presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№60, 19.08.08-ж.
  Түрмөнүн түгөнбөгөн түйшүктөрү

Айла жок ажал же абактагы абал
Чүй областынын Ак-Суу айылында жайгашкан № 16 жаза аткаруу мекемесинде 14-август күнү бунт чыгып, Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын эки кызматкери мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Кечки саат тогуздарда башталган камактагылардын каршылыгы эки саатка созулуп, "спецназдын" жоокерлеринин күч колдонуусунан кийин гана басылган. Каргашалуу окуя эмнеден чыкты? Камактагылардын каршылыгына эмне себеп болду? Жаза аткаруу башкы башкармалыгын көзөмөлдөгөн Адилет министринин орун басары Сергей Зубовдун айтканына ишенсек, адам өлүмү менен коштолгон бул окуя абактагылардын өз ара тирешүүсүнөн келип чыгыптыр. Болуптур, генералдын айтканына ишенели. Эмне үчүн анын алдын алышкан эмес? Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын күнөөсү барбы? Албетте, бар! Мындан эки ай мурун биздин гезит, Бишкектин №1 СИЗОсунда жаткан "жанкечтилер" же өлүм жазасына өкүм чыгарылгандар башка түрмөлөргө которулуп жатканы тууралуу жазып чыккан. Анда биз, андай адамдарды ачык асман алдында кармоо өтө коркунучтуу экенин эскерткенбиз. Эсиңиздерге сала кетсек, мындан үч ай мурун №1 Бишкек СИЗОсунун жертөлөөсүндө жаткан 184 жанкечтилердин 180и Кыргызстандагы жаза аткаруу мекемелерине бөлүштүрүлгөн. Чатак чыккан № 16 эмгек-түзөтүү колониясына 46 өлүм жазасына өкүм чыгарылган өтө коркунучтуу адамдар которулган. Өлүм жазасы өмүр бою түрмөдө отуруу менен алмаштырылган мындай адамдар ал жердеги жергиликтүү "общакты" колго алууга аракеттенишкен. Алардан мындайды күтүүгө болот эле. Анткени, андай адамдар бул жашоодон үмүтүн үзүп коюшкандардан болуп эсептелет. Такталбаган маалыматтарга караганда, № 16 түрмөнүн "положенеци" 1972-жылы туулган көлдүк Эрмек Урмамбетов "жанкечтилер" менен бирдикте ичимдик ичип, атайылап адам өлтүрүп өлүм жазасына чегерилген 1965-жылы туулган таластык Кадырбек Абдышевди Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын кызматкерлерине каршы тукурат. "Эки дүйнөң бир тыйын, эркектерден мен кыйын" деңгээлине жетип калган канкор Кадырбек Абдышев зонанын отряд начальниги 1977-жылы туулган кенже лейтенант Дуулатбек Аденовду бычактап салат. Кенже лейтенантты кескилеген канкор Кадырбек муну менен гана токтолбостон, колониянын начальнигинин жардамчысы, 1959 - жылы туулган майор Сапарбек Жуматаевди жуулбаган бычагы менен кекиртегин кесип салат. Адамдын канына, абактын арагына алагүү болушкан абактагы зөөкүрлөр колониянын бир топ прапорщиктерин барымтага алышат. Абактагы абалды жөнгө салуу, барымтадагыларды бошотуу үчүн № 16 эмгек-түзөтүү колониясына Адилет министринин орун басары Сергей Зубов, Жаза өтөө жайларын көзөмөлдөө боюнча прокурор Кубан Мамакеев, Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын башчысы Эрнест Исаев жана "спецназдын" жоокерлери барышат. Башаламандык башталган жерге келишкен башчыларга барымтадагыларды беришкени менен, эки кызматкердин өлүмү боюнча шектүү болушкан К.Абдышев жана колониянын "положенеци" Э.Урмамбетовду бербегенге аракет кылышкан.

Абдышевди ким өлтүргөн?

Каршылык көргөзүшкөн камактагыларды "спецназдын" жоокерлери бир-бирден алып чыгып, тинтүү жүргүзүшүп, башаламандыктын башында турган 39 адамды Бишкектин №1 СИЗОсуна жөнөтүшөт. Атайын абактагыларды ташуучу автоунаалардын бирине (автозак) К.Абдышевди жана Э.Урмамбетовду чогуу салышкан. Бирок, аты аталган экөө Бишкекке жетпей эле жан беришкен. Алардын эмне себептен өлгөнү азырынча тактала элек. Генерал С.Зубовдун айтымында, аларды өздөрүнүн жанындагылар муунтуп салышыптыр. Бирок, ушул эле генерал К.Абдышевдин атайын автоунаа ичиндеги камерада болгонун, ал отурган тор капаска жанындагылар эле эмес, конвой кызматкерлери дагы кире албастыгын айткан. Анда К.Абдышевди кантип өлтүрүшкөн? Балким, Жаза аткаруу жайынын кызматкерлери жайлап салган чыгар? К.Абдышев менен Э.Урмамбетовду жекече алып келишсе болбойт беле? Ошол эле С.Зубовдун айтымында, К.Абдышев менен Э.Урмамбетовду өлтүргөнүн азыр төрт адам моюндарына алып жатышыптыр. Кыйнап мойнуна алдырып койгонго неге болбосун? Кызматын аркалап жатып ажал табышкан С.Жуматаев менен Д.Аденовдун эмне себептен өлтүрүлгөнүн эми кимден сурайбыз? Анткени, заказ кылган киши да, заказды аткарган киши да өлүп калды. Иштегенине аз гана убакыт болгон Д.Аденов менен пенсияга чыгаарына аз гана убакыт калган С.Жуматаевдин өлүмүнө эми кимдер жооп берет? Төрт адамдын өлүмү боюнча иш козголуптур. Ошол өлтүрүүлөргө жол бергендерге эмнеге иш козголбойт? Шалаакылыкка жол бергендер жоопкерчиликке тартылышы керек болчу. "Өлгөндүн өз шору" дегендей мамиле кыла берсек, кырчындай жаш өмүрлөр дагы кыйыла берет.

Басылбаган
башаламандык

Жаза аткаруу башкы башкармалыгы Ички иштер министлигинен Адилет министрлигине өткөрүлүп берилгенден бери, бул жактагы башаламандыктар басылбай келет. Депутат Т.Акматбаев, ГУИН начальниги И.Полотовдун абактагылардын колунан ажал тапканы, азыркы жетекчилерге сабак болбосо керек. Абактагылардын абалын, ал жактагы жат көрүнүштөрдү ал жердин жетекчилери эмес, алардын ишин көзөмөлдөгөн атайын прокуратура кызматкерлери жакшы билишет. Алкымдан алган азыркы азык-түлүк кризиси абактагыларды кыйгап өтүшү мүмкүн эмес. Абактагылардын эркиндикке болгон укуктары чектелген менен, жашоого болгон укуктары чектелген эмес. Алар деле биз сыяктуу адамдар болгондуктан, айбанча эмес, адамча мамиле жасашыбыз керек. Прокурор К.Мамакеевдин айтымында, жакын араларда жагымсыз окуялар катталышы мүмкүн экен. Анткени, абактагыларды азык-түлүк менен камсыздоо жагы үзгүлтүктөргө учурап жатыптыр. Кубан мырза өз сөзүн кургак калтырбаш үчүн, бизди Молдовановка айылында жайгашкан № 1 эмгек-түзөтүү колониясына жөнөттү. Абак жайынын кышкыга болгон даярдыгын көргөндөн кийин, атайын прокурордун айтканына аргасыз макул болот экенсиң. № 1 эмгек-түзөтүү колониясынын азык-түлүк кармоочу складында болгону 15 мүшөк картошка, 20 мүшөк пияз, 50 мүшөк перловка, 25 мүшөк макорон, 200 литр өсүмдүк майы жана 200 килограмм уй эти бар экен. Түрмө жетекчилигинин айтымында, анда 1054 адам кармалат. Ар бир абактагы адам үчүн күнүнө 550 килограмм картошка жана 80 грамм эт керектеле турган болсо, булардын складындагы азык-түлүк канча күнгө жетерин өзүңөр эсептеп көргүлө.

Көмүрдүн көлөмү эмес, көрөңгөсү да жок

Кылмышкер аталган адамдарды кышында аман-эсен асырап калуу үчүн көмүр керектелет. Бирок, биз барган жерден көмүрдүн көлөмүн эмес, көрөңгөсүн дагы көрө алган жокпуз. Абактын азык-түлүгүн көзөмөлдөгөн майор Садыров Өмүрбек кышкыга болгон даярдыктардын үзгүлтүккө учурап жатканын, жогорку жетекчилдиктен көрөт. Анткени, бардык азык-түлүктөр Бишкекте орун алган ордо складдан бөлүштүрүлөт экен. Ал жактагы складга азык-түлүктү тендер аркылуу уткандар жеткиришет. Алынган азык-түлүктүн санын, сапатын текшерген адам жок. Ар бир айыпталган адамга мамлекет тарабынан каралган 45 сомдун кандайча жеткирилип жатканын кайдан билебиз? Кадам сайын кездешкен коррупция оорусуна жаза аткаруу мекемелери чалдыккан эмес деп айтууга мүмкүн эмес. Айрым маалыматтарга караганда, абактагыларга күнүнө 20-22 сомдон гана каралат экен. Демек, мамлекет тарабынан бөлүнгөн 600 миллион сомдун жартысы жаза аткаруу жайларында "жалманат" десек болчудай. Кыргызстандагы жаза аткаруу жайларын эмнеге эки министрлик талашканына таңыркабай деле койсок болот.

Рыскелди МОМБЕКОВ,
Бишкек-Молдовановка










??.??