№64, 05.09.08-ж.
  А т ж а л ы н д а г ы м а е к

Качкын Булатов, укук коргоочу:
2005-жыл кайталанышы мүмкүн
- Ишиңиз сотто эле, кантип жатасыздар?
- Биздин иш тергөөчү Т. Байчаев тараптан туура эмес тергелгендиктен, Биринчи май соту "Кайра тергөө жүргүзүлсүн"-деп ишибизди шаардык прокуратурага жиберген. Бирок, ишибизге кайра тергөө жүргүзгөндүн ордуна шаардык прокуратура биздин ишти "Башка сот карасын"-деп кайра Биринчи май райондук сотуна жолдомо жазыптыр.
- Убагында тергөөчүгө нааразычылыктар болсо, башка тергөөчүнү талап кылууга укугуңуздар бар эле да?
- Башка тергөөчү талап кылсак деле болмок, бирок ага жеткирбей эле ишибизди сотко ашырып жиберишти. Сот процесси деле болбойт деп ойлогонбуз да. Анткени, гезитке чыккан макала аноним болгондуктан каралбаш керек болчу.
- Эми сотуңуздар качан болот?
- Билбейм качан болоорун, азыр күтүп жатабыз. Мындан сырткары, адвокатым Акин Токталиевдин адвокаттык ишмердүүлүгүнө тергөөчү Талант Байчаев деген тоскоолдук кылып келген. Ушуга байланыштуу адвокатым Т. Байчаевди сотко берген. Т. Байчаев сотко келбей жүрүп, кайра-кайра чакыра берип, бешинчи жолкусунда араң сотко келди. Биз далилдеп бердик.
- Эмнени далилдеп бердиңиздер?
- Адвокаттын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылганын. Ошондо мен бул иш саясий буйрутма экенин түшүндүм. Ошондой эле "Де-Факто" гезитин жабууга да Акүй тараптан атайын провокация болгону билинип калды. Мен силердин редакцияга ушул маалыматты айтып коюу үчүн кайрылдым.
- Күбөдөн, жалган маалымат таратты дегенге өтүштү эле, эми уюштуруучу катары күнөөкөр болуп жатасыз. Кайра дагы башка бир нерсесин илишкен жокпу?
- Азыр уюштуруучу деген доомат менен эле карап жатышат.
- Ишиңиз сотто болсо дагы коомдук парламенттеги иш-чаралардан чет калбай жүрөсүз. Аталган парламенттин азыр эмне иш менен алектенип жатканына токтоло аласызбы?
- Бүгүн коомдук парламенттин отуруму болду. Бир күч менен чыгалы деп партиялардын биригүүсү башталды. Келечекте мамлекет кайсыл мыйзам менен жашайт? Президенттин полномочиясы канча? Өкмөт болобу, болбойбу? Жопкерчиликти парламент алабы же президент алабы деген суроолордун баардыгын толук карап жатабыз. Ой-пикирибизди, каалоо-тилегибизди, талап-муктаждыгыбызды ачык айтуу үчүн октябрь айында чоң курултай өткөрөбүз. Бул курултай Бакиевди кетире турган курултай болот деген чечимге келдик. Себеби, бул бийлик кыргыз элине абдан эле чоң зыян келтирди. Мына жарык жок, тамак-аш, жол кире, күйүүчү май кымбаттады. Эми биз октябрь,ноябрь айларында нандын баасынын деңгээли канча болоорун билбейбиз. Анткени "Казакстан унга, буудайга болгон бааны кымбаттатып жатат"-деген маалыматтар тарады. Ошондуктан бизде алдыда эң чоң экономикалык кризис болоору күтүлүүдө. Токтогул ГЭСинин 30 жыл бою агып чыкпаган суусун былтыр агызып жиберип, мынакей, жыйынтыгы. Элдин камын ойлобогон бийликтин иши ушул.
Биз билгенден "Аман банк", "Ысыккөл Инвестбанк", "Азия Универсал банк", "Кыргыз Курулуш банк" деген 4 банкты тартып алышты. Дагы "Манас банкын" ачып алышты. Суунун, электр жарыгынын акчасы кайда кетти эл билбейт. Каракеченин көмүрү быйыл таптакыр токтоду. Кыргызстандын экономикалык өнүгүү процесси кыймылдаган жок. Эгемендүүлүктү жыл сайын майрамдап келип, быйыл эл майрамсыз калды. Кур дегенде бийлик элге кайрылуу дагы жасаган жок. Кыскасы, азыр Кыргызстанда кырдаал абдан кооптуу.
- Курултайдын президентти кетирүүгө күчү жетеби?
- Мыйзам жолу менен кетирүүгө болот. Себеби, Курманбек Бакиев президент болуп келгени экономикалык жана саясий кризиске болуп көрбөгөндөй тушуктук. Уюшулган кылмыш топторунун таасири күчөдү. Демократия деген таптакыр жоголду. Телевидениенин көбү өкмөттүк болуп, массалык маалымат каражаттарына кысымдар күчөп кетти. Мындай жол менен эч качан өнүгүү болбойт.
- 2005-жылдын 24-марты кайталанбайбы?
- Эч нерсеге кепилдик жок, андай болуп кетиши да мүмкүн.
- Бакиев кетсе, президенттикке татыктуу деп кимди лидер катары айта аласыз?
- Азыр айтуу кыйын. Баары эле өзүн көргөзгүсү келбейт. Кыргызстанды башкара турган азаматтарыбыз жок эмес.
- Мисалы…
- Мисалы, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Равшан Жээнбеков, Аликбек Жекшенкулов, Болот Шерниязов сыяктуу татыктуу жигиттерибиз бар. Эмне үчүн булардын атын атадым? Себеби, булар бийликке сатылбай, өз позицияларында туруп, эл менен дайыма бирге болду, ошон үчүн абройлуу.
- Бакиев жаңы президент болуп келгенде, ал тууралуу кандай пикирде элеңиз?
- Президент болсун деген пикирлерди, Бакиевди колдогонумду мойнума алам. Аскар Акаев качып кеткен соң, Бакиевди баарыбыз чоң үмүт менен шайлаганбыз.
Экинчиден, Бакиев акчалуу болчу. Курултайбы, чогулушпу акчага муктаж элек, мындайда Бакиев гана колдой алмак. Бир нерсени эске алуубуз зарыл, Бакиев: "Мамлекеттин экономикасын өнүктүрөм, мен өнөр-жайды жакшы түшүнгөн адаммын, заводдордун баарын иштетем. Конституцияны оңдойм. Бир жылдын ичинде мамлекетти оңдобосом анда мага уят",- деген. Бирок, тилекке каршы анын бир туугандары абдан көп экен. Туугандары дагы анын ишине кийлигишип, Бакиевге ошолор таасир көрсөтүп, өз акылына өзү ээ боло албай калды. Азыр бийлик эмне болуп жатканын көрүп жатасыңар, коррупциялашып кетти. Мындан ары Бакиев кемчилигин оңдоп кетет деп ишенбейм.

Собол салган
Азима Акунова,
"Ачык саясат"




  Юристтин кеңеши

Сурагыла, сурагыла, жооп беребиз
Урматтуу окурман! Сиз өз укугуңузду коргой албай жаткан болсоңуз, же жөн гана ал жөнүндө билгиңиз келсе биздин "Юристтин кеңеши" рубрикабызга кайрылыңыз. Суроолоруңузга "Адвокат-профи" адвокаттык фирмасынын юристтери жооп берет.

Жакин Токтоназаров:
Былтыр мен Орусияга жумуш издеп жөнөп, паспортума чет өлкө баракчасын ачырайын деп паспорт столго баргам. Ал жерде кезекти көпкө күтүп кала тургандыгымды айтышкан соң гезиттен "Тез аранын ичинде чет өлкө баракчасын ачып беребиз!" - деген жарнаманы окуп калып, көрсөтүлгөн уюлдук телефонуна коңгуроо кылдым. Жаш жигит баракчаны бир күндө эле ачып берээрин айтып Москва көчөсү менен Тынчтык проспектисине жолугушуу белгиледи. Мен ага паспортту бердим. Эртеси күнү ошол жерге 150 доллар алып келип, чет өлкө баракчасы ачылган паспортумду алып кеттим. Ал жасалма мөөр менен жасап бергенин кийин байкап калдым. Анткени менин паспортум Ош облусунун Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү тарабынан берилген болсо, чет өлкө баракчасында башка районго тийиштүү мөөр басылыптыр. Эми мен эмне кылуум керек? Укук коргоо органдарына кайрылса мени жоопко тартышпайбы? Паспортум эми жараксыз болуп калдыбы?
Жооп:
- Урматтуу Жакин, эгер сиздин паспортуңузга чет өлкө баракчасын ачып берген жигитти таанысаңыз, жашаган, же иштеген жерин билсеңиз, ошол координаттар боюнча аны укук коргоо органдарына айтып, өзүңүздү жабырланып жаткан адам катары далилдөөңүз керек. Эгер жасап берген адамды таап берсеңиз ошол киши күнөөлүү болот. Ал адамды таба албасаңыз күнөө сиз тарапка оодарылышы мүмкүн. Кандай гана болбосун бул тууралуу укук коргоо органдарына кайрылып койгонуңуз туура. Паспортуңуз болсо бүт бойдон жараксыз болуп калды.


Айнура Келдибаева:
Паспортумду жоготуп жиберген элем. Аны бирөө уурдап алганбы, таап алганбы билбейм, дүкөнгө залогко калтырып акча алып кетиптир. Эми укук коргоо органдары мени таап, ошол акчаны менден доолап атат? Эмне кылуум керек?
Жооп:
- Сиз паспортуңузду жоготоор менен бул тууралуу укук коргоо органдарына кайрылып, билдирип коюуңуз керек болчу. Эгер бул тууралуу эч кайсыл жакка кабарлаган эмес болсоңуз өзүңүз күнөөлүү болуп каласыз.


Керим Сапанов,
Аксы району:
Аялым экөөбүз 15 жыл чогуу жашап жүрүп бир жыл мурда ажырашып кеткенбиз. Үч балабыз бар. Алар апасы менен кошо кеткен. Балдарыма алимент төлөп жүрөм. Бирок бизге үлүшкө бөлүнгөн жерди аялым талашып жатат. Ажырашып кеткенден кийин анын акысы барбы? Анын да үлүшү бар дей турган болсо менин жаңы үй-бүлөм үлүшсүз калабы?
Жооп:
- Үйбүлөлүк кодекске ылайык үлүш үч балаңызга, аялыңызга, сизге бөлүнөт. Жаңы үйбүлөңүздүн бул жерде тиешеси жок, үлүштө акысы да жок. Жаңы үйбүлөңүз менен жашап баштагандан кийинки ээ болгон мүлктөргө гана жаңы келинчегиңиз да акылуу.

Калинса
Турдумамбетова,
Талас району,
Жолдошум менен мыйзамдуу түрдө ажырашып кеткениме жарым жыл болду. Мен төркүнүмдүкүндө жашайм. Ал биздикине келип алып он күндөн бери кетпей койду. Тополоң кылбайт, чуу салбайт, жөн гана үйдөн чыкпай: "Элдешебиз" - деп отуруп алды. Кандай кылса болот?
Жооп:
- Сиз бул тууралуу участкалык милицияга расмий түрдө арыз менен кайрылууңуз керек. Арызда мыйзамдуу түрдө ажырашып кеткениңизди көрсөтүңүз. Участкалык милиция өзү чыгарып берет.


Эрик Кайым уулу,
Бишкек:
Тармактуу маркетинг (сетевой маркетинг) деп бир фирма менен иштешип калдым. Кымбат баалуу товарларды сатып алчубуз. Канчалык көп товар алсаң, ошончолук көп упай топтойсуң да, оңой байыйсың дешкен. Жана өзүңдүн артыңдан дагы адамдарды алып келип чынжыр түзүү керек болчу. Эки айдын ичинде 5 миң доллар сарптадым, артымдан 6 адам алып келдим, эч кандай жыйынтык жок. Мени ал жакка ээрчитип баргандарды сотко берсем болобу? Аларды сотко берсем, мен ээрчитип келген адамдар менин үстүмдөн арыздансачы?

Жооп:
- Сизди ээрчитип барган адамды сотко берсеңиз болот. Бул үчүн сиз анын жашаган, иштеген жери тууралуу маалыматыңыз болушу керек. Бирок сиз өз каалооңуз менен акча сарптаганыңыз, сизди эч ким мажбурлабаганы сизге упай алып келбейт. Бирок жыйынтык болот деп алып келип, жыйынтык чыкпаганы алдоого жатат. Ошон үчүн сиз кирген фирманы, же конкреттүү бир адамдын үстүнөн милиция кызматкерлерине арыз жазсаңыз болот. Ушундай эле кадамды сиз ээрчитип барган адамдар да жасашы мүмкүн.