presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№60, 19.08.08-ж.
  Темир тор артында

Кубан Мамакеев,
Түзөтүү мекемелеринде мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү прокурордун милдетин аткаруучу:
"Өлүм жазасын алгандарга өзүнчө түрмө керек"
Аз күн мурда Ак-Суудагы колонияда "ЧП" чыгып, ГУИНдин эки кызматкери менен абактагы эки адамдын өмүрү кыйылган. Мындай көрүнүштүн чыгуусуна эмне себеп болгонун билүү максатында, жаза аткаруу башкармалыгынын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзгөн прокурор Кубан Мамакеевди кепке тарттык. Эмесе, сөз кезеги менен болсун!

- Кубан байке, аз күн мурда Ак-Суудагы №16 катуу режимдеги түрмөдө чатак чыгып, ГУИНдин эки кызматкери жана жаза мөөнөтүн өтөп жаткан эки кылмышкер өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалымат коомчулукту бир дүрбөтүп алды. Билишибизче, сиз тергөө тобун жетектеп, аталган факт боюнча кылмыш ишин козгоптурсуз. Айтыңызчы, ГУИН кызматкерлерине абактагылар не себептен кол салган?
- Учурда ГУИНдин кызматкерлеринин жана абактагылардын өлтүрүлүшү боюнча эки кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. Алынган маалыматтарга караганда, №16 колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жатышкандар ичимдик ичип олтурганда, түрмөнүн "положенеци" Эрмек Урманбетов "Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын кызматкери Аденовду өлтүрүп кел!"- деп Кадырбек Абдышевге көрсөтмө берет. Келжеңдеп мас болуп калган Абдышев ары жакта жүргөн Аденовду эч себепсиз эле сайгылап өлтүрөт да, кайра келип майрамын улантышат. Дагы бир аз убакыт өткөн соң, түрмөнүн "положенеци" "мурда мага мынабу Жуматаев да тийишкен. Аны да барып жанчып салгылачы"- деп жанындагыларга кайрылат. Беш-алты зек түрмө начальнигинин жардамчысы, майор Жуматаевди кармап алып, ур-тепкиге алып жатканда, Абдышев келип, бычак менен моюнга жана башка жерлерине сайгылап өлтүрүп салган экен. Ушул жерден Абдышев өз убагында милиция кызматкерин өлтүрүп, колго түшкөнүн белгилеп кетишим керек.
- Анан?
- Мындай маалымат келип түшөөрү менен эле Ак-Суудагы түрмөгө, жаза аткаруу мекемелерине көзөмөл жүргүзүүчү прокурор катары мен, Юстиция министринин орун басары Сергей Зубов, ГУИНдин жетекчиси Эрнис Исаев башында турган "спецназдын" жоокерлери болуп жетип бардык.
Барсак, колониядагы 39 адам Урманбетов менен Абдышевди бергиси келбей, коргоп, жасалма бычактар (заточка) менен ГУИНдин кызматкерлерине кол салууга аракет кылышкан. Мына ошондо, "спецназдын" жоокерлери каршылык көрсөткөн зектерге дубинка колдонуп, тартипке келтирүүгө аргасыз болду. ГУИНдин бул операциясын прокурор катары өтө ийгиликтүү жана профессионалдык деңгээлде өттү деп айта алам. Ошентип, анда тополоң салып, тартипти бузган 39 жанкечтини кайрадан түрмөдөгүлөрдү ташый турган бир машинеге (автозак) салып, конвойдун коштоосунда Бишкектеги №1 тергөө изоляторуна алып кетишкен. Бирок, Бишкекке жеткенде ГУИНдин кызматкерлери Урманбетов менен Абдышевдин өлүп калганын көрүшөт. Абактагылардын берген көрсөтмөлөрүнө ылайык, тиги экөөнү машиненин ичинен өздөрү эле өлтүрүп салышыптыр. Көрсө, жолдо келатканда абактагылар Абдышевди бурчка такап, неге ГУИНдин кызматкерлерин жөндөн-жөн эле өлтүрүп салганын сурай башташат. Ошондо, "Абдышевге мен буйрук бергенмин"- деп Урманбетов ортого түшөт. "Сен "положенец" болгондон кийин неге "беспределге" жол бердиң? Эми сенин айыңан ушунча зек ур-тепкиде калып, жапа чегиши керекпи?"- дегендей суроолорду жаадырып киришет. Аларды кагып-силкип салган түрмөнүн "смотрящийи" Урманбетов менен Абдышевди үндөрү чыкпасын деп ооздорун ошол жерден эле жабышып, бирөөнү тепкилесе, экинчисин кыкынтып туруп, жайлап салышкан экен.
- Кубан байке, айтыңызчы, чыр ушундан эле чыкканбы же дагы башка себептер барбы?
- Чатактын чыгуусунун бир канча себеби бар. Биринчиден, ГУИНдин борбордук аппаратында оперативдик маалыматтын жоктугун айтса болот. Чолушев деген жигит ГУИНди жетектеп турганда, оперативдик анализдерди жасап, ар бир түрмөдөгү зектин мүнөздөмөсүн жана абалды жазып, картотека менен иретке келтирип турганын айтып коюшум зарыл. Азыр, андай кылынбайт. Экинчиден, түрмө администрациясынын абактагыларга жасаган орой мамилеси. Кылмыш жасап, эркинен ажырады деп кордук көрсөтө бербей, аларга да адамдай мамиле кылуу керек. Абактагылар менен сүйлөш-көнүбүздө, алар түрмөнүн администрациясы себеби жок эле кол көтөрүп, ур-тепкиге алмай адаттары бар экендигин тастыкташты, бирок арыз жазуудан баш тартып коюшту. Үчүнчүдөн, тамак-аштын начардыгы. Мамлекет тарабынан ар бир зектин тамагына күнүнө 45 сом бөлүнүшү керек болсо, 32 сомго, айрым жерлерде андан да аз акчага тамактангандар бар. Аз күн мурда, Молдовановка айылында жайгашкан №31 колонияда тамактын начардыгынан абактагылар бунт көтөрүүнү пландашыптыр, бирок ал сүйлөшүү жолу менен чечилгенин белгилеп кетким келет. Эгер темир тор артында күчтүү тамак болбосо, анда абактагылардын көбү кургак учук оорусуна кабылышы толук мүмкүн. Мындан тышкары, айрым түрмөлөрдүн ашканаларында санитардык абалга такыр көңүл бөлүнбөйт. Бул деген инфекциялык оорулардын массалык түрдө тарап кетүүсүнө алып келет. Абактагылар өз убагында медициналык текшерүүдөн өтпөгөндүгүнөн улам, кургак учук оорусуна дени сак адамдар да чалдыгып калууда. Убакты-сааты менен камераларда тыкыр текшерүү иштери жүргүзүлбөгөндүктөн тыюу салынган буюм-тайымдар менен бири-биринин өмүрүн алып жатат. Чырдын чыгышына жогоруда айтып өткөндөрдүн баарынын тиешеси бар. Бүгүнкү күнү ГУИН тармагына жылына 660 миллион сом бөлүнүүдө. Мындай каражаттын айрым бөлүгүн сол чөнтөккө салбай, туура пайдаланса, абактагы бардык муктаждыктарды канааттандырууга жетет эле. Аз күн мурда, ГУИНдин жетекчилеринин бири темир тор артындагыларга дары-дармек алууда пайдасыз тендер өткөрүп, мамлекетке 1 миллион 366 миң сом зыян келтирген. Бүгүнкү күнү, ал ишти Бишкек шаарынын Свердлов райсоту кароодо.
- Жөнөкөй зектер менен "смертниктерди" кошуп коюунун өзү жаңылыштык эмеспи?
- Ак-Суудагы түрмө катуу режимге кирчи. Анда жалпысынан 680 адам жаза мөөнөтүн өтөшсө, алардын 47си өлүм жазасына кесилген "смертниктер" эле.
Эки башка контингентти кошуунун туура эместигин мен эчактан бери эле айтып, какшап келатам. Бул ГУИН жетекчилигинин өтө чоң жаңылыштыгы. Бишкектеги №1 тергөө изоляторунун жертөлөөсүндө өлүм жазасына кесилген 184 адам бар болчу. Бирок, ГУИН ушул жылдын башында аларды ар кайсы түрмөлөргө бөлүп, өздөрүнүн башына өздөрү коркунучтуу абалды жаратты. Жыйынтыгы, эки ГУИН кызматкеринин өлүмү менен аяктап олтурат. "Смертниктер" түрмөдөгү "общак" менен чырмалышып, биригип кетсе, бул өтө чоң күч болмок. Эгер "смертниктер" "положенецтердин" үстүнөн үстөмдүк кылып алса, анда түрмө ичинде тартип болот деп айтыш кыйын. Себеби, өлүм жазасына кесилгендер эч нерседен коркушпайт жана баарына даяр. Орусча айтканда, им нечего терять. Эми, бир "смертник" менен "положенецтин" жогорудагы кылыгы үчүн ар кайсы жердеги өлүм жазасына кесилген адамдардын баары "штрафной изоляторго" камалат. Муну түрмө ичиндеги түрмө деп айтса жарашат.
- Сиз жогоруда Бишкектин СИЗОсунда жаткан "смертниктерди" жөнөкөй зектер менен кошуунун өзү жаңылыштык экендигин айтып өттүңүз. Бирок, укук коргоочулар өлүм жазасына өкүм кылынгандарды СИЗОдо кармоонун өзү мыйзамсыз экендигин айтышууда. Алар "особо опасный смертниктерге" өзүнчө мекеме салынышы керек дешүүдө. Буга не дейсиз?
- Бюджеттин акчасын оңду-солду чача бергенде, пайда чыгабы? Ошол жакка кете турган акчаны, абактагылардын тамак-ашынын сапатын жогорулатууга жумшоо зарыл. Ал эми "смертниктердин" баарына имарат издеп, убара тартпай эле, Ново-Покровкадагы №50 тергөө изоляторуна жайгаштыруу керек. Жөнөкөй сөз менен айтканда, "өлүм жазасын алгандарга өзүнчө түрмө керек". Мына ошондо маселе оңунан чечилмек.

Келжеңдеп мас болуп калган Абдышев ары жакта жүргөн Аденовду эч себепсиз эле сайгылап өлтүрөт да, кайра келип майрамын улантышат.

Колониядагы 39 адам Урманбетов менен Абдышевди бергиси келбей, коргоп, жасалма бычактар (заточка) менен ГУИНдин кызматкерлерине кол салууга аракет кылышкан.

Муну түрмө ичиндеги түрмө деп айтса жарашат.

Экөөнү машиненин ичинен өздөрү эле өлтүрүп салышыптыр.

Түрмөнүн "смотрящийи" Урманбетов менен Абдышевди үндөрү чыкпасын деп ооздорун ошол жерден эле жабышып, бирөөнү тепкилесе, экинчисин кыкынтып туруп, жайлап салышкан экен.

Абактагылар менен сүйлөшкөнүбүздө, алар түрмөнүн администрациясы себеби жок эле кол көтөрүп, ур-тепкиге алмай адаттары бар экендигин тастыкташты, бирок арыз жазуудан баш тартып коюшту.

Маектешкен
Улан МАМБЕТОВ,
"Алиби"












??.??