№62, 29.08.08-ж.
  Дүйнө дүрбөлөңү

Орусия

Дүйнөдө жаңы мамлекеттер пайда болду

Ушул жумада Грузиянын агрессиялык аскердик саясатынан катуу жапа чегип келищкен түштүк осетин жана абхаз эли үчүн өтө маанилүү тарыхый чечимдер кабыл алынып, таанылбаган Түштүк Осетия жана Абхазия өлкөлөрү мамлекеттүүлүккө карай чоң кадам ташташты.
Август айынын башында дүйнө коомчулугун дүрбөлөңгө түшүргөн "Беш күндүк согушта" түштүк осетин элин Саакашвилинин курч тырмактарынан арачалап калган Орусиянын Мамдумасы 25-август күнү, ага удаа эле өлкө президенти Дмитрий Медведев Түштүк Осетия жана Абхазия мамлекеттеринин эгемендүүлүгүн тааныган тарыхый чечим кабыл алышты.
Дүйнөлүк саясатта опол тоодой орду бар Орусиянын бул чечимине жетине албаган Түштүк Осетиянын лидери Эдуард Кокойта:"Орусия түштүк осетин элин тукум куруттан сактап калды жана өз жерибизде өз алдынча жашоо мүмкүнчүлүгүн тартуулады. Түштүк осетин эли Орусия менен дайым бирге" десе, Абхаз президенти Сергей Багпш: "Биз эгемендүүлүк жолун эчак тандап алганбыз жана Орусиянын көрсөткөн көмөгүн кылымдар бою унутпайбыз. Биз Орусия мененбиз"-деген сөздөрүн айтышкан.
Ал эми Грузия коңшусунун жогорудагыдай жоругуна катуу ызаланып, Орусия менен дипломатиялык ж.б бардык байланыштарын үзөөрүн жарыя кылды.

Мавритания

Өз аскерлеринин туткунунда калды

БУУнун Коопсуздук кеңеши ушул айдын башында Мавритания мамлекетинде мамлекеттик төңкөрүш уюштурушкан козголоңчулардан барымтадагы өлкө президенти Сиди Мухаммед шейх Абдаллахты камактан тез арада бошотууну талап кылды.
Эскерте кетсек, 6-август күнү борбордук Африкада жайгашкан Мавританияда президенттин өлкөнүн жогорку аскер командачылыгындагы аскер жетекчилерин кызматтан алуу жөнүндөгү указынан кийин президенттик гвардиянын жетекчиси генерал Мохаммед Абдель Азиз баштаган козголоңчулар аскердик төңкөрүш уюштуруп, президент Сиди Мухаммед шейх Абдаллах, премьер-министр Яхи Ахмед Вах баш болгон жогорку кызматтагы бир нече өкмөт мүчөлөрүн камакка алышкан.

Пакистан

МушарРаф ордун бошотуп берди

Пакистандын парламенти 19-август, шейшеми күнү өлкө президенти, генерал Первез Мушаррафтын отставкасын кабыл алды.
Буга чейин өлкө парламентиндеги эң ири коалициянын лидери Асиф али Зардари баштаган бир нече эл өкүлдөрү президент Первез Мушарафтын жүргүзгөн саясатына нааразы болуп, 18-август күнү ага импичмент жарыялоо чечимин кабыл алышкан.
Бирок, Первез Мушарраф жоболондуу импичмент жолу менен эмес, өз эрки менен президенттик тактыдан баш тартууну туура көрүп, 18-август күнү көгүлтүр экран аркылуу Пакистан элине кайрылып, расмий түрдө бийликтен баш тарткандыгын жарыялаган.
Пакистан мамлекетинде мөөнөтсүз президенттик шайлоолор 6-сентябрь күнү өтмөкчү. Бул жарышка талапкер катары "Пакистан элдик партиясынын" атынан Пакистандагы белгилүү саясий, коомдук ишмер, генерал Мушаррафтын саясатына кескин түрдө каршы болуп келген, раматылык премьер айым Беназир Бхуттонун күйөөсү Асиф Али Зардари катталгандыгы белгилүү болду.

Замбия

Замбиянын президенти каза болду

Замбия мамлекетинин президенти Леви Мванаваса 19-август күнү Париждин жеке менчик бейтапканаларынын биринде инсульттан каза тапты.
Замбиянын вице-президенти Рупии Банданын айтымында, өлкө башчысы Леви Мванавасанын ден-соолугу 18-август күнү кескин начарлап, тез арада операция жасоо үчүн Францияга учурулган. Бирок, Замбия президенти эртеси эсине келбей каза болгон.
59 жаштагы Леви Мванаваса буга чейин да бир жолу өлүп тирилген. Тагыраак айтсак, ушул жылдын 29-июнь күнү Африка союзуна кирген африкалык өлкөлөрдүн Шарм-эль-Шейхте өткөн саммитинде Замбия президентинин жүрөк оорусу кармап, бейтапканага жаткырылганда өлкө лидеринин оо дүйнөгө сапар алгандыгы жөнүндөгү суук кабар Замбия коомчулугунун арасын аралап кеткен.

Түндүк Корея

Түндүк Корея "кара тизмеде"

Түндүк Корея бийлиги ядердик ишмердүүлүгүн токтотуудан баш тарткандыгын 27-август күнү расмий түрдө жер жүзүнө жар салды.
Эсиңиздерде болсо, 2007-жылдын октябрь айында Түндүк Корея мамлекети менен Япония, Кытай, Түштүк Корея жана АКШнын ортолорунда Пхеньяндын ядердик программаларын токтотуу боюнча келишимге кол коюлган эле. Түндүк Кореянын мындай кадамы үчүн дүйнөлүк коомчулук бул мамлекетке коюлган эл аралык санкциялардын алынып салынышына жана экономикалык көмөк көрсөтүүгө кепилдик алышкан.
Бирок, сүйлөгөн сөзү менен жасаган иши көпчүлүк учурда айкалыша бербеген АКШнын башкы идеологу, мамлекеттик катчы Кондолизза Райс япон премьери Масахико Комуре менен болгон 11-августтагы жолугушуусунда "Түндүк Корея "кара тизмедеги" өлкөлөрдүн катарынан чыгарылбастыгын жана бул өлкөгө карата коюлган эл аралык санкциянын жакын арада алынышы күмөн экендигин" белгилеп өткөн.

Судан

Багы ачылбаган "Boeing 737"

Суданда жүргүнчүлөрдү ташуучу жергиликтүү Sun Air авиакомпаниясына тийиштүү Boeing 737 учагы 26-август күнү террористтер тарабынан барымтага алынган.
Хартум-Ньяла авиакаттамы боюнча кезектеги учууга чыккан бул авиалайнердин учкучу өлкө борборунан учуп чыккандан кийин 20 мүнөт өткөн соң учакты террористтер барымтага алгандыгын аэропорт диспетчерлерине кабарлаган. Учакты уурдап, Египеттин борбору Каирди көздөй зуу коюууну көздөшкөн барымтачылар учактын күйүүчү майы анчалык алыстыкка жетпешин уккан соң, коңшулаш Ливиянын аймагындагы Куфра шаарына конууга мажбур болушкан. Ливия өкмөтү тарабынан жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн кийин учак бортундагы 100 адам жана экипаждын жети мүчөсү бошотулган.
Учакты уурдап качууну максат кылган бул террористтер "Суданды боштондукка чыгаруу" террористтик уюмунун мүчөлөрү экендиги судандык күч органдары тарабынан аныкталды.

Иран

Махмуд Ахмадинежадка каршы чыгышты

Ирандын дин өкүлдөрү АКШнын ач саясатына катуу каршылык көргөзүп келген өлкө президенти Махмуд Ахмадинежадды катуу сынга алышты.
Иран Ислам мамлекетинин Ком шаарынан чыккан өлкөдөгү кадыр-барктуу диний лидерлердин бири Байят Сандшани баштаган бир катар дин өкүлдөрү Махмуд Ахмадинежадды "Иран элинин кызыкчылыгы менен анча эсептешпей, укуктарын тебелеп-тепсөө менен мамлекетке чоң коркунуч туудурууда"-деп сынга алышкан.
Ошондой эле Байят Сандшани Ирандын экс-президенттери Акбар Хашеми, Мухаммед Хатами сыяктуу кадыр-барктуу саясатчыларды 2009-жылы өтүүчү президенттик шайлоолордо Ахмадинежадка каршы биригүүгө чакырып өттү.
Бирок, аз күн мурда Ирандын эң жогорку диний башчысы (факихи) аятолла Али Хаменеи Махмуд Ахмадинежаддын жүргүзүп жаткан саясатын кубаттап, кийинки президенттик шайлоолордо аны колдоорун билдирген.

Жакынкы Чыгыш

Жан кейиткен жанкечтилер

Ислам динине жамынышкан экстремисттик-террористтик уюмдардын жанкечтилери август айында катуу активдешип, акыркы эле он күндүн ичинде бейкүнөө жүзгө жакын адамды өздөрү менен кошо жардырып, оо дүйнөгө ала кетишти.
Алсак, 27-август күнү Ирактын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Дияла провинциясына караштуу Жалаула шаарында жанкечти-террорист полициялык орто окуу жайына тапшыруу үчүн келишкен жүздөгөн жаш өспүрүмдөрдүн тобунун арасына кирип барып, өзүн-өзү жардырган. Натыйжада 28 адам каза болуп, 45дей адам ар түрдүү оор жаракаттарды алышкан.
Дал ушундай эле террористтик чабуул 19-август күнү Алжирде да болуп өттү. Африкалык бул мамлекеттин борбор шаары Алжирден 60 чакырым алыстыкта жайгашкан полиция академиясынын имаратына жан кечти террорист өзүн өзү жардырып, ондогон адамдардын өмүрүн кыйды. Ошол күнү таң эрте бул окуу жайга кирүү экзамендери жүрүп жатканда жогорудагы жардыруу болгон. Кырсыктан катардагы жарандар менен кошо полиция кызматкерлери да шейит кетишкен.
Жан кечтилердин ушундай эле чабуулуна Пакистандын Дер Исмаил хан шаарынын аймактык бейтапканасы да дуушар болуп, 20 дан ашык адам бей ажал өмүрлөрү менен коштошту. 19-август күнү жергиликтүү шеиттердин диний лидерине кол салуу болуп, кечке жуук аталган бейтапканада каза болгон. Жан кечти террорист дал ошол бейтапканын алдында демонстрацияга чогулушкан каза болгон шеит лидеринин тарапкерлерин ала жатуу максатында өзүн-өзү жардыргандыгын жергиликтүү полиция кызматкерлери билдиришкен.

Эрнис БАЛБАКОВ,
"Алиби"