№66, 12.09.08-ж.
  Поэзия

Намыска от тамызган ырлар
Замана
(Публицистика)
Кайнатып канды жоругу,
Карайлап таппайм жолумду.
Какшатат бийлик,кантейин,
Калыстык деген жогубу?

Ак жерден жаап жалааны,
Абакка,ырас, камаары.
Алганды гана билеби,
Ачылып барат арааны.

Соодалап сатса жер кенен,
Соогатка, ана, Көл белен.
Сүйлөөгө тили күрмөлбөй,
Сүзүлөт кайран эл деген.

Керемет эле Каркыра,
Кантели жетпей баркына.
Кастарлап бүтүп алар деп,
Карматтык казак калкына.

Болбогон ишти болду дейт,
Басарга таптык жолду дейт.
Бакыттын кушу башыңа,
Бакыйып келип конду дейт.

Уурулар чыгып колу узун,
Уурдалат Ата-Конушуң.
Уурдалып жатат атыгүн,
Урнага салган добушуң.

Учканы окшойт кутумун,
Уурдалып кетти укугуң.
Улантсаң ушул жолуңду,
Узабайт кыргыз тукумуң.

Чыгалбай тордон бакырып,
Чындык да кеткен сатылып.
Чымчылап жыйган дүйнөбүз
Чөмүчтөп кетти чачылып.

Жан жакка сатып абыдан,
"Жакшылар" суудан байыган.
Жапайы болуп кетербиз,
Жарыктын өчкөн айынан.

Кызматтын баасы бычылып,
Колунда бардын күчү улук.
Кыргызга бийлик жетпесе,
Көчүктүн шору, чукулуп .

Ишенген кожоң сууга агып,
Изинде бүтпөс чуу калып.
Ириңдеп бийлик жарадай,
Ичинен жатат ууланып.

Кырыгызым, шордуу элесиң.
Кыздарың сатып денесин.
Кайкалап жүрөт канчалар,
Карабай таштап энесин.

Сыздайт экен кай адам,
Сый көрөм десе баладан.
Семирип алып кайра өзүн
Сакалдан сүйрөп сабаган.

Таланты болбой улуктун,
Тарашы кыйын булуттун.
Түбүнөн соолуп баратат,
Тамыры бошоп, улуттун.

Бычак жеп туура киндикке,
Бөлүндү түндүк-түштүккө.
Бечелге өлкө айланар,
Белинен мертип, бул жүккө.

Баш ийип калкым, "ай"-дебей,
Болдук го кайра бай-кедей.
Бечара журтум томсорот,
Берилбей калган байгедей.

Азамат жоктон чечерге,
Алданып бийлик чет элге.
Алтынга кошуп берүүдө,
Абийирин деле бекерге.

Тыйылбас болсо алкымың,
Тойгузбас тоодой алтының.
Таалайсыз болуп калабы,
Тагдыры кыргыз калкынын?

Алакан жайса "жакыр мэр",
Айласын таппайт акимдер.
Араанын тыйып, а көрөк,
Аларга Теңир акыл бер.

Оомат, кут бүтүп, акыйып,
Ошентип, болдук макулук.
Оромпой тепкен ойондор,
Олтурат, төрдө БАКЫЙЫП.

Өпкөлөп айтсак, чет-четин,
Өгөйбү бизге өкмөтүң.
Өзгөнүн колун караткан,
Өз элиң беле көк жетим.

Эркинбиз, өлкө эгемен,
Эч ким жок баскан төбөдөн.
Элибиз жыргап жатат дейт,
Эртеден кечке теледен.

Тагдырдын бул да белеги,
Тайраңдап, жашай берели
Табагын, бирок, элимдин,
Талашпай койсо өлөбү?

Акимдер элди ойлойбу?
Алкымын тыйып койбойбу?
Ар кимге берип убада,
Алдабай койсо болбойбу?

"Кыргызмын" десең, улут УК!
Кыргыздын тилин унутуп,
Кылымды бүтпөй өлкөнү.
Коебуз окшойт курутуп,

Жон териң менен сезип көр,
Жугунду жуткуч, жезиттер.
Жалгандан жаап жалааны,
Жабылып жатат гезиттер.

Кымбаттап кетип көмүрүң,
Күз келди, чөгөт көңүлүм.
Кышында тоңуп калба деп,
Кол учун сунат эми ким?

Болочок кандай, шарт кандай,
Боло албай башка калктардай.
Билгенин кылып, бийлигиң,
Баш мыйзам калды баркталбай,

Мууну бош жүдөп, үч бийлик,
Жүргүзүп жатат Күч бийлик.
Жоругу жолдо калгырлар,
Журтума болду мүшкүл жүк.

Кыраан деп, мактап карганы,
Көбөйдү чындан жалганы,
Качанга дейре созулат,
Калкымдын шору, арманы?

Бүгүндүн бар го эртеңи,
Бир үйдүн келип кел-кели.
Беш-алты тууган менчиктеп,
Бийлешип жатат өлкөнү.

Чындыктын атын жоюшкан,
Чырактай көзүн оюшкан.
Чыркырап мээни жеди деп,
Чуңкурга көмүп коюшкан.

Калың эл жапырт ойлонуп,
Кайрылар намыс ойгонуп.
Каалаган жакка айдаган,
Калбастыр калкым кой болуп.

Аман бол, элим, аман бол!
Аяктаар баскан жаман жол.
Алатоо башын айланып,
Акыйкат келген заман бол!



Кыргызым кыраан бол!

Басынба,
Тартынба,

Талпын да.
Баары бир намыс бар
калкымда.
Бала эмес,

Баео эмес,

калайык,
Баашында таажысы
алтын да.
Кайгыга чөмүлбө,

көмүлбө,
Көктөмдө жаан болуп,
төгүлбө.
Күн болуп тийип тур
нурданып,
Кабыргам,

Катык бол,


Сөгүлбө.
Кыргызым!

Кыраан бол,

чыгаан бол
Кайтпаган антыңдан,

Жыгаан бол.

Көрүнүп өзгөнүн көзүнө,
Кайратың жанбаган
кыраан бол.

Эч качан атылбай,

сатылбай.
Эл болгун жашынбай,
катылбай.
Эгерим эки сен болбойсуң,
Эпке кел бөлөккө
тартылбай

Ал колго корунбай
намысты,
Талыкпай,

таштагын арышты.
Улутум,

унутпа,

унутпа.
Узакка умтулуп
барышты

Кыргызым!
Кыраан бол,

Чыгаан бол.
Көрүнүп өзгөнүн
көзүнө,
Кайратың жанбаган
кыраан бол!


Улуттун уул төрөчү перилери

Улуттун уул төрөчү перилери,
Баарыңар аман-эсен
барсыңарбы?
Кыргыздын кыраан
шумкар жигиттери,
Жүрөбү баалай албай
баркыңарды?

Өзүңөр арыңарды тебелетип,
"Өзгө эрибей, жатка эрип",
турган үчүн.
Өзөктөн өрт тутанып,
намыс күйүп,
Өмүрдөн өмүр артык
сезилип турган үчүн!

Сактабай, салт-каадаңды,
абийириңди,
Селсаяк, дейди болуп
калдыңарбы?
Сага эмес, түпкү атаңа
жакшылык жасабаган,

Санаасы, сайы бөлөк,
Кайнаса каны бөлөк,
Кайдагы кас душманга,
Жалооруп көзүн карап,
Жагынып, тизе бүгүп
бардыңарбы?
Же, эмне, биз бере алгыс
жылуулукпу,
Жагымдуу бизден көргүс
сулуулукту.
Алардан эки эселеп,
үч эселеп,
Бизде жок улуулукту
таап алып,
Жашоонун жыргалына,
Махабаттын кумарына
кандыңарбы?!
Кыздар ээй! Баасы
түшкөн бөздөй болуп,
Суйкайган көркүңөрдү
соодалап саттыңарбы?
Таалайлуу тагдырыңды
тайкы кылып,
Катар, түрк, орус, негр,
кытайларга.
Опоңой олжо болуп,
Багынып, байлап берип
бактыңарды!

Баргыла! Жашагыла! Узагыла!
Бакубат бакыт болуп,
Бал болуп балкыгыла,
Башканын кучагына

Теңирим тааныбаган,
Эй, шорлуу кыргыз кызы!
Ата-энең, ага-тууган,
Ал тургай Ала Тоо да.

Силерге бүт нааразы.
Канакей, айткылачы,
Кыргыздын кайда калды.
Кымбаты, нарк-каадасы?

Айыкса айыккандыр,
Атылган ок жарасы.
Ал эми айыкпастыр.
Ашынып, арбып күндө,
Атака доо кетирген,
Алиги сөз жарасы,
сөз жарасы!





Адам
издейм
Жаманга жаман айтып
асылбаган,
Жалгандын жамалына
жашынбаган.
Жашоодон жарык жүздүү
адам издейм,
Жакшынын жакшылыгын
жашырбаган.

Карааны актан айрып
бөлө билген,
Күнөөсүн мойунуна алып,
көнө билген.
Калкымдын арасынан адам
издейм,
Чындыкты кайра-кайра
кайталаган.

Алсызга мээрим төгүп ийип
койгон,
Ак дилден акыбалын
билип койгон.

Азыр да арабыздан адам
издейм,
Абийирин,ар-намысын
бийик койгон.

Ант урсун, кусур урсун
адамдарды
Адаммын деп айтууга
чамаң барбы?

Айнектей тунуктугун
далилдеген,
Айткыла, арабызда
адам барбы?!

Айнектей тунуктугун
далилдеген
Айткыла арабызда
адам барбы?!

Мирлан САМЫЙКОЖО





Бийлик -
кумар
Бийлик кумар, башка
салып мүшүкүлүн
Кыргызыма кыйын болду
иш бүгүн.
"Ак Жол" алган эмблема
бетинде,
Чоң жарака бөлөт
түндүк-түштүгүн.
Учур келди, ылгап кимдин
кимдигин,
Ачык айтып, ак сүйлөөчү
күн бүгүн.
Ушул белги эки бөлүп тургансыйт?
Өлкөбүздү түштүк менен
түндүккө
"Элдик" деген жалган атка
жамынып,
Элдин оозу жатат бүгүн жабынып,
Жалаң эле жагымпоздор чогулуп,
Жатышкансыйт бийлик
үчүн жагынып,
Өзүңдү ойлоп, унуттуңбу
журт камын,
Жаппа оозумду, укугумду
кыркпагын
Сактай алсак, ыйык Ата-Мекенди,
Кыргыз катын тууп берер
сырттанын.
Дөлөнгүттөр! Аш сурадык
кимиңен,
Хан сарайын талаштыкпы
бириңен,
Кайран элим өзүңөргө
ишенип,
Куурап бара жаткан
жокпу түбүнөн?
Азгырмалуу бийлик,
байлык кумары,
Айыкпаган кеткис кесел
сыңары
Абийир арты бийлеп алган
учурда,
Акырын бир турат көздөн
чыгары.