presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№60, 19.08.08-ж.
  Күйгөндө айтасың да...

Аким менен айыл өкмөтү
Русланды неге тоскон жок?
Кытай жергесинде атаандаштарынын далысын жер жыттатып, кыргыздын туусун бийик көтөргөн Канат менен Русланга окшогон балбандардын эмгеги ат көтөргүс экендигин эч ким тана албайт.
Эки балбаныбыздын 17-августта мекенине кайтаары тууралуу маалымат КТРдан байма-бай берилип турганын баары эле укса керек. Тилекке каршы, "Манас" аэропортунан үйүнө кайтып келген Русланды көргөндө бир четинен көзгө жаш алып сүйүнсөң, бир четинен ызаланып кетет экенсиң. Ызаланып дегенибиздин себеби, аны ал жашаган аймактын, тагыраак айтканда Ленин районунун акими менен Ак-Өргө конушунун айыл өкмөтү тосуп чыкпаганында болуп жатпайбы. Алар Бишкектин мэри Нариман Түлеев сыяктуу "Манас" аэропортуна барышпаса да, Түмөнбаевдин апасын убара кылдырбай эле, Ак- Өргөдөгү кафелердин бирине дасторкон жайып, аксакалдардын батасын бердиртип коюшса, эл да, Руслан да ыраазы болот эле го. Бирок, тилекке каршы андай болгон жок. Неге?

Улан МАМБЕТОВ,
"Алиби"




Жер титиребейт, бийлик битиребейт
Улуттук Илимдер Академиясынын алдындагы сейсмология институту мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигине, Бишкек мэриясына расмий арыз менен кайрылды.
Анткени, курулуш жана архитектура агенттиги шаардын кичи райондор тууралуу картасын иштеп чыкканга Германия менен Италиянын адистерин чакырышыптыр. "Борбор калаабыздын мындай маанилүү документин даярдоого эмне үчүн өзүбүздүн адистерди чакырышкан эмес? Буга чейин шаардын мындай карталарын өзүбүздүн сейсмология иниститутунун адистеринин катышуусунда карап келишсе, эми алардын ордуна чет өлкөлүктөрдү чакырып жатканын кандай кабыл алабыз? Жаңы институт түзүп, ага каражат караштыруунун канчалык мааниси бар эле? Жаңыдан салына турган көп кабаттуу үйлөр, көрүстөн болуп калбайт деп, ким кепилдик берет?"- деген суроолор жоопсуз калууда. "Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса" деген ушу тура...

Чагылган ЧАРЫК уулу




  S O S !

"Алибиге" террор башталды
"Алиби" гезитине бийлик курт жеген азуу тишин көрсөтө баштады. Атап айтсак, өткөн жумада иштен чыгып бара жаткан гезиттин башкы редакторунун жана анын орун басарларынын артынан "Джип" жана "БМВ" үлгүсүндөгү машине менен белгисиз адамдар аңдышып, далайга чейин акмалашкан.
"Гезитиңер эртең басмаканадан чыгар замат тартып кетишет"-деген кабардан улам, эртеси күнү коопсуздук кызмат адамдары кошо барып, алардын коштоосу менен гезиттер күркөлөргө "аман-эсен" таркатылган.
Ошого карабастан, эми күркөлөрдөгү гезиттерди жок кылуу, саттырбоо айла-амалдары активдүү жүргүзүлүп жатат.
Ушул жуманын биринчи күнүнөн тартып белгисиз адамдардын тобу күркөлөрдү кыдырып, гезиттин сандарын айлалары түгөнгөндө өздөрү дүңүнөн сатып алып, жок кылуу ыкмасын колдонууга өтүштү.
Ал эми "Кыргыз басма сөздүн" орус улутундагы лакыйган бир катыны Бишкектеги гезит саткан киосктордон "Алибинин" кезектеги санын тартып кетип, сатуучуларды чыркыратыптыр.




Таласта да абал тынч эмес
Гезиттин Таластагы өз кабарчысы, коомдук парламент мүчөсү Жыпарбек Тойчубеков "Алибинин" кайрымдуулук акциясын уюштурган.
Мал базарда акча каражатын топтоп жүргөн мезгилинде укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан катуу каршылыкка кабылып, кайрылуу кагаздары менен карапайым калктан топтолгон акча каражаттары тартылып алынган. Бул боюнча жабырлануучу Карабуура райондук прокуратурасына арыз менен кайрылган.
Райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Кыязов Юлдаш кагаздарды кайрып бергени менен акчаларын "алган жокмун" деп карганып жатат.

"Алибини" айылдыктарга да ыраа көрбөй жатышат

Талас районундагы Таш- Арык айылынын тургундарына таркатылуучу гезиттин сандарын тартып алуу фактысы да жакында маалым болду. Бирок, окурмандарыбыздын өжөрлүгү менен гезит сандары колдоруна тийип, тартып алуучулар кечирим суроого аргасыз болушту.

"Алиби-пресс"




Арам акча аш болбойт
Кыргызстандын Каржы полициясы "Газпром Нефть Азия" жоопкерчилиги чектелген коомуна кылмыш ишин козгоду. Мурунку Каржы министрибиз Б.Абилдаев жетектеген бул тармакта коррупциянын өсүп өнүгүшү тууралуу биздин гезит бир топ макалаларды басып чыгарган.

"Газпром нефть Азиянын" май куюучу станцияларында кардарларга күйүүчү майды сатууда арттырып калуу аракети мурунтан эле колдонулуп келген. Каржы полициясы кардарлардан түшкөн арыздын негизинде иш козгоптур. Бир күндө 1000 тоннага чукул күйүүчү май саткан "Газпром нефть Азиянын" эргулдары ар бир литр сатылуучу майдан 250 граммдан үнөмдөгөндө, күнүнө 25 тонна майды арттырып калышат экен. Демек, күнүнө 1000 000 сомго чукул акча каражаты сол чөнтөккө түшөт десек болот. Мындан бир аз күн мурун Болот Абилдаевдин уулу Ерлан Мусаходжаевге(таятасынын фамилиясында) карата кылмыш иши козголгондугу тууралуу маалымат таркаган. Каржы полициясы эмнегедир бул ишти ачыкка чыгарбай кармап отурат. Такталбаган маалыматтарга караганда, бул ишти жабыш үчүн "Газпромдун" жетекчилери ажобуздун иниси Жаныш Салиевичке киши салдырып жаткан имиш. Ал жерде иштешкен айрым агенттерибиздин айтканына ишенсек, "Газпромдун" башчылары 1000 000 долларды сунуш кылып жатышыптыр. Каржы полициясы катарлап козгогон кылмыш иштери кандай маанайда жүргүзүлөөрүн көңүл сыртында калтырбай, сиздерге кабарлап турмакчыбыз. Андан башка, маркум Рыспек Акматбаев "Газпром нефть Азияны" канча акчага олтургузганын, мындан кийин Болот мырзанын "Комиссар Каттани" аталган Өмүрбек Субаналиевге кантип арызданып барганын кийинки сандарда баяндап бермекчибиз.

Рыскелди МОМБЕКОВ,
"Алиби"










??.??