№60, 19.08.08-ж.
  Күлүктүн Дүбүртү

Кыргыз Республикасынын президенти
Курманбек Бакиевге,
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин төрагасы
Айтибай Тагаевге,
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы
Жаңыл Алиевага

Кайрылуу

Жакында Талас облусунда республикалык коомдук-укуктук жана саясый гезит "Алибини" коргоо боюнча комитет түзүлүп, анын төрагалыгына Муктарбек Шералиев, орун басарлыгына Амангелди Кенжебаев дайындалышты.
Бир миллион сом айып салынып, кысым көрсөтүүлөр токтотулбаса кайдагы демократия, кайдагы басма сөз эркиндиги жөнүндө сөз кылууга болот?! Кийинки учурларда соттор да калыстыктан тайып, калпыс чечимдерди чыгарып жатышканы "Алибинин мисалында көрүнүүдө". Эгерде, "Алиби" гезитине чыгарган мурдагы туура эмес чечимдерин сот органдары кайрадан өзгөртпөсө, анда биз облустук деңгээлде "Алиби" гезитин коргоо үчүн тынчтык митингин өткөрүүгө мажбур болобуз.

Кайрылууга
Муктарбек Шералиев, Амангелди Кенжебаев, Турсунбек Турдубеков өңдүү 45 адамдын колу коюлду.

Исабеков эмнеден кооптонот?

Кечээ "АКИ-пресс" маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Исабековдун ар-намысын коргойбуз деген билдирүү менен Жети-Өгүз районунун тургундарынын атынан Мухамедин Сопуев, Шарипа Ивакова жана Эркин Жаныбаевдер билдирүү жасашты.
Алардын айтымында, Кубанычбек Исабековдун өмүрүнө жана ишмердүүлүгүнө коркунуч бар. "Мурда жан сакчысыз жүргөн депутат, эми жанын коргогонго муктаж болуп, жакындан бери жансакчы менен жүрүп калды",- дешет алар. "Кубанычбек Сатиндиевичке кандай коркунуч болуусу мүмкүн, эмненин негизинде айтып жатасыздар?"- деген журнилисттердин суроосуна, пресс-конференция берүүчүлөр ушул жылдын 9-майында "Деловая неделя" деген гезитте жарык көргөн Айнагүл Жайнакованын К. Исабеков менен болгон маегин көрсөтө алышты.
9-майдан бери канча убакыт өттү, кайрылгандардын жан күйгөн оту неге кеч жанды-деген ой туулат. Кубанычбек Исабековго болсо качан чалбайлы изин карматпай, иш сапар менен жүргөн болот.
"Бизди эч ким көтөргөн жок, өзүбүз тынчсызданып келдик. Себеби, Кубанычбек Исабеков депутат болгону Жети-Өгүздүктөргө көп жардам берди",-дейт Эркин Жаныбаев. Алардын айтымында К. Исабеков депутат болуп шайланып келгени "Кумтөр" компаниясы тараптан Бишкек шаарынын Октябрь районуна төлөнүп келген жер салыгынын акчасы 2,5 жылдан бери Жети-Өгүз районунун салык инспекциясына төлөнүүдө.
Тактап айтканда, "Кумтөр" 45 миллион сом жер салыгын төлөгөн. "Бул жерде келишимди түзгөндөр күнөөлүү. "Кумтөр" Жети-Өгүз районунун аймагында жайгашса, биздин жерди иштетип, суубузду ичип жатса, анан салыкты башка районго төлөгөндүн өзү туура эмес болгон",-дейт өз сөзүндө Эркин Жаныбаев.
Ошондой эле алар жакында Кубанычбек Исабековду коргоо комитети түзүлөөрүн билдиришти.




Тезек тергенге да мал керек…
Элет эли ажобуз "тергиле" деген тезегин эмитен эле жагып бүтүп коюшмак болду. Себеби, электр жарыгынын улам-улам өчүрүлүүсүнөн айыл тургундары кышкыга деп камдаган тезегин кемегеге калап тамак бышырып, суу жылытууга аргасыз.
Кечээ жакында эле Жети-Өгүз районунун айрым айылдары күн бүркөлүп, жамгыр себелеп турган күндөрү күндөп-түндөп таптакыр жарыксыз калганына күбө болдук. Чырактын жарыгында конок тосуп, бала багып, айтор, кыргыз эли илгерки боз үй турмушуна кайтып баргандай элес калтырат.
Жарык белгилүү бир убакытта өчүрүлбөйт. Кайсыл каалаган учурда өчүрүлөт, башкача айтканда, жарык райондук электр көзөмөлчүлөрдүн колунда дегенди билдирет. Ажобуз, ушундан маалыматы барбы? Мисалы, Жети-Өгүз районунун Жеңиш деген айылында ишемби-жекшемби күндөрү электр жарыгы таптакыр жок болду. Мындай көрүнүш бир эле ал айылда эмес жана бул биринчи гана жолку көрүнүш эмес. Ушунун кесепетинен эл жай бою эптеп кургаткан тезегин четинен жагып бүтүрүштү. Бир короодо эки уй болсо, анын тезеги эмнеге жетет? А короосунда уйлары жокторчу?
Мындан бир топ жыл мурда эл көмүрсүз, отунсуз, тезексиз калып, бир көрүнүш болгон. Автоунаалар каттаган жол жээгиндеги бак-дарактардын баарын(басымдуусу кара жыгач эле) кыйып кетишкен. Түн жамынып барып уурдап келишчү. Анткени, жол боюндагы бак-дарактарды кыюуга жогору жактан уруксат болуш керек эле. Чегедек алайын десе жол алыс, кыш короодо, ага да "уруксат" деген кагаз керек. Көмүр алайын десе өтө кымбат, а элдин чөнтөгү таптакыр жука болчу. Ошол жылдары элдин басымдуусу кантип оокат кылуунун көзүн билбей, жер иштетейин, мал багайын десе "фундаменти" жок, абдан куурашкан. Дасторконунда бир тоголок даны жок отургандар болгон. Көрсө, союздун тарашы элге бир топ эле сокку болуптур. Дыйкан чарбага бөлүнгөн жерлерге эгейин десе даны жок, ошентип ар кайсыл жашылчаларды айдай башташкан. Эми жер иштетүүнүн ыгын бир топ эле өздөштүрүп, атка камчы салдырбай калышты.
Бүгүнкү күнү ажобуз "тезек тергиле" дебеген күнү деле "Эмне кылалы?"-деп ким бирөөгө жалдырап отурбай эле, эптеп бир айласын тапмак. Тезек терээрге илгеркидей жайылган мал болбосо дагы, мал жайылаар жайыт болбосо дагы, көмүр баасы асман тиресе дагы, жагуучу газды алууга чамалары жетпей турса дагы… Себеби, буга чейин деле электр жарыгы айыл жерлеринде күтүүсүз, эскертүүсүз далай жолу эле өчүрүлүп келген.
Айта кетүүчү нерсе, быйыл көмүрдүн бир тоннасы 4-5 миң сомго чыкты. Бул баа көмүр баасынын акыркы чеги эмес, дагы аз убакыттан соң эки эсеге кымбаттайт. Айрыкча кышка чукул, көмүрдүн баасы огеле өсүп кетет. Мисалы, Кара-Кече көмүрүн чыккан жеринен 1,5 миң сомго тоннасын ала турган болсо, алынып келинген соң элге жогоркудай баа менен эки-үч эсе кымбат сатылаары турган иш.
Бирок, элет эли табиятынан топук келет, барга шүгүр кылып жашайт. Кошуналарым "Бизде эле бейиш тура. Баары кымбаттап, шаардыктар куурап жатышат, а бизде корообузда алма-өрүк, талаабызда буудай-картошка дегендей, арзан баада сатсак да, кыскасы ачка калбайбыз. Керек болсо сатпай деле коебуз, өзүбүзгө жетип, кара курсак ток болуп турса андан башка эмне керек?"-дешсе, чын эле кымбатчылыктын айынан мукурап, жарыбаган айлык маянаны тиктеп отурган шаардыктардын арыз-муңу муң экен дейсиң. Мындайча айтканда, элеттиктер мамлекеттен бир тыйын сурабай эле өз арабаларын кылдыратып келатышат.

Азима АКУНОВА




Саясий тыныгуу
Асанов Садыркуловго неге ыраазы?

Өткөн сандарыбыздын биринде "Бектур Асанов кантип кызматтан алынган?"- деген темада кыскача материал жарык көргөн. Анда, Асановду Бакиев кызматтан кантип кетиргендиги минтип жазылган:
"Бакиев Ак үйдүн 7-кабатына Асановду чакырып, сүйлөшүп олтурганда, Бектур мырза агасына эркелеп:
"Курманбек ака, иштей берейинби?"- деп сураса, президент: "Үка, кыжаалат болбой, иштей бер!"- деп инисин тынчытып коет.
Асанов президенттин иш бөлмөсүнөн кабылдамасына чыкса эле, Бакиевдин жардамчысы кирейин деп жатыптыр. Анан эле анын колунан "Бектур Асанов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан алынды"- деген жарлыктын долбоорун көрүп калат.
Мындайды күтпөгөн Асанов эмне кылаарын билбей, катуу намыстанып, жардамчысын президентке киргизбей туруп, ошол жерден эле "өз каалоом менен кызматтан кетириңиз"- деген мазмундагы арызын жазып баса берет. Мындан тышкары, ошол күндөн ушул күнгө чейин өзү мүчө болгон "ЭрК" партиясына да келбей жүрүптүр. Себеби, 2005-жылдагы президенттик шайлоодо "К.Бакиев менен революцияда чогуу болгом, ал киши капа болуп калат"- деп "ЭрК" партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулуна жардам колун сунна албай калган экен"- деп айтылган.
Бул материалды окуган Бектур мырза, редакциябызга келип, андай эмес, башкача жол менен кызматтан кеткендигин айтып кетти.
"Өткөн парламенттик шайлоодон кийин, тагыраак айтканда, 13-январда президентке кирип, кызматтап бошотуп коюңуз. Себеби, мен сиз түзгөн "Ак жол" партиясынын мүчөсү эмесмин. Моралдык жактан өзүмдү жакшы сезбей жатам дегем. Ошондуктан, өкмөттүн жаңы курамында мага президенттин указы чыкпай, ушул убакытка чейин милдетин аткаруучу болуп иштеп келдим. Ал эми 12-июнь күнү ээлеген кызматымдан кеттим. Президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркулов кабыл алып, кайсы ишке которулууга көңүлүм бар экендигин сурады. Мен болсо, 2002-жылдагы Аксы окуясынан бери эс ала электигимди айтып, күзгө чейин бир аз тыныгуу кылайын деген оюмду билдирдим"- дейт Бектур мырза.
Асановдун айтымында, "ЭрК" партиясы 2005-жылдагы элдик кыймылды түзгөн партиялардын бири жана ал ошол кезде анын мүчөсү болгон.
"Элдик кыймыл революция жасап, Бакиевди бийликке алып келген. Ошондуктан, партия Турсунбай Бакир уулун эмес, Бакиевди колдогон"- дейт Бектур мырза.

"Алиби" жазды эле

Айлык акылар төлөнүп берилди

Өткөн саныбызда, "Дүлөйлөр интернатындагы мугалимдер неге нааразы?"- деген аталыштагы сын макала жарыяланган.
Анда, Бишкектин Ворошилов көчөсүндөгү дүлөйлөр интернатындагы мугалимдердин отпусткасына берилчү айлык акысы өз убагында берилбей жаткандыгы тууралуу жазганбыз.
Макала жарыкка чыкканда, редакциябызга аталган интернаттын директору менен кассири келип, айлык акынын не себептен чоюлуп жаткандыгын түшүндүрүп кетишти.
Интернат директору Каныкей Жаманбаеванын айтымында, Каржы министрлиги бөлгөн акчаны бардык мугалимдерге жеткирүү мүмкүн эмес.
"Үч ставка менен иштегендердин отпускасына айлык акысынын 70 пайызын берди, ал эми 6 миң сомго чейин ала тургандардыкын толук төлөп койдук"- дейт Каныкей айым.
Аталган интернаттын кассиринин айтымында, кайсы күнү акча түшсө, эртеси күнгө калтырбастан, кызматкерлерге кеч болсо төлөнүп берилет.
"Каржы министрлиги 4-июлда 397 миң 800 сом, 6-августта дагы 413 миң 400 сом бөлгөн. Аталган акчалар ошол эле күнү кызматкерлерге таркатылып берилген. Ишенбесеңер, барып сурагыла"- дейт татынакай кассир айым.