presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№60, 19.08.08-ж.
  Айтылбай турган сөз эле…

"Трибуна" - "Тиш кайрагандардыкыбы?!"
Түшүнөн чочугансып айда-жылда бир чыга калуучу, өзүн "эркин" атаган, орус тилиндеги "Трибуна" гезитин элеттеги эмес, Бишкекте жашаган окурмандардын көбү биле бербесе керек. Мына ушул гезит 2008-жылдын август айында алтынчы санын жарыкка чыгарып, аны негизинен Ички иштер министринин биринчи орун басары, полковник Мелис Турганбаев менен белгилүү оппозиционер, кыргыз элинин белдүү уулдарынын бири Т.Сариевге "арнап", "Похоть в министерских погонах" жана "Криминальные источники оппозиционера Темира Сариева" деген үзүктөй-үзүктөй макалаларды жарыялап отурат.

Мен билгенден бул эки жигит тең колу менен жасагандарын мойну менен тартууга жарактуу, чеки ишке баспаган, абройлорун сатпаган, кыргыздын кыйын күндө бел кылуучу ар-намыстуу жигиттеринин алдыңкы сабындагы азаматтарынан. Жаза тайып "Трибуна" менен анын авторлору (С.Алексеев, Р.Жанбалаев, С.Кудайбергенов "Похоть в министерских погонах" жана Ы.Омурзаков, С.Богданов "Криминальные источники оппозиционера Темира Сариева") жалпы элдин таразасына алып чыккан фактылар аныкталса, "шоруң көп экен, шоркелдей кыргызым"- дегенден башка эмнени айтмакчыбыз? Себеби, биринчиден, мыйзам бардыгыбызга бирдей, экинчиден, бул эки макаланын артында кимдер турганы эмитеден эле айдан-ачык болуп калды.
Ошол себептерден улам алакачма амбицияга алдырбай, ээликтирме эйфорияга ээрчибей, салкын кандуулук менен "Трибуна" гезитинин "Похоть в министерских погонах" макаласынын айрым бир жерлерине көз жүгүртүп көрөлүчү:
"Как указывает в своем заявлении девушка, он один раз уже завладел ею, и от этого контакта кроме отвращения Айгуль ничего не получила. Она плакала и тихо проклинала своих знакомых, которым она поверила…
Пьянка, у ужасу Айгуль, продолжилась с новой силой и сопровождалась еще более гнусными матами и нецензурной бранью милицейского начальника.
Полковник Турганбаев все больше пьянел и его лексикон уже давно перешел в обычные в милицейской середе маты и перещеголял все приблатненные жаргоны.
Для пущей убедительности своей вседозволенности Мелис байке якобы прямо на глазах ошарашенных подчиненных попытался вступить с сопротивляющейся девушкой не только в беспорядочную алкогольную, но и половую связь.
Второй раз не получилось. Пришлось кончить эту вакханалию совершенно необычным способом, обматерив от всей своей мерзопакостной души плачущую Айгуль, замминистра учинил свойственный ему допрос с пристрастием - откуда она родом?
Когда полковник узнал, что девчонка из Сузака, его глаза налились яростью и кровью. В ход пошли кулаки, брань и утверждения принадлежности всего рода Айгуль к сословию работниц коммерческого секса.
Министерское шоу в истеричном лице не совсем порядочного Первого замминистра ВД набирало обороты.
Вконец обезумевший высоко поставленный чиновник МВД выдал на-гора то, что на пьяном уме у многих наших должностных лиц.
В тот момент на уме у Турганбаева оказались не очень умные мысли. По заявлению Айгуль в Генпрокуратуру следует, что Турганбаев приказал нарынцам сесть отдельно от сузакцев.
Дальнейшее застольной, а тем более ораторской речью назвать было уже нельзя. Потому, как заканчивалась она беспрекословным начальствующим указанием- сузакцы не люди, а скоты…
Подчиненные с покорностью и молчанием ягнят выслушивали весь этот бред.
Айгуль, пытавшаяся заступиться за своих земляков и образумить полковника, что все мы кыргызы, "нарвалась" на очередную оплеуху и "инструкцией" закрыть свою пасть. После чего бывшие джигиты девчонок стали, согласно субординации, выполнять свои непосредственные обязанности оперативников.
А именно, провалили Айгуль на пол, скрутили руки и предоставили Турганбаеву возможность самолично пинать ее ногами. Затем беззащитную девушку Первый замминистра ударил по лицу и приказал выволочь ее на улицу.
Последующий приказ заставил оторопеть и отрезветь уже самих подчиненных. Айгуль надлежало убить и ее труп выбросить на дорогу. "Я сам за все отвечу!"- услышала напоследок слова униженная девушка.
Слава богу, у нукеров замминистра хватило "ума" ослушаться своего начальника и отвезти насмерть перепуганных девушек домой".
Арадан он күн өтүп-өтпөй республиканын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы төмөндөгүдөй билдирүү менен чыгып отурат:

З а я в л е н и е
Пресс-службы МВД
Кыргызской Республики
В течение последней недели ряд средств массовой информации с подачи журналистов газеты "Трибуна" обсуждали статью, опубликованную 6 августа 2008- г. "Похоть в милицейских погонах", которая содержит не достоверные и не соответствующие действительности факты. Поэтому поводу пресс-служба МВД Кыргызской Республики заявляет:
Вышеупомянутая статья имеет "заказной" характер, направленный на дискредитацию на глазах общественности не только Первого заместителя министра внутренних дел Кыргызской Республики, но и всей кыргызской милиции. Об этом свидетельствует ряд очевидных фактов из жизни фигурантов дела.
1. Как установлено в ходе проведенного расследования, главные "герои" этой нелицеприятной истории, некоторые члены семьи Сыргатаевых: Астра, Айнагуль и Ильяс являются организованной преступной группой, которая ранее занимались похищением несовершеннолетних девушек с целью последующей продажи в сексуальное рабство за пределами Кыргызстана, за что были в 2004 году решением Первомайского районного суда, по итогам рассмотрения уголовного дела № 1-949/04 осуждены на два года лишения свободы, которую отбывали в колонии-поселении. А в прошлом году, эта же семейка проходила еще по одному аналогичному уголовному делу. Видимо в настоящее время они занялись не менее прибыльным "делом", т.е. дискредитацией высокопоставленных должностных лиц по чьему-то заказу.
2. Относительно телесных повреждений, якобы полученных некой Айгуль, судебно-медицинскими экспертами установлено как "легкий вред здоровью…". Однако, уже готовое заключение экспертов никто не забирает и заинтересованные стороны пытаются оказать давление на экспертов, вынуждая их выдать заведомо ложные заключения с выводом о якобы полученной "закрытой черепно-мозговой травмы. "Такие действия экспертов, согласно законодательству нашей страны, влечет за собой уголовную ответственность. По имеющейся информации свидетели получения телесных повреждений "Айгулем" обратились со своими заявлениями в Генеральную Прокуратуру.
3. Что касается упоминания в статье оперуполномоченного УБОП капитана милиции Маликеева Арслана, то можем сообщить следующее: некая гражданка Абылмажинова Сабира в ноябре 2007 года, "почему-то" представившись Асановой Жаныл, войдя в доверие гражданки Толобаевой Д. завладела мукой на сумму 959 тыс. сом, написав расписку от имени Асановой Ж. и скрылась. По данному факту было возбуждено уголовное дело за №51-08-156 по ст. 166 УК КР. Позже, в июне 2008 года, она же, путем мошенничества завладела цементом у ряда предпринимателей на сумму более 4 млн. сом. Об этом деле, сгущая краски, с присущими домыслами писала газета "Трибуна", где были затронуты честь и достоинство Маликеева А., исковое заявление которого в отношении газеты "Трибуна" рассматривается в одном из судов г.Бишкек, куда по вполне понятным причинам ответчики не являются.
4. Утверждения журналистов газеты "Трибуна" о том, что в 2002 году Мелис Турганбаев привлекался у уголовной ответственности не соответствуют действительности и являются плодом вымышленных слухов и домыслов.
5. В период служебной карьеры полковник милиции Мелис Турганбаев занимал различные ответственные должности, но никогда не руководил Свердловским РОВД г.Бишкек".
ИИМдин билдирүүсүнөн улам "Трибуна" гезити жазып чыккан "В ход пошли кулаки, брань и утверждения принадлежности всего рода Айгуль к сословию работниц коммерческого секса" деген сөздөрдүн жандырмасы табылып, "главные "герои" этой нелицеприятной истории, некоторые члены семьи Сыргатаевых: Астра, Айнагуль…" экөөнүн бирөөсү "жабырлануучу Айгүл" экендиги айгинеленди.
"Сүткө оозун күйгүзгөн, айранды үйлөп ичет" болуп, Салиевдердин бир миллион сомдук "салыгынан" кутула албай турган жаныбызды жай алдырбай, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун №1-949/04-иш боюнча 2004-жылдын 23-сентябрында судья Э.Абылкасымов тарабынан чыгарылган өкүмүн таап, окуп чыктым.
Иш боюнча бир үй-бүлө -энеси Анапияева Айчүрөк, кыздары Астра, Айнагүл, баласы Ильяс, алардан сырткары Балбаев Мирлан жана Мамаджанов Шухраттар сот жообуна тартылышып, жашы жете элек кыздарды Жалалабат шаарынан Бишкек шаарына алып келишип, аларды "коркутушуп, күч колдонушуп зомбулук көрсөтүшүп, сойкулукка жана сексуалдык аракеттерди жасоого тартуу кылмышын" жасагандыктары үчүн ар бири эки жылдан эркинен ажыратылгандыктары белгилүү болду.
Ушундан улам мыйзам ченемдүү бир суроо өзүнөн-өзү келип чыгат экен: "Трибуна" гезитинин журналисттеринин "жертва ментовского чиновнического беспредела не побоялась обратиться в Генеральную прокуратуру и СМИ, дать интервью на радио "Азаттык", хотя и подвергалась не только физическому, но и психологическому воздействию со стороны правоохранительных органов" дегенине ишенүүгө болобу?
Сыргатаевалардын "коммерциялык секс" кызматы менен түздөн-түз байланышы бардыгы сот аркылуу далилденип отурган соң "Айгүлдүн" тоодогу эс алуу борборуна "жакшы тааныштары" менен жөн эле барбагандыгы өзүнөн-өзү ачыкка чыгат.
Экинчиден, ушундай кыздардын арыз жазып, түздөн-түз эле Башкы прокуратурага, анан, жер жайнаган гезиттер турса бир айда бир чыгаары күмөн болгон "Трибуна" гезитине кайрылды дегени логикага шайкеш келеби? Деги, Мелис Турганбаевге "жертва" болгон кыз өмүрүндө "Трибуна" гезитинин бир санын окуп, редакциянын кайда жайгашканынан кабары бар бекен?
Булар азырынча менин көкүрөгүмдө кайнап турган суроолор. Мен аларга жооп издеп, тиешелүү адамдар менен баарлашып жатам. Табышмагын келерки макаламда ачып берүүгө аракет кылам.
Азырынча айтарым бирөө гана - "Трибуна" гезитин Мелис Турганбаевге "Тиш кайраган" бирөөлөр андан өч алып, ээлеген кызматынан сүрүп түшүрүп, колдорунан келсе аны буга чейин өзү түрмөгө отургузган "зектердин" ортосуна салып берүү максатында пайдаланып отурат.
Өз максаттарына жетүү үчүн алар М.Турганбаевге гана эмес, Президенттин администрация жетекчиси Медет Садыркуловго да көө жапкылары келип отургандыктарын жашырышкан эмес. Башкы прокуратурага шылтамыш этип "МЧС менен Турганбаев достор, ошондуктан М.Садыркулов Турганбаевдин кылмыш ишин жабууга бар күчүн жумшап жатат" дегендеринин "катын ушактан" эмне айрымасы бар? Буга далилдер барбы?
Ушундан улам бул "иштин авторлору" жогорку бийликте отурган, М.Садыркуловду көрө албаган "жан досторунан" экендигинде шек жок.
Алардын экинчи максаты- президент К.Бакиевге түз жүрүп, түз иштеген М.Турганбаевди мокочо көрсөтүү. Ошондуктан, алар "Трибунанын" журналисттеринин колу менен "Когда полковник узнал, что девчонка из Сузака, его глаза налилась яростью и кровью" деп жаздырып отурушат. Же жазган авторлор М.Турганбаевдин "көздөрү каар менен канга толуп чыкканда" анын жанында турушту беле?
"Трибуна" гезитинин авторлоруна ишенсек М.Турганбаев "сузактыктар адам эмес, айбандар", ошондуктан нарындыктар алардан оолагыраак отурууга тийиш" деп опурулган. Бул жөнүндө "Айгүл кыз" өз арызында жазган имиш.
Бул эмне дегенди түшүндүрүүгө тийиш?
Биринчи кезекте, албетте, президент К.Бакиевге кулак кагыш. "Көрдүңүзбү, Курманбек Салиевич, сиз ишенген кадрлар эмне деп жатышат? Мастын тилиндеги сөз- соо адамдын көкрүрөгүндө баккан ою. Жыйынтык чыгарыңыз"- дегендин эле өзү.
Экинчиден, карапайым калктын ортосунда от жагуунун амалы. "Бийликте отурган түндүктүн кулундары силер жөнүндө ушундай ойлошот. Бакиев бийлигин дагы да чыңдашыбыз керек"- деген сасык ой, сасык максат. Анча-мынчаны жете түшүнө бербеген каратаман адамдарга мындай сөздөр майдай жагаарын алар эң сонун билип турушат. Ушундан пайдаланып алар өз бийлигин чыңдап алууну көксөп отурушт.
Ө.Текебаев, Д.Чотонов, маркум Д.Садырбаев, алардын катарына кошулган Турсунбай Бакир уулу өңдүү түштүктүн эр-азаматтары эмне үчүн бүгүнкү бийликке нааразы болушуп, "Эл-журт, көзүңөрдү ачкыла! Силерге бир үй-бүлөнүн бийлиги керекпи? Кыргыз элин кыргыздын ишкер, патриот, чынчыл бир уулу башкарсын. Ошондой адамга муктажбыз"- деп канкакшап жүргөнүн алар тескери бурушууда.
Полковник Мелис Турганбаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши анын ачыктан - ачык бир далили. Мезгили келгенде анын "авторлору" ким экендиги да ачыкка чыгат. Алар эл алдында, мыйзам алдында жооп берүүчү учур да келет.

Фашизмдин кара туманы Европаны каптап келаткан учурда чехтердин улуу жазуучусу Юлиус Фучик "Адамдар, сак болгула!" ("Люди, будьте бдительны!")- деп коңгуроо каккан экен. Бүгүнкү "Трибуна" гезитин окуп отуруп ошол сөздөр кайра-кайра кулагымда жаңырып турду.
Адамдар, сак болгула!

Бабырбек Жээнбеков,
"Алиби"











??.??