№65, 09.09.08-ж.
  А р у у д ү й н ө

ЖАН ДҮЙНӨМӨ ЖАР САЛГАН -
А Л Ы К У Л
(Башы өткөн санда)
Жыпар ИСАБАЕВА,
акын, жазуучу жана
журналист:

"Жолдошумду Кудайымдай эле көрөм"
- Эже, сиз өтө кыялкеч болсоңуз керек?
- Көп кыялданам.
- Кыялсыз жашоого мүмкүн эмес…
- Өзгөчө чыгармачыл адамдар үчүн мүмкүн эмес. Кээде кыялданып кетип, жанымдагы адамдардын сөздөрүн укпай калып, капа кылып алган учурларым да болот. Жаныңда бармын, жан дүйнөмдө жок болуп дегендей…
- Кыялыңыз ишке ашпай калган учур болду беле?
- Ар кандай. Кээде ишке ашып калат.
- Жаш кезде адам баласы кыялкеч келет эмеспи. Мисалы кыздар ак боз атчан сүйгөнүн самашып… Бирок, кыялдар ишке ашпай калганда, кыздар ар кандай жолдорго барышууда. Сиз аларга кандай баа берип, эне катары, аял катары кандай кеңеш бере аласыз?
- Ишке ашчу жана ишке ашпай турган кыялдар болот. А таптакыр эле жомоктогудай кыялдар болушу мүмкүн. Айрымдар ишке ашпасын билип туруп эле ошону каалай берет. Жана жогоруда айтпадымбы, эгерде адам сабырдуу, кечиримдүү жана чыдамкай болсо, бардык учурда көп нерсени жеңе алат. Ансыз ичип, бузулуп же өзүнүн жанын кыйып алышат. Кыргыздар башынан эле акылман эл. Ар бир макалы, сөзү өзүнчө эле философия. "Ачуу душман акыл дос", "Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң" деген сөздөр менен дос боло билиш керек. Жакшы үмүт менен жашап, улам бир нерсеге жетпей калса өзүн жерге алып чаппай, тескерисинче, ансайын күрөшүү зарыл. Жыгылсаң кайра тура калып чуркашың керек. "Жашоо-күрөш" деп да бекеринен айтылган эмес. Маңдайыма ушуну жазып койгон турбайбы деп пессимистик ойлорго алдыруу жеңилдик. Ансайын канатыңды күүлө, уч, талыкпа!
- Аялзатындагы сиз баалаган сапаттар кайсылар?
- Көп нерсе энеден таасирденет. "Эне көргөн кыз эмес, эл тиктеген бет эмес" деп коюшат эмеспи. Мен да кызымды турмушка узатып кайнене болдум. Эне болуу, кайнене болуу өтө оор милдет экенин сездим. "Кызым, эч убакта кайненеңе жаман сөз, каяша айтпа, күйөөңө акаарат кылба. Күйөөң эшиктен келгенде жаркылдап тосуп ал, кабагыңды такыр бүркөбө. Үйүңө чоочун киши келеби, өз киши келеби, жаркылдап тосуп алып, үстүндөгү чапанын ала коюп, жылуу мамиле кыл",- деп кызыма көп айтам. Ал эми кыз бала кыялкеч, сезимтал, илбериңки, элпек болгону оң. Кишиге тике карап, каяша айтып, чакчаңдаган кыздар жакпайт. "Кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону жакшы" дегендей.
Келин тууралуу оюм мындай, адеп келген күндөн баштап жоолугун башынан түшүрбөй, жүгүнүп, ызаат кылгандары жагат. Бул келиндерге тиешелүү этика деп эсептейм. Аялзаты болсо жер сыяктуу көтөрүмдүү болушу абзел. Ошондо гана биз үй-бүлөбүздү сактайбыз, балдарыбызга тарбия беребиз. Өтө кечиримдүү, көтөрүмдүү, сарамжалдуу, анан биринчи кезекте күйөөлөрүн Кудайындай сыйлаган аялдар элге жагат.
- Жолдошуңуз сизге "Кудай" боло алдыбы?
- Жаштык кезде билинбейт да. Эгер мен чыгармачылык ийгиликтерге жетишип жаткан болсом, эл арасында кандайдыр аброюм бар болсо демек, ошого күйөөмдүн да үлүшү бар. Кечээ күнү жолдошумду карап отуруп ушунчалык жакшы көрүп кеттим. Анткени, ал менин чыгармачылыгыма тоскоол болгон жок. Жол ачып, шарт түзүп берип койгондугу үчүн, балдарымдын атасы, өмүрлүк жарым экенин эсепке албаганда да жакшы жолдош катары чыгармачылыгыма тоскоол болбогондугу үчүн Кудайымдан кийинки Кудайдай көрүшүм керек.
- Жыпар эже, чыгармачылык менен үй-бүлөнүн түйшүгүн кантип айкалыштырып жүрөсүз? Анткени көп чыгармачыл аялзаты жаш кезинде чыгармачылыгына көп көңүл буруп, турмуш кураган соң анысы кала берет эмеспи…
- Мен кечинде күйөөмдү карап отуруп Кудай менин чыгармачылык бактыма ушул адамды берип коюптур деп ойлондум. Анткени менин күйөөм башкалардыкындай болуп "Сен эмне бул ырды минтип жазгансың? Кимге жаздың?" дебейт. Мисалы, иш сапар менен чыгып, кармалып калганга туура келет. Жолдошумдун бир жакшы жери ушул, мени жана чыгармачылыгымды өтө сыйлайт.
- Айтсаңыз, өмүрүңүздө жолдошуңузду алдаган учуруңуз болду беле?
- Ушул суроону Майрамбек Осмонов да берди эле. Анда "Сүйүү жазы-2002" деген поэзия кечемди өткөрүп жаткам. Анын алып баруучусу Майрамбек болгон. Ошондо ал: "Жыпар эже, мына ыйык сахнада эл алдында турабыз. Көктө Кудай карап турат. Сиз деле маектештериңизди жарга такап суроо бересиз го. Эми мүмкүнчүлүктөн пайдаланып сизге суроо берели. Айтыңызчы, өмүрүңүздө жолдошуңузду алдаган учуруңуз болду беле?"-деп сурап калды. Мен саамга ойлонуп калдым. Зал тыптынч, чымын учса угулчудай абалда. Кичине буйдала түштүм да, "Ооба" деп жооп бердим. Ошондо залдагы эл уу-дуу боло түшүп, кайра басылып калышты. Жолдошум да элдин арасында отурган эле. Ошондо Майрамбек: "Нурдан ага, өзүңүздү кармап, жүрөктүн дарысын ичип отуруңуз",-деп кантип алдаганымды кызыга сурап калды. Мен баягы окуяны айтып бердим. Нарындан жолдошумду алдап, окууга барам деп Алыкулдун күмбөзүнө барганымды.
-Адам баласын жалаң эле сүйүнүч, кубаныч коштоп жүрбөйт эмеспи, турмушуңузда катуу өкүнгөн учуруңуз болду беле?
- Апамдын акыркы сөзүн укпай, көрбөй калдым, ошого өкүнөм. Көз жумаарынан эки-үч күн мурда апам түшүмө кирген. Аппак кийинип алыптыр. Буттары жерге тийбей, абада калкып турат. Анан ал: "Кызым жакшы кал, өзүңдү жакшы кара, өзүңө бек бол. Ыйлай бербе, кыйнаба өзүңдү",-деди. "Апа, сизге эмне болду?"- деп колунан тартып алайын десем, шарт учуп кетти. Ошондо аябай буркулдап ыйлай баштадым. Күйөөм: "Эмне болуп жатасың?"- деп ойготуп жиберди. Ойгонсом тим эле көл-шал болуп ыйлап жатыптырмын. Саатты карасам таңкы төрт. Кайра таптакыр уктай албай койдум. Жерге жарык кирээри менен апама барам десем, жолдошум "Кызыксың, түшкө да ушунча маани бересиңби? Дем алышка чейин чыдап күтө тур. Жалгыз кантип барасың? Жумуштан бошоп чогуу барып келебиз",-деди. Бирок, эртеси эле кабар келди, ошондо катуу өкүнгөм. Апамды ушунчалык жакшы көрчүмүн. Ал азыр дагы түшүмдө айланчыктап турат.
- Канча балаңыз бар, эже?
-Эки кыз, эки уулум бар. Ошол түшүмдө апам менен сүйлөшкөндө "Апа корккон жоксуңбу, жердин алдында үшүгөн жоксуңбу? Эмне маанайың жок. Мен сизге куран окуп жатам го",- десем, "Куран окуганың менен бата кылган жерин туура эмес айтып жатпайсыңбы",- деди. Мени төрөгөн апам менен баккан апам экөө абысын.
- Эмне болуп багып алды эле?
- Мени баккан апам алты бала төрөп алтоо тең чарчап калган. Төрөгөн апам: "Балам, апаңа куран окуп жатасыңбы?"-деп сураган бир жолу. "Жок апа, окуган деле жокмун, атасынын атын билбейм да",- деп коем, арамзамын да кичинемден чаар ичеги болуп… "Кой балам, Өмүрзак кызы Жамийла деп, апаңа куран оку",-деди.
- Алгач келин болуп келгениңиз эсиңиздеби?
- Эсимде. Негизи биз кайненем менен кайчы кудабыз. Бала кезимден көрүп-билип, ушу жакшы кыз деп айтып жүрүшчү экен. Мен абдан бала кыял болчумун. Чачым узун, коюу эле. Мени алып кетишкенде шаарда болчумун. Жеңемдер келишип эле "Жүрү, айылга конокко барабыз",- дешип алып кетишкен. Барганда "отурбайм" деп ыйладым. Кайненемдин эжеси бар эле, көзү өтүп кетти, абдан жакшы эже эле. Ошол киши "Анда мен босогого жатып алайын, аттап кет",- деп жатып алса болобу. Босогого жетип эле, шалдырап туруп калдым. "И-ий, балакетиңди алайын",-деп эле бирөө келип башыма жоолук салып койду, ошону менен отуруп калгам. Кемпирдин кызы болгондуктан бүгүнкү күнгө чейин салтты жакшы сыйлайм.
- Ошондо көкүрөгүңүздө, жүрөгүңүздө кандай сезимдер пайда болду эле?
- Мен азыр ойлонсом туулганда тагдырыма ушул жазылыптыр. Бат эле көнүшүп кеттим. Эгерде Кудайдын буйругу болбогон болсо, ызы-чуу кылып кандайдыр бир жол таап кетип калмакмын да.
- Кийин кайнененин каарына кабылган жоксузбу?
- Жок. Оокат жасаганды билбейт элем. Антсем деле, кайненем мактай берчү. "Бүгүн жаман болуп калса, эртең жакшы болот",-деп өзү тарбиялап алды.
- "Жер жарылса акындын жүрөгү аркылуу өтөт" дейт эмеспи, акыркы убактарда эмнеге катуу кайгырдыңыз да, эмнеге сүйүндүңүз?
- Кэчээ жакында самолеттун кырсыкка учураганына башкалар сыяктуу абдан жүрөгүм ооруп, кейидим. Үйгө барсам кичинекей кызым: "И-ий, Кыргызстан ансыз деле жарды эле, эми бир самолету жок болгон турбайбы",-дейт. Канча адамдын тагдыры талкаланды. Канчасы жетим калды, канчасы өз жакындарынан айрылды. Бейкүнөө өмүрлөр кыйылып кетти. Бирок, бул деле Кудайдын буйругу болсо керек деп өзүбүздү алдайбыз. Мүмкүн кеп башкададыр.
Ал эми олимпиадада биздин балдардын күмүш менен коло медалына ээ болгонуна өтө сүйүнүп, ал турсун ошол кубанычтан көзүмө жаш алдым. Жолдошум: "Эмнеге анчалык?"-деп шылдыңдап күлөт.
- Жыпар эже, мына канча жылдардан бери "Кыргыз Туусунда" иштеп Бактыгүл эже менен бирге отуруп келатасыз. Бактыгүл Чотурова жөнүндө эмне айта аласыз?
- Бактыгүл эже таптакыр башкача аял. Анын жан дүйнөсү, ал турсун денесинин клеткаларынын баары эле рухтан бүткөн го деп элестете берем. Эже экөөбүз канча жылдардан бери маңдай-тескей отурабыз, бири-бирибизге таарынышкан күн болгон жок. Бир жолу ким бирөөнү ушактаганын уккан жокмун. "Э, койчу ошол майда чүйдөгө таарынбачы! Экөөбүз таарынбай турган адамбыз",- деп келет. Ким бирөөлөр алтын-күмүш тагынып, жасанып мактанып калышса, Бактыгүл эже "Биздин байлыгыбыз чыгармаларыбыз. Майдаланбашыбыз керек. Биздин окурмандарыбыз, элибиз бар да. Алтын тагынып алып көчөгө чыгышса, аларды ким таанып жатыптыр, экөөбүздүн ырларыбыз бар, эл бизди тааныйт",-десе, "Аа, чын эле",- деп ого бетер жазгың келет. Бактыгүл эже керемет аял. Анын жанына чогуу отуруп калган тагдырыма ыраазымын. Кудайымдын мага берген сүйүүсү, жардамы, энчиси, ушунун өзү эле бакыт. Бактыгүл эжем: "Ай, сен көптөн бери ыр жазбай калдың да, сени чыбык менен сабайм" деп урушуп калат.
- Жазган ырларыңыздарды бири-бириңиздерге окуп, балким биринчи окурманыңыздар да өзүңүздү болсоңуздар керек?
- Эже ыр жазып жатканда акырын уурданып карайм, качан жазып бүтүп, качан окуп берет деп. Жазып бүткөн соң, бир нерсе таап алгансып кудуңдап калат да, анан мага окуп берет. Мен жазсам Бактыгүл эжеге окуп берем. Чүй университетинин ректору Султан Мамбеткалиев агай: "Экөөңөр кош ооз мылтыктай сезилесиңер",-деп айтып калат.

Маектешкен
Азима АКУНОВА,
"Ачык саясат"