presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№60, 19.08.08-ж.
  Артка кылчаюу...

Канат Бегалиев:
"Спорт менен кош айтышам"
Дүйнөлүк аренада кыргыздын туусун бийик көтөрүп, атын даңазалап келе жаткан уулдарыбыздан уучубуз кур эмес. Ошолордун бири спорт чөйрөсүндө улам ийгилик жаратуу менен бийиктикке көтөрүлүп келе жаткан эл аралык деңгээлдеги спорттун чебери Канатбек Бегалиев экендигин эч ким тана албаса керек. Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу өзгөрүш айылында 1984-жылдын 14-февралында туулган ошол азаматыбыз менен эки жыл мурда маек курган элем. Ал "Супер-Инфо" гезитинде жарыкка чыккан. Ошол маек бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпогондугуна байланыштуу, аны дагы бир ирет окурмандардын назарына тартууну туура таптым.

- Канат, грек-рим күрөшү менен машыгып калышыңа эмнелер себеп болгон?
- өзүмдүн бир тууган агаларым күрөш боюнча спорттун чеберлери болушкандыктан, эмнегедир кичинемде эле ошолордой болууну каалачумун. "Аганы көрүп ини өсөт" дегендей 14 жашымдан баштап, күрөш менен машыга баштадым. Ошол учурда мыкты күрөшкөн балдардын Бишкектеги спорт мектебине кетип жатышканы ичимди тызылдатып, башкача бир сезимдерди жаратты. Алардын аркасынан мен дагы баргым келди, бирок үйдөгүлөр ага каршы болуп туруп алышты. Айлам кеткенде, машыктыруучум Ороз Шаршекеевди ортомчу кылып, анын жардамы менен спорт мектебине окуганга уруксат алгам.
Бир жыл убакыт өтпөй эле, тагыраак айтканда 1998-жылы Москвада жаш балдардын дүйнөлүк олимпиадасы өтүп, анда 8-орунга илингем. Бул менин алгачкы чоң ийгилигим десем болот, себеби өзүңдүн салмагың боюнча дүйнөдө 8-орунга татыктуу болуунун өзү жетишкендик. Дал ошол мелдештен соң, аракет кылсам менден бир нерсе чыгат го деген ой келди.
- Анан бир нерсе чыктыбы?
- 2000-жылы Иранда өткөн жаштар арасындагы мелдеште Азия чемпиону болсом, 2003-жылы чоңдор арасындагы Азия чемпионатында 3-орунга татыктуу болдум. 2004-жылы Афинада өткөн олимпиада оюндарына кыйынчылыктар менен жолдомо утуп, катышууга жетиштим, бирок жеңиш таразасы мен тарапка ообой калганы өкүнүчтүү.
2006-жылы Монголиянын борбору Улан-Батордо өткөн дүйнөлүк универсиадага Кыргызстан боюнча жалгыз барып, 3-орунду камсыз кылып келдим.
- Эмне үчүн жалгыз бардың?
- Себеби, мени Улуттук университет баш-аягы 1 миң 400 доллар бөлүп берип жөнөтүшкөн. Ал эми башка жогорку окуу жайлар бир дагы студентти жибербегенинен, жалгыз барууга туура келди. Ошентип, жетим балдардай жалгызсырап барсам да, кара терим менен 3-орунга илинип келдим.
- Улуттук университеттин атын ааламга угузганың үчүн, анын жетекчилиги ыраазычылыкты абдан билдиришсе керек...
- Студенттерди чогултуп, кол чаап куттукташканына абдан эле ыраазы болдум, бирок өкүнүчтүүсү, конверт берип, анын ичине 160 сом салып койгонунда болуп жатпайбы. Жок дегенде, ошол акчанын ордуна жакшы сөздөр жазылган открытка берип койсо, көңүлүм көтөрүлүп калат эле. өзүң ойлоп көрчү, мобу коңшу өзбекстан спорттун бардык түрүнөн спортчуларын мелдешке салса да, алардын бири да медалга жетишкен жок. Анан жалгыз барып, жалгыз медаль алып келсем, жанагындай мамиле болуп жатканына бираз ызаланып калат экенсиң.
- Андай окуяларды эстеп ызаланба, себеби алар жок болсо да, жашоо кызыксыз болуп калышы мүмкүн. Андан көрө, Кытайда жараткан ийгилигиң тууралуу ой бөлүшсөң?
- 2006-жылы грек-рим күрөшү боюнча Кытайда дүйнө чемпионаты болуп, ага төгөрөктүн төрт бурчунан тандалып такшалган мыктылардын мыктылары келип, күч сынашышты. Бул жактан биз менен кошо барган спортчу агаларыбыз мелдеш учурунда сүрөөнчү болуп олтуруп, 2-орунга жетиштим.
- Спорт адистери сенин жараткан ийгилигиң Кыргызстандын тарыхында алгачкысы жана тарыхта калат деген ойлорун билдирүүгө жетишти. Анын сыры эмнеде болду экен?
- Эми мактангандай болбоюн, бирок буга чейин айрым балбандар жаштар арасында гана эркин жана грек-рим күрөштөрүнөн дүйнө чемпиону болуп келишкен. Ал эми чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында маркум Раатбек Санатбаев агабыз гана 3-орунга жетишсе, эми анын жолун жолдоп, мен 2-орунга татып олтурам. Ии баса, Кытайдагы чемпионатта финалдык беттешүүгө чыгуу үчүн, 2005-жылдын дүйнө чемпиону болгариялык балбанды жыгууга туура келди. Финалдык беттешүүлөрдө айыгышкан таймаш жүрүп, дүйнөлүк үч державанын бири болгон Кытайдан гана утулуп, АКШ менен Орусия экөөнү артка калтырдым. Кытайда өткөн чемпионатта Казакстан менен ?збекстандын грек-рим күрөшү эле эмес, эркин күрөшү боюнча барган балбандары да байгелүү орундарга илине алышкан жок. Командалык эсепте Кыргызстан 11-орунга татыктуу болсо, Казакстан 23, өзбекстан 30-орунга жетишкенин айтып коюшум керек.
- Ошол жеңишиң үчүн, үйлүү жана машиналуу болуп калдыңбы?
- Ооба. Президент өз колу менен Жал кичирайонунан 1 бөлмөлүү үйдүн ачкычы менен 50 миң сом акчаны колума карматса, күрөш боюнча спорттун чебери болгон Алмаз Бокушев БМВ-520 үлгүсүндөгү машинаны белек кылды. Менин жеңишиме алардын да салымы бар десем болот, себеби агаларың жаныңда караан болуп турса, таймаш учурунда кадимкидей дем-күч алат экенсиң.
Тилекке каршы, президент берген үйгө көз арткандар да жок эмес.
- Канат суроону бир аз башка нукка бурсак. Казакстанга кетип, кайра келгениң тууралуу көбү билбесе керек. Ошол тууралуу сөз учугун уласак...
- Казакстанда спорт министри болуп иштеп жүргөн олимпиаданын чемпиону, маркум Р.Санатбаевдин досу Давлет Турлыханов өзү чакырып, "бизге келип машык, бардык мүмкүнчүлүгүңдү түзүп берейин",- деген эле. Мен болсо, машыктыруучуларым жана спорт чөйрөсүндөгү айрым жакын адамдарым менен акылдашсам, бардыгы эле "ал жакты да көрүп кел" дегенинен кетип калгам. Бир жылга жакын машыгып, анан 2005-жылы Венгрияда өткөн дүйнө чемпионатына катышууга барсам, компьютерде "К.Бегалиев Кыргызстандын жараны" деп чыгып калса боло. Көрсө, башка мамлекеттин атынан мелдештерге чыгуу үчүн, ошол өлкөдө 2 жыл жашоо керек экен. Анан Кыргызстандын спорт жетекчилиги менен сүйлөшсөм, "бизге кел, көптөгөн демөөрчүлөрдү таап беребиз, мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беребиз",- дегенинен кайра келгем. Бирок, Казакстанга кетип, андагы күчтүү атаандаштар менен машыгып жүргөнүмдүн пайдасы, Кытайда өткөн чемпионатта Кыргызстан үчүн тийбедиби.
- КМШ алкагынан тышкары кайсы өлкөлөрдө болдуң жана алардын кайсынысы сага өзгөчө таасир калтырды?
- КМШ мамлекеттерин эске албаганда, Франция, Дания, Иран, Индия, Монголия, Кытай, Польша, Катар жана Греция өлкөлөрүндө болууга жетиштим. Олимпиада оюндарынын мекени болгон Афина көптөгөн кызыгууларымды жаратты, бирок ар бир шаардын өзүнүн айтып бүткүс жактары бар экен.
- Кыргызстандык спортчулар спорт менен жанын багып кете алышабы?
- Учурда, Кыргызстандагы спортчулар арасынан жалгыз мен гана 25 миң сом стипендия алам. Албетте, бул мен үчүн азыр жетиштүү, бирок башкаларды да ойлош керек да. Эгерде өзүңө ишенип, белгилүү бир бийиктикти багындыра алаарыңа көзүң жетсе, анда багып кете аласың. Бирок, өкүнүчтүүсү мамлекетибиздеги капчыктуу агаларыбыз жана бийлик башындагылардын көбү спортко тиешелүү деңгээлде көңүл бурушпай жатканында. Эгерде ийгиликке жетип жүргөн балдарга мамлекет болбосо да, бизнесмендер демөөрчү болуп, колдоп-коштоп турушса, Кыргызстандын атын чыгарчу таланттуу балдар бизде өтө эле көп. Аларга колдоочулар гана жетишпей турат. Эгер алар эл аралык аренада ийгиликтерге жетишип, мекенибиздин желегин желбиретип, туусун бийик көтөрүп турса, Кыргызстандын авторитети жогоруламак. Мына ошондо, инвестициясы да, башкасы да келмек, бирок, тилекке каршы андай болбой жатпайбы.
өткөн жылы жай айында Казакстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Ысыккөлдө эс алып кетишти. Сүйлөшүп жатып, "Кытайдагы жеңишиң үчүн, эмне беришти?"-деп сураганынан, "2 бөлмөлүү квартира менен 5 миң доллар" деп апыртып койсом да, жатып алып күлүштү.
Себеби, Казакстан үчүн күрөшүп жүргөн Грузиянын Георгий Сурцуми деген легионери 2003-жылы дүйнөлүк чемпионатта коло медалды утуп алгандыгы үчүн, Казакстандын өкмөтү Алматанын чок ортосунан 3 бөлмөлүү квартираны ичин кымбат баалуу эмеректер жана техникалар менен толтуруп, жаңы үлгүдөгү "Мерседес" машинасын мингизгени эсимде.
- Канат, мен бир нерсеге таң калам да, эмне үчүн спортчулардын көбү белгилүү бир убакыттан кийин, криминал чөйрөсүнө өтүп кетишет?
- Көбү эмес, айрымдары гана десек туура болот болуш керек. Эми алардын мындай кадамга барышы айланып келип эле, акча маселесине такалат да. Эгер иш орундары бар болсо, ким эле "чёрный мирде" жашагысы келсин? Аргасыз кадам деп жооп берет элем.
- Бала чагыңда кандай экениңди айтып бербейсиңби?
- Айылдагы мектепте окуп жүргөндө классымдагы эң тентек жана эң кичинекей бала мен болчумун. Башка класстагы балдарды бири-бири менен кайраштырып, көп мушташтырганыман бардыгы мени абдан жаман көрүшчү. Спорт мектебине кеткенимде айылдагылар "чын эле ушул тентектен арылдыкпы?"-деп кадимкидей таң калышып, көпкө чейин ишенишпей жүрүптүр. Мен спорт мектебине келсем, бул жакта менден өткөн жиндилер бар экен. Анан айла жок, алардын арасынан мен эң жоош бала болуп калдым. Азыркы учурда, кээ бир классташтарыма жолугуп калсам, "ушунча токтолуп калдыңбы?"-деп таң калышат.
- үйлөнгөн жарың менен кантип таанышып, баш кошуп калдың эле?
- Ата-энем "балам, үйлөнө турган учуруң келди, баланчанын Айпери деген жакшы кызы бар, ошону менен тааныштыралыбы?" -деген оюн айтышкан. Бирок, мен анын дарегин алып, өзүм эле таанышам деп болбой койгом.
Бишкекте окуган жерине барып, алгач аны менен бирге окуган классташ баласы экөөбүз достошуп, ошол аркылуу таанышууга жетиштим. Биринчи жолугушуу кафеде болуп, көз караштардын чагылышуусу, бири-бирибизди сынамай менен өттү. Кыскасын айтканда, 3 жылдай болочок жубайымды байкап, ал үчүн жакшы эле "банкрот" болуп, 2006-жылдын күз айында баш кошуп, кол кармаштык.
- Канча балалуу болууну каалайсың?
- Буга бир гана менин каалоом аздык кылат экен, аял киши да макул болушу зарыл. Эмесе, айрымдар карьера жасайм, тигиндей, мындай деген шылтоолорду айтып чыгышат. Ошону эске алып, үйлөнөөр алдында Айпери менен көп балалуу болуу жөнүндө келишим түзүп алганмын. Мен болсо, аны ишке ашыруу үчүн, колдон келген аракетти жасаймын.
- Кимди өкүл ата кылдыңар?
- өзүмдүн машыктыруучум Майрамбек Ахмедовду өкүл ата кылып алдык.
- Сен чоң спорттон кеткен соң, эмне менен алектенейин деген оюң бар?
- Чоң спорт менен 2008-жылдагы олимпиада оюндарына катышкан соң, анда утсам да, утулсам да кош айтышам. Спорттук карьерамдан кийин бизнес менен алектенсемби деген оюм бар.
- Эмесе ойлогон оюң ишке ашсын..

Маектешкен
Улан МАМБЕТОВ,
"Алиби"
P.S. Канаттын ал учурдагы ою менен азыркы ою эки башка чыгат деп ишенебиз. Себеби, кыргыз коомчулугу Канаттын күрөш менен машыгып, кийинки олимпиада оюндарында алтын медалды багындырып келүүсүнө кызыкдар жана андан үмүт кылат. Андыктан, элибиздин ошол үмүтүн өчүрө көрбө, Канатбек!










??.??