№65, 09.09.08-ж.
  К ө ч ө л ө р д ө ж а ң ы л ы к !

АЛА ТАЯКТЫ ЭМИ КИМДЕР АЛАТ?
Жашообуздагы заңгыраган узун-кыска жолдорду ар-түрдүү автоунаасыз, ал эми автоунааны адамсыз элестетүүгө эч мүмкүн эмес. Ошол автоунааларды зуулдатып айдашкан айдоочуларды жол эрежесин бузбашын көзөмөлдөп, ар-кандай жол кырсыктарын алдын алуучу МАИ кызматкерлеринин азыр көчөлөрдө пайда болгон аял-автоинспекторлор жаңылык болуп калды.

Алгач бул жаңылык 1975-жылы болуп, жол эрежесине көзөмөл жүргүзүү үчүн 17 кыз-келиндер тартылган. Бирок бул өзгөрүү узакка созулган эмес. Ал "бар" замандан азыркы "жок" заманга көчкөн кезибизде ошол саамалык кайрадан жандандырылууда.
Сөзүбүз кургак болбосун деп, бул иштен кабар алуу үчүн Бишкек шаардык автоинспекциясынын жетекчисинин биринчи орун басары Керимбаев Темиркан Тоялиевичти сөзгө тарттык.

- Азыркы учурда даярдалып жана иштеп жаткан аял инспекторлордун жардамын алуу маселеси эмнеден улам келип чыкты?
- Бул маселе Ички иштер министрлигинин түздөн-түз буйругунун негизинде аткарылып атат. Буга чейин биздин башка кызматтарда иштешкен 10 кызды практика жана теория жүзүндө үйрөтүп жатабыз. Алгачкы кыска убакыттагы көрүнүш жаман эмес, кыздардын өздөрүнүн да кызыгуусу күчтүү экени байкалууда. Бул маселе азыр эле келип чыккан жок, буга чейин 33 жыл мурун аял-инспекторлордун 1 взводу бир канча убакытка иштешип, анан кандайдыр бир себептер менен жоюлуп кеткен, ошондо эле алар иш жүзүндө жакшы натыйжа беришкен. Биздин даярдап жаткан кыздар дагы ошолор сыяктуу жакшы натыйжа беришет деген ойдомун. Дегеле аял заты тынчтыктын, мээримдүүлүктүн, жылуулуктун ээси болушат эмеспи. Аялдардын эркектерге караганда жоопкерчилиги да күчтүү болот.
- Келечекте алардын санын канчага жеткизели деген ойдосуздар?
- Бул боюнча маселе толук чечиле элек, эгер өкмөт каражат жагынан бөлүп, колдоп берсе, өзүнчө бир взвод кылса деле болот. Көбөйтүүнүн пайдасынан башка эч зыяны болбойт.
- Азыр инспектор кызматына даярдалып, үйрөнүп жаткан кыздардын мурунку иштешкен иштери кандайдыр бир деңгээлде сиздердин тармакка жакындыгы бар беле?
- Албетте бар, алар буга чейин органда иштеп келишкен, тактап айтканда Бишкек шаардык жолдо иштөө кызматтарында иштешкен, ошондуктан бул иш аларга анча чоочун эмес.
- Билим деңгээлдерине токтоло кетсеңиз?
- Көпчүлүгү орто, атайын орто билимдүүлөр. Арасында жогорку окуу жайларынан сырттан окуп жаткандары да бар. Ал эми аял-инспекторлордун атайын билим алуу мүмкүнчүлүгү 1980-жылдары болгон экен, эми ошону эске алып кайрадан аларды окутуу жагы ойлонуштурулуп жатат.
- "Аял кызматкерлер эркектерге караганда коррупцияга аз аралашат, пара алышпайт"- деген пикирге сиздин оюңуз кандай?
- Мындай пикир туура. МАИ кызматкерлери акча алышат деп. Ар дайым айтылып келатат. Буга биринчиден айдоочулар өздөрү шарт түзүп атышат. Себеби, алар жол эрежесин бузушат дагы, андан оңой кутулуу үчүн ошол жолго барышат. Биз мына ошону болтурбоо үчүн кыздарыбызга кеңири түшүнүк берип, автокырсык, пара алуудан азайыш үчүн, жол эрежесин бузгандарга катуу көзөмөл жана жаза керектигин айтып жатабыз.
- Эгер автоинспекциянын тарыхына кайрылсак, Фрунзе шаарынын төрт районун төрт гана инспектор тейлеген экен, мына ошол кезден бүгүнкү кезге чейин кандайча болуп өзгөрдү?
- Албетте, өзгөрүүлөр көп, ал кездеги төрт инспектор шаардын талабына жооп беришкен, себеби шаар кичине болчу. Шаарыбыз азыр өсүп, элдин, автоунаалардын көбөйгөндүгүн салыштырсак, биздеги адистердин аларды толук тейлөө боюнча жетишпестигин моюнга алуу керек. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 100 миңден ашуун автоунаа каттоодо. Ошондуктан быйыл жетекчилик тарабынан жол эрежесин бузгандарга айып салуу өлчөмү көбөйдү. Бул бир аз болсо да айдоочулардын жол эреже бузуусуна бөгөт болот деген илгери үмүт.

Эми ушул маселенин айланасында аял-инспекторлор жана айдоочулардын өздөрү кандай пикирде?

Алтынай Мамбетова,
22 жашта:
- Буга чейин мен полкто милицияда иштегем, ал жактан бул жакка тандап которгондон кийин ушул кызматка келдим.
Азыр бизди тажрыйбалуу инспекторлор жоопкерчилигибизди тереңден үрйрөтүп атышат. Жакшы эле үйрөнүп калдык. Биздин бул ишти аркалаганыбыз айдоочулар тарабынан жакшы кабыл алынат деп ойлойм. Өз алдынча чыгууга даяр болуп калдык десем жаңылышпайм.
Ал эми аял кызматкерлер пара алышпайт дегенге көз карашым түз эле. Ооба, аялдар эркектерге караганда ак ниет, таза келишет. Буйруса мындан ары иштеп кетсек, ошо пара алууга каршы иштейт элем. Анткени, мен бул ишти жүрөгүм менен жактырып калдым.

Наргиза Осмонова,
24 жашта:
- Мен бала кезимен эле МАИ кызматкери болсом деп кыялданчу элем, ошол кыялым эми ишке ашып атат. Мен азыр бардыгын сыймыктануу менен үйрөнүп жатам. Албетте, бул кызмат граждандык кызматтарга караганда оор дечи, бирок ошого карабастан мен чыдап, кызыгып үйрөнүп жатам. Жеңил эле экен.
Пара алуу оюмда жок жана ушунча күндөн бери акча алган инспектор байкелерди деле көрбөдүм.

Айпери Конорбаева,
20 жашта:
- Мен деле полкто милицияда иштеп жүргөм. Бул иштин жоопкерчилиги өтө эле күчтүү экен. Келечекте тажрыйбалуу испекторлордун бири болсом дейм.
Ал эми коррупция боюнча эркектерге караганда аялдар аз аралашканын билбейт экемин. Менин жеке пикирим: албайм жана албайм демекчимин.

Атын атабаган МАИнин эркек кызматкери:
- Кыздар менен иштешүүнүн көп эле пайдасы тийип атат. Мисалы, азыр кыз-келиндер машина көп айдашууда, жол эрежесин да көп бузушат. Айыпка жыксаң эле көбү сүзүлө карашат, анан аларды карап отуруп сулууларына эрип кетесиң, эркекчилигиң кармап. А кыздар болсо анысына карабай, шак эле мыйзамга такайт, алар менен жакшы да сүйлөшүшөт.

Шамшидин Акматов,
38 жылдан бери айдоочу:
Мен аял инспекторлордун даярдалып жатканына түзүк көз караштамын. Эркек аткарган милдеттерди алар деле эч кемчиликсиз эле аткарышат. Аял киши эркекке караганда так иштейт. Булар ишке киришсе эң сонун эле болмок. Анткени, эркек, аялзатын сыйлайт, алар жашообузда эне, жаркылдаган жубай дегендей, ошон үчүн айдоочуларда жол эрежесин бузуу, аз да болсо жоголуп, аларды кандайдыр бир сыйлоо, баш ийүү сезимдери пайда болмок. Аял кишинин чөнтөгүнө "кол салуу" же колтуктап ары басуу өтө эле өөн учурайт көзгө.
Мен колдойм, иштесин зыпыйган сулуу кыздарыбыз. Жанагы курсагы челкейген, башы жылтыраган эркек инспекторлорго караганда, кыздарыбыз көркү кеткен көчөлөргө көрк берип турарын да эске алышыбыз керек.

Бакыт, 10 жылдан бери айдоочу:
- Мен муну колдойм. Кыздарды иштетсе, өкмөткө эле пайда болмок. Себеби, алар менен биз "эркекче" сүйлөшө албайбыз. Алар мыйзам боюнча, айыпты толук кассага төгүшмөк. Эгер биз белбоо тартуу боюнча айыпка жыгылсак 300 сомдун жарымын МАИчилердин колуна кармата салабыз да "эркекче" деп, кутулуп кетчүбүз.

Атыркүл, 5 жылдан бери айдоочу:
- Кыздарды иштетсе жакшы эле болмок. Мен алгач бул кабарды укканда испектор болгум келип жетекчисине киргем. Ал киши "Органда иштегендерди алабыз" - дегенинен үмүтүм ишке ашпай калды.
Кээ бир учурларда эркек кызматкерлердин оройлору, кызматына чиренгендери кездешет. Ал эми аялдар антпейт. Алар бардыгына түшүнүү менен мамиле кылышат эле. Таза жана тыкан иштешмек.

Бизге жооп бергендердин ойлору дал ушундай. Демек, баардыгы түз карашта. Эми сөз кезеги бийлик тарапта, алар колдоо көрсөтүшсө, кыргыздын кымча бел сулуу кыздары, тамтыгы чыгып жаткан, жолдорго татынакай көрк берип, элдин сырттан келген коноктордун да кызыгуусун арттырары бышык. Эмесе бул башталган иштин жыйынтыгын убакыт, мезгилге коелу. Дагы кандай болуп кетет, мезгил тактайт эмеспи.

Даярдаган
Айбек Шамшыкеев