№60, 19.08.08-ж.
  Дүйнө дүрбөлөңү

Парагвай
Кечил президент айлыгынан кечти

Парагвай Республикасынын жаңы шайланган президенти Фернандо Луго өлкө башчысына тийиштүү бардык ыңгайлуулуктардан баш тартып, парагвай элине айлык албай бекер иштеп берүүнү чечти.
Өткөн жума, 15-август күнү расмий түрдө президенттик кызматка киришкен Фернандо Луго, ушул жылдын апрель айында болуп өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетишип, дээрлик 60 жыл мамлекет башчылыгында отуруп келишкен Улуттук республикалык "Колорадо" партиясынын өкүлдөрүн артка таштаган.
Кызыгы, 57 жаштагы жаңы президент Фернандо Луго буга чейин Парагвайдагы католик чиркөөсүндө епископтук кызматты аркалап келген. Бирок, саясат үчүн дин жашоосунан баш тарткан анын мындай кадамын католик чиркөөсү кескин сынга алууда. Президент болуп шайланган соң, жер жүзүндөгү католик дүйнөсүнүн жалгыз борбору эсептелген Ватикан, Фернандо Лугону епископтук наамынан ажыратууга аргасыз болгон.
Эскерте кетсек, епископ сыяктуу жогорку даражадагы дин өкүлүнүн дин жашоосунан баш тартып, жөнөкөй жашоого кетүү фактысы католик дүйнөсүнүн тарыхында эң алгачкы жолу катталып отурат.

Ливия

Өткөндү эстеп…

АКШ менен Ливиянын ортосундагы көп жылдык тирешүүдөн шейит кеткен адамдардын жакындарына компенсация төлөп берүү жөнүндөгү эки тараптуу келишимге кол коюлду.
Бул келишимдер боюнча, 1986-жылы Ливиядагы Триполи жана Бенгази шаарларына АКШ армиясы тарабынан жүргүзүлгөн бомбалоолордун натыйжасында набыт болгон адамдардын үй-бүлөсүнө компенсациялык акча-каражатын АКШ тарап төлөп берсе, 1988-жылы ливиялык атайын кызматтын чекисттери тарабынан Шотландиянын Локерби шаарында жардырылган эл ташуучу Pan Am учагынын бортунда каза болгон америкалык 270 адамдын үй-бүлөсүнө Ливия өкмөтү компенсация төлөп бермекчи.

Ирак

Жан кечти 15 адамды ала жатты

Азаптан арылбаган Иракта өткөн жуманын акыркы күнүндө кайрадан жарылуу болуп, 15 адам каза таап, отуздайы оор жаракаттарды алышты.
Бул теракт Ирактын борбору Багдаддын сунниттер жашаган Адхамия деп аталган аймагында 17-август күнү болуп өттү. Күбөлөрдүн айтымында аялдын кийимин кийинген жанкечти-терорроист адамдар жыш жүргөн жерге барып, өзүн-өзү жардырып, тегерегиндегилерин кошо ала жаткан.
Каза болгондордун арасында жергиликтүү сунниттик гвардиянын аскер башчысы Фарук аль-Обейди да болгон.
Каза болгон бул аскер башчынын жакын туууганы Абу Удай: "Биз мындай кол салуу эртеби-кечпи болорун билгенбиз, себеби Адхамия аймагы мурда "аль-каидачылардын" негизги аскердик базасы жайгашкан жери эле. Биз аларды бул жерден жок кылганбыз"-дейт.

Чад

Чаддын экс-президенти өлүм жазасына буйрулду

Африка континентиндеги эң ири мамлекеттердин бири Чаддын аскердик соту 15-август күнү өлкөнүн экс-президенти, коңшулаш Сенегалда качып жүргөн Хиссен Хабрени өлүм жазасына буйруду.
Өткөн кылымдын 80-жылдарында АКШнын актер-президенти Рональд Рейгандын кош кубаттоосуна ээ болгон Чаддын 1982-1990-жылдардагы президенти Хиссен Хабре бийликтеги сегиз жылдын ичинде саясатына макул болбогон 40 миңден ашык саясий каршылаштарын репрессиялап, башын жуткан-деп күнөөлөнүүдө.
Эске сала кетсек, миңдеген өз мекендештеринин канын ичкен диктатор-президент Хиссен Хабре 1990-жылы Чаддын учурдагы президенти Идрис Деби тарабынан уюштурулган мамлекеттик төңкөрүштө бийликтен кулап, Сенегалды көздөй "ойт" берген. Кара континенттин мамлекеттеринин башын бириктирген "Африкалык союзга" Чад бийлиги Сенегал өкмөтүнөн кылмышкер-президентти өз өлкөсүнө өткөрүп берүү жөнүндөгү сунушу менен кайрылышкан.

Непал

Непал мамлекети толук кандуу республикага айланды

Республикалык башкарууга жаңы гана кадам шилтеген Непал өткөн жума, 15-август күнү өз тарыхындагы эң алгачкы премьер-министрин шайлады.
Бул мамлекеттин жаңы өкмөт башчылык тактысына, өлкөдөгү маочулардын лидери Прачанда отурду. Ошентип, жума күнү "Конституциялык ассамблея" деп аталган өлкө парламентиндеги 464 депутаттын колдоосуна ээ болгон 53 жаштагы Прачанда Непал мамлекетинин тарыхындагы эң алгачкы премьер-министр болуп калды.
Эске сала кетсек, 240 жылдан бери монархиялык башкарууда болуп келген Непалда 2007-жылдын башында королдук бийликти жок кылган чоң ыңкылап болуп өтүп, өлкөдөгү королдук Шах династиясынын акыркы өкүлү король Гьянендра хандык тактыдан шыпырылган. Монархиялык бийликтен баш тартышкан непалдыктар 2008-жылдын 28-майында республикалык башкарууга өтүшүп, 21-июль күнү Рам Баран Ядавды президенттикке шайлашкан.

Афганистан

Афганистан эгемендүүлүк күнүн майрамдайт

Афганистан өкмөтү 19-августта өтүүчү эгемендүүлүк күнүн эч кандай шаан-шөкөтсүз эле, тынч өткөрүүнү чечти.
Афган бийлигинин мындай чечими расмий билдирүүлөрдө коомдук транспортко тоскоолдук келтирбөө үчүн жасалгандыгы айтылган. Бирок, бул чечимдин кабыл алынышы өлкө президенти Хамид Карзайдын коопсуздугу үчүн жасалгандыгын жергиликтүү калк өздөрү айтууда.
Себеби, ушул жылдын 27-апрелинде аскердик парад учурунда өлкө лидерине кол салуу болуп, анда парламент депутаты баш болгон үч адамдын өмүрүн алып кеткен. Бул терактты өлкөдөгү "Талибан" террористтик уюму өз мойнуна алган. Бирок, афган бийлиги апрелдеги террактты Пакистандын атайын кызматынын чекисттери жасаган деп, коңшусун күнөөлөп келет. Афганистандын чалгындоо кызматынын басма сөз катчысы Саид Ансари Хамид Карзайдын көзүн тазалоону максат кылган бул терроисттик актыны Пакистандын бийлиги жасагандыгы тууралуу бир катар далилдер бар экендигин айтып өткөн.

АКШ

Коркконго кош көрүнүп…

АКШнын 38 жаштагы жараны Майкл Горби өлкө конгрессинин имаратынын жанында сейилдеп жүргөндүгү үчүн 22 жылга эркинен ажыратылды.
Бирок, ушул жылдын башында өлкө парламенти жайгашкан Капитолийдин жанындагы бул жигит брончыптама кийип, жанына самурай кылычын жана ок атуучу курал көтөрүп жүргөн. Ошондой эле Виржиния штатынын тургуну Майкл Горбинин ошол тегеректе токтоп турган автоунаасынан колго жасалган жардыруучу зат табылган.
Ошентип, 15-август күнү чыгарылган сот өкүмүндө Майкл Горби күнөөлүү деп табылып, 22 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми сот процессинде жактоочунун кызматынан баш тарткан Майкл мынча куралданып алып, конгрессмендерге эмне максатта конокко келгендигин табышмак бойдон калтырды.

Түркия

Өзүңдү эр сезсең, бирөөнү шер сез

Орусиянын баскынчылыгынан жабыр тарткан Грузия мамлекетине ар тараптуу жардамын аябастыгын жар салып келген АКШ бийлиги Грузияга жиберилүүчү кезектеги гуманитардык жардамын Босфор жана Дарданелл кысыктары аркылуу Кара деңизге алып өтөөрдө Түркия бийлигинин күтүүсүз каршылыгына дуушар болду.
Эскерте кетсек, АКШ президенти Жорж Буш 13-августтагы кезектеги билдирүүсүндө Грузияга гуманитардык жардамды жиберүүдө жалаң гана аба жолу менен эмес, аскердик-деңиз күчтөрүн да активдүү колдонуу керектигин билдирип, бул ишти Пентагон жетекчиси Роберт Гейтске тапшырган эле. Бирок, дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илүүнү мыкты өздөштүрүшкөн АКШ өкмөтүнүн аскердик-деңиз күчтөрүн Түркия бийлиги өткөрбөй койду. Мындай кадамы менен Түркия НАТОдогу уюмдашы АКШга моюн толгоп, өздөрүн держава сезишкен бир катар "вашингтончул" европалык мамлекеттерден айырмаланып, өз арбайын өзү соккон, өз алдынча регионалдык держава экендигин иш жүзүндө далилдей алды.

Польша

АКШнын кезектеги аскердик кадамы

Өткөн жума, 16-августта Польшанын борбору Варшавада АКШ менен Польшанын ортосунда эл аралык маанидеги ири геосаясий чечимге кол коюлду.
Көптөгөн карама-каршылыктарды жаратып келген бул келишим Польша мамлекетинин аймагына америкалык ПРО системасын орнотуу чечими болуп эсептелет. Бул америкалык аскердик базанын Европа аймагына жайгаштырылышына катуу каршылыгын көргөзүп келген Орусия бийлиги "Мындай аскердик базанын Европада жайгаштырылышы түздөн-түз Орусияга каршы багытталган",-деп баалады.
Ал эми АКШнын расмий билдирүүлөрүндө "Польша демократиялуу, өз алдынча мамлекет болуп эсептелет. Анын үстүнө Польша АКШ менен союздаш өлкө. Ошондуктан бул келишим эки өлкөнүн өз иши болуп эсептелет"-деп айтылган.
Бирок, өткөн жылдын башынан бери катуу талкууланып келген бул маселенин Орусия-Грузия чатагынан кийин эле дароо кабыл алынышы-АКШнын бул аймактагы аскердик зор максаттарды көздөгөнүнөн кабар берип тургансыйт.

Эрнис БАЛБАКОВ,
"Алиби"