№64, 05.09.08-ж.
  Өнөрлүүнүн өзү өлсө да...

"…Муңканып айттым жомокту"
Өткөн кылымдын ары-бери жагынан чыгарган ырларын кагазга түшүргөн бирин -сериндеген таланттуу адамдарды жазмачы акындар деп атап жүрөбүз. Ошондой жазмачы акындардын бири Ысак Шайбеков болгон. Ал эки доордо жашап, өмүр сүргөн. Кыргыздардын тарыхындагы көрүнүктүү ири окуяларды өз көзү менен көрүп- билген, андан кеңири кабар берген, ага дилгирлик менен катышкан. Ысак 1880- жылы Кемин районуна караштуу Чоң-Кемин аймагында өтө жакыр турмушта жашаган кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Алты жашынан атасы өлүп, көкөй кескен жетимдик турмуш анын мойнуна минет. Жокчулук кыстагандыктан Ысак бала кезинен бирөөгө жалданып, өлбөстүн күнүн көрүүгө аргасыз болот. Он үч жашынан ал багалчагы майышып, балтыр эти чоюлуп, өзбек жана орус кулактарына күнүмдүк оокат үчүн малай болуп жүрөт. Алардын малын багып, кошун айдайт, суусун сугарып ,чөбүн чабат. Тапкан акысы салыкка төлөнүп, оокатына да жетпей, аябай кыйналат.

Жашынан окуп, кат тааныгысы келген дилгир Ысак, Токмокто ачылган мектептен окуй баштайт. Тырышып жүрүп ал эптеп сабатын жоюп, кайра өзүнүн айылына кайтат. Кат таанып, жаза билген адам катары старчынга катчы болуп иштейт. Тапканы дале алык -салыкка жумшалып, турмушу анчалык ирденбейт.
Ысак кат тааный электе эле, бала күнүнөн бирөөгө жалданып, кош айдап, эгин оруп жүргөндө ыр чыгарчу. Ошол мезгилде чыгарган ыры Ысактын нече жашында эмгектенгендигин , жумуштун түрүн, өзүнүн ал-абалын , мыжыга кыйналганын кеңири камтып, таасын баяндайт. Ошондой мүшкүл турмушту акын "он жашта ордум орокту, арпа таруу конокту, чемирчегим майышып, муңканып айттым жомокту ",-деп ырдагандыгынан көрөбүз . Келтирилген үзүндүдөгү ой, жумуштун оордугун, эзүүнүн түрүн турмушта кандай болсо, акын ырында ошондой таап, таамай айта алгандыгы менен улантылат: "Бай аке, теңгең татты, тестең катты, акчаңыз жазда берген күзгө жатты,курусун кедейчилик кыйын экен, боолугуң бактан кылган колго батты",-деп жанга баткан оор жумуштун кыйынчылыгы жаш балдардын да көкөйүнөн кеткис из калтырылганы ырдалган. Өзбек байларынын жазда көтөрмөгө акча берип, күздө жаш балдарды да аябай катуу иштетитип, ырайымсыздык менен эзгендигинен да кабар алабыз . Бул жеке эле Ысактын башынан өткөргөн турмушу, көргөн кордугу эмес, ал тарыхый кырдаалдагы кыргыз кедейлеринин балдарына тиешелүү жашоо- тиричилик экендигин айкындайт.
Ысак кат тааныгандыктан кийин, мурда бала кезинен муңканып жүрүп чыгарган ырларын кагаз бетине түшүрө баштайт.Элдин турмушундагы кырдаалга жергесинде болгон тарыхый ири окуяларга арнап да ал көлөмдүү чыгамаларды жазат. Анын андай чыгармаларына "Кайран эл", "Зилзала", "Жер силкинүү" өңдүүлөр кирет. "Зилзала" деген чыгармасы 1912-жылы Кеминдеги болгон жер титирөөгө байланыштуу жазылган.Акын ырында жер титирөө табигый мыйзам ченемдүүлүккө жараша болорун дээрлик түшүндүрө албаган.Кайра ал жердин титирешин адамдардын пейилинин бузулушунан көрүп, диндик жышаандарды, жоосундарды бекем кармабагандыктан келип чыкты деп түшүндүрүүгө аркеттенген. Карапайым эл сыяктуу Ысактын түшүнүгүнүн тарлыгынан, билимсиздигинен ушундай идея жаралган. Бул биринчиден. Экинчиден, Ысакка чейинки кыргыздын жана башка мусулман элдеринин акындары да жер титирөөнүн себеби адамдардын ислам дининин жоболорун бузгандыгына байланыштыргандыгында кармабай,шарыятты сактабай,пейилинин бузулушу,алдым -жуттум өңдүү шылуун жемекейлердин көбөйүшү, жетим-жесир сыяктуу кембагалдардын кордолушу менен түшүндүрүп келишкен. Үчүнчүдөн, өзүнө чейинки ошондой акындардын жер титирөө жөнүндөгү чыгармалары менен тиги-бу деңгээлде Ысактын кабары толук болбогондуктан, поэмада эскерилген кемчиликтер жиберилген.
Жазмачы акын Ысактын чыгармаларынын көрүнүктүүсү -"Кайран эл" поэмасы. Акын поэмасын тарыхый окуядан алып жазган.Поэманын сюжеттик мазмунуна кыргыздын тарыхындагы бирден-бир көрүнүктүү окуя 16- жылкы улуттук боштондукка чыгуу кыймылы алынган. Кыргыздын акындарынын ичинен- бул тарыхый окуяга арнап, чыгарма жазууга биринчи киришкен да Ысак. Анткени, Ысак көтөрүлүштүн жүрүшүн, падышанын жазалоочу аскери тарабынан кыргыздардын кыйрашын,бөтөн жерге качканда ашуусу бийик тоолордо көргөн кордугун, аркалап барган элден да мыжыла эзилгенин, ар түрдүү мазактоого кабылганын, ачкалыктан кырылып, ит-кушка жем болгонун өз көзү менен көрүп-билген. Качкын катары бөтөн жер, бөлөк элде ар кыл ызалоо менен кемсинтүүнүн сазына Ысак өзү да батып жансактаган.
Поэма "Азган эл", "Кайран эл", "Кайткан эл"- деген үч бөлүктөн курулган. "Азган эл" бөлүгүндө кыргыздардын орус падышачылыгына карагандан кийинки турмушу ырдалып, башкаруу жагынан болгон кээ бир өзгөрүүлөрдүн, элдин эки тараптан ырайымсыз түрдө эзилишинин картинасы элестейт. Мурда кыргыздардын турмушунда болбогон "миң башы", "бий", "ыстарчын", "элүү башы" өңдүү жаңы бийлөөчүлөрдүн чыккандыгын айтып "айылыма байдын уулун бий шайлаган, жесир доо-чатак болсо, ал "жайлаган", бир кедей чыгым таппай кечиктирсе, мойнуна абак кесип, сотко айдаган",- деп жазган. Көтөрүлүштө жеңилген элдин туулуп-өскөн жеринен айрылганы, ашуусу бийик тоо ашып, агыны катуу суу кечип көргөн ар кыл кордугу жанга батып, сай-сөөктү сыздаткан ызалуу кайгысы, ар түрдүү кырсыктарга дуушарланышы да биринчи бөлүктө чагылдырылган. Поэманын "Кайран эл" бөлүгүндө биринчисине караганда элдин кайгылуу турмушу кеңири сүрөттөлгөн. Кытай жеринде уйгур, дунган, кытай феодалдары, сүткор соодагерлери ырайымсыздык менен эзишип, каардуу запкыны кан жөткүртө көрсөтүшкөн.Чыгармада качкын кыргыздардын кайгылуу турмушу, башка элдердин бийлөөчүлөрүнөн көргөн кордоосу терип-тепчип ырдалат. Кытай жергесинде жергиликтүү феодалдарга, алып-сатар соодагерлерге жолдо кырылгандан, талангандан калган малын, мүлкүн сатып, кор болгон качкындардын адам чыдагыс кайгылуу турмушу чыгармада таасын элестейт. Ачкалыктын азабын тарткан качкындар "чычырканак казышып, түбүн сатты кайран эл, ак кагазга көчүрүп, казал сатты кайран эл",- деп мурда иштемек турсун, үч уктаса түшүнө кирбеген ишти жасоого аргасыз болгондугу да поэмада ырдалган. Чынында кат таанып, жаза билген адам болгондуктан, казалды көчүрүп саткандардын бири Ысак өзү болгондугу да ачык билинди. Эң акырында айласы кетип, амалы түгөнгөндө качкын кыргыздар карачечекей балдарын сатууга чейин барышкандыгын да тарыхтан билебиз. Элдин башына түшкөн оор кайгыны да Ысак "жесир калган эри өлүп, келин сатты кайран эл",- деп бала гана эмес, чоңдор да буюм катары колдон-колго өткөндүгү тууралуу кабар алабыз. Илгери- кийин соода-сатык менен кабары болбогон эл "мал базарга бышырып, шыйрак сатты кайран эл, арзан шыйрак мында деп, ырдап сатты кайран эл",- деп жашоо үчүн жанталаша күрөшкөнү поэмада турмушта кандай болсо, дал ошондой таасын элестетилген. Ошентип, качкын кыргыздар кайгылуу турмушуна басынбастан жашоо үчүн күрөшүп, эркиндикти дилгирлик менен эңсешет.
Жабыркаган элдин күткөн тилеги поэманын "Кайткан эл" деген бөлүгүндө улантылат.Акындын поэмасынын мүнөздүү өзгөчөлүгү бар чыгарма.Поэманын ачык-айкын жекелештирилген каарманы жок. Анын атына, бөлүктөрүнүн аталышына ылайыктуу поэманын каарманы -эл.Ошондуктан поэма биринчи жактан -лирикалык каармандын атынан гана баяндалат.Мунун өзү "Кайран эл" поэмасынын курулушунун жөнөкөйлүгүн ырастайт. "Кайран эл" поэмасында качкын кыргыздардын жашоодон кыйналганы кеңири ырдалганы менен көтөрүлүштө жеңилген элег орус падышасынын жасалоочу аскери тарабынан талкаланганы, ачкачылыктан кырылганы толук ачылбаганы өңдүү кемчиликтер да жиберилген. Ошентсе да Ысактын "Кайран эл" поэмасы жазмачы акындардын поэзиясында кыргыз элинин тарыхындагы ири окуяны таасын көрсөткөн орошон чыгарма катары жогору бааланат.Поэмасынын тарыхый адабияттык мааниси мына ушунда. "Кайран эл" поэманын дагы бир башкы өзгөчүлүгү, анын жаралган мезгилинен баштап эле качкын кыргыздар биринен - бири көчүрүп алып үйрөнгөн, жатка айткан, элдин кайгылуу мүшкүлүн кайра-кайра элестеткен өтө муңдуу чыгарма болгондугунда.Качкын кыргыздар күнүмдүк оокат үчүн эл кыдырып тилемчилик кылганда "Кайран эл" поэмасын айтышып, кайыр сурашкан. Кыскасы,поэманы айтканда элдин кайгысы көз алдыга элестеп, мерестин мереси да сестенип,кара мүртөз,таш борду да муюштуруп, кабыргасын кайыштырган, көзгө жаш алдырган муңдуу чыгарма катары таанылган. "Кайран эл" поэмасын машына келтире айтып, адамдардын сезимин козгой муңкангандардын бири -ошол кездеги томолок жетим, советтик жылдардагы иш-аркеттери, жараткан өлбөс-өчбөс чыгармалары менен эл акыны, Социалисттик Эмгектин Баатыры, академик Аалы болгон.Поэманын качкын-кайырчылар тарбынан айтылышы жөнүндө Аалыке мына буларды эскерчү:"Үркпөй калган эл качкын-кайырчылардан "Кайран элди" айттырып угууга ынтызарлыгын аябай билдирчү. Алар укканда катуу кейишип, көзүнө жаш алып, кадимкидей шолоктоп ыйлап эшиткендерди да мен өзүм көп көрдүм. "Кайран элди" айтып мен да кайырчылык кылганмын. Ысакемдин поэмасын айткан кайырчынын колу куру чыкчу эмес",- деп эскерчү Аалыке өзүнүн өспүрүм кези жөнүндө сөз болгондо.Көрсө, Аалыке качкын эл менен бирге Кытайдан кайтканда "Кайран элди" жазган Ысак менен бирге поэманы айтып, адамдардан кайыр сурап,өлбөстүн суусун ичип, күн көрүшкөн экен.Поэманы айтып кайыр сураган сары чийкил бала Аалы, жанындагы узун кара киши Ысак экендигин Кочкор менен жумгалдыктардын улгайган адамдары кийинки мезгилге чейин эскеришкенин угуп-көрүп калган кишилерди, ошол аймактардан азыр да кезиктиребиз.
Эл менен бирге өз чыгармаларында эңсеген эркиндикти ал Октябрь революциясы жеңгенден кийин гана өз көзү менен көрүп-ынанды. Революциянын жеңишин Ысак Кытай жеринен кайткан качкын кыргыздар менен бирге ачарчылыктын азабынан тентип жүрүп Таластан укту. 1918-жылдын башында ал Пишпекке келип, кембагал адамдардын бири катары советтик бийликти бекемдөөгө дилгирлик менен катышат.Ошол жылы 18-августта Пишпек шаарында уюшулган "Пролетариаттын демократтык союзу" деп аталган уюмга мүчө болуп кирет. Ошол жылы Жети-Суу областынын Алматыда болгон Советтердин биринчи сьездине Пишпек уездинен шайланган делегаттардын ичинде Ысак Шайбеков да бар болчу. Бул жакырчылыктан жабыккан Ысактын өмүрүндөгү унутулбай турган чоң окуянын бири. Элге эркиндикти, тең укуктуулукту алып берген Улуу Октябрь революциясынын жеңишчил күчүн, анын маанисин жогору баалап, аны эмгекчилерге жар салып, ыр менен таратат.Ошондой асыл идея ошол жылы 4-ноябрда казакча чыккан "Учкун" баракчасына жарыяланган "Социал- демократ большевиктер партиясына" деген ырында көрсөтүлгөн.Бул советтик түзүлүш мезгилиндеги кыргыздын акындарынын чыгармаларынан биринчи жолу жарыкка чыккан ыр болуп эсептелет.Исактын айрым ырларын казактын акын-жазуучулары да өз оозунан жазып алышкан.Ага жыйноочу, изилдөөчү фольклористи аталган казактын көрүнүктүү акындарынын бири Иляс Жансүгүровду атасак болот.
Улуу Октябрь революциясын уюштуруп, анын жеңишин камсыз кылган большевиктер партиясы экендигин акын өзгөчө маани берип ырдаган:
- деп эмгекчилерге эркиндикти алып берген жаңы замандын түбөлүктүүлүгүн, анын улуулугун жарпы жазыла даңктайт.
Алматыда өткөн Советтердин сьездинен кайткандан кийин Ысактын көз карашы, түшүнүгү бир аз өзгөргөндүгү байкалат.Революциянын жеңишин ал ырдап, ыры менен гана колдоп чыкпастан, иштеген ишинен, колуна курал алып, аны коргоп чыгышынан ачык-айкын көрүнө баштайт.Алсак Ысак ошол эле жылы Ак-Суу козголоңун басуу үчүн уюшулган эрктүү отрядка кошулуп, аны талкалоого да катышкан.1920-жылы Нарын уездинде иштеп жүрүп, Бондаревдун козголоңун кыйратууга да катышып, жанын аябай салгылашкан.Ушул жерде айтылгандардын бардыгы Ысактын кыргыз жергесинде советтик бийликти бекемдөөгө белсенип,ак ниети менен колуна курал алып күрөшүп иштегенин айгинелейт. Ошондой эле Ысак бир канча райондордо советтик жооптуу кызматтарда иштеди. 1922-жылы Атбашынын Чечтөбө,Чүйдүн Быстровка волосторунун төрөгасы болуп да кызмат өтөйт.Жаңы түзүлүшкө берилген Ысакты аны көрө албаган,ичине таруу айланбаган эл бузукулар, ур-токмокчулар куугунтукка алышкан.Алардын бузукулук кастыгы талкалангандан кийин Ысак колхоз курулушуна да ак ниети менен катышат.Байкалгандай айылдагы ар түрдүү кызматтарда берилгендик менен иштеп жүрүп, акын чыгарма жазууга анчалык кызыкпай калган мезгилди башынан өткөрөт.


Мундук Мамыров

(Уландысы бар)