№65, 09.09.08-ж.
  Поэзия

Намыска от тамызган ырлар
Кезек ыр жандуу окурмандарыбызда
"Алибини" колдоп алалы

"Алиби" гезит соттолуп,
Жаралды "Ачык саясат".
Эми,
Көралбас ичи бузуктар,
Муну,
Көрөлү кандай карашат?
Бирок,
Дале да болсо чындыкты,
Дал ушул гезит таратат.
Анткени-
Калдайып элим турганда,
Калыс сөз айтсак жарашат.
Гезитти колдоп алалы,
Намысты ушул талашат…

Ар намыс барбы?
Ар намыс барбы дегеле?
ГЭС-ти бердик,
Өзүбүз тезек жагабыз -дедик.
Жерибизди бердик,
Малды үйгө багабыз -дедик.
Кендерди бердик,
Өзүбүз асмандан кен
ачабыз -дедик.
Көлдү бердик,
Өзүбүз кычы бойдон деле
жатабыз -дедик.
Темирди бердик,
Темирсиз эле басабыз дедик.
Тоолорду
"Сантаклаустарга" бердик,
Зоолорду Кытайдыкы -дедик,
Асманыбызды
АКШ менен Орусия алды,
Эми,
Көмүрдү берсек,
Дагы эмнебиз калды?!
Эми биротоло
Берип тынбайлыбы
Бала-бакыра, катындарды.
Болбосо ишенбесеңер
Ойлоп көргүлө өзүңөр,
Өзүбүз бычылып,
Кул болоорубуз эле калды.
Деги бизде
Ар-намыс барбы?!
Биз ишенген бийликтегилер
Бир нерсе кылабы?!
Же
Өлкөнү жоюп тынабы?!

Жалкып калдык

Ырас, эгемендик келди,
Жогорку-Кеңешке.
Депутаттарды шайладык,
Ушулар билсин-деп,
Аларга болушуп,
Булбулча сайрадык,
Кана?
Эмнени жасап кыйратты?!
Же эмнени бүтүрүп,
Эмнени жыргатты?
Тескерисинче-
Алар там салышты,
Токол алышты,
Сайрандап саунага барышты.
Машинанын түрүн миништи,
Анан,
Элдин унчукпасын билишти,
Элди жамынып алып,
Тегеректеги-
Чоң-чоң мекемелерди, бош
жерлерди,
Менчиктеп киришти.
Ал түгүл ачкөздөнүп,
Ататүрк паркын да,
Каалашынча бөлүштү.
Эгер ажо өзү көрүп
тыйбаганда,
Көрсөтмөк экен көргүлүктү.
Өздөн чыккан өрт жаман",
Кыргыз элим күйгөндөн,
Ушул сөздү көп айткан.
… Дале болсо кыргызым,
Эсиңерге келгиле,
Эгемен күнүн
Эгемендей көргүлө.
Өзгөчө бүгүн-
Жаңыча ойлонуп,
Таразалап туруп,
Партиялардын мыктысынан,
Депутат шайлап бергиле…

Азимкан Маделиев
Чүй облусу


Чындык сөзүм

"К" деген тамга каткалаң,
Көкөтаев деп катталам.
Азыркы оор кырдаалда,
Оппозиция дегенди жактырам.
Кылычты кармап урса да,
Автомат такап турса да,
Берген анттан тайбаган
Текебаев менен мактанам.

Оппозиционер акынмын,
Оппозицияга жакынмын,
Кеп чындыгын айтканга,
Жүрөк керек керемет.
Кереги жок акылдын.
Жүрөккө найза сунса да,
Беш атар такап турса да,
Сариевди мактап жатырмын.

Кубанычбек Көкөтаев
Нарын облусу




  Чымчыганга чычалабаган да эрдик

"Бириң шер да, бириң эр"...
Ошентип өткөн сандарыбызга кетип жаткан Байдыкең менен Мидикеңдин маегин андан ары улайлы, окурманым.
Байдыкең айтыптыр: Мидике, биз экөөбүз сөз кыла турган дагы мыкты жигиттер бар, азыр элине- тирек, акылдары зирек, алды -кийини күмөн болуп турган, биз жашап, өмүр кечирип келген жерибизде. Ошолор жөнүнөн улайлы кебибизди. Алардын бири, менин иним-Болотбек Шерниязов. Анын адамгерчилигине мен эле эмес мени билген бардык кыргыз эли ыраазы.Менин кадырымды сыйлап, талантымды сыйлап, мени менен кошо элин сыйлап, мен үчүн кылган кызматын билип эле жаттым. Айла жок. Арбагым ыраазы. Мен ошол иниме :

Күркүрөп чыккан үнүңөн,
"Күздүктөгү" "мал" үрккөн.
Жамактап айткан сыныңан,
"Жакшылардын" баары
үрккөн.
Эл-журтуңдун кайгысын,
Элирип айтып бир бүрккөн.

Таамай сүйлөп тартынбай,
Таластыгын билгизген.
Ийри -муйру чоңдорду,
Ийинине киргизген.
Ылдый баш айрым чоңдорду,
Ыштанына сийгизген.

Жашоолору кем болбой,
Жашасын элим деп күйгөн.
Акындарды алпечтеп,
Акылы элдин деп сүйгөн.
Айрымдардай тантыбай,
Акылдуу, нарктуу кеп
түйгөн.

Кара дуңгул кайраным,
Карыганда сыйладың.
Көзүмдүн жашын билгизбей,
Көрүмө чейин ыйладым.
Сөөлөт менен узатып,
Сөөгүмдүн кылдың
зыйнатын.

Кара дуңгул эр жүрөк,
Калкыңдын сенсиң тиреги.
Кадырыңды катыгүн,
Казыркы чоңдор билеби?
Калкыңа сенин эң керек,
Карааныңдын илеби.


Беш манжа менен санаса,
Бешөөнүн бирисиң.
Элиңдин шайы ооп барат,
Эреним кайда жүрүсүң?
Элимде сендей аз калды,
Элинин тарткан күйүтүн.

Текебайдын Өмүрбек,
Тең кошул анын көчүнө.
Жалгыз ошо калды окшойт,
Жай каза койбос өзүңө.
Күйгүлө! Өрттөй жангыла,
Күн эмес, түндөп өчүгө-
деп жаздым.

- Жакшы-ыы!-дейт Мидикең. Сен жазсаң ,жазгандай жазасың да.
Менин уккан, билгениме караганда кыргыздын мен кыйын деген чыгаан жигиттеринен ушул экөө эле калды окшойт. Калгандары көргөзүптүр го өздөрүн. Кызматка алданып, кылыктанаган жалап кыздай ойт бергендери да бар экен. Көр пенделиктин айынан коркуп кеткендери бар экен. Айтор, жанагы оппозиция дегендериңдин арасы бирикпей, анан алардын дал ушул талылуу жерин билип алып, бийликтегилер үндөктөп улам бирин чакырып, кызмат бере коюп, төштөрүнө темир-семир тага коюп, анан көчүккө тээп салып жатышкан турбайбы.
Мен эми ошол сен жана ысымын атап кеткен Текебайдын Өмүрбеги туурасында көп уктум. Кысталак бу жигит жашында эле тиги компартияңан коркпогон жигит турбайбы. Кесиби мугалим эле экен. Мугалим эркектерди билесиң,аялдардай эле болуп калышат. Бир айтканын миң айтып. Бу жигит андай эмес экен. Кызматыңды урдум деп коет турбайбы, оюндагысындай болбой, көңүлүнө туура келбесе асманыңды таштап жибрсең да, коркпойт турбайбы?
Мен да ошол жигитке арнап шилтеп койду элем укчу.

Текебайдын Өмүрбек,
Терип айтпай көңүл деп,
Эл журтуна таанылып,
Эзели айтпай төгүн кеп.
Эл менен бирге өзүмдүн,
Эмдиги өтөр өмүр деп.

Он беш жылы Аскарга,
Оппозиция болду дейт.
Сөзүнөн баалап эл аны,
Сөөлөттүү баага конду дейт.
Сөзү менен бийиликтин,
Көзүн чукуп ойду дейт.

Артынан түшүп бийлиги,
Аябай аңдып алган дейт.
Ажатканага бет алса,
Артынан ээрчип барган дейт.
Сомкесине байкатпай,
Наркотигин салган дейт.

Колун боорго албаган,
Кошоматка барбаган.
Күз менен жазда өзгөчө,
Күрөшкөндөн талбаган.
Кыргызда мыкты жигит
дейт,
Кудай өзү жалгаган.

Ошого мен да айтайын,
Оппозиция салмагын,
Болот менен басып тур.
Нары түртүп "камгагын".
Эсен бол, Өмүр иничек,
Эл менен көрүп калганын
- дедим.

- Оюубуз бир чыккан турбайбы Мидике. Эми ошолорго кудай кубат берсин. Аман болушса, элинин муң-зарын ушулар угар заман келип, бир кубанып каларбыз.
- Эми эмне кыласың бул ырларыбызды.
Элдиярга жөнөтөм да.


Интернеттен алган
Элдияр Жуманалиев