын тагдырын салып айтып бере аласызбы?
-Жер байлыктарыбызды, жерлерибизди четинен сатып жатканыбыз жаңылыштык. Канчалаган боордошторубуз азап тартып, кордук көрүп, ачка-ток, көрүнгөн талаада, ар кайсыл жерде иштеп жүрүшөт. Кыргызстандагы саясатчылар кайсыл бир маселелерди талашып-тартышып, аны чечип жиберчүдөй болгону менен өз чөнтөктөрүн ойлошуп, папка талашууда. Ушундай себептерден улам, Кыргызстандагы кыйынчылык дагы төрт-беш жылдарга созулат. Андан кийин элдин муктаждыгы, көйгөйү көбөйүп, акыры эл менен бийликтин ортосунда кагылышуу болот.
-Кийинки президент кандай адам болот?
-Жаш адам көрүнөт. Орто бойлуу, ыраң жүздүү, бирок, өтө кара-тору эмес. Балким азыр ал башка өлкөдө жашап жатса керек. Ал келген соң, Кыргызстандын тагдыры бат эле өзгөрүп, гүлдөп-өнүп кетпейбиз, бирок, башка нукка бурулат. Ал эми азыркы президент дагы деле ордунда кала берет.
-Бермет эже, сизге теспе кармаган көбүрөөк жагабы же калем кармаганбы?
-Чыгармачылыктан негедир эргүү алам. Эң алгач жарык көргөн ырым апам жөнүндө, Ленинграддан "Вестник" деген гезитке чыккан. 1980-жылдардан баштап "Учкун" альманахына ырларым, аңгемелерим чыгып жүрдү. "Жылдызы жанган көл кечи" деген эң биринчи китебим 1999-жылы жарык көрдү. "Ким тосот менин жолумду", "Өмүр закымдары", "Асылым, арманым, махабатым", "Даамым жок дебе тузуң бар, уулум жок дебе кызың бар", "Элестүү издер", "Бешик ыры" деген китептерим өз окурмандарын тапты. "Үшүк алган сезимдер" деген сегизинчи китебимди Кудай буюрса, быйыл чыгарайын деп турам.
-Чыгармаларыңыздагы кейипкерлердин образын турмуштан аласызбы?
-Мага көп адамдар келгендиктен, алардын тагдырын чагылдырганга аракет кылам. "Тагдырым башкаларга сабак болсун, мен тууралуу жазыңыз", -дешип, кээси өздөрү сураныч кылышат. Бирлери тагдырын айтып, ыйлап отурса, негедир башкача сезим жаралат. Өзүм да мугалим болуп иштегендиктен, көбүнчө тарбиялык мааниде жазам.
-Ырларыңызды ырдап жүргөн ырчылардын даяр музыканы көтөрүп келгенине кандай карайсыз?
-Мен ошону каалабас элем. Кыргызстанда аты көмүскөдө жүргөн эң сонун композиторлорубуз бар. Ырчыларыбыз композиторлорго барып музыка жаздырып, ырдап чыгышпагандары нааразылантат. Экинчиден, "Музыкасы мунуку, автору бул" деп айтылбай, баардыгы ырдаган кишиники болуп кала берет. Мына менин ырларымды деле телевизордон, радиолордон ырдап жатышат. Бирок, сөзү кимдики экенин айтышпайт. Ырчылар болгону ошол ырды аткарып жаткандыгын эске алышса. Ошондуктан, кээде айрымдарына ыр да жазып бергим келбей калат.
-Көбүнчө ырларыңызды кимдер аткарып жүрүшөт?
-Мен ырларыма гонорар сурап, же сатып көргөн эмесмин. Көбүнчө Сьездбек Искеналиев менен иштешем. Мен ага абдан ыраазымын. Ал турсун концерттерине да үзбөй чакырып, "автору бул" деп, мени белгилеп өтөт. Жаныш-Байыш тобундагы Жаныш, Каныкей Эралиева, Мухтар Атаналиевдер ар дайым менин аты-жөнүмдү баса белгилеп айтып жүрүшөт. Мындан сырткары, Гүлмира, Азиза, Даяна аттуу кыздар менен катар эле башка дагы бир топ ырчылар ырларымды аткарып жүрүшөт. Ырларым Хит парадка чыгып жатат. Неля алгач "Махабат демин" ырдап чыгып, ошол ырым менен элге белгилүү болду, ага дагы ыраазычылыгымды билдирем.
Маектешкен
Азима АКУНОВА,
"Ачык саясат"